Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Бул жаңы кызматка, Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген. Эми ушул Патрулдук милицияга сынак аркылуу тандалып алынган 600 кызматкер 56 машине менен баш калаадагы коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт. Эске сала кетсек, буга чейин аталган долбоор 2019-2020-жылдары пилоттук негизде баш калаада ишке ашырылары ...
Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Забайкальеде ушул айдын 25-октябрында Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн окуя боюнча түзүлгөн комиссия ал жоокердин аскер бөлүктөгү бир офицер менен жекече чатагы болгон деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу орустардын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок, комиссиянын документтери расмий жарыялана элек. Буга чейин ошол эле Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышы жоокердин ...
Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин мамлекетке чыккынчылык кылды деп соттолгон уулу Алтынбек Муралиев жатак абакка которулду. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады. “Соттолгон адам 17-октябрда атайын комиссиянын чечими менен жатак абагына которулган. Азыркы убакта ал үйүндө көзөмөл астында жана ал ишке орношууга даярданып жатат. Буга чейин Алтынбек Муралиев Молдовановка айылындагы №26 колониясында жаза ...
“Ай, тийишпе, жолобо”, - деп айтасыздарбы(?). Мына ушундай собол салды 31-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында ЖКдагы депутат айымдардын бири. Тагыраагы, сот отурумуна катышкан күбөлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралып жаткан учурда Эльвира Сурабалдиева, күбөнү коркуткан кылмышкерге кандайча эскертүү берилерине кызыгып, долбоордун автору болгон ИИМдин өкүлдөрүнө жогорудагыдай суроо узаткан. - Мыйзамдын 6-беренесинде жазылган “коопсуздук чаралары” депчи... Ал ...
Бишкек шаарындагы «Adriano» кафеси Хеллоуин майрамына карата өз тегерегин кооздогон. Бул кафе кесилген ашкабактар менен гана кооздоп чектелбестен, жипке асынып турган баланын манекенин дагы илип коюшканын «Репортерго» шаар тургуну билдирип, сүрөттөрдү жөнөткөн. «Менин балам ал асынып турган баланы көрүп, коркуп, ыйлап да жиберди», - деп, аталган кафенин кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди. Мындай ашыкча обу жоктуктун айынан акыркы учурда Кыргызстанда Батыштын туура эмес кадамдары кыргыздын ...
Кызык суроо бекен? Анда эмесе ушул кепти чечмелеп берели. Айрым элитанын каймактары карды ток, капчыгы калың, салмагы сайдын ташындай болгон адам мандатты алышы кажет деп кайкалап кетишти. Алардын айтканына ынансак кайрадан эле элдин эсебинен жашагысы келген, сүлүк курттай кан соргондор парламентте шукшурулуп отурушу керек тура. Биздин шорубузду кайнаткандардын эңсөөсүн кантип токтотконду билбей көк мээ улактай болуп отурганыбыз деги туурабы?
Африка материгинде жайгашкан Мозамбик өлкөсүндө радикал исламчылар менен болгон беттеште Вагнердин армиясынын 5 жалданма аскери каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя 27-октябрда Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орусиялык жалданма аскерлердин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылар уюштурган барымтага туш болушкан. Өкмөттүк армиянын 20 аскери жана орусиялык 5 жоокер каза болгон. Булардын баарынын башы алынган. Өлүктөр Муеда шаарынын ...
Twitter социалдык түйүнү мындан ары саясий жарнамаларды жарыялоодон баш тартууга ниеттенүүдө. Компания мындай чечимин «бул сыяктуу маалыматтар сатылбашы керек» деп түшүндүрдү. Twitter компаниясынын башчысы Жек Дорсинин билдиришинче, сервисте шайлоого талапкерлердин жарнамалары жана саясий темадагы кулактандыруулар 22-ноябрдан тарта жарыяланбайт. Twitter түйүнүнүн атаандашы болгон Facebook жакында саясий рекламаларга киргизилген тыюудан баш тарткан. Компаниянын башчысы Марк Цукербергдин пикиринде, жарандардын өз оюн эркин ...
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы кылып кайрадан түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Турмуш көрсөткөндөй, Ички Аскердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын ...
ММАнын (аралаш стилде) дагестандык айтылуу мушкери Хабиб Нурмагомедовдун спорттогу карьерасы эки-үч беттештен кийин соңуна чыгышы керек. Бул тууралуу анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов ютубдагы “Fight Nights Global” каналына берген маегинде билдирди. Анда Абдулманап Хабибдин кезектеги атаандашы Тони Фергюсен болоорун жана бул беттеш UFC тарыхында мыкты оюн катары калышын кааларын айтат. Ал эми Конордун Хабиб менен реваншы, эгерде, дагестандык ...
Брэндон Роуз аттуу австралиялык жаран Твиттердеги жеке баракчасына Кыргызстанга келип Кызыл китепке кирген жаныбарды, тактап айтканда өзү аткан аркар менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ал посттун астына бишкектик бир кыз анын мындан ары Кыргызстанга кайра кайтып келбешине үмүттөнөөрүн жана ага да мына ушул кайберендикиндей тагдырды каалай турганын жазган. Бирок, австралиялык мергенчи ага жооп кылып тоо теке жана аркар атуу үчүн ...
Ооба, швед окумуштууларынын пластиктен жасалган идиштер менен күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу химия затынын кош бойлуу аялдарга тийгизген таасирине изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. Изилдөөдө кош бойлуу аялдар канчалык көп пластик идиш-аяк менен тиричилик химияны көп колдонсо, келечекте баланын интеллект коэффициенти да ошончолук төмөн болору аныкталган. Айрыкча бул эркек балдарга тиешелүү. Мисалы, тазалоочу каражаттарда кездешкен хлорпирифос пестициди менен полифторалкилдик заттар, ошондой ...
Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаарга жылуулук берүү сезонун 1-ноябрдан баштап берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу шаардын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, объекттерди туташтыруу адаттагыдай эле бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала-бакча, оорукана жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Мектептерди жылуулук берүүгө туташтыруу жана температураны жөнгө салуу окуу процессине тоскоол кылбайт, себеби, ...
Эки жаштагы бала дагы бир ымыркайды эптүүлүк менен кийинтип жатат. Ютубка чыккан бул видео көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, элдин эт жүрөгүн элжиретип жаткан учуру. Андагы маалыматка караганда, булар бир туугандар “Аганын инисине болгон сүйүүдөй сүйүү жок”, -деп айтылат. Булак: NazarNews.kg
15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган. Бул мугалим аял былтыр, 2018-жылы да өзүнө өрт койгон. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген. Ал эми кызы болсо ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!