www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Молдалиев

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (461)

0 746

Демократия... Уялып бүттүк. Ошол эле Американы карагылачы! "Ууру" аксакалын кандай сыйлап жатышат...

08-декабрь 2019, 16:26 Бакыт Молдалиев

Канада мамлекетинде жашы улгайган адам нан уурдоо боюнча соттолуп калат. Соттун жүрүшүндө ал улгайган киши күнөөсүн мойнуна алып, “Ооба, мен өтө ачка калганмын, аргасыз ушул ишке бардым” дейт. Эми сот эмне дейт? Кызыгы дал ушул жерде болуп жатат. “Сиз канткен күндө да уурулук кылдыңыз. Мыйзам боюнча 10 доллар айып пул төлөйсүз. Бирок, менин билишимче сиз ал акчаны төлөөгө мүмкүнчүлүгүңүз ...

0 231

Чет жактагы кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди

08-декабрь 2019, 08:19 Бакыт Молдалиев

Чет жактагы кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт. Консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар ...

0 266

Бүгүн кыргыздын чыгаан уулу Садыр Жапаровдун туулган күнү. Куттуктайбыз!

06-декабрь 2019, 14:25 Бакыт Молдалиев

Саясий куугунтук менен түрмөдө жатат делген кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү саясатчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 51 жашка толду. Жапаров 1968-жылы, 6-декабрда Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал айрыкча, “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүчү “Centerra Gold”  компаниясынын кыргыз элине, кыргыз журтуна, мамлекетке зыяны чоң экенин айтып чыгып гана тим болбостон, азыркы күнгө чейин өз оюнан, позициясынан ...

0 372

Кара-Балтада белгилүү психоневролог өзүнүн кызы менен бирге өз жандарын кыйышты

06-декабрь 2019, 14:07 Бакыт Молдалиев

Кара-Балта шаарында эки аялдын - энеси жана анын кызынын жансыз денеси табылды. Алар өлөөр алдында кат да жазып кетишкен. Бул тууралуу “Turmush” интернет басылмасы жеке булактарына таянып, бүгүн, 5-декабрда маалымат таратты. Андагы маалыматта айтылгандай, алар жазып кеткен катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн жана үйдү аларга кызмат кылып келген үй кызматкерине калтырышканын, алардын сөөгүн коюу зыйнатына кетүүчү ...

0 2403

ВИДЕО - Машинеде баратып "мамак" кармады делген Алмаз Мамбетов ким өзү?

Видео 05-декабрь 2019, 21:56 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 5-декабрда интернет айдыңында бир гана - "578 АСD" мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча автоунаанын сүрөттөрү жарыяланып, ал талкууга түштү. Андагылар сүрөттөгү автоунаанын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов экенин да жазышкан. Сүрөттөрдүн биринде Мамбетов делген айдоочунун жанындагы кыздын “мамагын” кармап бара жатканын да көрүүгө болот. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, ал кыз Мамбетовдун жумуштагы орун басары. Мамбетов ...

0 342

ФОТО, ВИДЕО - Бишкектин көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып ок чыгарган жаран кармалды

Видео 05-декабрь 2019, 21:09 Бакыт Молдалиев

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адам борбордук милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы сүрөттөр менен бирге жарыялады. Бүгүн, 5-декабрда Ч. Айтматов проспектиси менен А.Масалиев атындагы көчөнүн кесилишинде ак түстөгү «Тойота Камри» жеңил автоунаасынын айдоочусу тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуянын видеосу интернетке тараган.

0 184

УКМКнын тергөө абагына 2 айга камалган “БеспределKG”нин администратору үй камагына чыкты

05-декабрь 2019, 20:37 Бакыт Молдалиев

Ушул жылдын 24-ноябрында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, 26-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан 2020-жылдын 24-январына чейин тергөө абагына камакка алынган соцтармактардагы “БеспределKG” баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун бөгөт чарасы бүгүн, 5-декабрда ошол эле райондук сотто каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымат таратты. Жоробеков эми 24-январга чейин үй камагында болот. Ал интернетте ...

0 262

ФОТО - Агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын абасынын сапатын аныкташты

05-декабрь 2019, 19:30 Бакыт Молдалиев

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери 2019-жылга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын кыска мөөнөтүн аткаруунун алкагында бул жолу борбордун Гагарина-Некрасова, Лущихина-Клинская, Месароша-Абдраева, Москва-Үметалиева, Бакаева-Ахунбаева көчөлөрүн, “Арча-Бешик", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" жаңы конуштарын учуучу дрон аппаратынын жардамы жана атайын чаң өлчөөчү аппарат менен абанын зыяндуулугун изилдөөгө алышты. Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөнкү аймактарда абанын деңгээли тийиштүү ...

0 1017

Абылгазиев: «Коомчулукка чыгып кеткен сүрөттөгү адам экинчи планда"

05-декабрь 2019, 16:42 Бакыт Молдалиев

«Коопсуз шаар» долбоорундагы видеокамераларга түшкөн сүрөттөрдүн интернетке - коомчулукка чыгып кетишине байланыштуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы маалыматтардын чыгышын иликтөө жана жарандардын өздүк маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын биринчи орун басары Кубатбек Бороновго тапшырды. Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинине ыкчам түрдө факты боюнча күнөлүүлөргө чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Мухаммедкалый Абылгазиев ...

0 418

Рыскелди Момбеков: “УКМК! Кылмышкерди өзүңөр качырып, кайра өзүңөр издөө жарыялап жатасыңар. Силерге ким ишенет?!”

05-декабрь 2019, 16:21 Бакыт Молдалиев

- Кыргызстанда коррупциянын мекени экенин дүйнө жана кыргыз коомчулугу билет, анан биз (депуттар дегени – ред.) билебиз. Тилекке каршы, силер билбейт экенсиңер, - деди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 5-декабрда болгон парламент жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып жатып. - Бүгүнкү баяндамаңарда “Кыргызстанда контрабанда бар, бирок контрабандисттер жок. Биз издеп жатабыз, биз иштеп жатабыз” деп айтып жатасыңар. Болду. Башка эч нерсе жок! ...

0 246

Бакыт Төрөбаев: «Кыргызстан дүйнөдөгү 4-өндүрүштүк революция агымына кошула алабы?»

05-декабрь 2019, 16:20 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бакыт Төрөбаев дүйнө 4-өндүрүштүк революциянын босогосунда тургандыгына токтолду. «Өнүккөн өлкөлөрдө учуучу автоунаалар, 3 жумушчу орунун кыскартуучу робот,  болоттон курч графень жаӊы материалы ойлонуп табылууда.Биз ушул агымга кошула алабызбы? Маселе ушунда турат»,- дейт ал. Эл өкүлү бүгүнкү күндө улуттук илимдер академиясы, окумуштуулар кайсы багытта иштеп жаткандыгына кызыгып, глобализация доорунда 4-өндүрүштүк рефолюцияга даярдануу ...

0 250

Кыргызстандык мугалимдер командасы эл аралык сынакта биринчи орунду алышты

05-декабрь 2019, 15:27 Бакыт Молдалиев

Казакстанда өткөн математика, физика жана информатика мугалимдери арасында VII эл аралык сынакта кыргызстандык мугалимдер командасы биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Конкурска Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы “Келечек MIT” жана №28 мектептин мугалимдери - Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышты. Кыргызстан командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай чогултуп, биринчи орунга ээ болушту. Эл аралык чыгармачылык сынагы “Казакстандын математика мугалимдеринин ...

0 626

Карагыла! Жангарачеванын ордуна жаңы жетекчи келди

05-декабрь 2019, 15:23 Бакыт Молдалиев

Өткөн аптадан бери чырдан башы чыкпай калган Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейининин иштен кеткен директору Мира Жангарачеванын ордуна анын орун басары Мамбетказиева Айгүл Токтобековна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 5-декабрда кол койду. Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинен билим алган. Эмгек жолун 1978-жылы ...

0 3695

ФОТО - Машинеде “мамак” кармап бараткан МККнын төрагасы Мамбетовдун сүрөтү талкуу жаратты

05-декабрь 2019, 13:16 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 5-декабрда интернет айыдыңында  "578 АСD" мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча автоунаанын сүрөттөрү жарыяланып, ал талкууга түштү. Андагылар сүрөттөгү автоунаанын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов экенин да жазышкан. Сүрөттөрдүн биринде Мамбетов делген айдоочунун жанындагы кыздын “мамагын” кармап отурганын да көрүүгө болот. Мамбетов буга дароо реакция кылып, айрым интернет басылмалары аркылуу сүрөттө ал эмес экенин айтып чыкты.

0 352

Баткенде 10 гектар жерди тажикстандыктар ээлеп, үй салып, бак тигип алышкан

05-декабрь 2019, 12:51 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу Баткендеги Лейлек районунун чек арага жакын айылдардын жашоочуларынан келген каттарга таянып, депутат Карамат Орозова бүгүн, 5-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында айтып чыкты. - Лейлектин чек арага жакын айылдарында жашаган тургундардын социалдык абалдары өтө оор, жумушсуздуктун айынан алар тажикстандыктар менен алака кылып турушат. Ал эми алардын ар бири Тажикстанга кирип-чыкканы үчүн айына 35 сомдон ...

0 241

Россияда жүргөн мигрант-мекендештерибиздин арасында СПИДге чалдыккандардын саны өсүүдө!

05-декабрь 2019, 12:08 Бакыт Молдалиев

Москвадагы кыргызстандык дарыгерлердин кайрылуусунда, акыркы 4 айда жумушка орношуу үчүн медицина мекемелерине кайрылгандардын ичинен 480 кыргызстандык жарандан жугуштуу СПИД оорусу аныкталган. Бул тууралуу депутат Сакындык Келдибаев бүгүн, 5-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып чыкты. - Бүгүнкү күнү четте жүргөн мигрант мекендештерибиздин арасында жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны өсүп жаткан көйгөй абдан кооптуу болуп жатат. Москвадагы кыргызстандык дарыгерлердин кайрылуусунда акыркы 4 айда ...

0 290

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар жана канаттуулардын саны өсүүдө

05-декабрь 2019, 11:37 Бакыт Молдалиев

Акыркы жылдары Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Анда айтылгандай, бул маалыматты “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фото капкандардын жыйынтыгы дагы бир ирет далилдейт. Фото капканга түшкөн сүрөттөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бул өзгөчө корголуучу аймакта дээрлик баардык жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын байыр алгандыгы көрүнүп турат.

0 289

Бишкекке бекер ири клиника куруп берели дешсе, эмнеге кыргызбай өкмөт “тылтыят”?

05-декабрь 2019, 11:31 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдө түрк тарап Бишкекте ири медициналык клиника куруп берүү сунушун киргизишкен. Анда алар “Клиниканы медицинанын кайсы багытында, канча орундуу кылып куралы?” деп өкмөткө сунуш киргизишсе, кайран кыргызбай өкмөтү “Биз жообун айтабыз” деп коюп бир жылдан ашык убакыттан бери унчукпай, “тылтыйып” келет. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин ...

0 236

Депутат: “Дүйнөдө 4 миңге жакын улут болсо, анын 195инин гана өз мекени бар. Кыргыздар да алардын катарына киребиз”

05-декабрь 2019, 10:38 Бакыт Молдалиев

“Дүйнөдө 4миңге жакын улут болсо, анын 195инин гана өз мекени, өз мамлекети бар. Бактыбыз бар экен, биз – кыргыздар да алардын катарына киребиз” Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 5-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында учурда чуу болуп жаткан музейдеги жылаңач аялдар, анда илинген ич ийимдер, Роза Отунбаеванын "шаардыктар, айылдыктар" деп бөлгөн сөздөрү тууралуу баяндама жасап жатып билдирди. - ...

0 440

Өмүрбек Текебаев парламенттеги өзүнүн “атамекенчи” депутаттарына нааразычылыгын билдирди

05-декабрь 2019, 09:55 Бакыт Молдалиев

Бир тыйын бербей депутат болгон 12 адамдын бирөөсү да “Текебаев андай эмес” деп айтып койгонго жарабады. Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясыгын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев “Марал” радиосунун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. - Шайлоочулар саясатчылар менен партиялардан тажаган. Алар үчүн айырмасы жок, эгерде айырмасы болсо, акчаны алып, бирок өзү жактырган партияга добуш бермек. Анан тизмени карап, “Жок ...

0 138

Кубатбек Боронов Түркияда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана андагы этникалык кыргыздар менен жолугушту

05-декабрь 2019, 08:57 Бакыт Молдалиев

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Түркияга болгон кезектеги иш сапарынын алкагында кыргыз диаспоранын өкүлдөрү жана Түркиянын аймагында жашаган этникалык кыргыздар менен Стамбул шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Өкмөт аппаратынын, Тышкы иштер министрлигинин, ...

0 482

Медведевдин аялы 50 млн долларлык самолет менен эри кайсы жерге учса, артынан кошо учат

05-декабрь 2019, 08:45 Бакыт Молдалиев

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин аялы 50 миллион долларга тете “Bombardier Global Express 5000” жеке учагын ырааттуу түрдө колдонууда. Бизнес-джет буга чейин ВТБ банкынын түзүмдөрүнө таандык болгон жана Белиздеги компанияга катталган. Бул маалымат Алексей Навальныйдын 4-декабрда жарыялаган иликтөөсүндө айтылат. Навальный бул учактын учууларын Медведевдин сапарларын тейлеген учактын графиги менен салыштырып, учак Медведев барган жерге чогуу, бир ...

0 342

Окуучулардын кышкы каникулунун убактысы айтылды

05-декабрь 2019, 07:55 Бакыт Молдалиев

2019-2020-жылдын базистик окуу планына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 30-декабрдан башталып, 11-январга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, окуу жүктөмү беш күндүк жалпы билим берүү уюмдарына сабактар дүйшөмбү, 13-январдан башталса, мектеп-гимназиялардын окуучулары 11-январь күнү окууга барышат. Булак: NazarNews.kg  

0 601

ВИДЕО – “Ары тур! Атып салам! Миллион төлөгүчө, сени атып салып түрмөгө кеткеним жакшы”

Видео 05-декабрь 2019, 07:49 Бакыт Молдалиев

Ысык-Көлдө Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аркар аткан браконьер кармалды. Аны кармоо учурунда браконьер мамкызматкерлерге “атып салам” деп мылтык кезеген. Бул тууралуу 4-декабрда аталган агенттигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып, “Акиpress” интернет басылмасы окуянын видеосу менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Кызыл ...

0 161

Депутат Каныбек Иманалиев: “Кыргызстан дүйнөлүк эпосияданын борбору боло алат"

04-декабрь 2019, 18:59 Бакыт Молдалиев

“Манас” эпосунун өздүк күнүн белгилөө 4-декабрга туш келген. Анткени, дал ушул күнү улуттук эпосубуз ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине расмий катталган. Бул иште кыргыз парламентинин ролу зор. Депутаттар тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана өнүктүрүү иштерине байланышкан руханий маданият менен улуттук идеологиянын чегиндеги мамлекеттик саясатты аныктаган мыйзам иштелип чыккан. Анын демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 4-декабрда “Парламент” радиосунун ...

0 1407

ВИДЕО - Талант Анарбаев Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун “сүйлөшүүсүн” жарыялады

Видео 04-декабрь 2019, 18:23 Бакыт Молдалиев

Элибиздин белгилүү куудул-пародисти Талант Анарбаев мурунку президент Роза Отубаева менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун өз ара “сүйлөшүүсүн” жарыялады. Анда кеп негизинен феминалле, “айылдыктар” айланасында болот. Булак: NazarNews.kg

0 764

"Тырмагыма ийне сайбастыр": Ширин Айтматова УКМКда сурак берип жатат

04-декабрь 2019, 16:47 Бакыт Молдалиев

Экс-депутат Ширин Айтматова УКМКга -  суракка барды. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактарына таянып АКИpress басылмасы бүгүн, 4-декабрда, саат 15:26да сүрөтү менен бирге жарыялады. Айтматова буга чейин "УКМКнын тергөөчүлөрү тырмагыма ийне сабайстыр..." деп соцтармактагы баракчасына жазган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкулов аталган мекеменин кызматкерлерине сурак берип чыгышкан. Белгилей кетсек, Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 ...

0 298

Өзбекстан Түркмөнстан жеткирген электр кубатын тейлеп үлгүрбөй жатат

04-декабрь 2019, 16:16 Бакыт Молдалиев

Түркмөнстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттой баштады. Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниясы билдиргендей, «Түркмөнэнерго» менен түзүлгөн келишимге ылайык, 1-декабрда саатына 14,9 миллион кВт, 2-декабрда саатына 15,4 миллиона кВт электр кубаты жеткирилген. 3-декабрда Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниясы аймактагы көмөк чордондор Түркмөнстандан келип жаткан электр кубатын тейлөөгө жетишпей жатканы тууралуу маалымат таратты. Анда айтылгандай, электр өткөрүү линиялары ысып кетип, 3-декабрда Самарканд облусунун бир ...

0 357

“Кыргыздарда аялдар жылаңачтанган эмес” дегендик – улуттук каада-салтты билбегендик

04-декабрь 2019, 16:16 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку спикер Чыныбай Турсунбеков “GOVORI.ТV” интернет каналына маек берип жатып билдирди. Учурда анын бул пикири соцтармактарда талкууга түштү.   -Кыргызда жылаңач аялдарга байланышкан улуттук каада-салт бар. Ал - “Төө чечмей”. Октябрь революциясына чейин кыргыздын каада-салты катары бул оюн той-аштарда болуп келген. Анда аялдар жылаңачтанып төө чечишчү. Демек, “Бизде – кыргыздарда такыр андай нерсе ...

0 462

“Челюсть” Саймаити менен качан, кайсы базарда таанышканын УКМКга айтып берди

04-декабрь 2019, 14:40 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 3-декабрда кытайлык ишкер Айеркен Сайимаитинин ишине байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматына сурак берип чыкты. Анын сурактан кийин журналисттерге берген маегинде кыскача гана Түркияда атып өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Сайимаити тууралуу суроолорго жооп бергенин билдирди. «Мен аны менен мындан 10 жыл мурун Кара-Суудагы “Туратали” базарында катардагы соодагер катары таанышканымды айттым. Ал эми ...

0 557

Мурунку министр Арзыбек Кожошев жаңы кызматка дайындалды

04-декабрь 2019, 14:19 Бакыт Молдалиев

Кожошев Арзыбек Орозбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-декабрда кол койду. Кожошев 2015-2017-жылдар аралыгында экономика министри болуп турган. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында экономика министри болгон Санжар Мукамбетовдун ордуна келди. Арзыбек Кожошев 1968-жылы 25-июнда Ош шаарында туулган. 1994-жылы  Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (азыркы ...

0 764

Кыргызстанда 100 000 сомдон ашык пенсия алгандар бар. Кимдер алар?..

04-декабрь 2019, 14:08 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-декабрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды. Депутат Таалайбек Масабировдун “Кыргызстанда эң төмөнкү пенсиянын суммасы дайыма эле айтылып келет. Ал эми пенсиянын эң жогорку суммасы канча?” деген суроосуна Социалдык фонддун төрагасы кагаздарын чукулап отуруп, “104 000 сом” деген жоопту айтты. Ал эми персоналдык пенсионерлердин саны ...

0 203

Жээнбеков: “Келечекке тиешелүү маселелер эл менен ачык-айкын талкууланып кабыл алынган”

04-декабрь 2019, 13:53 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашып сөз сүйлөдү. «Урматтуу мекендештерим! Кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар. Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы — бул „Манас“ эпосу.

0 200

Билал Эрдоган:«Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы бар»

04-декабрь 2019, 13:45 Бакыт Молдалиев

Түрк Кеңешинин III Жаштар фестивалынын ачылышы Стамбулда болду. Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы болоорун жаштар тарабынан түшүнүлүшү керектигин айтты. Эрдоган Түрк Кеңеши тарабынан Стамбулда уюштурулган «Түрк Кеңешинин III Жаштар фестивалынын» ачылышында Түрк Дүйнөсү өлкөлөрүнүн учурда транспорт жагынан дагы каалаyган жерге жете электигин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы учак, жүк ташуу транспортун арттыруу ...

0 257

“Балыктар” балыктар тууралуу мыйзамды демилгелешүүдө

04-декабрь 2019, 13:30 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеӊеште балык уулоо жүрүмүн укуктук жактан жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү ...

0 346

Депутат Рыскелди Момбеков кимдин кайсы бажасын жашырып жатат?

04-декабрь 2019, 13:21 Бакыт Молдалиев

"Мага кайрылуу келди. Жакында “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын пенсияны жеткирүү кызмат акысы кыскартылыптыр. Демек, анда иштеген адамдар эмгек акы алышы кыйындайт. Алардын маянасы ансыз деле аз – 4 миң сом. Эмне, эми мамлекеттик ишкананы банкрот кылганы жатасыңарбы?.."  Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште бүгүн, 4-декабрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда ушундай собол салды.

0 337

Депутат Строкова: “Абылгазиев менен Карасартовага караганда өзүмдү кыргыз катары жогору сезем! Карасартова эл бузар"  

04-декабрь 2019, 11:18 Бакыт Молдалиев

Булардын сырткы көрүнүшү эле кыргыз, ал эми ичи эмне? Алар биздин келечектеги муундар тууралуу ойлонушпайт. Мындай пикирин бүгүн, 4-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Евгения Строкова айтып чыкты. - Мен эртеңкиге чейин күтө албайм. Чын дилимден биздин премьер-министрдин кадр маселесине күйүп жатам. Адамдарды бузукучулукка алып барып жаткандар башкасын коелу, дал билим берүү тармагынын жетекчилигине кызматка коюлуп ...

0 442

О-хо! Бишкектин вице-мэри канча айлык алаарын жарыялады

04-декабрь 2019, 10:45 Бакыт Молдалиев

Бишкек мэринин орун басары  Алмаз Бакетаев шаардык кеңештин кезектеги жыйынында канча айлык акы алаарын айтты. Анын айтымында, ал айына 70 000 сом айлык акы алат жана бул дагы аздык кылат. «Жогору төлөнгөн айлык акылар мыкты кадрларды кармап калууга жана кызматкерлер ортосунда атаандаштыкты жогорулатууга шарт түзөт. “Буга чейин мамлекеттик кызматкер иш жөнүндө эмес, кимден карыз алып турсам, кайсы жерге тамакты ...

0 160

Өзбекстанда мэрдин мурдагы орун басары өз үйүндө асынып алды

04-декабрь 2019, 09:24 Бакыт Молдалиев

Өзбекстанда Маргилан шаарынын башчысынын мурдагы орун басары Эльёр Тухтаматов өз үйүндө асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу 3-декабрда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, окуя тууралуу маалымат шаардык ички иштер башкармалыгына 30-ноябрда келип түшкөн. Эльёр Тухтаматов Ферганадагы үйүнүн жер төлөөсүндө зымга асынып алган. Учурда жергиликтүү прокуратура тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө. 35 жаштагы Эльёр ...

0 387

ВИДЕО - Оштун мэри өзү гана эмес, Энелерди кошо ыйлатты

Видео 04-декабрь 2019, 10:19 Бакыт Молдалиев

Мындай кырдаал Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев 3-декабрда шаардагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген №12-көмөкчү мектебиндеги жолугушууда жаралды. Видеодо көрүнүп тургандай, мэр сөз баштап баратып эле бир топко сүйлөй албай, көзүнө жаш алды. Анын абалын, өздөрүнүн уул-кыздарынын тагдырларын түшүнгөн ата-энелер да аргасыз ыйлашты. Жолугушууда шаар башчысы дени сак коом куруу үчүн спортко үндөп, ыңгайлуу шарттарды түзүү жергиликтүү бийликтин милдети экендигин айтып ...

0 240

Садык Шер-Нияз: “Музейде жылаңач аял чыгып койгондон асман жерге түшүп кетпейт!”

04-декабрь 2019, 10:35 Бакыт Молдалиев

“Кыргыздын салты, үрп-адаты, маданияты деп күйүп жүргөн жердештериме айтаар элем. Кыргыздын маданияты, өнөрү, салты кайсы бир жылаңач аял чыгып койгондон бузулуп, мындан асман жерге түшүп кетпейт! Анткени, мен анын кандай чыгармачылык менен чыкканын көргөн жокмун, катышкан эмесмин". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Садык Шер-Нияз телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.  - Эгерде ...

0 372

Көпчүлүгүбүз ишенген Өмүрбек Текебаевдин уурулугу кантип ашкереленди?

04-декабрь 2019, 07:31 Бакыт Молдалиев

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында анын уурулугу ашкереленди. Анынбы, же китептин редактор, түзүүчүлөрүнүн айыбыбы, айтор, эмнеси болсо да сөз Текебаевге туура тийери айтпасак да белгилүү. Кечээ, 3-декабрда Бишкектеги “Дамас” мейманканасынын пресс-конференция залында «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аталыштагы китебинин бет ачаары жаңжал менен коштолду. Анда мурунку президент, Текебаевдин жакын санаалашы Роза Отунбаева “Текебаев эч нерсе уурдаган ...

0 321

Кайран гана Жапаров, “Дамас” уурдалган акчага курулганын моюндайбы эми? Болбосо, Отунбаева эмнеге мындай дейт?

04-декабрь 2019, 07:03 Бакыт Молдалиев

«Өмүрбек эч качан эч нерсе уурдаган эмес, эч нерсе алган эмес. Мен бул жерге келгим келбеди эле... Бул мейманкана (китептин бет ачаары «Дамас» мейманканасында өткөн - ред.) мамлекеттик аткаминердин жеке мейманканасы, мен буга макул эмесмин. Эми Өмүрбек мындайлардан болбосун”. Мындай пикирин өткөөл мезгилдеги президент боло калган Роза Отунбаева “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында сөз сүйлөп жатып ...

0 169

"Кумтөрдөгү" дайынсыз адамдарды издөөгө 100гө жакын куткаруучу тартылды

03-декабрь 2019, 19:37 Бакыт Молдалиев

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 64, ишкананын өзүнүн 24, жалпы-жонунан 92 куткаруучу издеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, куткаруучулар түнү да издөө иштерин токтоткон жок. Кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча атайын штаб түзүлүп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди. Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндөгү ...

0 120

Путин жарандарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду

03-декабрь 2019, 19:20 Бакыт Молдалиев

2-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин жеке тараптарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, бийлик эми «чет өлкөлүк таңчылардын» тизмесине киргизилген уюмдарда иштеген журналисттерди «чет элдик агент» деп тааный алат. Ошол эле маалда мындай макам чет элдик ЖМКлар менен кызматташып, алардан акча алган жеке адамдарга дагы бирилиши мүмкүн. Эгер чет өлкөлүк басылманын макаласы Россияда ...

0 322

Бишкекте тележурналисттерге кол салуу болду

03-декабрь 2019, 19:14 Бакыт Молдалиев

Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан “NewTV” телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутовго, айдоочу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Алар Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан. Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Маалыматтарга ылайык, Жер пайдалануу жана ...

0 120

Көмөкчү мектептердин мугалимдери сыйланды

03-декабрь 2019, 18:58 Бакыт Молдалиев

Билим берүү жана илим министрлиги 3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан көмөкчү мектептердин мугалимдерин сыйлады. Бул тууралуу аталган министрдиктин басма сөз кыматынан билдиришти. Анда айтылгандай, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жжусупбекова ...

0 428

Аксынын борбору Кербендеги таза суу долбоору үчүн 6,5 млн евро берилет

03-декабрь 2019, 19:27 Бакыт Молдалиев

“Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана Инвестициялык гранттык ...

0 3029

“Балконская” Отунбаева: “Айылдыктар! Оңолгула, маданиятыңарды көтөргүлө! Биз деген силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз”

03-декабрь 2019, 17:59 Бакыт Молдалиев

Мурунку президент Роза Отунбаева мындай пикирин бүгүн, 3-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында сүйлөп жатып айтты. - Айылдан ушунча көп адамдар келди, Бишкектин жарымы айыл болду. Эй, биз деген силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз . Эртең бирөө менин офисиме келип, “эртең баарыңар жоолукчан жүрөсүңөр” десе, ошондой мезгил келеби? Эмненин негизинде кимдир бирөөлөр ...

0 346

Сапар Исаков сотто ыйлап жиберди

03-декабрь 2019, 17:09 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда «Бишкек ЖЭБ»индеги коррупцияга айыпталып жаткандарын үстүнөн соттук процесс бүгүн, 3-декабрда да уланды. Анда сот айыпталуучулардын жарыш сөздөрүн укту. Анда алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн мурунку премьер-министр Сапар Исаков материалдардан эле сот аларды өзүнчө банда кылып салганын айтып, иштин баардык аки-чүкүсүнө токтолду. «Кылмыштын курамында далилдер жок болгондуктан бизди - айыпталуучуларды актоону суранам. Болбой эле баратса менден башкасынын баарын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83