NazarNews.kg маалымат агенттигинин жамааты, баардык кыргызстандыктарды кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. Жаны жыл ар бирибизге ден соолук, бактылуулук, кубаныч, жакшылык, береке алып келсин! Дагы бир жолу кирип келе жаткан 2017-Жаңы жылыңыздар менен! NazarNews.kg маалымат агенттигинин жамааты!
Мурдагы баш прокурор, Апрел окуясы боюнча соттолгон Элмурза Сатыбалдиев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Мындай маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев абак мөөнөтүнүн үчтүн экисин өтөп бүткөнү үчүн эске алынып мындай чечим чыгарылган. Элмурза Сатыбалдиев мурдагы бийлик учурунда баш прокурор, кийин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 ...
Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда кайрымдуулук фонд түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ал “Россия 24” телеканалына берген маегинде билдирди. Буга чейин эле бизнесмен Өзбекстанда илим, исскусство жана спорт менен байланыштуу, илимий изилдөөлөргө дем бере турган фонд ачууну каалай турганын айтып келген. Кайрымдуулуктан тышкары ал эгер ынанымдуу сунуштар түшсө, экономикалык долбоорлорго дагы инвестицияга жумшоого даяр экенин билдирди. «Сени кай ...
Актөбө шаарында жаңы кризистик борбордун ачылгандыгы тууралуу жергиликтүү бийлик бейшембиде билдирди. 200 орундуу борбор үй-бүлөдө зомбулукка кабылган аялдар менен балдарды кабыл алат. Анда алар алты айга чейин тура алышат. Долбоор мамлекеттин колдоосу менен жергиликтүү «Ак-Руно» компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылды. Жергиликтүү меценат Аскарбек Мамырбаевдин айтымында, долбоордун алкагында жабырлануучуларга психологдор, социологдор жана юристтер консультативдик жардамдарды беришет. «Максаты — аялдардын психикалык-эмоционалдык абалын жакшыртуу, ...
Өзбекстандын укук коргоо органдары майрам күндөрү коомдук тартипти камсыздоо максатында атайын пландын негизинде иш алып барууда. Министрликтен кабарлашкандай, негизги майрамдык иш-чаралар өтчү жерлер тартип сакчыларынын тыкыр көзөмөлүндө. Коопсуздукту камсыздоо, жагымсыз жагдайлардын алдын алуу максатында атайын рейддер жүргүзүлүүдө. Ошол эле маалда азыркы оор учурда калктын тынч жашоосун камсыздоо маселеси өтө актуалдуу болуп бара жатканы белгиленген. Бул үчүн министрлик кызматкерлерин кыраакы жана ...
Тажикстан Башкы прокуратурасы жана ИИМи Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга шектелген Дусти районунун 8 жашоочусун камактан бошотуу чечимин кабыл алды. Боштондук алган жарандар жалган жалаанын айынан тогуз ай абакта отурушканын айтышууда. Быйыл мартта Тажикстан ИИМи 32 кишини Сириядагы согуштук аракеттерге тиешеси бар деп камаган. Кийинчерээк алардын ичинен 24ү бошотулган. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Дусти районунун 8 жашоочусу Орусияда эмгектенип жүрүшкөн. Ошол ...
-Азимбек мырза, быйыл эмнеге кубандыңыз? -Атамбаев референдум кылса дагы Контитуцияны оңдоп, өз мөөнөтүн узартып албаганына чыны менен сүйүнүп отурам. Анткени, биздин эки революциянын тең максаты Конституцияда белгиленген мөөнөттө бийлик алмашып турушу керек болчу. Болбосо, постсоветтик мамлекеттерде президенттер өлгөнчө такта отурушат. Кыргызстанда гана президенттер Конституцияда белгиленген мөөнөтүндө кызматтан кетишет. Айтайын дегеним, 2016-жылдын аягы менен Атамбаев референдум өткөрсө дагы бийликтен түшпөй калыштын ...
Аида Саляновага кылмыш иши саясий негизде козголду. Себеби, ал өтө көп нерселерди билет. “Ата-Мекен” фракциясы президентке импичмент жарыялайбыз деп, документтерди чогултуп жатат. Ушуга байланыштуу, Салянова дагы бир нерселерди айтып жибербесин деп, бийлик анын оозун басып туруу үчүн кылмыш ишин козгоду. Буга чейин деле ага жакындары аркылуу кысым көрсөтүлүп келген. Эгер бийлик кааласа, ал берене боюнча юстиция министри башка ...
Армения президенти Серж Саргсян 2017-жылы кезектеги парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыгарды. Муну менен өлкө бир жылдан кийин жарым президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкарууга өтөт деп кабарлайт Reuters. Армения жашоочулары 2015-жылы декабрда өткөн референдумда президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, өкмөттүн ролун күчтөндүрө турган өзгөрүү боюнча добуш беришкен. Президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга көбөйтүлгөн, бирок ыйгарым укуктары негизинен салтанаттуу мүнөзгө ээ.
Жаңы жылдык майрамдарда Москвада террордук чабуул уюштурууга даярдык көрүп жаткан деген шек менен жети киши кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Шектүүлөр Сириядагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун көрсөтмөсү менен иштешкен деп болжолдонууда. Орусия ФСБсынын маалыматы боюнча шектүүлөр Дагестандын аймагында кармалышкан. Болжолдуу түрдө алар ок атуу куралдарын жана жардыргыч заттарды пайдалануу менен адамдар көп топтолгон жерлерге чабуул коюуну ...
Азербайжан жана Армения күчтөрүнүн чек арадагы кагылышынан кеминде төрт аскер мерт болуп, дагы бир нечеси жаракат алганын расмий өкүлдөр кабарлашты. Армениянын Коргоо министрлиги 29-декабрда эртең менен орун алган атышуудан үч аскерин жоготуп, бир нечеси жарадар болгонун билдирет. Армян тарап атышуу үчүн азери тарапты айыптап, алардын аскерлери чек аранын түндүк-чыгыш секторуна кирүүгө аракеттенгенин белгиледи жана муну “агрессия” деп сыпаттады.
Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кадырман бир туугандар! Сиздерди Экономика министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген 2017-жаны жылыныздар менен ак пейилден куттуктаймын! Жараткан Кудай элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай, жерибизге тынчтык, береке берсин! Жаны жыл ар бир үй-бүлөгө бактылуулук, кубаныч, жакшылык, береке алып келсин! Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү берсин. Дагы бир жолу кирип келген 2017-Жаны ...
Америкалык каржы-экономикалык Forbes журналы Кыргызстанды 2017-жылдагы эң мыкты бюджеттик багыттагы туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту. Тизмеде 17 өлкөдөгү 21 багыт көрсөтүлгөн. Баянда Кыргызстан жаңы туристтик багыт катары сыпатталат. Басылма Кыргызстандын 93 пайызын тоолор ээлей тургандыгын, бай тарых жана маданиятка ээ экендигин жазган. Бишкек – Улуу Жибек жолунан мураска калган калаа катары Борбор Азияны иликтөө үчүн эң мыкты борбор деп белгиленген.
СДПКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров таппасаң сыйпалап кал болуп, «милицияны полиция кылсак оңолот» деген сунушун билдирди. Милициянын атын өзгөрткөн менен анын ички структурасы өзгөрбөй турганына Төрөбайдын башы жетпейби? Бул деген мамлекеттин чөнтөгүнө ашыкча чыгым алып келбесе башка пайдасы жок. Зулпукаровдун атын Төрөбай эмес Төлөбай кылсак деле ошол эле Зулпукаров болот да ботом. Ушундай кылаарга иши жок депутаттар менен даты үч жыл ...
Жылдыз Жээнбаевна, 26-декабрда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартуу тууралуу буйрукка кол койгондугу үчүн Аида Саляновага карата кылмыш иши козголду. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз? -Менимче, буга кандайдыр бир пикир айтыш эртелик кылат. Баардыгы мыйзам чегинде, укуктук талаада жүргүзүлүшү керек деп гана айта алам. Башкы прокуратура иликтөөдө. Сот чечими бул суроого өзү чекит коёт. -Бирок, Аида Женишбековна бул ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!