www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (10620)

0 523

БОЛГОН ОКУЯ: "Жолдошум түнкү клубдарга барып турбаса ооруп калат..."

06-декабрь 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

"Кечирээк үйлөнсүн, ойноп-күлүп алсын деген туура эмес..." Балдарды ойноп-күлүп алып кечирээк үйлөнсүн деген сөздү көп угам. Туура, жаштайынан түйшүккө малынып үй-бүлө баккандан көрө бутуна туруп, окуп-чокуп, көрчүнүн баарын көрүп алып анан үйлөнгөнү туура. Бирок тыйындын эки тарабы бар дегендей, өтө кеч үйлөнгөн деле аябай туура эмес экенин өзүмдүн практикамдан көрүп жатам. Жоддошум аябай кеч үйлөндү. Тагыраагы 35 жашында турмуш ...

0 392

Бизде баары теңирден тескери...

06-декабрь 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыкканына эки жумадан эшты. Ал өз сөзүндө «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Бул аралыкта "Факты бергиле, чара көрөбүз" - деген президенттен реакция болгон жок. Тескерисинче, Талгаттын айткандарына укуктук баа берүү маселесин Аскер прокуратурасы карап жатат. Парадокс. Факты бергиле ...

06-декабрь 2019, 14:47 | 392
0 291

Фактты айтсаң, кылмышкерге айланасың...

06-декабрь 2019, 14:40 Кызгалдак Жакыпова

Эки күн мурда «Азаттык», «Клооп» баштаган ММКлар Кыргызстандан мыйзамсыз, аткезчилик жол менен миллиондогон АКШ доллары сыртка чыгарылып жатканы боюнча жаңы иликтөө жарыялаган болчу. Анда маек берген Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы эки офицери — майор Айбек Камчыбеков жана улук лейтенант Марлис Осмонбеков 2018-жылдын аягында "Манас" аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетине кезек башчылыкка бекитилишкенин, иштеп жаткан чакта миллиондогон акчалар аэропорттон эле мыйзамсыз ...

0 168

Жалал-Абадда жаш кызды карактап кеткен адам кармалды

06-декабрь 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абадда  бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 15-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат улутундагы болжол менен  20-25 жаштагы балдар киришип, сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 000 (он беш миң) сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка ...

0 132

Каныбек Исаков: Инклюзивдүү билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат

06-декабрь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

5-декабрда Билим берүү министрлигинде Каныбек Исаков менен тармагынын өкүлдөрү жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин ...

0 114

Сузак: Базар-Коргон милициясы тарабынан мектептерде түшүндүрүү иштери улантылууда

06-декабрь 2019, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Сузакта мекемелер аралык түзүлгөн пландын негизинде РИИБдин кызматкерлеринин катышуусу менен мектеп окуучуларына туура багыт берүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-2020-окуу жылында район аймагындагы мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар графиктин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул жыйындарга жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, имамдар катышууда. Жашы жете электер менен ...

0 409

Президенттин 25 суроосу агып кеттиби?

06-декабрь 2019, 14:04 Кызгалдак Жакыпова

"Азия молл" соода борборун алдырып жибергени айтылган Өмүрбек Бабанов саясатка кайтып келбей турганын жар салган. Натыйжада, Бабановго козголгон кылмыш иштери дым болду. Өзү болсо чет өлкөлөргө каалагандай саякаттап жүрөт. Жакында "Республика" партиясынын съезди өткөнү турат. Саясаттан кеттим деген менен шайлоого кызуу даярдык көрүп, тизме тактоо менен алек. Сыягы, бийлик менен жең ичинен ымала түзгөн көрүнөт. Президенттин Бабановго бере турган 25 ...

0 219

Турдукан: «Баш байгеге татыган эмгектерди майып адам тигерин билишпейт»

06-декабрь 2019, 00:31 Кызгалдак Жакыпова

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер иштебейт, алар кароого гана муктаж деген стереотип бар. Бирок биз буга каршы ой жүгүртүп, андай эместигин иш жүзүндѳ да кѳрсѳткѳн замандаштарыбызды маекке тартып келебиз. Рубрикабыздын кезектеги коногу 13 жашынан бери басуу дегенди унуткан кол ѳнѳрчү, жашоонун кыйынчылыктарын эмгеги менен жеңип келе жаткан Турдукан айым болмокчу. “13 жашымда отурууга жарабай калдым” Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылынын кызымын, ...

0 314

Адам эмнеге жаман түш көрөт? Адистин түшүндүрмөсү

05-декабрь 2019, 23:43 Кызгалдак Жакыпова

Эксперимент учурунда психиатрлар менен неврологдор атайын жабдуу аркылуу жаман түш көргөн адамдар ойгоо кезинде кандайдыр бир терс көрүнүшкө аша чаап тынчсызданбаганын аныкташкан. Уктап жатып кыйналуу, жаман түш көрүү адамдын ойгоо кездеги терс маанайы, тынчсыздануусу менен байланыштуу. Бул тууралуу Женева университетинин окумуштуулар тобунун иликтөөсү боюнча жазылган макалада айтылат. Адистер уйкудагы адамдын мээси кандай иштей турганын билүү үчүн эки эксперимент жүргүзүшкөн. ...

0 417

Рак илдети менен күрөшөт. Окумуштуулар 8 азыкты тизмектеди

05-декабрь 2019, 22:49 Кызгалдак Жакыпова

Адистердин айтымында, сабиз иммундук системаны бекемдейт, балыктын майы организмдеги оорутуу процессин басаңдатат. Тамакка кетчуп, томат ширесин, томат пастасын жана башка помидордон жасалган азыктарды колдонуу эркектерде простата рагынын өрчүшүн алдын алат. Окумуштуулар айрым азыктардын ракка каршы касиети бар экендигин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" жазды. Тизмеге алма кирген. Анын курамындагы полифенолдор эмчектеги рак клеткаларынын өсүшүн басаңдатат, ошондой эле жүрөк-кан тамыр илдеттерин ...

0 139

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

05-декабрь 2019, 22:41 Кызгалдак Жакыпова

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Жума күнү, 6-декабрда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, Нарын облусунда, ошондой эле тоо этектеринде жана тоолуу ...

0 189

Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагына санариптештирүү процессин киргизүүнүн принциптери менен таанышты

05-декабрь 2019, 22:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барды. Улуттук фтизиатрия борборунда лабораториянын башчысы Гүлмира Калманбетова санариптештирүү процессин кургак учукту диагноз кылган тез молекулярдык тесттер жүргүзүлчү референс-лабораторияларга киргизүү жөнүндө айтып берди. Ал биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылып, анын жардамы менен аймактагы бейтаптар өздөрү Улуттук ...

0 369

Жалал-Абад: Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 24 коляска берилди

05-декабрь 2019, 17:43 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абад шаарындагы өз алдынча баса албаган коляскага муктаждыгы бар 24 жаранга жергиликтүү бийлик тарабынан акысыз коляскалар тапшырылды. Аларды калаа мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев баштаган депутаттар тобу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө жеткиришти. Өткөн жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бул багыттагы маселелери жергиликтүү бийлик жана депутаттар кеңешине көтөрүлгөн. Шаардын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында ...

0 332

Руслан Казакбаев: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”

05-декабрь 2019, 17:19 Кызгалдак Жакыпова

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. – Руслан Айтбаевич, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Бул жолу чет жерде жүргөн миңдеген жарандарыбыздын шайлоого катышуусу кандай болот? Алар өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдалана алышабы, же буга чейин болуп келгендей, көбү бул өнөктүктөн сыртта калышабы? – Эми президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоодо да сыртта ...

0 518

ВИДЕО – Медет Омошович: “Баардык саясатчыларга колдонулган мунапыс жалгыз Садыр Жапаровго колдонулбай жатат”

Видео 05-декабрь 2019, 16:33 Кызгалдак Жакыпова

“Айыпсыз абакта жаткан Садыр Жапаровду колдоо штабынын” төрагасы Медет Омошович: “Баардык саясатчыларга колдонулган мунапыс жалгыз Садыр Жапаровго колдонулбай жатат”, деп “NazarNews.kg” маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди. Анда:  Бүгүнкү маалымат жыйындын жогорку деңгөөлде өткөндүгүн жана буга чейин саясатка аралашпаган интелегенциянын лидерлери жана депутаттар катышкан жыйын болгонун айтып өттү.    

0 350

"Алга" кеткендер турсийин чечишсин, "артта" калгандар кийимчен эле туура берели...

05-декабрь 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Нааразылык көрсөтүүнүн чечинип коркуткан ыкмасы бар экен. Биз эле болсо жөн турмак белек, кыргыздарга да жетиптир. А эмне, сонун да. Абдан заманбап ыкма! Колдонгула, кокуй, баарыңар. Антпесеңер эле замандан артта каласыңар. Коррупция айлаңды кетирдиби? Ак Үйдүн астына барып эле чечинип тура кал! Эч ойлонбо. Талап коюп, ураан чакырып, плакат көтөрүп дегеле бир кереги жок. Түз эле шыпыр. Дегеле эч ...

0 907

Айылдыктарды кемсинткен Роза Отунбаева экс-президент макамынан ажырайбы?

05-декабрь 2019, 15:26 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Роза Отунбаева акыркы кездери элдин кыжырын келтирген аракеттерди жасап, бүтүндөй улутту айылдык жана шаардык кылып экиге бөлө баштады. Алгач анын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги аялдардын укугуна арналган жылаңачтанган көргөзмөнү колдоп, ага катышканы нааразычылыкты жараткан болчу. 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында болсо, айылдыктарды «маданиятсыз, мырктар» деген маанайда сөз сүйлөп, уяттуу жерлерин ...

0 476

Али, Эркин, Төрөбай, Дүйшөндөрдөн "жыландын башы" чыктыбы?

05-декабрь 2019, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

Алгач Али Прагадан май айында Стамбулга учуп, ал жерден Кыргызстандын консулу Эркин Сопоковго жолукканы айтылганы, андан соң Бишкекке келе калып,  "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" аттуу "тумандуу  иликтөөнү" чүргөй коюп, Райым Матраимовго жалаа жапканы "эсибизде. Коомчулукта эки анжы ой пайда болуп, бирок, көп өтпөй эле анын буйрутма экени ачыктала баштаган. Аталган акчапар товар жүгүрткөн атамекендик ишкерлердики болуп чыккан. Натыйжада, ал иш ...

0 202

Адиль Турдукулов: "Атамбаевге болгон элдин мамилеси оң жакка өзгөрүүдө"

05-декабрь 2019, 10:11 Кызгалдак Жакыпова

- Өткөн жумада Алмазбек Атамбаевди Биринчи Май райондук сотуна алып келишкени коомчулукта, соцтармактарда дымып жаткан нааразычылык козголгондой бодду. Мындан аркы сот процесстери өткөн сайын чыңалуулар күчөбөйбу? - Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында карап, ага коюлган күнөөлөрдү сотто караганы өзү кош стандарттуулук. Эми ага «иликтөөгө тоскоол кылды» деген шылтоо менен дагы бир кылмыш ишин ачууну көздөп жатышат. Бул - ...

0 212

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: "Чуру-чуу кылуунун бутасы - менмин!"

05-декабрь 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

-Чыныбай Акунович, Бишкек арак заводунун мыйзамсыз менчиктештирилгендиги боюнча ызы-чуу эмне менен бүттү? -Билбейм. Текшерип атышса керек. - Сиз эчтеке билбейсизби?  - Мага тийешеси жок болсо, эмнени билмек элем? - ЖМКларда сизге байланыштырып атышпайбы. - Эми ЖМКларга, активисттерге башкалар кызыктуу эмес да. Бизге окшогондор кызыктуу. - Бул журналисттердин эле чыгарганы дейсизби? - Эми алардын аркасында бирөөлөр турса керек. Айталбайм, ...

0 376

Данияр, Айсалкын: Эки ай эмес, бир жумада деле сүйүп калса болот экен

04-декабрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

-Данияр, Айсалкын, куш бооңор бек болсун! Үй-бүлө куруп бир мамлекетти түптөдүңөр. Жар болуу кандай сезим экен? Данияр: — Чындыгында, үйлөнгөндөгү сезим концерт койгондогу, туулган күн өткөргөндөгү сезимдерден бөтөнчө экен. Учурда биз Куршабдабыз, жубайым ата-энеме кызмат кылып жатат. Кудай буюрса, Жаңы Жылдан соң Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров берген жолдомо менен Дубайга барып эс алып келүүнү пландап жатабыз. ...

0 257

«Kloop.kg» жана «Азаттык» интернет-басылмаларынын “Көмүскө курьерлер. Мамлекеттик бажы кызматынан комментарий

04-декабрь 2019, 16:59 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылы 3-декабрда «Kloop.kg» жана «Азаттык» интернет- басылмалары “Көмүскө курьерлер. Миллиондогон долларлар кантип Кыргызстандан ташылып чыгууда” аттуу макаласын жарыялашкан. Бул макалада бажы кызматынын мурдагы кызматкери Исабеков Саматтын интервьюсу берилген, анда ал: “Бардыгы буга көз жумушкан. “Манас” аэропортунан акча туруктуу чыгып турганын биз өз көзүбүз менен көргөнбүз. Биз жазаган видео, буга далил боло алмак” деп айткан. Бул макаланы жарыялоого байланыштуу Мамлекеттик ...

0 642

Бажыканаларда эң чоң уурдоо... Атамбаев менен Кулматовдун белгисиз иштери жөнүндө

04-декабрь 2019, 16:33 Кызгалдак Жакыпова

Саймаити айткандарды АША менен К.Кулматов баштаган 2010-жылдын 9-апрелинде же элдик төңкөрүш ишке ашкандан эки күндөн кийин Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Андан көп өтпөй А.Бекназаров менен С.Жээнбеков Ош облустук бажы кызматынын башчылыгынан четтеткен Райым Матраимов Бишкекте бир нече күн жүрүп, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаевге конфиденциалдуу жолугуп, “шапкесин” бергенден кийин Убактылуу Өкмөттүн чечими ...

0 218

Жээнбеков «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды

04-декабрь 2019, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды. Эске салсак, Академия Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2019-жылдын 31-январында түзүлгөн. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, манасчылардын айтуусунда «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» эпосу — тарыхыбыздын, ...

0 276

Көңүлүңүз кандай тамакты сүйөт?

04-декабрь 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Кайсы бир адам таттууну жакшы көрүп, чөнтөгүн томпойто момпосуй салып жүрсө, кээ бирөөлөр тескеринче, ачуу тамак дегенде үзүлүп түшүшөт. Андан сырткары оозундагы ар бир күрүчтү санагансып шашпай жеген кыбырлар, эки чайнап бир жуткан шашмалар да бар. Адамдардын тамакка болгон табити кайсы бир деңгээлде анын мүнөзүнөн кабар берет. Төмөндө тамакка жараша мүнөзүн чечмелегенге аракет кылабыз. АЧУУНУ СҮЙГӨНДӨР Окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, натыйжада ...

0 887

ИИМ: С. Өмүрзаков "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгиси менен сыйланды

04-декабрь 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Сүйүн Өмүрзаков Кыргыз Республикасында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү боюнча көп жылдык жемиштүү иштери үчүн дене тарбия жана спорттун отличниги төш белгиси менен  сыйланды.  Күбөлүк менен төш белгини ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

0 158

Мыйзам долбоорунда тамеки чегүүгө толук тыюу салуу демилгеси сунушталууда

04-декабрь 2019, 15:03 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңеште тамеки буюмдарынын бардык түрүнө каршы күрөшүү чараларын күчөтүү жана мыйзамдык актынын ченемдерин жакшыртууга багытталган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндо» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Демилгечилердин бири Айнуру Алтыбаеванын айтымында, жаңы ...

0 126

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү узартылат

04-декабрь 2019, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. КР Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров бир катар себептерден жана калктын даяр эместигин эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу  декларациялоонун мөөнөтүн узартуу жана айрым категориядагы жактар үчүн этап-этабы менен киргизүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү ...

0 187

ИИМдин Академиясы ваканттык бош орундарга кызматкерлерди кабыл алуу боюнча сынак жарыялайт

04-декабрь 2019, 14:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы төмөндөгү ваканттык бош орундарга кызматкерлерди кабыл алуу боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди. 1. Тилге даярдык кафедрасы: - ага окутуучу - 1; - окутуучу - 1. 2. Жарандык укуктар кафедрасы: - ага октуучу – 1; - окутуучу – 1. 3. Жазык процесс кафедрасы: - ага окутуучу – 1; - окутуучу ...

0 303

Турсунбек Акун: “Бийликке жетүү үчүн Атамбаев менен эле эмес, шайтан менен да бириге беришет!”

04-декабрь 2019, 13:21 Кызгалдак Жакыпова

Турсунбек Акун, Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) төрагасы: “Бийликке жетүү үчүн Атамбаев менен эле эмес, шайтан менен да бириге беришет!", деп "Майдан.kg" гезитине маек курган.  - Стамбулдагы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлөөрүнүн алдындагы берген маегине негизделген “Азатттык” радиосунун иликтөөсүнөн кийин өлкөдөгү абал курчуп, Райымбек Матраимовго байланыштуу окуяга азыркы бийлик күнөөлүү деген дооматтар ачык эле айтыла баштады. Буга сиздин ...

0 481

Ташиев Атамбаевди эмнеге колдоду?

04-декабрь 2019, 13:02 Кызгалдак Жакыпова

-Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо Атамбаевдин саясатын, көчүн улантууга убада берген. А сиз Атамбаевге оппозция элеңиз. Атамбаевдин позициясын колдоп өнөктөшүңүз Бабановго каршы чыгууну кандай түшүндүрөсүз? -2010-жылдан 2017-жылга чейин Атамбаевге каршы болдум. Убагында колтугунда жүрүп, “сиз үчүн жанымды берем” деген саясатчылар азыр ал кишини жамандап отурушат. Мен Атамбаев тууралуу жаман кеп айтпадым, аны жактырганымдан эмес, жыгылган адамды тепкилебеш керек деген ...

0 434

БОЛГОН ОКУЯ: "Жеңил ойлуу кыздан жаман оору жуктуруп алдым"

04-декабрь 2019, 12:24 Кызгалдак Жакыпова

Оңой менен айыкпас илдетке чалдыккан бул каарманыбыз кумарга азгырылып, өзүнүн ден соолугуна залал келтирип алган экен. Учурда жаман оорудан толук арылганга чоң суммадагы акча каражатын топтой албай жатканын бизге ачык эле айтып берди. "Убакыттын өтүшү менен дартын күчөп кетсе тукумсуз болуп да калышың мүмкүн " деп дарыгер ачык эле айтты " - деген Кенжебек мырзанын кейиштүү бул баянын гезит бетине жарыялап коюуну туура ...

0 118

УКМК: “Азаттык медиа” журналисттери УКМКга келиши керек

04-декабрь 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

КР УКМК тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130- беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМК Басма-сөз борбору билдирди. Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге, 2019-жылдын 2-декабрындагы “Азаттык Медиасынан” келген катта, ...

0 97

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту

04-декабрь 2019, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Аталган жолугушуунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын ИИМи менен Катар Мамлекетинин ортосундагы мындан аркы кызматташуусу тууралуу маселелерди талкулоо эсептелди. Жолугушуунун башында ИИМ башчысы элчини ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ...

0 139

Торутаев жүрүшүн ыкчамдатсын!

04-декабрь 2019, 11:47 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөнүн бажы чөйрөсүндөгү маселелер машакаттуу болуп турганда Торутаевден дайын жок. Бюджет сыяктуу күрөө тамырдай маселеге түздөн-түз көз каранды болгон бул тармактын эки тизгин, бир чылбырын колуна карматканда, бийлик ага кандай ишеним артканын Алтынбек акебиз алигиче сезбей жаткан шекилдүү. Аныгында, мындай муратка жеткен да бар, жетпеген да бар. Бирок, беделдүү "креслого" отурганына эле кайыл болуп калганбы, айтор Торутаев иштин майын ...

0 90

Айыл чарбасынын айласын ким табат?

04-декабрь 2019, 11:42 Кызгалдак Жакыпова

Агрардык өлкө болгонго жараша айыл чарбасын бир көтөрүп алсак болот эле. Бирок, эшегине жараша тушагы демекчи, Чодуевдей "чоюлган" министр тармакты өнүктүрүп, өстүрүп жиберери күмөндүү болуп калды көрүнөт. Өкмөт кезегинде "тажрыйбалуу, чөйрөнү ичинен билет" деп чоң жоопкерчилик көрсөткөнү бүгүн Чодуевдин көз жаздымында калды окшойт. Антпесе, министр мырзанын кызуу иштен кыз-келин аралаш интригага убактысы деле болбойт эле. Министрлик кызматка келгенине жыл ...

0 147

Сопоков бардык иште соо эмес экен

04-декабрь 2019, 11:38 Кызгалдак Жакыпова

Саймаитиге машинасын дипломатиялык номери менен айына 10 миң долларга ижарага берип, кутуруп келген Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалгандан кийин УКМК ага тагылган айыптарды ачыктады. Көрсө, ал желмогуздун былыгы толтура экен. Биринчиси: машинасын мыйзамсыз берүү фактысы. Экинчиси; Э.Сопоковдун 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 млн, сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы. Кызмат ...

0 134

Аскаровду актоо аракети ишке ашып кетеби?

04-декабрь 2019, 11:31 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку сотто июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызы каралды. Канкор Аскаровдун жактоочусу Аскаровго тагылган «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренесинин жаза жылы азайтылып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренеси «Киши өлтүрүү» беренесине алмаштырылды. Бул деген Аскаровду акырындык менен болсо да актоо аракети жүрүп жатканынан кабар берет. Булак: Багыт.kg

0 75

Көмүргө баа кандай болот?

04-декабрь 2019, 11:27 Кызгалдак Жакыпова

Ленин райондук акимиатынын жетекчилиги монополияга каршы мамлекеттик агенттинин шаардык башкармалыгынын жана мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте жылуулук базасынын иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда ишканалардын жетекчилигине көмүр баасын күз-кыш учурунда кымбаттатып жибербөө жана көмүр сатуучу жайлардын айланасындагы тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгиленгендей көмүрдүн жүктөө кошулганда жеткирүү кошулбагандагы баасы тоннасына 3500 сомдон 3900 ...

04-декабрь 2019, 11:27 | 75
0 793

Эмне себептен чарчаңкы абалда болобуз?

04-декабрь 2019, 11:24 Кызгалдак Жакыпова

Канчалык заман оңолуп, адам түйшүктөн арылганы менен көпчүлүк чарчоо, ыкшоолук, алсыздык деген өнөкөт адаттарды таап алды. Канча уктап турса да эс ала албай турганын айтып даттангандар бар. Негизи медициналык мүнөздөмө боюнча бул белгилер депрессияга таандык. Көңүл көтөрүп, позитивдүү маанай жаратыш үчүн табигый азыктардын курамынан дарычылыгы бар кеңештерди сунуш кылабыз. *** Лимон, бал жана жаңгак. Бир стакан чагылган жаңгак, бир ...

0 253

Вахаб-Бостон Умаров: “Жээнбековго бут тоспогула?”

04-декабрь 2019, 11:19 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, коомдук ишмер Вахаб-Бостон Умаров редакциябызга капыл-тапыл баш бакты. Биз дагы ага күтүлбөгөн суроолорубузду капысынан эле узатып, таптакыр ойдо жок гана жоопторду уктук. - Вахаб агай, кебетеңизге караганда, бир нерсеге абдан катуу кабатырлангандай түрүңүз бар? - Ананчы! - Эмнеге? - Кымбаттуу мекендештерим! Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун мындан ары дагы кудум ушул калыпта өтө үзүрлүү иштешине эч ...

0 94

Элди "кулакка тээп, "лапша илип" тажаттыңар!

04-декабрь 2019, 11:14 Кызгалдак Жакыпова

Бул "жаргон" сөздөр Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун лексиконундагы кадыресе эле айтып жүргөн сөздөрүнүн бири. Дастакең ушундай "улуу сөздөрдү" өткөн жумада өкмөт менен биргеликте парламент жыйынында бюджет маселесин кабыл алып жаткан кезде айтты. Эл таңкалып, эмдигиче талкуулап бүтпөй турат. Спикер мындан мыкты сөздөрдү билбесе, адабияттан алыс болсо эмне кылсын. Болгон деңгээли ушул болсо, ага башка деңгээлди кайдан таап берет ...

0 101

Камчыбек Ташиев: “Президент коррупцияга каршы күрөштө жалгыз...”

04-декабрь 2019, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын теңтөрагасы: “Президент коррупцияга каршы күрөштө жалгыз...", деп өткөн жумада “Азаттык” үналгысына маек берген. Биз бул маекти “Майдандын” окурмандары үчүн кагазга түшүрүп, тартуулап олтурабыз, деп "Майдан.kg" гезити коомчулукка пикирин жарыялады. - 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин баштагыдай көп көрүнбөй калдыңыз. Учурда эмне иш менен алек болуп жатасыз? - Мен азыр жеке турмуштук иштер менен жүрөм. Саясатка аралашкан ...

0 90

Сулуулуктун натыйжасы боек эмес

04-декабрь 2019, 10:34 Кызгалдак Жакыпова

1. Углевод же белок менен кошо май организмге энергия болот. Эгер май курсакка жыйналбасын десеңиз, аны өлчөмү менен колдонууну үйрөнүү кажет, маселен, бир күндө 60-80 грамм дегендей. Өсүмдүк майларында, буудайда карылыкты кечеңдеткен, беттеги кара тактардын алдын алган, теринин саламаттыгына таасир эткен Е витамини бар. Балыкта организм үчүн баалуу май кислотасы бар. Анын жардам аркасында жараат бат айыгып, тери жумшак ...

0 113

Зилалиевди жакында соттошпойт...

04-декабрь 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Зилалиевдин иши сотто кайра башынан карала турганын билдирди. Буга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министрдин ишин карап жаткан судьянын алмашканы себеп болгон. Зилалиевдин сотуна төрагалык кылып жаткан судья Алмаз Койлубаев Чүй облустук сотунан Биринчи Май райондук сотуна убактылуу которулган. Ал кайра облустук сотко кетти. Эми Зилалиевдин ишин райондук соттун жаңы судьясы Адылбек Эсенбаев ...

0 145

Бийлик тың чыккан "тыңчыларга" күнү түшүп, көкөлөтө баштады

04-декабрь 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Эчактан бери эл ичинде АКШнын акырынан жем жеп келет деп айтылып келаткан айтылуу бейөкмөтчү, кыргызга улуттук баалуулуктарды тебелеп-тепсеп, Багыштын демократиясын таңуулап жедеп жек көрүнүп бүткөн Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Кечээ эле бул айым гейлерди колдоп, парадда жүрдү го. Буга чейин Калича Умуралиева дегенди Бишкектеги парктардын бирине чоң болгон. Бул бейөкмөтчүлөр чындап эле теңирден ...

0 78

Аша чаап, кутуруп кеткенди токтотуш керек!

04-декабрь 2019, 10:14 Кызгалдак Жакыпова

Заман алдыга жылган сайын биздин улутка таптакыр туура келбеген, бирок, Батыш өлкөлөрүндө стандартка айланган бизге жат көрүнүштөр турмушубузга кирип жатат. Аларга каршы канчалык каршылык кылба, бирок, акчанын күчү, ажалаган-жажалаган катындардын күчү менен ошол терс көрүнүштөр биздин турмуштан-кыргыздардын турмушунан орун-очок ала баштады. Акча коштогон күчтүү идеологияга каршы күрөшүү оңой эмес, терс иштердин идеясы менен элдин башын айландырууга болбосо, анда акчанын ...

0 104

Ракка кабылган жакыныңызга кандай жардам берүү керек?

04-декабрь 2019, 08:46 Кызгалдак Жакыпова

Бул маалыматты ар бирибиз билген оң. Себеби аты жаман оору адамды тандабайт. Психологдордун далилине таяна турган болсок, жакын адамдын колдоосу оорулуунун дарттан айыгып кетүүсүнө чоң салым кошо алат. Төмөндөгү маалыматты онкологдор менен психологдор биргеликте иштеп чыгышкан. Онкология менен ооруган адамдар менен маектешип, сурамжылап, изилдөө жүргүзүп, оорулуу адам жакынынан кандай жардам күтөрүн аныкташкан. Моюнга албоо – убакыттан уттуруу Дарыгердин ...

0 198

Эстетикалык гинекология – жаштыкты кайра кайтаруу

03-декабрь 2019, 16:49 Кызгалдак Жакыпова

Эстетикалык гинекология – бул хирургиянын жаңы, бирок тездик менен өнүгүп келаткан бутагы. Ал аялдык органды жашартууга багытталган көптөгөн процедураларды өзүнө камтыйт. Жаратылыштан берилген өзгөчөлүк, төрөттөр, жаш курактын жогорулашы, ден соолукта жаралган маселелер аялдын жыныс органын терс жагына өзгөрүүгө дуушар кылат. Медицинада мына ушул өзгөрүүлөрдү өз калыбына келтирүүнүн бир нече ыкмалары бар. Алар тууралуу “Айкөл” медициналык борборунун акушер-гинекологу Бактыгүл Максутова ...

0 249

Тажикстандагы эң ири Зеравшан мөңгүсү өтө ылдамдык менен ээрип жатат

03-декабрь 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Соңку 40 жылда ал 1700 метр аянтын жоготкон. Анын төмөн жагында жайгашкан Рама мөңгүсү да ушундай эле кырдаалга туш болуп, акыркы жылда 85 метрге азайды. Тажик окумуштууларынын иликтөөлөрүнө ылайык, Зеравшан мөңгүсү жыл сайын 40 метрге кыскарууда. Бул мөнгү Зеравшан менен Түркстан тоо кыркаларында жайгашкан. Ал жактан Борбор Азия үчүн эң маанилүү Зеравшан дарыясы башталат. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы Зеравшан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83