www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жыл, июль
0 692

Cапар Исаков 5-октябрга чейин камакта калды

31-июль 2018, 20:22 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтүн узартууну карап чыкты. Бул тууралуу маалыматты “NazarNewsка” КСДП партиясынын катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. "Сапар Исаков 5-октябрга чейин тергөө абагында калды. Сот тарабынан ушундай чечим чыкты", деп билдирди Кундуз Жолдубаева. Эске сала кетсек, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин негизинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.  Булак: NazarNews.kg

0 1022

Ленин райондук сотунун кеңсесинде жоокер өзүн- өзү атып салды

Бишкектеги Ленин райондук сотунун кеңсесинде жоокер өзүн- өзү атып салган. Бул тууралуу маалыматты КРдин мамлекеттик жаза аткаруу мекемеси тастыктады. Бул окуя бүгүн, 31 июлда болуп өттү. 18 жаштагы жоокер дааратканага чыгып, Макаров тапанчасы менен өзүн- өзү башка атып салган. Окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат. Жоокердин бул кадамга барышына эмне түрткү болгону изилденип жатат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жоокер Биринчи май райондук военкоматы ...

0 35893

ВИДЕО-Кардарларын катнашка тарткан молдоке

Видео 31-июль 2018, 19:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда көптөгөн кыз-келиндерди алдап, төшөк кумарына тартып жүргөн Молдо атын жамынган жаран пайда болду. Бул тууралуу блогер Илимбек Исраилов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.  "Бул молдо буга чейин 100го чукул кыз-келин менен жыныстык катнашка барган. "Жин чыгарган молдонун уругу жиндерге уу болот. Мени менен кошулсаң жиниң өрттөнөт" деп, жаш кыз-келиндер барса көкүрөгүнөн, жатынынан кармалап, "ушул жагыңа жин жабышып алыптыр" - деп ар ...

0 2809

WhatsAppта үрөй учурган вирус пайда болду

Германия менен Испанияда WhatsApp колдонуучулар таң калыштуу вируска туш болушууда – алардын контакттарында үрөй учурган нерсе пайда болуп, түн ичинде коркунучтуу сүрөттөрдү жөнөтөт. Немистердин Stern басылмасы жазгандай, өзүн Момо деп атап, жапон номери аркылуу сүйлөшкөн ал коркунучтуу аял-карганын кейпинде көрүнүп, үч жыл мурда каза болгонун айтат. Момо ар кандай сүрөттөрдү жөнөтүп, керек болсо түндөсү видеобайланышка да чыгаары кабарланууда. Испан полициясы Момо ...

0 5109

Түркиядагы мейманканада кыргызстандык 13 кызды сойкулукка мажбурлашкан

Түркиянын Мармарис шаарында кыргызстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап жүрүшкөн. Шектүү катары 15 адам кармалганын sabah.com басылмасы жазып чыккан. Билдирүүгө таянсак, шектүүлөр шаардагы мейманканалардын биринде кыргызстандык 13 кызды эркине каршы кармап, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Кармалган адамдардын ичинен 12 шектүү камакка алынды. Сурактын жүрүшүндө ачыкталгандай, көмүскө жайды уюштурууга С.Д. аттуу аял киши шектелип жатат. Шектүүлөр сот органдарына өткөрүлүп ...

0 2869

СҮРӨТ- "Ээнсиреген үй" тасмасынын башкы каармандары Марал менен Атай эки ажырым жолго түшүштүбү?

31-июль 2018, 17:53 Айдар Нуралиев

Мындан жети жыл мурун "Ээнсиреген үй" тасмасы жарыкка чыгып, ачык кадрлары үчүн коомчулукта кызуу талкууланган.  Бул тасмада башкы ролду аткарган Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбеков бул тасма жарыкка чыккан соң, сүйүү мамилесин куруп 2014-жылы баш кошушкан.  Бирге түтүн булатып уулдуу болууга жетишкен түгөйлөр учурда бирге жашабагандыктан, "Марал менен Атай ажырашып кетишкен" дееген кептер тараган.  Бирок, каармандарга байланышканыбызда түгөйлөр ажырашпай эле, Марал айым кесибин ...

0 2502

Азиз Суракматов “папин сыночек” турбайбы

Борбор калаанын башчылыгына келаткан Азиз Суракматов кадимки атасынын баласы (папин сыночек) окшобойбу. “Курулуш бизнеси атамдыкы, мен ал жерде инвестиция боюнча директормун. Ал фирмаларды эмне кылышты атам чечет” деген сөздөрү атасынын эрке талтаң баласынын кейпин элестетти. Атанын камкордугунда жүргөн балдар, элдин милдети тууралуу жылуу-жумшак, комфортабелдүү офистерде отуруп үстүртөн гана ойлонумуш этип көнгөн. А Суракматовдун шаар мэрлигине келиши менен миллион калкы бар, ...

0 4784

СҮРӨТ- Ырчы Ильяс Кудретов жубайы менен ажырашып кетти

31-июль 2018, 16:46 Айдар Нуралиев

"Добулбас" тобунун солисти жана жеке ырчы Ильяс Кудретов жубайы Нурзада менен ажырашты. Бул тууралуу ырчы мырза: "Келинчегим Нурзада 22 жашта. Экөөбүз 2 жыл чогуу жашадык. Ортобузда 1 кызыбыз бар. Экөөбүздүн ажырашуубузга кызганыч же менин чыгармачылыгым деле себеп болгон жок. Келинчегимдин мага кылган мамилесинен, "сага эмнеге тийдим экен" деген сөздөрүнөн улам чырдашып, жубайымдын жашагысы жок болгодуктан ажырашык кеттик", - деп билдирди.  Маржан Назарбаева, NazarNews.kg  

0 648

Таласта талашсыз кен иштебейби? Олуттуу көйгөйбү же түшүнбөстүктүн дүрбөлөңүбү?..

Алтын казып алуу иштери көбүнчө ызы-чуу менен коштолот негедир. Мындан он чакты жыл мурда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылындагы “Андаш” кенин казуу аракеттери жүргөндө да нааразычылыктар, жергиликтүү элдин толкундоолору болгон. Эстен чыкпаса 2007-жылы Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев өзү да барып, эл менен жолугушуп, кайра келатканда Ак-Сай айылынан жол тоскондор ал түшүп келаткан губернатор Байымбет Мураталиевдин кызматтык автоунаасын таш менен ургулап, оодарып ...

0 13378

ВИДЕО: Атасын сойгон эже-сиңдилер, окуянын чоо-жайы: Аларды чечиндирип тийишчү

Видео 31-июль 2018, 17:08 Перизат Кутманалиева

Москвада зордукчул атасын бычактап өлтүргөн үч эже-сиңдилер тууралуу кошумча маалыматтар көбөйүүдө. Жакында үч армян улутундагы эже-сиңдилер 57 жаштагы атасын бычак менен өлтүрүп салышканы кабарланган. Маалыматтарда, атасы үйгө мас абалында келип, кыздарын бычак менен коркутуп, кичүү кызын жараланткан. колунан бычакту тартып алган кызы атасына бычак сайып, ал ошол жерде жан берген. Жарадар болгон кызды ооруканага жаткырып, эки улуусун милиция бөлүмүнө алып ...

0 1667

Миллиардерден милиционерге чейин... Бишкек мэрлери бул кызматка чейин ким болгон?

Бишкек шаарына башчы болгондор бул кызматка чейин кандай тепкичтерди басып өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги баамдап көрдү. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын орто ченинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ошол учурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөй, ээрден оодарып түштү. Экс-мэр учурда камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталып жатат. Эми жаңы калаа башчысын шайлоо 8-августка белгилени. Көпчүлүк коалиция бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты ...

0 5264

СҮРӨТ- Ырчы Кундуз Канатбек кызынын жолдошу тууралуу сиз билбеген кызыктар

26-июль күнү ырчы Кундуз Канатбек кызы "Кыз узатуу" тоюн өткөрүп, турмуш жолуна аттанган. Бул тойго күбө болгон шоу-бизнестин өкүлдөрү ырчы айым менен сүрөткө түшүп, куттуктоолорун жазып интернетке байма-бай жүктөп жатышты. А бирок биз ырчы айымдын жолдошун сүрөттөрдөн таба алган жокпуз.  Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Кундуздун жолдошунун ысымы- Бакыт. Кара-Балта шаарынын кулуну. Учурда жеке бизнестери менен алек болгон мырза ырчы айым менен узак убакытка ...

0 1670

СҮРӨТ- Теле алып баруучу Канышай Рыспекова кош бойлуубу?

"НТС" телеканалынын таңкы берүүлөрүнүн алып баруучусу Канышай Рыспекова кош бойлуу. Тун наристесин күтүп жаткан алып баруучу айым учурда эмгек өргөөдө. Эскерте кетсек, Канышай Рысбекова 2017-жылдын 12-декабрь күнү Нурлан аттуу көлдүк жигитке турмушка чыгып, заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

0 2357

Казак президенти Түркияда эс алып жүрөт

Түркиялык Нurriyet Daily News вебсайты “казак президенти Нурсултан Назарбаев кезектеги эс алуусун Бодрумда өткөрүп жатканы” тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Көп узабай бул сайт Казакстанда ачылбай калды. Басылманын маалыматы боюнча соңку тогуз жыл бою жайкы эс алуусун Бодрумдагы мейманканалардын биринде өткөрүп келе жаткан президент казак ишкери Алиджан Ибрагимовдун яхтасын колдонгон. 28-июлда басылма Эге деңизинин жээгинде жүргөн жана сууда сүзүп бараткан кишинин сүрөттөрүн жарыялап, анын ...

0 1347

Шабдан Баатыр көчөсүн “7-апрель” кылып өзгөрткөндөр жоопко тартылышат

31-июль 2018, 12:36 Айдар Нуралиев

“7-апрель көчөсүн” ишке ашыргандар жазаланышат. Соттун чечимине ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн аталышын “7-апрель” кылып которууга катышкан өкмөттүн жана мэриянын кызматкерлери жоопко тартылышат. Буга чейин укук коргоочу Калича Умуралиева көчөнүн атын өзгөртүүдө мыйзамдар бузулганын белгилеп доо арыз менен сотко кайрылган. Ал мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын шаардын көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу боюнча коомдук сунушту шаардык бийлик мораторияге шылтап четке какканын, бирок ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83