www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

0 746

Демократия... Уялып бүттүк. Ошол эле Американы карагылачы! "Ууру" аксакалын кандай сыйлап жатышат...

08-декабрь 2019, 16:26 Бакыт Молдалиев

Канада мамлекетинде жашы улгайган адам нан уурдоо боюнча соттолуп калат. Соттун жүрүшүндө ал улгайган киши күнөөсүн мойнуна алып, “Ооба, мен өтө ачка калганмын, аргасыз ушул ишке бардым” дейт. Эми сот эмне дейт? Кызыгы дал ушул жерде болуп жатат. “Сиз канткен күндө да уурулук кылдыңыз. Мыйзам боюнча 10 доллар айып пул төлөйсүз. Бирок, менин билишимче сиз ал акчаны төлөөгө мүмкүнчүлүгүңүз ...

0 232

Чет жактагы кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди

08-декабрь 2019, 08:19 Бакыт Молдалиев

Чет жактагы кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт. Консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар ...

0 330

Батукаевдин иши боюнча сот башка күнгө жылдырылды. Бул ирет сотко ким келбей койду?

06-декабрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Батукаев боюнча сот башка күнгө которулду. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген жыйын болгон жок. Буга судьянын ооруп, жумушка чыкпай калганы себеп болду. Кийинки отурум 10-декабрга пландалды. Белгилей кетсек,  Кримтөбөл Азиз  Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички ...

0 523

БОЛГОН ОКУЯ: "Жолдошум түнкү клубдарга барып турбаса ооруп калат..."

06-декабрь 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

"Кечирээк үйлөнсүн, ойноп-күлүп алсын деген туура эмес..." Балдарды ойноп-күлүп алып кечирээк үйлөнсүн деген сөздү көп угам. Туура, жаштайынан түйшүккө малынып үй-бүлө баккандан көрө бутуна туруп, окуп-чокуп, көрчүнүн баарын көрүп алып анан үйлөнгөнү туура. Бирок тыйындын эки тарабы бар дегендей, өтө кеч үйлөнгөн деле аябай туура эмес экенин өзүмдүн практикамдан көрүп жатам. Жоддошум аябай кеч үйлөндү. Тагыраагы 35 жашында турмуш ...

0 392

Бизде баары теңирден тескери...

06-декабрь 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыкканына эки жумадан эшты. Ал өз сөзүндө «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Бул аралыкта "Факты бергиле, чара көрөбүз" - деген президенттен реакция болгон жок. Тескерисинче, Талгаттын айткандарына укуктук баа берүү маселесин Аскер прокуратурасы карап жатат. Парадокс. Факты бергиле ...

06-декабрь 2019, 14:47 | 392
0 148

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдетилди

06-декабрь 2019, 14:43 Айдар Нуралиев

Башка өлкөдөгү  кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрли маалымдады. Маалыматка караганда,  25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Анда,  чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт. Мындан тышкары, консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси ...

0 291

Фактты айтсаң, кылмышкерге айланасың...

06-декабрь 2019, 14:40 Кызгалдак Жакыпова

Эки күн мурда «Азаттык», «Клооп» баштаган ММКлар Кыргызстандан мыйзамсыз, аткезчилик жол менен миллиондогон АКШ доллары сыртка чыгарылып жатканы боюнча жаңы иликтөө жарыялаган болчу. Анда маек берген Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы эки офицери — майор Айбек Камчыбеков жана улук лейтенант Марлис Осмонбеков 2018-жылдын аягында "Манас" аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетине кезек башчылыкка бекитилишкенин, иштеп жаткан чакта миллиондогон акчалар аэропорттон эле мыйзамсыз ...

0 168

Жалал-Абадда жаш кызды карактап кеткен адам кармалды

06-декабрь 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абадда  бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 15-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат улутундагы болжол менен  20-25 жаштагы балдар киришип, сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 000 (он беш миң) сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка ...

0 363

Кыргызстандык мекендешибизди Орусияда "Жыл адамы" деп табышты

06-декабрь 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Москва метросунда аялды куткарып калган мекендешибиз Марат Исаевди “Деловая аудитория” журналы өз версиясы боюнча “ Жыл адамы” деп табышты. Бул жөнүндө Орусиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, “Деловая аудитория” журналы жыл сайын Орусиядагы ишмердүүлүгү боюнча айырмаланган мекендештерге сыйлык тапшырат. Сыйлыктар 2016-жылдагы Орусиянын саясий, маданий, социалдык жактан, ишкердүүлүк жаатында ийгилик жараткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө тапшырылды. Жылдык азем 2019-жылы ...

0 266

Бүгүн кыргыздын чыгаан уулу Садыр Жапаровдун туулган күнү. Куттуктайбыз!

06-декабрь 2019, 14:25 Бакыт Молдалиев

Саясий куугунтук менен түрмөдө жатат делген кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү саясатчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 51 жашка толду. Жапаров 1968-жылы, 6-декабрда Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал айрыкча, “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүчү “Centerra Gold”  компаниясынын кыргыз элине, кыргыз журтуна, мамлекетке зыяны чоң экенин айтып чыгып гана тим болбостон, азыркы күнгө чейин өз оюнан, позициясынан ...

0 456

СҮРӨТ - Муштуму гана эмес, сексуалдуулугу менен  да ММАны багындырган мергенчи кыз

06-декабрь 2019, 14:21 Айдар Нуралиев

Лена Овчинникова Львовдо жашап, машыгат. Чемпион кыз тизмеде 11-позицияны ээлеп турат. Украиналык Лена Овчинникованы ММАнын эң сексуалдуу мушкер кыздарынын бири. Анын эсебинде спорттун ар кандай түрү боюнча 13 жеңиш бар. Көптөгөн жеңиштердин артынан "Мергенчи" (Охотница) деген титулга ээ болгон. Мурда ал муай-тай жана кик-боксинг менен алектенген. Лена азыркы учурда Bellator промоушенде эң жеңил салмакта чыгат. Акыркы жолу спортчу англиялык ...

0 132

Каныбек Исаков: Инклюзивдүү билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат

06-декабрь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

5-декабрда Билим берүү министрлигинде Каныбек Исаков менен тармагынын өкүлдөрү жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин ...

0 234

Дастан Бекешов: “Коррупционерлер, аткезчилер Кыргызстанда ээн-эркин басып жүрүшөт”

06-декабрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Аткезчилик өлкөдөгү чоң маселеге айланып, ага карата ар тараптуу пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп  билдирди. “Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузуп, ...

0 372

Кара-Балтада белгилүү психоневролог өзүнүн кызы менен бирге өз жандарын кыйышты

06-декабрь 2019, 14:07 Бакыт Молдалиев

Кара-Балта шаарында эки аялдын - энеси жана анын кызынын жансыз денеси табылды. Алар өлөөр алдында кат да жазып кетишкен. Бул тууралуу “Turmush” интернет басылмасы жеке булактарына таянып, бүгүн, 5-декабрда маалымат таратты. Андагы маалыматта айтылгандай, алар жазып кеткен катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн жана үйдү аларга кызмат кылып келген үй кызматкерине калтырышканын, алардын сөөгүн коюу зыйнатына кетүүчү ...

0 114

Сузак: Базар-Коргон милициясы тарабынан мектептерде түшүндүрүү иштери улантылууда

06-декабрь 2019, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Сузакта мекемелер аралык түзүлгөн пландын негизинде РИИБдин кызматкерлеринин катышуусу менен мектеп окуучуларына туура багыт берүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-2020-окуу жылында район аймагындагы мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар графиктин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул жыйындарга жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, имамдар катышууда. Жашы жете электер менен ...

0 409

Президенттин 25 суроосу агып кеттиби?

06-декабрь 2019, 14:04 Кызгалдак Жакыпова

"Азия молл" соода борборун алдырып жибергени айтылган Өмүрбек Бабанов саясатка кайтып келбей турганын жар салган. Натыйжада, Бабановго козголгон кылмыш иштери дым болду. Өзү болсо чет өлкөлөргө каалагандай саякаттап жүрөт. Жакында "Республика" партиясынын съезди өткөнү турат. Саясаттан кеттим деген менен шайлоого кызуу даярдык көрүп, тизме тактоо менен алек. Сыягы, бийлик менен жең ичинен ымала түзгөн көрүнөт. Президенттин Бабановго бере турган 25 ...

0 219

Турдукан: «Баш байгеге татыган эмгектерди майып адам тигерин билишпейт»

06-декабрь 2019, 00:31 Кызгалдак Жакыпова

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер иштебейт, алар кароого гана муктаж деген стереотип бар. Бирок биз буга каршы ой жүгүртүп, андай эместигин иш жүзүндѳ да кѳрсѳткѳн замандаштарыбызды маекке тартып келебиз. Рубрикабыздын кезектеги коногу 13 жашынан бери басуу дегенди унуткан кол ѳнѳрчү, жашоонун кыйынчылыктарын эмгеги менен жеңип келе жаткан Турдукан айым болмокчу. “13 жашымда отурууга жарабай калдым” Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылынын кызымын, ...

0 314

Адам эмнеге жаман түш көрөт? Адистин түшүндүрмөсү

05-декабрь 2019, 23:43 Кызгалдак Жакыпова

Эксперимент учурунда психиатрлар менен неврологдор атайын жабдуу аркылуу жаман түш көргөн адамдар ойгоо кезинде кандайдыр бир терс көрүнүшкө аша чаап тынчсызданбаганын аныкташкан. Уктап жатып кыйналуу, жаман түш көрүү адамдын ойгоо кездеги терс маанайы, тынчсыздануусу менен байланыштуу. Бул тууралуу Женева университетинин окумуштуулар тобунун иликтөөсү боюнча жазылган макалада айтылат. Адистер уйкудагы адамдын мээси кандай иштей турганын билүү үчүн эки эксперимент жүргүзүшкөн. ...

0 1576

Баялы, "7-апрель" баатыры: "Отунбаева үчүн ок жегениме өкүнөм!"

05-декабрь 2019, 22:52 Айдар Нуралиев

Баялы, "7-апрель" баатыры: "Отунбаева үчүн ок жегениме өкүнөм!". Мындай пикирин "7-апрель" Баялы аттуу жигит билдирди: "Маданиятты билбей! - айылдык болуп алданыпмын! 7-апрелде айылдан келип, Роза Отунбаева үчүн ок жегениме өкүнөм. Кечиргиле шейиттер!" - дейт ал. Белгилей кетсек, Роза Отунбаева буга чейин айылдыктар тууралуу терс пикирин айтып коомчулуктун талкуусуна калган. Булак: NazarNews.kg

0 419

Рак илдети менен күрөшөт. Окумуштуулар 8 азыкты тизмектеди

05-декабрь 2019, 22:49 Кызгалдак Жакыпова

Адистердин айтымында, сабиз иммундук системаны бекемдейт, балыктын майы организмдеги оорутуу процессин басаңдатат. Тамакка кетчуп, томат ширесин, томат пастасын жана башка помидордон жасалган азыктарды колдонуу эркектерде простата рагынын өрчүшүн алдын алат. Окумуштуулар айрым азыктардын ракка каршы касиети бар экендигин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" жазды. Тизмеге алма кирген. Анын курамындагы полифенолдор эмчектеги рак клеткаларынын өсүшүн басаңдатат, ошондой эле жүрөк-кан тамыр илдеттерин ...

0 139

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

05-декабрь 2019, 22:41 Кызгалдак Жакыпова

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Жума күнү, 6-декабрда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, Нарын облусунда, ошондой эле тоо этектеринде жана тоолуу ...

0 189

Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагына санариптештирүү процессин киргизүүнүн принциптери менен таанышты

05-декабрь 2019, 22:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барды. Улуттук фтизиатрия борборунда лабораториянын башчысы Гүлмира Калманбетова санариптештирүү процессин кургак учукту диагноз кылган тез молекулярдык тесттер жүргүзүлчү референс-лабораторияларга киргизүү жөнүндө айтып берди. Ал биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылып, анын жардамы менен аймактагы бейтаптар өздөрү Улуттук ...

0 2404

ВИДЕО - Машинеде баратып "мамак" кармады делген Алмаз Мамбетов ким өзү?

Видео 05-декабрь 2019, 21:56 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 5-декабрда интернет айдыңында бир гана - "578 АСD" мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча автоунаанын сүрөттөрү жарыяланып, ал талкууга түштү. Андагылар сүрөттөгү автоунаанын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов экенин да жазышкан. Сүрөттөрдүн биринде Мамбетов делген айдоочунун жанындагы кыздын “мамагын” кармап бара жатканын да көрүүгө болот. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, ал кыз Мамбетовдун жумуштагы орун басары. Мамбетов ...

0 342

ФОТО, ВИДЕО - Бишкектин көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып ок чыгарган жаран кармалды

Видео 05-декабрь 2019, 21:09 Бакыт Молдалиев

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адам борбордук милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы сүрөттөр менен бирге жарыялады. Бүгүн, 5-декабрда Ч. Айтматов проспектиси менен А.Масалиев атындагы көчөнүн кесилишинде ак түстөгү «Тойота Камри» жеңил автоунаасынын айдоочусу тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуянын видеосу интернетке тараган.

0 423

Игорь Чудинов чээнден чыгып, Темир Сариев асфальттын алдында калган акчаларын көрсөттү

05-декабрь 2019, 21:01 Айдар Нуралиев

Мурдагы премьер-министрлер, атап айтканда, Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Темир Сариевдер 10 пайыз деген кличкасы бар кесиптеши Жантөрө Сатыбалдиевди коргоп, кайрылуу жазышыптыр, тергөө адилеттүү болбой калды, 11 жылга камакка алуу деген абдан көп деп.  Чын-чынына келгенде Жантөрө Сатыбалдиев бекеринен 10 пайыз деген атка конгон эмес. Кайсы кызматта отурбасын, келген долбоорлордон ...

0 184

УКМКнын тергөө абагына 2 айга камалган “БеспределKG”нин администратору үй камагына чыкты

05-декабрь 2019, 20:37 Бакыт Молдалиев

Ушул жылдын 24-ноябрында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, 26-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан 2020-жылдын 24-январына чейин тергөө абагына камакка алынган соцтармактардагы “БеспределKG” баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун бөгөт чарасы бүгүн, 5-декабрда ошол эле райондук сотто каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымат таратты. Жоробеков эми 24-январга чейин үй камагында болот. Ал интернетте ...

0 553

ВИДЕО - Надира Нарматова: "Отунбаева өзү, кашыктап чогулткан абийирин чөмүчтөп, айрандай төгүп алды"

05-декабрь 2019, 21:45 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеште кыргыздын аялзатынын,укугун коргогон ЖК депутаты Курманкул Зулушов деген бир азамат бар экен. Бир жумадан берки "Музейдеги жылаңач оюн, ички кийимдердеги таң калыштуу, улуттук нарк, насилге, адеп, ахлакка шек келтирген жазуулар жөнүндө", мыйзам чегинде укуктук баа берүү боюнча, Өкмөттөн талап кылды. Эмил Каптагаевдин өзүнүн жекече баракчасына анализ берген үч аныктамасын окуп, көңүлүм көк таштай калып, өлүп бүткөн экенда ...

0 263

ФОТО - Агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын абасынын сапатын аныкташты

05-декабрь 2019, 19:30 Бакыт Молдалиев

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери 2019-жылга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын кыска мөөнөтүн аткаруунун алкагында бул жолу борбордун Гагарина-Некрасова, Лущихина-Клинская, Месароша-Абдраева, Москва-Үметалиева, Бакаева-Ахунбаева көчөлөрүн, “Арча-Бешик", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" жаңы конуштарын учуучу дрон аппаратынын жардамы жана атайын чаң өлчөөчү аппарат менен абанын зыяндуулугун изилдөөгө алышты. Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөнкү аймактарда абанын деңгээли тийиштүү ...

0 1498

ВИДЕО - Борончу: "Биз жылаңач чыгып алып эркектердин укугун коргойбуз"

Видео 05-декабрь 2019, 19:16 Айдар Нуралиев

“Кечээ Жамбыл байке менен Рахман байке үйгө келип кетти. Бул искусство дешти. Бул Жамбыл байкенин искусствосу, бул Рахман байкенин искусствосу. Ой бул эмне кылганыңар десем, эми сен айылдык муну түшүнбөйсүң. Эми сенин деңгээлиңе биз түшпөйбүз...” Аялдар бүтпөй жатып, эркектер укугун коргойбуз деп көчөгө жылаңач чыга башташабы? Жамбыл менен Рахмандын  "искусствосу" төмөнкү видеодо Булак: NazarNews.kg

0 524

Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштө  Кыргызстан,  Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот

05-декабрь 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ)   каршы күрөштө,  Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот. Бул тууралуу Жогорку кеңеште,  Ички иштер министри ( ИИМ) Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, жыл башынан баштап уюшкан  топтун 136 мүчөсү кармалган. “ИИМ де 421 адам УКТ мүчөсү иретинде тизмеде турушат.  Алардын  он  төртөө изделүүдө турат. Уюшкан кылмышка каршы күрөштө биз Россия менен ...

0 699

ВИДЕО - ЖЭБ маселеси боюнча сот аяктап жатат. Айыпталуучулар акталабы?

Видео 05-декабрь 2019, 18:11 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-декабрда  ЖЭБде  айыпталуучулардын жакындары соттон акыйкат чечим талап кылуу максатында катардагы митинггин өткөрүштү. Алар акыйкат, жана туура чечим  үчүн күрөшүп жатканын билдиришти. Кечээ, 4-декабрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурумда жактоочулар бул иште эң маанилүү деген күбөлөр суралбай калганын айтып судьяны сындашкан. Бирок мамлекеттик айыптоочу тарап соттук териштирүүдө прокурорлордун да жактоочулардын да күбөлөрү толук суралды деп эсептеген. ЖЭБди модернизациялоо боюнча ...

0 519

«Азаттыкта» айтылган 700 млн. доллардын бюджетке тиешеси жок

05-декабрь 2019, 17:59 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев өкмөттөн «Азаттык» жарыялаган иликтөөдө айтылган 700 млн. доллардын мамлекетке тиешеси бар-жогун тактап сурады. Бул суроого вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: - 700 млн. доллардын мамлекетке, бюджетке тиешеси жок. Муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеген. Ал эми Финполдун төрагасы Бакир Таиров бул каражат соодагерлердин акчасы болгонун айтты: - «Азаттыкта» айтылган ...

0 369

Жалал-Абад: Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 24 коляска берилди

05-декабрь 2019, 17:43 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абад шаарындагы өз алдынча баса албаган коляскага муктаждыгы бар 24 жаранга жергиликтүү бийлик тарабынан акысыз коляскалар тапшырылды. Аларды калаа мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев баштаган депутаттар тобу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө жеткиришти. Өткөн жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бул багыттагы маселелери жергиликтүү бийлик жана депутаттар кеңешине көтөрүлгөн. Шаардын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында ...

0 2212

Ширин Айтматова бир тууган агасы үчүн кыргыз элинен кечирим сурасын!

05-декабрь 2019, 17:33 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Райымбек Матра” жарнамасын баштап бергенден кийин аттуу-баштуу саясатчылар жылуу-жумшак диванда жатып алып, айрым этексиздери колдонуп жатканын айтпаса дагы түшүнүктүү болуп жатат. Көпчүлүк ички саясат менен тышкы саясатты толугу менен түшүнбөсө дагы “сайылып” чыгып, саясатка аралашып, өлкөгө сарсанаа болгондой түр көрсөтүп, “жашыл, кара, сыя” түстөргө дагы саресеп салгандар жок эмес. Кызыгы, батышчыл өлкөнүн акчасына суугарылып, ...

0 584

ВИДЕО - 90-жылдар кайтып келди. Бишкекте унаанын ичинен асманга ок чыгарган адам изделүүдө

Видео 05-декабрь 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарында автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адамды милиция издеп жатат. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда Түштүк магистрал менен Ч. Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан "Ала Арча" соода үйүнүн жанында ак түстөгү жеңил унаанын айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуяны видеого тартып  "Фейсбук" колдонуучулары интернетке чыгарышты. Булак: ...

0 332

Руслан Казакбаев: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”

05-декабрь 2019, 17:19 Кызгалдак Жакыпова

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. – Руслан Айтбаевич, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Бул жолу чет жерде жүргөн миңдеген жарандарыбыздын шайлоого катышуусу кандай болот? Алар өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдалана алышабы, же буга чейин болуп келгендей, көбү бул өнөктүктөн сыртта калышабы? – Эми президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоодо да сыртта ...

0 1017

Абылгазиев: «Коомчулукка чыгып кеткен сүрөттөгү адам экинчи планда"

05-декабрь 2019, 16:42 Бакыт Молдалиев

«Коопсуз шаар» долбоорундагы видеокамераларга түшкөн сүрөттөрдүн интернетке - коомчулукка чыгып кетишине байланыштуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы маалыматтардын чыгышын иликтөө жана жарандардын өздүк маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын биринчи орун басары Кубатбек Бороновго тапшырды. Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинине ыкчам түрдө факты боюнча күнөлүүлөргө чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Мухаммедкалый Абылгазиев ...

0 518

ВИДЕО – Медет Омошович: “Баардык саясатчыларга колдонулган мунапыс жалгыз Садыр Жапаровго колдонулбай жатат”

Видео 05-декабрь 2019, 16:33 Кызгалдак Жакыпова

“Айыпсыз абакта жаткан Садыр Жапаровду колдоо штабынын” төрагасы Медет Омошович: “Баардык саясатчыларга колдонулган мунапыс жалгыз Садыр Жапаровго колдонулбай жатат”, деп “NazarNews.kg” маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди. Анда:  Бүгүнкү маалымат жыйындын жогорку деңгөөлде өткөндүгүн жана буга чейин саясатка аралашпаган интелегенциянын лидерлери жана депутаттар катышкан жыйын болгонун айтып өттү.    

0 371

12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган шектүүгө өкүм чыкты

05-декабрь 2019, 16:21 Айдар Нуралиев

Ошто атасы 12 жаштагы кызын зордуктаганга аракет кылган. Аны сот  7 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттук отурумда белгилүү болду. Документе көрсөтүлгөндөй, атасы 12 жаштагы кызын мейман канага алып келип, ага адепсиз мамиле кылуу аракетинде,  кызын чечинте баштаганы айтылган.  Бирок, баштаган нерсесин аяктабай киши уктап кеткен.   “Этең менен киши  кайрадан кызын зордуктоо аракетин көргөн. Ош шаардык соту кылмышкерди ...

0 418

Рыскелди Момбеков: “УКМК! Кылмышкерди өзүңөр качырып, кайра өзүңөр издөө жарыялап жатасыңар. Силерге ким ишенет?!”

05-декабрь 2019, 16:21 Бакыт Молдалиев

- Кыргызстанда коррупциянын мекени экенин дүйнө жана кыргыз коомчулугу билет, анан биз (депуттар дегени – ред.) билебиз. Тилекке каршы, силер билбейт экенсиңер, - деди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 5-декабрда болгон парламент жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып жатып. - Бүгүнкү баяндамаңарда “Кыргызстанда контрабанда бар, бирок контрабандисттер жок. Биз издеп жатабыз, биз иштеп жатабыз” деп айтып жатасыңар. Болду. Башка эч нерсе жок! ...

0 246

Бакыт Төрөбаев: «Кыргызстан дүйнөдөгү 4-өндүрүштүк революция агымына кошула алабы?»

05-декабрь 2019, 16:20 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бакыт Төрөбаев дүйнө 4-өндүрүштүк революциянын босогосунда тургандыгына токтолду. «Өнүккөн өлкөлөрдө учуучу автоунаалар, 3 жумушчу орунун кыскартуучу робот,  болоттон курч графень жаӊы материалы ойлонуп табылууда.Биз ушул агымга кошула алабызбы? Маселе ушунда турат»,- дейт ал. Эл өкүлү бүгүнкү күндө улуттук илимдер академиясы, окумуштуулар кайсы багытта иштеп жаткандыгына кызыгып, глобализация доорунда 4-өндүрүштүк рефолюцияга даярдануу ...

0 437

Ылай дарыядан суу алгандар ыйлабай, Кербенге суу түтүктөрүн оңдоп алыш үчүн акча бөлүндү

05-декабрь 2019, 15:32 Темирлан Келдибеков

Бир жолу 17-мартта Аксы окуясы боюнча курултай болуп Кербен шаарын аралап андан ары жигиттер каза болгон жерде митинг, курултай болду. Түнкүсүн барып, кайра кечке маал тартканбыз, менин көңүлүм бөлүнгөнү жолдо булганыч дарыядан суу алып жаткандар болду. Кербен шаары эми гана таза сууга жетмей болду.  Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу ...

0 350

"Алга" кеткендер турсийин чечишсин, "артта" калгандар кийимчен эле туура берели...

05-декабрь 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Нааразылык көрсөтүүнүн чечинип коркуткан ыкмасы бар экен. Биз эле болсо жөн турмак белек, кыргыздарга да жетиптир. А эмне, сонун да. Абдан заманбап ыкма! Колдонгула, кокуй, баарыңар. Антпесеңер эле замандан артта каласыңар. Коррупция айлаңды кетирдиби? Ак Үйдүн астына барып эле чечинип тура кал! Эч ойлонбо. Талап коюп, ураан чакырып, плакат көтөрүп дегеле бир кереги жок. Түз эле шыпыр. Дегеле эч ...

0 250

Кыргызстандык мугалимдер командасы эл аралык сынакта биринчи орунду алышты

05-декабрь 2019, 15:27 Бакыт Молдалиев

Казакстанда өткөн математика, физика жана информатика мугалимдери арасында VII эл аралык сынакта кыргызстандык мугалимдер командасы биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Конкурска Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы “Келечек MIT” жана №28 мектептин мугалимдери - Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышты. Кыргызстан командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай чогултуп, биринчи орунга ээ болушту. Эл аралык чыгармачылык сынагы “Казакстандын математика мугалимдеринин ...

0 907

Айылдыктарды кемсинткен Роза Отунбаева экс-президент макамынан ажырайбы?

05-декабрь 2019, 15:26 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Роза Отунбаева акыркы кездери элдин кыжырын келтирген аракеттерди жасап, бүтүндөй улутту айылдык жана шаардык кылып экиге бөлө баштады. Алгач анын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги аялдардын укугуна арналган жылаңачтанган көргөзмөнү колдоп, ага катышканы нааразычылыкты жараткан болчу. 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында болсо, айылдыктарды «маданиятсыз, мырктар» деген маанайда сөз сүйлөп, уяттуу жерлерин ...

0 626

Карагыла! Жангарачеванын ордуна жаңы жетекчи келди

05-декабрь 2019, 15:23 Бакыт Молдалиев

Өткөн аптадан бери чырдан башы чыкпай калган Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейининин иштен кеткен директору Мира Жангарачеванын ордуна анын орун басары Мамбетказиева Айгүл Токтобековна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 5-декабрда кол койду. Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинен билим алган. Эмгек жолун 1978-жылы ...

0 553

Нарын Айып:  Айылдыктардын шаардыктардан эмнеси кем? Өлкө айылдыктардын эсебинен сакталып  турат. Антип элди бөлбөңүз.

05-декабрь 2019, 15:16 Айдар Нуралиев

Роза Отунбаева шаршембиде элдин маданияттан артта калып жатканын айтып жатса, талкууларда ал элди айылдык, шаардык деп бөлдү дегендин өзү коомдун артта калып жатканын билдирет.  Кааласак дагы, каалабасак дагы айыл маданияты менен шаардын маданияты айырмаланат.  Шаардык жигит айылга келгенден кийин өзүн шаардыктарча алып жүрөт жана айылда шаардыктардын тартибин орноткусу келип, аралашып кетет. Ушундай эле окуя айылдык жигиттин шаар чөйрөсү менен ...

0 698

Семетей Талас уулу: Каалашынча көрсөтсүн баары бир. Андан көрө...көйнөгүнөн түрсүгү чыга кийим кийген кыз-келиндердин кийими денени дүркүрөтөт

05-декабрь 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

Башында эле айтып коеюн; Музейдеги кыргыздын келечегин батыштын грантына алмашкан жинди катындардын "феминалле" акциясын колдобойм. Алар аялдардын укугун коргогондун ордуна кордошту. Мындай жинди иш-чарага каршымын абдан. Анан илимий изилдөөдө энеден туума аялзаты анчейин деле  козгобойт. Тем более дене мүчөсү 90×90×90 стандартына жакын бочкелердики. Каалашынча көрсөтсүн, бирок, баары бир. Андан көрө чыпчыя кийинип, мамактын жарымын көрсөткөн, көйнөгүнөн түрсүгү чыга кийим ...

0 394

Коррупциянын бетин ачкандар корголоп, кокуйлап качып жүрөт

05-декабрь 2019, 15:21 Темирлан Келдибеков

Коррупция деп Атамбаевди карап, үрүп отура берген заман өттү. Эми билекти түрүнүп коррупция менен күрөшпөсө Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчысы катары чабал болуп жаткандай.Депутат Максат Сабиров журналисттик иликтөөлөргө токтолуп, анда ант берген офицерлердин айткандарына көӊүл бурду. «Анда ант берген чек ара кызматкерлери – майор Камчыбеков менен улук лейтенант Осмонбеков «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен акчалар кантип ташылып турганын айтышкандыгы үчүн кылмыш ...

0 840

Эмилбек Каптагаев музейдеги "жылаңач" кыздын бирин сүйүп калдыбы?

05-декабрь 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминаледен айрым экспонаттар ызы-чуудан кийин алып салынды. Ал тургай маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов сүрөт музейинде журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, өң-алеттен кетти.  Мындай улуттук талкуудан кийин кимдин-ким экени билинип, социалдык тармактар ызы-чууга түштү.  Талкуулардын бири саясатчы Эмилбек Каптагаевдин пикирин окурмандарга сунуштайбыз... ...Топуракты кош колдоп уучтап асманга сапырып жакшы эле ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83