|
Гүлжан Шерипбаева
NazarNews порталында башкы директор жана журналист. |
Парламенттен Камчыбек Жолдошбаев коррупцияга шектелип агкан бир катар чиновниктерди зекиген болчу. «Кусуп эле койгула, болбосо түрмөдөн «караларга» төлөйсүңөр...» деген маанайда. Көрсө, бул сөз бекер айтылбаптыр... Көп өтпөй Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев камалды. (Кийинки жумада Бишкек мэри Албек Ибраимовдун УКМК СИЗОсуна киргизилерин эшиттик.) Тар чөйрөдөгү айрым кептерге карагаңда, Исаков, Кулматов, Артыкбаев ж.б. ТЭЦ боюнча камалган шериктери да чоң суммадагы акчага «сынышары», ...
"Сапар Исаков камалды!"- деп көптөр ал камактан эзели чыкпачудай кыбыңдап жатышат. Көрөсүңөр го, Сапар ал жактан бошонуп чыгат. Бирок, ал мурун айткандай, тазаланышы керек. Тазаланса, коюлган дооматтары далилденбей эркиндикке чыгышына шарт түзүлөт. Ден-соолугун карабаса жаштайынан оорукчан болуп калат. Сапар Исаковго камалыш оңойго турган жок. Ал жоопкерчиликке тартылбайт. Жолун таап, камактан чыгып кетет. Булак: Майдан.кж
ЖЭБди оңдоого сарпталды делген 386 миллион долларга байланыштуу коррупциялык схема боюнча мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков, мурунку мэр Кубанычбек Кулматов, азыркы ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев камалганы белгилүү. Ага чейин Айбек Калиев баштаган 6 жетекчи камакка алынган. Ошону менен учурда 10 адам камакка алынды. Бирок ТВЕА компаниясы менен 2013-жылы өкмөт башчысы болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев келишим түзгөнү, анын бардык коррупциялык схеманын башатында турганы ...
Кечээ күнү Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов боюнча Биринчи Май райондук согу чыгарган чечимди жокко чыгарып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Эске сала кетсек, Биринчи Май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5млн айып салган. Тергөөнүн жыйынтыгында: "2011 -жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, ...
Башбакан Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин профилдик комитетине өкмөттүн өткен жылдагы отчөтун берип жатып: 2017-жылы "Коррупция" беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголгонун, жалпысынан Кыргызстандын "коррупционерлери" мамлекеттик бюджетке 670 млн. сом зыян кылганын айтты. Эң кызыгы, ошончо опол тоодой акчанын 18,4 миллион сому эле мамлекетке кайтарылыптыр. Дагы кызыгы, козголгон кылмыш иштеринин 82си сотко өткөн. Ошондо бир тобу жең ичинен кыскарып кетти деп түшүнсөк ...
Белгилүү болгондой буга чейин " Росинбанктан" 3 миллиарддан ашуун акча сыртка чыгып кеткени боюнча кылмыштуу окуя ачыкка чыккан. Бул кылмышты жакын арада эле болгондой чыгарып жатышты эле. Бирок кылмыштын башаты 2014-жылы эле башталганын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул кылмыш иштин чоо-жайы тууралуу кененирээк айтып жатып маалымдады. Анын маалыматы боюнча: жасалма документтер менен Орусиянын аймагында жана Сейшель аралдарында катталган фирмаларга эсепти ...
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде отчет берип жатканда Транспорт министрлигинин 2016-жылдагы бюджети текшерилип, натыйжада 257 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын айтты. Ошондой эле бул көрсөткүч жалпы каржылык мыйзам бузуунун 20 пайызын түзө турганын кошумчалады. Уурулуктун жолдору баягыдай эле жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашыра көрсөтүү менен байланыштуу. Министр Жамшитбек Калилов бул министрликти 2016-жылдан бери жетектеп жатканы менен, ...
Биринчи вице-премьер министр болуп барып иштей албай жүдөп, жоопкерчиликтен качып Улуттук банктын төрагалыгына кеткен Толкунбек Абдыгулов кызматын жети жылдан кийин келечек муунга өткөрүп берээрин айтты. Экинчи жолу Улуттук банкты башкарып жаткан Толкунбек эртең эмне болоорун эске албай, «Мени 7 жылдык мөөнөткө шайлашкан. Мөөнөтүм бүткөндө кызмат ордумду башка жаңы муунга өткөрүп берүүгө даярмын» - деп айтгы. Мындай дымагына караганда, мекемени менчигиндей элестетип ...
Коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада Америкага качып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер министр, Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин 25 банктык эсеби жана жакындарына катталган бир нече "Трейд инвест" жана "Бината" сыяктуу фирмалары камакка алынган эле. Бирок бул ишканаларга караштуу Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" соода борборунун курулушу бүткөрүлүп, 1-июнда ишке киришкен. Коомчулукта буга байланыштуу нааразычылыктар айтылып, натыйжада УКМК Шадиевдин мүлкү ...
Жогорку сотго Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровдорго акыркы өкүм чыкты. Тактап айтканда, шаардык сот Асанов менен Кадыровго 12 жыл жаза берсе, Жогорку сот 8 жылдан, Эрнест Карыбековго шаардык сотго 20 жыл берилсе, Жогорку сот аны 14 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Саясатчылардын жактоочусу Акин Токталиев сот адилеттиги болбогонун айтып каңырык түтөттү. Натыйжада, ак жеринин айыпталып түрмөдө отурабыз дегендердин окуясына ...
Салык кызматы 1-июлдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин салык декларацияларын текшерүүнү баштайт. Анын алкагында буга чейин маалымат каражатгарында жарыяланган Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин үйү жана мүлкү текшерилет. Жолдошбаев борбор калаанын Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкесинде салынган 3 кабаттуу, 54 бөлмөдөн турган үйүн декларациясында көрсөткөн эмес. Бул боюнча жөө жүргөн кесиптештеринен уялып, шапкесин баса кийип жүрөөрүн айткан Жолдошбаев үн ката элек. Сыягы, тоготпой жатат ...
Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Ольга Лаврова УКМКга сурак берет. Булар модернизациянын алкагында Кытайдын «Инэк-симбанктан» 386 млн. доллар алган келишим менен кытайлык ТБЕА компаниясы менен ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимдерге кол коюшкан. Бирок качан болсо суудан кургак чыккан Жантөрө Сатыбалдиев келишимге кол койбогонун, каржылык долбоорго кол коюу үчүн ыйгарым укуктарын ошол кездеги каржы министри Ольга ...
ТЭЦтеги кыңыр ишке башкы күнөөкөрлөрдүн бири катары коррупцияга шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев эми сот тарабынан күнөөлүү деп табылса мандатынан ажырайт. Учурда Артыкбаевдин иши эртерээк бир жаңсыл болсо деп, тизмеде Азиз Суракматов мандат күтүп акыйып турган чагы. Бул Азис мырза менен учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык делген Ак үйдүн батыш тарабында салынып жаткан көп кабаттуу имаратка Башкы прокуратура ...
Министрдин уруксаты жок түн катып Түркияга чыгып кеткен Данияр Абдыкаров кыска мөөнөткө эмгек өргүү алып эс алууга кеткенин, уруксат алганга үлгүрбөй калганын, ишке кайтып келгенден кийин ички тартипти бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөөгө жооп бере турганын билдиргенин ИИМдин маалымат кызматы таратты. Анда белгилүү болгондой, министрдин орун басары 12-июнь күнү ишке чыгып, жооп берет. Чындап жооп береби же эс алган жеринен келбей коёбу ...
Каржылык мыйзам бузууларга каршы кызмат 53 млн. сом салыкты жашырып, мамлекеттин казынасына зыян алып келген жеке компанияга кылмыш ишин козгоду. Анда белгилүү болгондой, аталган органдын Бишкек шаардык башкармалыгы ишкерлердин үстүнөн каржылык текшерүү жүргүзүп, натыйжада өзгөчө көлөмдөгү салыкты жашырган "А.К" ЖЧКсын аныкташкан. Учурда КЖКнын 213-статьясы менен кылмыш иши козголуп, ЖЧКнын ээси камакка алынып, тергөө жүрүүдө. Булак: Фабула
Быйыл Ит жылы болгондуктан, иттер тууралуу көп окуялар эске түшөт. Анткени силердин гезитиңер дагы иттер тууралуу укмуштуу, табышмактуу окуяларды баяндап жазып жатпайсыңарбы. Менин дагы башымдан өткөн ушул ит тууралуу бир окуяны баяндап бергим келет. Ал мындайча болгон. Дегеле үй жаныбарларынын баарынан ит адамга жакын болот эмеспи. Ити бар үйгө уурулар да оңой менен кире алышпайт. Алар жакшы коргоочу келип, кожоюнун ...
Ушул жылдын 28-апрелинде мурдагы биринчи вице-пример министр Аскарбек Шадиевге Жогорку Ксңсштен 30 миц доллардын уурдалышы ооюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин: «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге «2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп,ушул сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн»-деп айып тагылган. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча ...
Кызматка келген адамдар байлык топтоо, сый-урмат көрүү, каада күтүү жана биографиясына «баланча кызматта иштеген» деп бадырайта жаздыруу үчун гана эмес ошол кызматын ак дилден аткаруу үчүн келишсе «точуно» торгойлор койлордун үстүнө жумурткалап башташмак. Бирок, бул кыял жана жомокто гана боло турган окуя тура. Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев адеп аталган кызматка келгени ааламга жаңы лидер жаралгандай эле ...
Биздин аткаминерлер камалса эле ооруп калат, иттики. Ага дейре ден-соолуктарына карабастан эле жер үчүн катуу иштешет окшойт. Же качан ичип-жеп алган соң «ден-соолукту карайлы, эми» дешкендериби, айтор жоопкерчилик дегенге келгенде эле соо бирөө жок. Ушул жылдын январында Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп,шаар бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калганы жакшы эле болгон экен. Дегеним, аталган окуя бир жыл мурун модернизацияланган ...
Буга дейре Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы Фетхуллах Гүлендин жактоочуларынын башында турган адам катары аты аталып келген. Кээси ишенсе, кээ бири курулай жалаа катары санап келишкен. Эми ошол күмөн жагдайды Нурбаев өзү ачыкка чыгаргандай болду. Дегенибиз, Абдывахап мырза: "Тышкы иштер министри түрк элчисинин "Сапат" тууралуу билдирүүсүнө жооп бериш керек" - деп кескин талап койду. Муну менен депутат мырза гүленчилерге жан ...
Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында КТРК-нын Байкоочу кеңешинин отчетун канааттандырды. Депутаттардын 75и отчетту колдоого алса, 10 депутат каршы добушун берди. Эл өкүлдөрү канчалык КТРКнын директору Илим Карыпбековду жарга такап, туш тараптан чабуулга алышкан менен эч майнап чыгара алышкан жок. Илим мырза баарына такылдап так, кыска жооп берип кыйындыгын көргөздү. Бир дагы депутат какатып, сөзүнөн жаңылта албады. Эр экен. Булак: "Фабула"
Акыркы күндөрү, социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары ар кандай пикирлерди жаза баштады. Атамбаевдин таламын талашкан постордун көпчүлүгү “фейктер”. Соцтармакта тынымсыз өздөрүнүн пикирин жазып калтырган Аман Асанович менен Камчыбек Ташиевдин оң колу Шүкүрбек Эркебаевдин жазган ырын окурмандарга сунуш кылабыз. Аман Асанович Мадеминов, байкемди Раззаковго теңеди. Мезгил өтсө бааланат, Анын эмгеги деди.
Баткендин Лейлек районундагы Максат айылына тажиктердин чек арачылары курал менен кирип келип, жергиликтүү элдин үшүн алып жатса, Баткен губернатору Абиш Халмурзаев салкын кабинетинен чыкпай олтуруп алганы үчүн эмнеге жумушунан куу шыпыргы менен шыпырылбайт? Биздин чек арачылар барып, тажиктерди "бүктөп", чыр эл аралык деңгээлде көтөрүлсө да Халмурзаев ордунан козголбоптур. Бийликтин ошол облустагы өкүлү болгон соң кабар жетери менен жөө болсо да жетип ...
Эки айдан бери 1-май райондук сотунда КГУСТА окутуучусу, жаш профессор Темир Болотбектин үстүнөн сот уланууда. Анын "күнөөсү" Фейсбукта Советтер Союзунун архитектурасына суктанып сүйбөй, сындап койгону. Темирдин үстүнөн "Советтер Союзун сүйбөйт", "улуттар аралык араздашууну" козгоп жатат деп томолок кат түшөт. УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев кадимкидей кылмыш ишин козготот. Элестетип коюңуздар, "совет доорунда курулган архитектураны жакшы көрбөйт" деген кылмыш. Биз баардыгыбыз түшүнүп ...
Биринчи май район сотунун судьясы Алмаз Калыбаев мыйзамга каршы иштеп атканы айтылууда. Интернеттеги комментаторлор бул судья капчыктуу бирөөнүн доо арызын кабыл алууга мыйзам жол бербегенине карабастан, кароого алганын айтып жатышат. Эмгек кодексине ылайык жогорку кызматтарга барган аткаминерлер жумуштан алынып калса, эч кандай даттанууга укугу жок экенине карабай, судья Калыбаев болсо, мурунку премьер-министр Исаковду дагы чакыртып алып, отчетун алам деп атыптыр. Бул ...
Гезитибиздин өткөн санында Осмонбек Артыкбаевге эмне үчүн кылмыш иши козголбойт деп суроо койсок, эртеси күнү Артыкбаев өзү телефон чалып "Силер эмне себептен мага кылмыш иши козголбой жатат деп жазасыңар? Бир билгениңер барбы? Сапар Исаковго бир нерсеси бар үчүн кылмыш иши козголду да. Мен таза болсом кантип кылмыш иш козголмок эле..." деп көп сөздү айтып актанып алды эле. Ал өзүн 386 млн долларга ...
"Независимая газетада" жарык көргөн макалада мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов "Атамбаев же түрмөгө камалат, же чет өлкөгө качат, башка жолу жок" деген пикири социалдык тармактарда талкуу жаратты. Көпчүлүк "Атамбаев кача турган жери жок, сыртта бир дагы колдой турчу мамлекет калбады, баардыгы менен мамилесин бузуп алган" деген ойго келишти. Кете турган бир бурчу бар эле Араб Эмираттары дагы акыркы кезде Дубайдан бир ...
Урматтуу Жээнбеков Сооронбай Шарипович! 2010-жылы Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан жана элдин жашоо турмушу оорлоп, карапайым элдин үнүн жогору жактагылар укпай калганда, балдарыбыздын келечеги үчүн 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтына чыгып, форумдан мурду-башыман кан кеткенче ур-тепкиге алынып, автобуска биринчилерден болуп камалгам. Ак үйдүн астында Данияр Дуңгановго сүйлөшүүгө кирем деп ок жеп, өмүр менен өлүмдүн ортосунан суурулуп чыккан кыргыздын баатыр кыздарынын биримин. Ошол маалда оюма эч ...
«Чыгыш Электр» ААКсындагы шалаакылыктар жөнүндө өткөндө бир айтылды эле, бирок алешемдиктер орун алганы токтободу. Маселен, Түп райондук РЭСинин Сабатаров Бакыт Рыспекович деген жетекчиси бар. Ал ишинде кеткен кемчиликтерди жана кол алдындагы кызматкерлерди тартипке чакыра албай келет. Бизге жеткен маалыматтарга жана дооматтарга караганда, Сабатаровдун ишинде одоно кемчиликтер бар экен. Өткөн жылы Токтаян айылындагы маданият үйүндөгү электр эсептегич 156 201,40 сомго чыгып кеткенге чейин, ...
Шамал кайсыл жактан согуп жатканы белгисиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун пресс-катчысы Толгонай Стамалиеванын ордуна кызыккандар ага карата каралоо иштерди башташты. Болгондо да ага Бакиевчил адамдар тарабынан сокку урулуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Сооронбай Жээнбеков кандай чечим кабыл алаары белгисиз. Бирок, Бакиевдин кылмыштуу бийлигинин өркүндөп-өрчүшүнө чоң салым кошкондор, аны мактап-жактап аңга түрткөндөр, эми Сооронбай Жээнбековго акыл үйрөтүп, пресс-катчысын иштен алууга үгүттөп жаткандарьшын өзү ...
Сапар Исаков камакка алынаар күнү эртең менен президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаевге телефон чалып, "Сапар Исаковдун күнөөсү далилденгенин, аны камабаса болбой турганын билдириптир" деген маалыматтар тарады. Мунун канчалык чындыгы бар белгисиз. Бардыгын убакыт көрсөтөөр. Эмнеси болсо да, Сапар Исаковдун камалышы резонанс болду окшойт, Эми Кудайым сотторго ыйман берсин демекчибиз. Булак: Ачык саясат
Редакциядан: Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы белгилүү адамдардын бири Алмаз Үсенов тууралуу коомчулукта ар кандай ушактар тарады. Аны айрым массалык маалымат каражаттары, "качып кетти" дешсе, айрымдары, "Атамбаевди сатып кетти"- деп каралап жазышууда. Бул туурасында Алмаз мырзанын өзүнө сурообузду узатып, кыска-нуска жооп алдык. Алмаз мырзанын макулдугу жок гезитке жарыялап жатканыбыз үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз. Анткени, Алмаз Үсенов өз ишин мыкты билген адам ...
Бийлик Алмазбек Атамбаевдин учурдагы эң жакын адамы Сапар Исаковду камакка алдырды. Бул Атамбаевге карай урулган эң катуу сокку болду десек жаңылышпайбыз. Кечээ эле Сапар экөө биригип алып, Сооронбай Жээнбековду президент кылуу үчүн чуркап жүргөн болсо, арадан алты ай өтпөй бирөөсү темир тор артында жатып калды. Эми күзгө маал Атамбаевдин өзүн камашы мүмкүн деген маалыматтар коомчулукта ачык айтыла баштады. Казиночу депутат Исхак Масалиевдин ...
Кубанычбек Кулматов Бажы кызматына башчы болуп келээри менен бажы төлөмдөрү укмуштуудай көп чогула баштаганын айтып мактанган эле. 6-июнда Бажы кызматынын жетекчилери "Кабар" маалымат агентствосунда пресс-жыйын өткөрүп, Кулматовдун берген маалыматын популизм деп чыгышты. Ошондой эле алар, Кулматовду элди сандар менен алдагандыгын ачыктап беришти. Көрсө, Кулматов мырза, элдин көңүлүн бурдуруу максатында, бажыдан түшкөн төлөмдөрдү жасалма түрдө жогорулатып, коомчулукту дүрбөткөн экен. Учурда Кубанычбек Кулматов, ...
Эркин Мамбеталиевди Икрам Илмияновдун заказы менен жаманатты кылган мурдагы ИИМ министри Улан Исраиловдун дымы чыкпай калды да негедир. Учурда бул киши Форумдан да көрүнбөй калды. Ансыз да Бакиев заманында куугунтукка кабылган Эркинди сындырууга аракет кылганы акылга сыйбаган иш болгон. Министр болуп турганда жердештери куттуктаганы келсе кабыл албай коюп, байкуш көлдүк аксакалдар ИИМдин сыртында калышыптыр жалдырап. Ал учурда көзүнө эч нерсе көрүнбөй жаткан ...
Азыркы тил менен айтканда өкмөттүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору Абиш Халмурзаев маданият деген эмне экенин билбегсн бир жетекчи сөрөй окшобойбу? Деги бул адам китеп бетин ачып, музыка угуп, өнөр дүйнө дегенге бет буруп көрбөгөндөй. Жалаң гана акча жана кызмат деген «оорулар» менен алек окшойт. Дегенибиз, өткөн айларда, тагыраагы үстүбүздөгү жылдын 28-29-март күндөрү Токтогул атындагы ...
Ооба, өлкөдө коррупцияга карата сокку урулуп жатат. Айрымдарына урулган сокку дал бутага тийип жатса али айрымдары камырабай туру. Ошол эле маалда куйругунда калбыры калдырап, эбактан бери кулактын кужурун алып жаткандарга негедир текшерүү жүргүзүлбөй, алардын алешемдиктери менен ашмалтай иштери ачыкка чыкпай жатат. Атап айтсак, Өкмөткө караштуу Мамескеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын да өткөн иштери текшерилиши керек. Бул «шансы» көп Шаикова(билсенер Шаикова мурдада ...
Социалдык өнүгүү министрлигинде кадимки “келиндер козголоңу”. Борбордук аппараттын коллективи министр Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытовага нааразылык билдирип, алардын жумуштан алынышын талап кылууда. Мындай талапты жергиликтүү бөлүмдөр дагы колдоп чыгышыптыр. Өткөн жылы жайында терең ойлонулбаган социалдык коргоо “реформасын” демилгелеп, чийки мыйзамды даярдап, ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду уят кылышкан, бул эки айым. Аны ынандырып, кол койгузуп, Жогорку ...
Канчалык амалкөйлөнүп, кууланып, кур чечендикке салбасын, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдан келген 386 млн долларды максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду. Ал буга чейин УКМКга эки ирет күбө катары суракка чакырылган. Үчүнчүсүндө, 29-майда да суракка чакырылып, өзүнө карата кылмыш иши козголгонун, айып тагылганын билип чыкты. Чыга калып эле ал журналисттерге “Мага ...
Сыягы, экс-президент А. Атамбаевдин акыркы бийликте калган кадры катары саналган Бишкектин мэри А. Ибраимов да жакын арада соттолот окшойт. Себеби азыр ага карата Улуттук коопсуздук кызматы "ТНК Дастан" ААКсына ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Көрсө, “Атамбаевдин таразачысы” аталган бул адам аскердик багыттагы ишкананы жетектеп турганда ири суммадагы акча “операциясын” жүргүзгөн экен. Бирок ал өзүнө коюлган айыптарды моюнга ...
Ушул жумада уккан адамдын төбө чачын тик тургузуп, жүрөгүн түшүргөн каргашалуу окуя болду. 27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБне никеге мажбурлап тургузуш үчүн кыз ала качуу аракети жөнүндө арыз түшкөн. Милициянын Бишкек шаардык жана Чүй облусунун бардык райондук бөлүмдөрүнө шектүү киши тууралуу ыкчам маалымат берилген. Көп өтпөй “Сосновка” постунда 29 жаштагы айдоочу башкарып бараткан “Subaru Outback” үлгүсүндөгү машине токтотулган. ...
Журналист Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековдун үстүнөн арыз жазды. Журналист аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча баа берүүнү жана жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. - "Медиа полиси" институтунун юристтеринин көмөгү менен ушундай талап койдук. Мага ...
ПарламентдепутатыАскарбекШадиевөзүнөкаратазалкаржазуучуЧ. АйтматоватындагыКМШдеңгээлиндегисыйлыктынакчасына байланыштуу кылмыш иши козголгондон кийин Кыргызстандан жер сыйпагандай эле жоголуп кетпеди беле. Жардамчысы жүрөгү ооруп чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кеткендигин айтса, УКМК эч жакка чыкпады деген билдирүү тараткан. Натыйжада Аскарбек Шадиев дайын-дарегин таптырбай келүүдө. Жакында анын кайда экендиги тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Божомолдорго ылайык, экс-президент А. Атамбаевдин “кошелогу” аталган бул сымаптай жылма, кайсы бийлик болбосун жеңден куюлуп, кончко түшкөн ...
— Дүйшөн агай, интернет булактарында жана эл арасында “КСДПчылар революция жасаганга даярданып жатышабы?” ж. б.у.с. ой-пикирлер жаандан кийинки козу-карындардай эле жайнап кетти. Өзүңүз эл арасында жүрөсүз, буга ой-жүйөөңүз кандай? — Кыска айтсак, КСДП деп тергеп отурбай эле Алмаз Атамбаевдин өзүн айта берели, 2010-жылкы кандуу-булоон революциядан кийин, ошондогу өздөрүн революция жол башчылары деп аташкан “14 оёндун” ичинен дал ушул Атамбаевди колдоп-жолдоп макалалар серияларын жазган элем. ...
Кыргызстандагы коррупция, жеп-ичмейлерге каршы күрөштүн алкагында болдубу же башка жагдайы барбы, айтор өткөн жумада алгачкы ирет салыкты жашыргандыгы үчүн деген жүйө менен чет элдик компаниянын, Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын, жез кенин иштеткен казакстандык "KAZ Minerals Bozymchaктын" жетекчиси Ильяс Тулекеевдин кармалышы чоң сенсация болду. Бирок анын эки күндөн кийин эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан коё берилиши ого бетер табышмактуу ...
Жакында эле массалык маалымат каражаттары аркылуу, Президент Сооронбай Жээнбеков УМККнын жаңы төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып, коррупция боюнча козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарып, айыпталып жаткандардын баарына тең татыктуу жазаларын берүү керек экендигин тапшырганы маалым болду. Андан бир аз мурдараак эле, президент коррупциялык кылмыштардан өз калыбына келтирилген финансы-экономикалык операциялар боюнча өз алдынча банктык эсеп ачууга көрсөтмө бергендиги маалым. Азырынча ал эсептин ...
Индонезиянын Жава аралындагы Мерапи жанар тоосунда жарылуу болду. Вулканология жана геологиялык апаатты азайтуу борборунан берилген маалыматта Йогякарта шаарындагы Мерапи жанар тоосунан атырылган күл жана тумандын 6 километр бийиктикке чейин чыккандыгы белгиленди. Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо жанар тоодон атырылган күл жана тумандын азырынча Адисутжипто аэропотундагы каттмадарда кандайдыр бир аксоого себеп болбогондугун айтты. Булак: "trt.net.tr"
Айтылуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов ар качандан бир качан өзүнүн сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен сенсация жаратып келет. Бул ирет да Орозо ортолоп калганда коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылып, оозубузду Ошко каратты. Атың өчкүр коррупция ушунчалык карапайым калктын көңүлүнө көк таштай тийгендигин ушундан билиңиз, ажыкенин бул сунушун жамы журт, ал тургай мурда-кийин кош никелүүлүккө каршы болуп жүргөн айымдар ...
-Зарылбек Кылычбекович, башкы прокурор парламентте отчет берип жатканда сиз Азис Батукаевдин маселесин көтөрүп, “Мен браттарымды сотко берип, ар бирине 100 млн. сомдон доо коёюн деп жүрөм…” деп айттыңыз. Ушул боюнча кенен айтып берсеңиз?.. – Мен бул маселени көтөргөнүмдүн себеби, жөнү бар. Мына азыркы кезге чейин кылмышкер Азис Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча ар түрдүү сөздөр токтой элек. Жакында эле Феликс Кулов ...
Жаңы бийликтин алты айда жетишкендиги – Кыргызстанды Атамбаевдин “достугунан” куткаргандыгы болду. Андан тышкары эл аралык аброюбузду оңдогонго жасаган аракети үчүн алкыш топтоду. Мындан сырткары Сооронбай Жээнбековдун жеке жүрүм-туруму, токтоолугу элге жакты. Чет өлкөгө чыкканда, элди аралаганда жалжаңдабай, оозуна келгенди оттой бербей, өзүн токтоо алып жүргөнү үчүн эле элибиз ээрип калган. Кийимин жакшынакай кийип, узун бойлуу татынакай кыргыздын жетекчисин башка мамлекеттин ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!