www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынайым Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (57)

0 935

Бир суткада эки кыз сууга агып кетти

Кыргызстандын аймагында бир сутканын ичинде эки өспүрүм кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Бабур айылында 7 жаштагы кыз ойноп жатып, аталган айыл аркылуу агып өткөн Базар-Арык суусуна агып кеткен. Издөө иштерин кыздын туугандары жана жергиликтүү тургундар жүргүзүшкөн. Саат 15:05тер чамасында кыздын сөөгү табылган. Ушундай эле окуя Сокулук районунда катталган. ...

0 676

Базарбай Мамбетов: “Биз «Русгидрону» чанып, чехтерге алданганыбыз чекилик”

Экс-вице-премьер-министр, коомдук ишмер, тажрыйбалуу саясатчы Базарбай Мамбетов менен Чехиянын ГЭС курууга белсенген компаниясы, бүгүнкү талапкерлер тууралуу азыноолак маек курдук. – Базарбай ага, мурда вице-премьер-министр ж.б жогорку кызматтарды аркалап келдиңиз. Азыр кандай иш менен алексиз? – Мен азыр пенсиядамын. Көбүнчө эле чет элдик компанияларга, электр энергия, ГЭС, гидростанцияларды курууга белсенген эл аралык уюмдар менен эксперт катары иштеп келем, тажрыйбамды колдонуп жатышат. ...

0 4533

Генерал Зарылбек Рысалиев көчөдөн эле Өмүрбек Бабановду муунтуп салууга бел байлады

Убагында өкмөт үйүнөн Өмүрбек Бабановду “хулиган опер” Мелис Турганбаев кармап алып, тамга такап, муунтуп салганы боюнча катуу кеп тараган. Кызыгы, учурда дагы бир генерал Зарылбек Рысалиев күнбү-түнбү, айтор, кайсыл жерден Бабановду кармаса кайыштыра сыгып, чыркырата муунта турган акыбалга жеткенин билдирди. Убагында Рысбек Акматбаев менен кармаша кеткен Заке үчүн Бабанов кеп бекен? “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” деген кеп жөн жерден ...

0 928

“Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоору боюнча инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында  кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия  турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-июнунда  кабыл алынган. Макулдашуунун максаты кубаттуулугу 120МВт  Камбар-Ата ...

0 778

Алмазбек Атамбаев: «Мугалимдер менен карапайым эмгекчилер – биз сыймыктанчу адамдар»

«Ала-Арча» мамлекеттик  резиденциясында, бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Мамлекет башчысы чакырылгандарды  мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап,  бүгүн сиздерге  сыйлык тапшыруу сыймык экендигин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев  сыйлыкка татыгандарга  жемиштүү,  жаратман эмгеги үчүн, өз ишине, кесибине жана өлкөгө берилгендиги үчүн чын дилинен ыраазычылык ...

0 1019

Моника Беллуччи аялдардын кайсы куракта болбосун сексуалдуу көрүнсө болоорун далилдеди

Сулуулуктун эталону болгон 52 жаштагы италиялык актриса, фотомодель Моника Беллуччи өзүнүн инстаграммдагы баракчасына жүктөгөн сүрөттөрү менен аялдар кайсы куракта болбосун өздөрүн келишимдүү жана сексуалдуу алып жүрүүгө болоорун далилдеп берди. Ал жакында эле Париждеги белгилүү соода борборунун чатырында фотосессия кылган. Анда 52 жаштагы актрисанын келишимдүү келбети даана чагылдырылган. Ал, “Аял 20 жашында да, 60 жашында да өзүн келишимдүү, сымбаттуу, сексуалдуу кылып алып ...

0 2129

Аида Салянованын ишин алган Ленин райондук сотунун судьясы неге мынча шашты ?

Мына сага, сот болбосоң коё кал, кечээ эле Биринчи май райондук соту Аида Салянова тууралуу ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берди эле, а бүгүн таң эртелеп Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков сот процессин 9-июньга эртең мененки 10:00 белгилеп жарыя кылып атат. Бул судьяга эмне болгон, Биринчи май райсоттон 7 томдук ишти алаары менен соттук уктурууну жарыялап жиберди го ? ! ...

0 1981

Аида Салянова: "Мага коюлган күнөөнүн бирине да далил табылган жок"

21-апрель 2017, 01:39 Чынайым Кутманалиева

Ата Мекен фракциясынын депутаты, экс ген.прокурор Аида Салянова фейсбуктагы баракчасына буларды жазды: Урматтуу достор! Мага козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган матералдар менин кыймыл аракетим мыйзамга ылайык болгонун, юстиция министрлигинин он жылдаган практикасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин, катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу ...

0 2173

Бул бийлик кимге ишенип башы айланып жүрөт?

20-апрель 2017, 00:26 Чынайым Кутманалиева

Биздин азыркы бийлик мындан 100 жыл илгерки орус саясатын айныбай жүргүзүп келе жатат. Ал кезде элди таптарга бөлсө, азыр региондорго, партияларга бөлүп алып өз үстөмдүгүн орнотуп атат. Кыргыз элитасын калпып камакка алуу, кесипкөй адистерге жумуш бербей, же ал жакшы билген тармактан алыстатуу менен бийлик бутактарына буйрукту гана аткара турган эчкандай жеке ою жок , патриоттук сезими жок, жөндөмсүз адамдарды коюп ...

0 3352

Орустар ишенген Кытай башкаларга караганда олуттуу оппонент экен

Кремлдин былгытмаларынын дүйнөгө салган башаламандыгы чамасы бүткөнү калды бейм. Россиянын кылыктарына жана ага карата болгон Европа менен Американын реакциясына унчукпай көз салып турган Кытай ошолорчоук эле утушка ээ болду.Кытай менен АКШ аскердик кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Андан сырткары АКШ буйрутма кылган 8 танкердин алгачкысын сатып алды Кытайдан, аны Европага суюлтулган газды жеткирүү эле. Мурдараак Кытайдын Москвадагы мамкеңешчиси Забайкальедеги ири масштабдагы жерге ...

1 12690

Жан дүйнө кыйкырыгы же Кыргызстанды таштап кеткен 350 000 миң кыргыз жараны...

17-апрель 2017, 16:03 Чынайым Кутманалиева

Асманды кара булут каптап, теребел суз тартып турат. Бул көрүнүшкө куйрук улаш көңүлдү эзген шүүшүн кайгы көөдөндөн үшкүрүк менен кошо чыгып жатат. Жер кара. Дарактар эми гана бүчүр байлап баштады. Жаздын күнкү суук шамал сөөктөн өтө согуп, убайым өңдүү жанды кейитет. Ал билинээр билинбес кайгы биздин кичинекей мамлекеттин эртеңки тагдыры да албетте. Кантип кайгырбайсың, эгерде мамлекеттин карызы 4 миллиарддан ашып ички ...

0 5517

Бизди Атамбаев кайда алып баратат ?

16-апрель 2017, 22:36 Чынайым Кутманалиева

Жакында Жогорку сотубуз Окружной суд деп аталып, Кыргыз Республикасы Край аталып орустардын түбөлүк курамына кирип кете турган окшоп калдык. Ишенбесеңер карап көрсөңөр, Коргоо министри жок кайдагы бир генштаб деген пайда болду, эми биздин армияны бир начальник башкарат. Ой эмне эле кылып атат Атамбаев бизди! Орустардын көрсөтмөсү боюнча бул иштер жүрүп жатканын ким билбей жатат айткылачы. Саясий элитаны талкалап, баарын коррупцияга ...

0 1238

Жеңишбек Жумашев Текебаев мактап койгон үчүн камакка алынып, ак жеринен караланып жатабы?

16-апрель 2017, 12:24 Чынайым Кутманалиева

Ушул жылдын март айынын аягында экономикалк кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы "Кыргызнефтигаз" ачык акционердик коомунун төрагасы Жеңишбек Жумашев камакка алынганын жарыялап, ага эки берененин негизинде кылмыш иши  козголгонун маалымдаган. Тагыраак айтканда,  Кылмыш жаза кодексинин 221 (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянатчылык менен пайдаланышы) жана 171-беренелери (ишенип алынган мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча айыпталып, тергөө иштери бүткөнчө №1СИЗОго камакка алынган. Бирок, ...

0 1155

Татыктуулар келсин кыйырды сактоого

15-апрель 2017, 23:40 Чынайым Кутманалиева

Азыркы Конституцияны идеалдуу деп айткан эч ким жок, бирок ошол коогалаңдуу учурда ушул конституция өкмөттү тең салмактуулукта сактап кала алды. Муну эч ким тана албайт, ушул конституция гана бир мөөнөт аягына чейин иштеди. Саясий стабилдүүлүк ушул конституциянын аркасы менен ишке ашты. Жакынкы чыгыштагы саясий көрүнүштөр, Сириянын эли каалабаган Башар Асаддын өкмөтү, андагы Орусиянын авиациясынын бомбалоосунан каза болгон жүз миңдеген адамдар ...

0 1324

Жумашев "Кыргызнефтегазды" көтөргөнү үчүн айыпталып жатабы ?

15-апрель 2017, 21:09 Чынайым Кутманалиева

Урматтуу Алмазбек Шаршенович ! ОАО "Кыргызнефтегаз" сизге массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылышка аргасыз болуп отурабыз, себеби ишкананын чыныгы акыбалы тууралуу кабар сизге жетпей жатат. Ишкананын жетекчилери тууралуу массалык маалымат каражаттары бир жактуу гана негативдүү информацияларды таркатып жатат. Квартал сайын финансылык абал тууралуу отчёттор кабыл алынып, ишкананын акыбалы белгилүү болсо да ,мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун негизги акционерлери тарабынан ишкананы коргоо чаралары көрүлбөй аткандыгына ...

0 1701

Улуу Кыргыз державасынын макети

07-апрель 2017, 19:31 Чынайым Кутманалиева

 Көк мелжиген улуу тоолор, көк майсан жашыл талаалар, чалкыган көлдөр, дарыялар баары биздики болду. Түрдүү элдер, өлкөлөр биздин эрдигибизге, акылыбызга баш ийди, ээлигибиз чоңоюп, эл атын көтөргөндүн баарынан алым алып турган экен жапжакынкы эле убактарда биздин ата бабаларыбыз. Ордо куруп, шаарларга ээ болуп, көчмөн маданиятын түзүппүз. Илим билим өнүгүп, биздин жерлерге туш тараптан качкындар, тентимиш уурулар, түрдүү адамдар агыла баштайт. ...

0 1372

“Милициялар жоготкон зер буюмдарым “Берен Голд” соода борборунда сатылып жаткан жеринен таап берсем да, иштин бетин ача албай жатышат”

06-апрель 2017, 22:38 Чынайым Кутманалиева

Редакциябызга “милициялар ишиме анча маани бербей жатат, кылмышка шектүүлөрдү алып барсам да, эмнегедир укук коргоо органдары көңүл бурушпай койду, кайрылбаган адамым калбады”- деп капа болгон зергер жигит Данияр Акматов кайрылды. -2016-жылдын 20-октябрынан 21ине караган түнү  бир ай бою уктабай жасаган 700 миң сом өлчөмүндөгү зер буюмдарым  Ново-Пакровка айылындагы, Максим Горкий көчөсүндөгү  47-үйдөн уурдатып алдым. Окуя болоор замат Ысык-Ата районундагы жана Кант ...

0 1004

Кээнерсиген бейкапарчылыктын арты улам өкүнүч болуп жатат

06-апрель 2017, 18:52 Чынайым Кутманалиева

Кыш өтүп,жадыраган жаздын мезгили келсе да нээгедир жаздан кабар жок. Дарактын бариктери бөртпөй, чөп да чыкпай, жер да карарып, күн бүркөлүп, убайым өңдүү зыркаар шамал согуп, жүрөккө шүүшүн кайгы толот. Анын сыңарындай Биздин өлкөдө да саясий маселелер бышып жетилип, кишилерди ар түрдүү арсар ойлорго салып турат. Күн өткөн сайын президенттик шайлоо жакындап,  тактыга чыгуу кыялы башын эңги деңги кылып, бийлик ...

0 3248

Садыр Жапаров коррупциянын символу болгон "Кумтөргө" асылып алды беле ?

02-апрель 2017, 23:06 Чынайым Кутманалиева

Жогорку Кеңештин экс депутаты Садыр Жапаров чет мамлекетте үч жыл жүргөн соң, кыргыз-казак чек арасынан өткөн кезде кармалып УКМКга жеткирилди. Садырды жакшы билген, жакындарынын, туугандарынын пикирине таянсак , ал өз алдынча, эркин, бирөөнүн тапшырмасын аткарбаган адам. Демек анын Кыргызстанга келишинде эч кандай "Барбаросстун" планы деле жок болчу. Бийликтин анын келишинен чочуп шашып чекара бекетинен кармап кетүүсүнө менимче негиз жок эле. ...

0 1853

Маалыматты бурмалоонун максаты эмне ?

02-апрель 2017, 17:44 Чынайым Кутманалиева

Кыргыздын уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат деген макалы күнү бүгүнкүдөй маанисин жоготпой келет. Бул макалды эстөөгө аргасыз болдум. Себеби, буга чейин фейсбуктагы “Элита Сатирасы” деген баракчада Сокулуктук Нурлан Абыкылов деген адам Аида Салянованын күйөөсүн сотко бергени жатыптыр. Анын туугандары 60 га жерин тартып алыптыр.  Эми болсо, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Сокулуктун тургуну Нурлан Абыкулов аттуу жаран  арыз бергени ...

0 2071

Бийлик мыйзамга жамынам деп убара тартпасын

Ошол 25-марттын таңында көпчүлүк эл катары, окуянын күбөсү болуу үчүн  “Акжол” чегара бекетин көздөй жол тарттым. Ал жерде бир саатпы же эки саатпы айтор убакыт өткөн соң, саат 12:32 чамасында Садыр Жапаровду кармап кетишти деп эл толкуй түштү. Менин болжолумда тосуп алууга барган элдин саны 1000 ге чукул болчу. Мустарап боло түшкөн эл Горький багынан жоолугушабыз дешип артка кайра тартышты. ...

0 2976

Кылмышка шектүү КСДПчы депутат Музафар Исаковду эмне мынча коргошот ?

  Бүгүн кеп кыла турган адамыбыз КСДП партиясынын мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Музафар Исаков тууралуу болмокчу. Укук коргоочу Качкын Булатовдун иликтөөсүнө таянсак, Музаффар Исаков Сузак районун Таш Булак айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз сатып, ошол акчанын аркасы менен КСДПдан депутаттыкка аттанган экен. Бул иш тууралуу тергөө ишин жүргүзүүнү суранган Анарбай Орозовду ар кандай мыйзамсыз жолдор менен оозун жап кылышкан. Бийлик анчалык ...

0 9960

Акыйкаттык үчүн чыгып , эркиндик талашып сабалган жаш жигиттер, кордолгон элдер

Бүгүн 25 — март күнү Акжол чегара бекетинен башталган окуя аягы кайгылуу аяктады десем жаңылбайм. Котологон эл Садыр Жапаровду тосуп алуу үчүн чегарага барган эле, бирок тилекке каршы ал жерден баш кесер , канкорду кармагансып  экс депутат Садыр Жапаровду элге жеткизбей кара джиптерге салып топтолгон элди как жара ызгытып айдашып, УКМКнын абагына алып кетишти. Ал жердеги эл ошону менен калбай ...

0 4813

Эшектин терисинен жашартуучу дары алынат

Казакстандын мейкиндигинде эшектин терисин алабыз деген кызык жарнамалар пайда болду. Баасы 15-20 миң теңгенин тегерегинде, деп жазат «Караван» гезити. Сатып алуучулар менен телефон аркылуу байланышканда, алар этин өзүңөр жиликтейсиңер, териси куйругу жана кулагы менен болуусу керек дешти. Ошондой эле эшектин жашы да баасына таасир этет экен. А алып кетиш үчүн өзүбүз келебиз дешти. Биздин андан аркы берген суроолорубузга сатып алуучу жооп ...

0 54015

Президент Жанар Акаевди тезинен кетиргиле деген имиш

Бизге жеткен маалыматтарга караганда дем алыш күнүАтамбаев Чыныбай Турсунбековду чакыртып алып, катуу кыйкырыптыр, ал кыйкырыктын жалгыз себеби Жанар Акаев болгон. "Мына Жанар Акаевдии эчак эле айттым эле силерге, тарбиялагыла деп,өзүм да канча айттым,бул оңолбойт, буга окшогон "саткынды" тезинен эмне болсо дагы жоготкула" деп айтыптыр.Биз фракцияда бир канча жолу Жанардын маселесин койгонбуз, бирок депутаттардын көбү аны колдойт, эч кимиси сындабайт аны деп ...

0 1801

Кыргыз мушкери Мыктыбек Мамасалиев "Ак аюу"

  Мыктыбек "Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм! 27 жаштагы Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү. Ал атаандаштарын көпкө кармабай нокаутка кетирген сапаты менен эсте калат. Спортчу алгач бокс боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Евразия мелдешинин башкы жеңүүчүсү аталган. 2015-жылы ММА спортуна өтүп, ошол эле жылы дүйнө чемпионун багындырган. Учурда "Жаш күч" спорт клубунун ...

0 1004

Садыр Жапаров, экс-депутат: «Тоскоолдукка карабай 25-мартта Кыргызстанга барам

  Садыр Жапаровдун бийликти басып алууга аракет кылды деген видео социалдык түйүндөрдө тарап, түрдүү пикирилерди жарата баштады. Биз ал видео тарагандан кийин Садыр мырза Кыргызстанга келем деген оюнан артка кайтыбы же келе берерин билүү  максатта баарлаштык.   —Садыр мырза, интернеттеги видеону шылтоо кылып,  Кыргызстанга келгениңизде бийликти басып алууга аракет кылган деген шылтоо менен камакка алууга аракет кылбайбы? — Бул бийликтен баарын күтсө болот. Акыркы жылдары көздөрүн май ...

0 611

Жөө жүрүш катышуучуларын милиция кармап жатат

“Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” тынчтык жүрүшкө чыккандардын активдүү мүчөлөрүн милиция автобуска салып кармап кетүүдө. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары маалымдады. Жөө жүрүшчүлөр бүгүн саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен Дайыр Асанов багынан Уркуя Салиеванын эстелигине барышмак. Иш-чара катышуучуларын Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция тосуп чыкты. Коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, милиция кызматкерлери депутат Каныбек Иманалиевди, ...

0 1568

Ала-Тоо айымдары коомдук-экологиялык кыймылы

«Ала – Тоо айымдары» коомдук – экологиялык кыймылы, 12.02.2010 жылы, депутат Роза Исаковна Отунбаеванын кеңсесинде, Кыргыз элинин көрүнүктүү айымдарынын катышуусу менен негизделип, Р.И. Отунбаевага кыймылдын эң алгачкы төрайымы болуу визайпысы арткан. 2010 жылы Р.И. Отунбаева убактылуу өкмөткө кеткендигине байланыштуу, А. Т. Тойчуевна дайындалган. Ошол эле жылы сентябрь айында КР. ЖКнин шайлоосу болуп А. Т. Тойчуевна депутат болуп кетти. 2010 жылы ...

0 2731

Чындыгында морадёр ким

Жогорку Кеңещтин депутаты Аида Салянова фейсбуктагы баракчасына Өмүрбек Чиркешович Текебаевге карата соттун чечими тууралуу буларды  жазды: "Соттун чечими чыга электе... Өзү жокто Венеция комиссиясындагы өкүлчүлүгүнөн четтетип, өзү жокто доого жыгып... Мына ушуну, достор, морадерство дейт! ". Шамил Карабала уулу

16-март 2017, 18:54 | 2731
0 3129

Аида Салянованын күйөөсүн кантип каралашкан

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү деген бир жакшы саамалыктын башталганына көп болуп калды, бирок ал өнөктүктүн айтылган багытта эмес саясый куугунтуктоо жолуна түшкөндүгү жалпы элге жашыруун деле эмес. Мындай курмандыктардын бири катары коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголуп, бир эмес эки жолу соттук инстанцияда иши каралган Бакыт Абдыкапаровду айтсак болот. Ага карата козголгон кылмыш ишинин маңызы көлөкөдө калып,  Аида Салянованын күйөөсү экендигине өзгөчө ...

0 2150

Алыскы боордоштордун үнү

Азыр ушу тапта кыргыздар Россия, Европага себилип калды. Россияны эле алалы : Санкт-Петербургда официалдуу түрдө 57 000 кыргыз жашап, эмгектенип жатат, Москвада угушума караганда 300 000 дей кыргыз бар дейт. Башка майда шаарларды айтпаганда Екатеринбург, Саратов, Тюмень, Красноярск, Новосибирск, Салехард, Ханты -Мансийск, Владивосток шаарларында бар, болгондо да өтө көп санда. Муну менен сыймыктанууга болбойт. Себеби алардын мындан 5 жыл мурда ...

15-март 2017, 04:39 | 2150
0 556

Бийликтин максаты Аида Салянованы торго түшүрүп, Елисеевдин конфискацияланган мүлкүн кайтарып берүүбү?

Акыркы мезгилде бийлик мыйзамдарды каалагандай калчай баштаганы күндөн күнгө айкын көрүнө баштады. Айтайын дегеним, Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши саясый куугунтук турмак, бийликтин ага болгон түздөн түз мыйзамсыз кастыгы катары баалоого болот. Ага далилдер да жетиштүү. Биринчиден, 2017 – жылдын 18 – январында лицензиясы узартылган адвокаттардын так саны тууралуу расмий суроого Юстиция министрлиги эмгиче жооп бере элек. Ошондой эле ...

0 1258

Бийликтин бети ачылды

  Бүгүн, 1-мартта "Текебаевди боштондукка чыксын" деген аталыштагы митингде ЖК экс-депутат Асия Сасыкпаева "Ата Мекенчилердин" колуна түрк бийлигинин атайын кызматы иликтеген жашыруун документ тийгенин жарыялады. Ошондой эле "Текебаевди ошол документти жарыялап жибере электе камап салалы" деген таризде шашылыш камакка алынды" деди. "Ата Мекенчилер" жарыялаган сырдуу документ тууралуу билгиңер келсе, төмөнкү жакты карагыла.  NazarNews.kg

01-март 2017, 21:33 | 1258
0 568

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Чынында мындай баа комплимент гана болушу мүмкүн”

22-февраль 2017, 19:45 Чынайым Кутманалиева

-Чынында мындай баа комплимент гана болушу мүмкүн, анткени дүйнөлүк абройлуу Heritage Foundation, Global Economic Prospects (Всемирный Банк), и World Economic Outlook (МВФ) адистеринин баамында биздин өлкө андай деңгээлге жете элек экенин тастыктаган жыйынтык чыгарышып, биздин мамлекетти 89 орунга коюшуп, терең реформа болбогонун, коррупция өсүп, өнүп жатканын, мыйзамдар алсыз экенин жазышкан. Бул көз карандысыз уюмдардын көз карашы, ал эми саясатчылар кырдаалга ...

0 2152

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Атамбаев балким бул ситемада прорабдыр, бирок, негизги архитектору Текебаев”

22-февраль 2017, 19:31 Чынайым Кутманалиева

-Президент демократиянын архитектору деп баалай турган иш кылган жок. Башкача айтканда, ал алек болгон  иштерди демократия деп айтууга болбойт. Бул олигархат! Латын Америкасында жана Азия-Африка мамлекеттеринде көп жылдар бою ушундай компрадордук режимдер орногон. Атамбаев балким прорабтыр бул системада. Бирок негизги архитектору Текебаев. Так ошол кишиге "ыраазычылыгыбызды" билдиришибиз керек, партиялык парламентаризм деп атып, капчыктуу-уруулардын колуна бийликтин баардыгын тапшырганы үчүн! Булак: "Майдан кж"

0 2099

“Атамбаев демократиянын архитектору дегидей татыктуу иш алып бара алган жок”

22-февраль 2017, 18:13 Чынайым Кутманалиева

-Европадан Алмаз Атамбаевге "демократиянын архитектору" деген комплимент айтышыптыр. Ал бул баага татыктуу иш алып бара алдыбы? Рита Карасартова, жараандык коомдун өкүлү, адвокат: “Атамбаев демократиянын архитектору дегидей татыктуу иш алып бара алган жок” -Алмаз Атамбаев демократиянын архитектору дегидей татыктуу иш алып бара алган жок. Анткени, президент  негизги баш мыйзамыбызды алмаштырып, демократиялык жолдон тайытты. Башкаяа айтканда, референдум менен конституцияны алмаштырып, мамлекетти  бир топ артка  тартып, ...

0 844

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: "Биздин президент реалдуулуктан кетип , башка гүлдөп-өскөн мамлекетте жашап жатат окшойт"

22-февраль 2017, 15:13 Чынайым Кутманалиева

Экс-депутат, оппозициялык көз караштагы саясатчы Равшан Жээнбеков менен президенттин Европага барган сапары боюнча ой бөлүштүк. -Атамбаевдин Европага барган иш сапары Кыргызстанга келе турган 23 миллион евро менен жыйынтыкталдыбы же биз байкабай калган ийгиликтер да болдубу? -Мен президенттин Европага, Брюселге эмнеге барганын элчи, саясатчы, тышкы саясатты түшүнгөн адам катары  түшүнгөн жокмун. Адатта мамлекет башчысы Европага бара турган болсо, маанилүү сүйлөшүүлөрдү, маанилүү келишимдерге кол ...

0 884

Орусия 37 миллион долларын доолады

16-февраль 2017, 19:19 Чынайым Кутманалиева

Орусия Жогорку Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион долларды кайтарып берүүнү талап кыла баштады. Бул тууралуу улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди. Кыргыз тарап орусиялык “РусГидро” компаниясынын бул чыгымын ашыкча көрсөтүлгөн деп эсептеп, Орусияга эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап биргелешип эл аралык аудит чакыртуудан баш тартып, келишимге ылайык бөлүнгөн акчаны кайтаруу талабын коюп жатканы белгилүү болду. Саясат талдоочулар муну ...

0 951

"Ихлас" агенттиги: Текебаев тууралуу маалымат Бишкектен келген

16-февраль 2017, 19:09 Чынайым Кутманалиева

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрде мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу кабарды Бишкектеги адамдар бергенин түркиялык “Ихлас” маалымат агенттиги билдирди. Агенттиктин тышкы кабарлар бөлүмүнүн өкүлү Япрак Мутлунун “Азаттыкка” айтышынча, оппозиция лидеринин Бакиев менен жолугушуусу тууралуу кабар Кыргызстандан алынган. Аталган агенттик кабар берген адамдын аты-жөнүн айтпай турганын билдирди. Буга чейин түркиялык сайттар Өмүрбек Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы ...

0 6042

Жолдошбек Сыдыков, Нарын мамлекеттик университетинин профессору: "Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы мүмкүн"

15-февраль 2017, 11:35 Чынайым Кутманалиева

 -Жолдошбек агай, Раушан Айткулованын "эфирде"  чындыкты айтып жатат деп иишенсек болобу? -Менимче, Раушан Айткулова “Эфирге” заказ менен чыкканы көрүнүп эле турат. Буга чейин Атамбаевди оор кылмыштарга күнөөлөп, Ак үйдүн алдында кыйкырып эле жүргөн. -Бүгүнкү КТРК нын иш аракети  2005 - 2010 - жылды эске салып жатат, бийлик алсырап бара жаткан жокпу? Атамбаевдин бийлиги күзгө чейин жетеби ? -Бийлик алсырамак турсун, жокко эсе болуп калды. ...

0 2431

Генерал Курсан Асанов "Насаатчы"наамын алды

11-февраль 2017, 19:46 Чынайым Кутманалиева

Бүгүн, 11-февралда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү жана Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, «Насаатчы», «Асылзат нуру», «Теңир тоо айымдары», коомдук фондулары менен биргеликте уюштурулуп жаткан «Насаатчы» теледолбоорунда кыргыздын каймактары «Насаатчы» наамдары менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен «2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу, кыргыз элинин мезгил сыноосунан ...

0 824

Улуттук гвардияны Алмазбек Карасартов башкарат

11-февраль 2017, 17:52 Чынайым Кутманалиева

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Алмазбек Карасартов Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Өлкө башчы 25-январда “Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, Улуттук гвардия Башкы штабга кошулуп, Кургактагы аскерлер түзүлгөн. (NT) Булак: Азаттык

0 812

Лукашенко Орусияга опурулду

11-февраль 2017, 15:44 Чынайым Кутманалиева

Лукашенко Минскидеги маалымат жыйында. 3-февраль, 2017 -жыл. Беларус президенти Александр Лукашкенко эң жакын өнөктөшү Орусиянын башкаруучуларына ичи чыкпаганын айтып чыкты. Орусиянын мунайы менен газын өлкөсүнүн көз карандысыздыгына эч алмаштырбай турганын ырастап, Москва ЕАЭБдеги эркин соодага бут тосуп, Беларус азырынча бул биримдиктин пайдасын көрө электигин айтты. Александр Лукашенконун Орусияга карата нааразылыгы өткөн апта соңунда Минскидеги маалымат жыйында ачык айтылды. Сын экономикага гана эмес, эки ...

11-февраль 2017, 15:44 | 812
0 2339

Кумтөрдөн жоголгон 171,5 миллион АКШ долларын ким төлөйт ?

11-февраль 2017, 14:16 Чынайым Кутманалиева

Бишкектеги"Акча жана бийлик" газетасы бийликтин бардык органдарына "Кумтөр" долбоорунан Кыргызстан тарткан 171,5 миллион АКШ доллары көлөмүндөгү зыяндын ордун ким төлөйт жана бул экономикалык зыян үчүн эмнеге эч ким жоопко тартылган эмес деген суроо коюп кезектеги кайрылуусун жолдогонун билдирүүдө. Кабарчыбыз Кубат Чекиров аталган газетанын аналитик-журналисти Максат Мамыткановду маекке тартып, мынчалык ири көлөмдөгү экономикалык зыянды ким жана качан эсептеп чыкканын сурады. Булак: ВВС

0 1686

Тарыхы жок саясат да, экономика да жемишсиз

11-февраль 2017, 01:10 Чынайым Кутманалиева

Тарыхсыз саясат башаты жок саркынды суу сыяктуу эртеби кечпи соолуйт да, кургап жок болот.  Кылымдар өткөн соң тарых кайталанып турат экен.    Ага батыштын же чыгыштын тарыхын, маданиятын, илимин мисал келтирип окумуштуу көрүнбөй эле өзүбүздүн өткөнүбүздү эске салсак даяр далилдер толтура турбайбы. Мисалга  Төлөгөн Касымбековдун “ Сынган кылыч “ романын алалы, кыргыздар ошол кезде буржуазиялык демократиялык төңкөрүш жасап, монархиялык бийликти ...

0 10265

Президенттикке Балыкчыдан жөнөкөй адам аттанды

11-февраль 2017, 01:18 Чынайым Кутманалиева

Акжолтой Тукунов,  “Балыкчы Акжол Ынтымак” коомунун жетекчиси: “Сенин пейилиң ток, жейин деп жулунбайсың деп президенттикке  ат салыш деп жатышат”  “Балыкчы Акжол Ынтымак” коомунун жетекчиси, мурда Акыйкатчылык кызматка талапкер болгон  Тукунов Акжолтой менен баарлашып, президенттик жарышка чыгууга камданып жатканы боюнча сүйлөштүк. -Акжолтой, “Балыкчы Акжол Ынтымак” коому кандай иштер менен алек болот?  -Биз карапайым адамдардын аз болсо да жүгүн жеңилдетели деп колубуздан келишинче жардам беребиз. ...

0 2566

Салянованын Кыргызстандагы өөрчүп кеткен коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевге келип такалабы

11-февраль 2017, 01:08 Чынайым Кутманалиева

Жолдошбек Сыдыков,  профессор: "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Нарын мамлекеттик университетинин  профессору,  2015-2016 жылдары  Нарын шаардык  кеңешинин депутаты болгон Жолдошбек Сыдыков менен сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык. -Жолдошбек мырза, Атамбаевге импичмент жарыялоо канчалык реалдуу? -Импичмент ишке ашпаса дагы, анын саясый мааниси өтө зор деп эсептейм. Анткени бул кыргыз коомчулугунун басымдуу болугунун пикири. Албетте, Жогорку Кеңештин  депутаттарынпозын көпчүлүгү импечментти четке кагат, бирок и импичменттин себептерин бүткүл ...

0 2343

Чыңгыз хан баргы болгонбу ?

11-февраль 2017, 00:41 Чынайым Кутманалиева

Чынын айтсак, элибиздин тарыхын өткөн кылымда, СССРдин башында турган элден чыккан окумуштуулар түзүп берген. Ал эми Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери ошол расмий тарыхыбыз эч өзгөрбөй турганы менен айрым окумуштуулар, санжырачылар, тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн маалыматтар табылса дагы, ушулар иретке салынып, дале толук иштелип чыкпай турат. Маселен, Монгол доорундагы тарыхыбызда да чаташуулар көп болгондуктан, Чыңгыз хан тууралуу тарыхый булактарды карап чыгууга ...

11-февраль 2017, 00:41 | 2343
0 939

Бакиевдин мүлкү тууралуу мамкаттоо органына прокуратура кылмыш ишин козгоду

10-февраль 2017, 23:31 Чынайым Кутманалиева

Башкы прокуратура Максим Бакиевдики деген жердин сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу кылмыш иш козгоду. Иш Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык будамайлоо), 326 (далилдерди бурмалоо) жана 350 (жасалма документ чыгаруу) беренелеринин негизинде козголгонун бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Тергөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат жүргүзөт. Башкы көзөмөл органынын белгилешинче, каттоо органдары камакта турган жердин бошотулуп, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83