www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (7511)

0 330

Батукаевдин иши боюнча сот башка күнгө жылдырылды. Бул ирет сотко ким келбей койду?

06-декабрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Батукаев боюнча сот башка күнгө которулду. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген жыйын болгон жок. Буга судьянын ооруп, жумушка чыкпай калганы себеп болду. Кийинки отурум 10-декабрга пландалды. Белгилей кетсек,  Кримтөбөл Азиз  Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички ...

0 148

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдетилди

06-декабрь 2019, 14:43 Айдар Нуралиев

Башка өлкөдөгү  кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрли маалымдады. Маалыматка караганда,  25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Анда,  чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт. Мындан тышкары, консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси ...

0 363

Кыргызстандык мекендешибизди Орусияда "Жыл адамы" деп табышты

06-декабрь 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Москва метросунда аялды куткарып калган мекендешибиз Марат Исаевди “Деловая аудитория” журналы өз версиясы боюнча “ Жыл адамы” деп табышты. Бул жөнүндө Орусиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, “Деловая аудитория” журналы жыл сайын Орусиядагы ишмердүүлүгү боюнча айырмаланган мекендештерге сыйлык тапшырат. Сыйлыктар 2016-жылдагы Орусиянын саясий, маданий, социалдык жактан, ишкердүүлүк жаатында ийгилик жараткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө тапшырылды. Жылдык азем 2019-жылы ...

0 456

СҮРӨТ - Муштуму гана эмес, сексуалдуулугу менен  да ММАны багындырган мергенчи кыз

06-декабрь 2019, 14:21 Айдар Нуралиев

Лена Овчинникова Львовдо жашап, машыгат. Чемпион кыз тизмеде 11-позицияны ээлеп турат. Украиналык Лена Овчинникованы ММАнын эң сексуалдуу мушкер кыздарынын бири. Анын эсебинде спорттун ар кандай түрү боюнча 13 жеңиш бар. Көптөгөн жеңиштердин артынан "Мергенчи" (Охотница) деген титулга ээ болгон. Мурда ал муай-тай жана кик-боксинг менен алектенген. Лена азыркы учурда Bellator промоушенде эң жеңил салмакта чыгат. Акыркы жолу спортчу англиялык ...

0 234

Дастан Бекешов: “Коррупционерлер, аткезчилер Кыргызстанда ээн-эркин басып жүрүшөт”

06-декабрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Аткезчилик өлкөдөгү чоң маселеге айланып, ага карата ар тараптуу пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп  билдирди. “Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузуп, ...

0 1574

Баялы, "7-апрель" баатыры: "Отунбаева үчүн ок жегениме өкүнөм!"

05-декабрь 2019, 22:52 Айдар Нуралиев

Баялы, "7-апрель" баатыры: "Отунбаева үчүн ок жегениме өкүнөм!". Мындай пикирин "7-апрель" Баялы аттуу жигит билдирди: "Маданиятты билбей! - айылдык болуп алданыпмын! 7-апрелде айылдан келип, Роза Отунбаева үчүн ок жегениме өкүнөм. Кечиргиле шейиттер!" - дейт ал. Белгилей кетсек, Роза Отунбаева буга чейин айылдыктар тууралуу терс пикирин айтып коомчулуктун талкуусуна калган. Булак: NazarNews.kg

0 423

Игорь Чудинов чээнден чыгып, Темир Сариев асфальттын алдында калган акчаларын көрсөттү

05-декабрь 2019, 21:01 Айдар Нуралиев

Мурдагы премьер-министрлер, атап айтканда, Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Темир Сариевдер 10 пайыз деген кличкасы бар кесиптеши Жантөрө Сатыбалдиевди коргоп, кайрылуу жазышыптыр, тергөө адилеттүү болбой калды, 11 жылга камакка алуу деген абдан көп деп.  Чын-чынына келгенде Жантөрө Сатыбалдиев бекеринен 10 пайыз деген атка конгон эмес. Кайсы кызматта отурбасын, келген долбоорлордон ...

0 553

ВИДЕО - Надира Нарматова: "Отунбаева өзү, кашыктап чогулткан абийирин чөмүчтөп, айрандай төгүп алды"

05-декабрь 2019, 21:45 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеште кыргыздын аялзатынын,укугун коргогон ЖК депутаты Курманкул Зулушов деген бир азамат бар экен. Бир жумадан берки "Музейдеги жылаңач оюн, ички кийимдердеги таң калыштуу, улуттук нарк, насилге, адеп, ахлакка шек келтирген жазуулар жөнүндө", мыйзам чегинде укуктук баа берүү боюнча, Өкмөттөн талап кылды. Эмил Каптагаевдин өзүнүн жекече баракчасына анализ берген үч аныктамасын окуп, көңүлүм көк таштай калып, өлүп бүткөн экенда ...

0 1497

ВИДЕО - Борончу: "Биз жылаңач чыгып алып эркектердин укугун коргойбуз"

Видео 05-декабрь 2019, 19:16 Айдар Нуралиев

“Кечээ Жамбыл байке менен Рахман байке үйгө келип кетти. Бул искусство дешти. Бул Жамбыл байкенин искусствосу, бул Рахман байкенин искусствосу. Ой бул эмне кылганыңар десем, эми сен айылдык муну түшүнбөйсүң. Эми сенин деңгээлиңе биз түшпөйбүз...” Аялдар бүтпөй жатып, эркектер укугун коргойбуз деп көчөгө жылаңач чыга башташабы? Жамбыл менен Рахмандын  "искусствосу" төмөнкү видеодо Булак: NazarNews.kg

0 524

Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштө  Кыргызстан,  Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот

05-декабрь 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ)   каршы күрөштө,  Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот. Бул тууралуу Жогорку кеңеште,  Ички иштер министри ( ИИМ) Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, жыл башынан баштап уюшкан  топтун 136 мүчөсү кармалган. “ИИМ де 421 адам УКТ мүчөсү иретинде тизмеде турушат.  Алардын  он  төртөө изделүүдө турат. Уюшкан кылмышка каршы күрөштө биз Россия менен ...

0 699

ВИДЕО - ЖЭБ маселеси боюнча сот аяктап жатат. Айыпталуучулар акталабы?

Видео 05-декабрь 2019, 18:11 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-декабрда  ЖЭБде  айыпталуучулардын жакындары соттон акыйкат чечим талап кылуу максатында катардагы митинггин өткөрүштү. Алар акыйкат, жана туура чечим  үчүн күрөшүп жатканын билдиришти. Кечээ, 4-декабрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурумда жактоочулар бул иште эң маанилүү деген күбөлөр суралбай калганын айтып судьяны сындашкан. Бирок мамлекеттик айыптоочу тарап соттук териштирүүдө прокурорлордун да жактоочулардын да күбөлөрү толук суралды деп эсептеген. ЖЭБди модернизациялоо боюнча ...

0 519

«Азаттыкта» айтылган 700 млн. доллардын бюджетке тиешеси жок

05-декабрь 2019, 17:59 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев өкмөттөн «Азаттык» жарыялаган иликтөөдө айтылган 700 млн. доллардын мамлекетке тиешеси бар-жогун тактап сурады. Бул суроого вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: - 700 млн. доллардын мамлекетке, бюджетке тиешеси жок. Муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеген. Ал эми Финполдун төрагасы Бакир Таиров бул каражат соодагерлердин акчасы болгонун айтты: - «Азаттыкта» айтылган ...

0 2210

Ширин Айтматова бир тууган агасы үчүн кыргыз элинен кечирим сурасын!

05-декабрь 2019, 17:33 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Райымбек Матра” жарнамасын баштап бергенден кийин аттуу-баштуу саясатчылар жылуу-жумшак диванда жатып алып, айрым этексиздери колдонуп жатканын айтпаса дагы түшүнүктүү болуп жатат. Көпчүлүк ички саясат менен тышкы саясатты толугу менен түшүнбөсө дагы “сайылып” чыгып, саясатка аралашып, өлкөгө сарсанаа болгондой түр көрсөтүп, “жашыл, кара, сыя” түстөргө дагы саресеп салгандар жок эмес. Кызыгы, батышчыл өлкөнүн акчасына суугарылып, ...

0 584

ВИДЕО - 90-жылдар кайтып келди. Бишкекте унаанын ичинен асманга ок чыгарган адам изделүүдө

Видео 05-декабрь 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарында автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адамды милиция издеп жатат. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда Түштүк магистрал менен Ч. Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан "Ала Арча" соода үйүнүн жанында ак түстөгү жеңил унаанын айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуяны видеого тартып  "Фейсбук" колдонуучулары интернетке чыгарышты. Булак: ...

0 371

12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган шектүүгө өкүм чыкты

05-декабрь 2019, 16:21 Айдар Нуралиев

Ошто атасы 12 жаштагы кызын зордуктаганга аракет кылган. Аны сот  7 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттук отурумда белгилүү болду. Документе көрсөтүлгөндөй, атасы 12 жаштагы кызын мейман канага алып келип, ага адепсиз мамиле кылуу аракетинде,  кызын чечинте баштаганы айтылган.  Бирок, баштаган нерсесин аяктабай киши уктап кеткен.   “Этең менен киши  кайрадан кызын зордуктоо аракетин көргөн. Ош шаардык соту кылмышкерди ...

0 553

Нарын Айып:  Айылдыктардын шаардыктардан эмнеси кем? Өлкө айылдыктардын эсебинен сакталып  турат. Антип элди бөлбөңүз.

05-декабрь 2019, 15:16 Айдар Нуралиев

Роза Отунбаева шаршембиде элдин маданияттан артта калып жатканын айтып жатса, талкууларда ал элди айылдык, шаардык деп бөлдү дегендин өзү коомдун артта калып жатканын билдирет.  Кааласак дагы, каалабасак дагы айыл маданияты менен шаардын маданияты айырмаланат.  Шаардык жигит айылга келгенден кийин өзүн шаардыктарча алып жүрөт жана айылда шаардыктардын тартибин орноткусу келип, аралашып кетет. Ушундай эле окуя айылдык жигиттин шаар чөйрөсү менен ...

0 698

Семетей Талас уулу: Каалашынча көрсөтсүн баары бир. Андан көрө...көйнөгүнөн түрсүгү чыга кийим кийген кыз-келиндердин кийими денени дүркүрөтөт

05-декабрь 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

Башында эле айтып коеюн; Музейдеги кыргыздын келечегин батыштын грантына алмашкан жинди катындардын "феминалле" акциясын колдобойм. Алар аялдардын укугун коргогондун ордуна кордошту. Мындай жинди иш-чарага каршымын абдан. Анан илимий изилдөөдө энеден туума аялзаты анчейин деле  козгобойт. Тем более дене мүчөсү 90×90×90 стандартына жакын бочкелердики. Каалашынча көрсөтсүн, бирок, баары бир. Андан көрө чыпчыя кийинип, мамактын жарымын көрсөткөн, көйнөгүнөн түрсүгү чыга кийим ...

0 836

Эмилбек Каптагаев музейдеги "жылаңач" кыздын бирин сүйүп калдыбы?

05-декабрь 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминаледен айрым экспонаттар ызы-чуудан кийин алып салынды. Ал тургай маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов сүрөт музейинде журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, өң-алеттен кетти.  Мындай улуттук талкуудан кийин кимдин-ким экени билинип, социалдык тармактар ызы-чууга түштү.  Талкуулардын бири саясатчы Эмилбек Каптагаевдин пикирин окурмандарга сунуштайбыз... ...Топуракты кош колдоп уучтап асманга сапырып жакшы эле ...

0 366

Садыр Жапаровдун тарапташтары президенттен адилетүүлүктү талап кылат

05-декабрь 2019, 15:26 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-декабрда "Айыпсыз абакта жаткан  Садыр Жапаровду колдоо штабынын" демилгечилери жана ага колдоо көрсөткөн экс-депутаттын тарапташтары Садыр Жапаровду колдоо үчүн тынчтык акциясы өтөрүн 24.кж агенттигинде болгон жыйынында билдиришти. Жыйынга Асанбек Жуматаев, Оморбай Нарбеков, Шергазы Мамбетов, Каныбек Осмоналиев, Соонунбүбү Кадырова , Садырбек Сагынбаев катышты.   Аталган жыйында тараптар президентти, сотторду адилет, калыс чечилсин деген ойлорун айтышты.Ошондой эле Кыргыздын эр азамат жигити Садыр ...

0 445

Аскер бөлүгүнө качып кеткен жоокерлерди ата-энелери "кулагынан сүйрөп" алып келди

05-декабрь 2019, 12:53 Айдар Нуралиев

Ош шаарында Башкы штабдын №36806 кургак жердеги аскерлеринин аскер бөлүгүнөн качып кеткен  эки жоокер табылды. Бул тууралуу    Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аскерден качып кеткен эки жоокер үйүнө барган. Бүгүн, алардын ата-энелери балдарын аскер бөлүккө өздөрү жеткирип беришти. Эскерте кетсек,  3-декабрда  Ош шаарындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнөн 18-19 жаш курактагы эки жоокер ...

0 229

Чүйдө окуучу бала өз өмүрүн кыйды

05-декабрь 2019, 13:02 Айдар Нуралиев

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамаларында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу аталган Чүй районунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда ал 2008-жылы туулган К.Н. экендиги маалым болуп чыккан. ...

0 268

Төрт үй-бүлө акысыз батирлүү болушту

05-декабрь 2019, 12:53 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарында турак үйгө муктаж төрт үй-бүлөгө жаңыдан салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 1 жана 2 бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук иш-аракеттерин “Элит строй сити” курулуш компаниясы жүргүзүүдө. Бериле турган батирлер шаардагы курулушу башталып,  6 кабаттан турган 35 батирлүү “Ясын” турак жай комплексинде жайгашкан. Буга чейин аталган ...

0 299

СҮРӨТ - Киши өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Анын бири өспүрүм кыз

05-декабрь 2019, 12:49 Айдар Нуралиев

Жалал-Абаддын опер кызматкерлери тарабынан жаш өмүргө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда,  2019-жылдын 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери жаш жигитти белгисиз атуулдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу областтык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген. Ал эми 2 сааттан ашуун ...

0 172

Билим берүү тармагы боюнча кыргыз-немис кызматташтыгы бекемделет

05-декабрь 2019, 12:09 Айдар Нуралиев

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Германиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  Жолугушууда Моника Иверсен Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин билдирип, айрым маселелерге токтолду.  Элчи айым Исхак Раззаков ...

0 230

ВИДЕО- Бишкекте эки кабаттуу үй күйүп кетти

Видео 05-декабрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Маевка айылында эки кабаттуу үй күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган кырсыктын видеосу Социалдык тармактардын бирине каналына жарыяланды. Өрт өчүрүү кызматына кабар 7:30 чамасында  түшүп, окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү топ иштешүүдө. Булак: NazarNews.kg    

0 273

Кыргызстан өзүнүн уну менен буудайын экспорттоого тыюу салгысы келет. Анын себептери эмнеде?

05-декабрь 2019, 11:56 Айдар Нуралиев

Экономика министрлиги  алты айга чейин  Кыргызстандын буудайы менен унун экспорт кылуусуна тыюу салуу боюнча оюн билдирди.  Министрлер кабинетинин сайтында,   Өкмөткө ылайык келген долбоорлор   көпчүлүк элдин назарына коюлуп, талкуу жаратууда. Тастыктаманын негизинде, Экономика министрлиги Казакстандан Кыргызстанга көптөгөн ун менен буудай алынып келинээрин эске салды. Соңку жылдары, Казакстанда импорт боло турчу буудайдын көлөмү азайып, бирок импорт боло турчу ундун көлөмү ...

0 178

Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу маселелери талкууланды

05-декабрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Бишкекте “Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, иш чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттер, күч органдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

0 331

Надира Нарматова Чыныбай Турсунбековдун чечинүүсүн айтып, алдына бака жалбыракты тосуп алуусун талап кылды

05-декабрь 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Чыныбай Акунович, кыргыздын каада салтында төө чечмей деген бар болсо, анда элге үлгү көрсөтүңүз! Аялыңызды, кызыңызды, келиниңизди, эже-карындашыңызды жылаңачтап, өзүңүздүн башыңыздын сүрөтүн тартып, резинка менен белине байлап, астына уяттуу жерине коюп бериңиз? Көкүрөгүнө апжеңиздин айтканын жасап, "БУЛ ИКУССТВО, ТҮШҮНБӨЙСҮҢӨР!" - деп, жазып, үй-бүлөңүздүн аялзаттарынын мойнуна илип, көкүрөгүнө коюп бериңиз? Өзүңүз алдыңызга бака жалбырактан тосуп алып, ээрчитип, апчеңиз коюп берген ...

0 187

Бишкекте уурулукка шектелген эки жаран кармалды

05-декабрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Бишкекте уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан билдирди Маалыматка караганда, 26-августта Ленин РИИБге Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну үйүнөн электрошокер жана 4 миң сом акчасын алып чыгып кетишкенин айтып арыз менен кайрылган.  Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М. кармалды. Учурда  кошумча тергөө ...

0 265

Сонунбүбү Кадырова: "Чыныбай Акун кол жоорутуп, бел оорутуп иш кылбай, бирөөлөрдүн эсебинен байыган мансапкор"

05-декабрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

--Сонунбүбү айым, кыргыздын үрп-каада салтына күйүп келген кыргыз кыздарынын бирисиз. музейдеи болуп өткөн окуя тууралуу ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековдун оюна пикириңиз кандай?  --Ар заманда бузуку, көпкөндөр болгон. "Төө чечмей" каны бузук көпкөндөрдүн колунда жок алсыздарды шылдыңдаган оюну. Чыныбек Акунга окшоп кол жоорутуп, бел оорутуп иш кылбай, бирөөлөрдүн эсебинен байыган мансапкорлор, нарксыздар ойлоп тапкан. Шабдан Баатырдын кеменгерлиги ошол оюнду өткөрүүгө ...

0 291

СҮРӨТ - Жалал-Абадда элди алдаган тилемчилер кармалды

05-декабрь 2019, 10:22 Айдар Нуралиев

Жалал-Абадда жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган шаардын ШИИБи тарабанан шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында "Укук жана тартип" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Рейд учурунда коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө автотыгындарды, ыңгайсыздыктарды ...

0 202

Милиция кызматкерлери майыптардан кабар алып келишти

05-декабрь 2019, 09:57 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык майрамына карата алардан кабар алып келишти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.  Белгилей кетсек,  майыптардын эл аралык майрамы жыл сайын 3-декабрда белгиленип келет. Бул майрам БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1992-жылы 14-октябрда кабыл алынган. Ушул күнү Ассамблея БУУ мүчө болгон өлкөлөрдү майыптарды коомдук жашоого аралаштырууга ...

0 415

"Азаттыктын" иликтөөсүн ЭлТР телеканалы четке какты

05-декабрь 2019, 09:43 Айдар Нуралиев

ЭлТР телеканалы "Азаттык" радиосунун "Көмүскө акча ташыгандар кербени" аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгаруудан 4-декабрда баш тартты. Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаев өзүнүн  социалдык тармагына, "Урматтуу «Азаттык» радиосундагы кесиптештер! Эл аралык стандарт деген принципти туу тутунасыздар. Бирок ошол принциптен тайбай жазасаңыздар, сиздердин программаларды эч ким, эч качан албайт. Жөндөн жөн эле «жумурткадан кыр издеген» - туура эмес го? Төрт жылдын ичинде экинчи жолу ...

0 166

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстан ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланды

05-декабрь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  4-декабрда, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди. Президенттин айтымына караганда, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2019-жылдын ноябрында  ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланган. Бул кеңешке шайлануу менен  айкөл Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун мурастарын эл аралык деңгээлде ...

0 295

Надира Нарматова: "Карышкырларга туруштук бере албасаң, ар кимдин ордун өз ордуна койо албасаң, садага кеткени министр болосуңбу!"

05-декабрь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Айта берип кайта берип, чечкинсиз,кайраты жок өлөрман Министр болумуштар менен өнүгүү болобу! Тьфу, деген түкүрүктү кайра жуткан макүрүк деген. Жигит кишинин сөзү өлгөнү, өзү өлгөнү. Сөзгө сөлпүк, кепке келпик болгондон көрө, намысың болсо, "востановить" эткенге даярмын дегенден көрө, какайып туруп, арызыңды жазып, эшикти каттуу жаап, басып кет. Артыңды карабай! Ошондо тарыхта элдин баалуулуктарын сыйлаган, элдин талабын урматтаган, Министр катары тарыхта ...

0 396

ВИДЕО - Чыныбай Турсунбеков жакында "жылаңач" көргөзмө уюштурат

Видео 04-декабрь 2019, 19:21 Айдар Нуралиев

"Беш тапан" куудулдар тобунун Баатыр Абакиров учурдагы саясый кырдаалды тамаша торго салган. Төмөндө Баатыр Абакировдун күлкүлүү тасмасына күбө боло аласыздар. Булак: NazarNews.kg

0 122

ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэка Маэда менен жолугушту

04-декабрь 2019, 18:58 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэка Маэда менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 4-декабрь күнү Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэка Маэда менен жолугушту. Элчи бул кызматка жакында дайындалган. Аны Япониянын  Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ...

0 285

Улуттун уңгусун түзгөн элеттиктерди кемсинткен Роза Отунбаева экс-президент деген макамга татыктуу эмеспи?

04-декабрь 2019, 18:55 Айдар Нуралиев

Экс-президент Роза Отунбаева акыркы кездери элдин кыжырын келтирген аракеттерди жасап, бүтүндөй улутту айылдык жана шаардык кылып экиге бөлө баштады. Алгач анын Көркөм сүрөт музейиндеги аялдардын укугу деген шылтоого жамынып жылаңачтанган көргөзмөнү колдоп, ага катышканы нааразычылыкты жараткан болчу. 3-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында болсо айылдыктарды “маданиятсыз, мырктар” деп, уяттуу жерлерин көрсөтүп музейди тепсегендерди маданияттын туу ...

0 248

Асан Турсункулов: “Роза эжейибиз өзү искусство деген эмне экенин жакшы түшүнө бербегенин баамдадым” 

04-декабрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Жайма ээлерине... ИСКУССТВО деген эмне? Роза Отунбаеванын видиосун көрдүм. "Айылдыктар, мырктар" деген сөзүн уктум. Эми, менин өзүмдүн жеке пикиримде Роза эжейибиз өзү искусство деген эмне экенин жакшы түшүнө бербегенин баамдадым. Биринчиден, искусство деген эмне?... Искусство - деген эң жогорку даражадагы адамзатты таң калтырган чыгарма. Ал чыгарма жаңы табылга, идея, ойлорду өзүнө камтыган, жашоодо жок жаратман ачылыштарды жараткан, идеологиялык ой ...

0 192

Иранда митингден каза болгондордун саны 200дөн ашты

04-декабрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Иранда өкмөткө каршы акцияда 208 адам жашоо менен кош айтышканын «Эл аралык мунапыс» уюму 2-декабрда билдирди. Батыш булактары курмандыктар мындан көп экенин айтууда. New York Times гезити 450 адам көз жумганын жазды. Анда миңдеген кишилер камакка алынган. «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран бийликке каршы нааразычылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып ...

0 295

“Салтты тыюу мүмкүн эмес”. Непалдагы кандуу салтта миңдеген жаныбарлар өлтүрүлүүдө

04-декабрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Жаныбарларды коргоочулар Непалдагы Гадхамаи кудайына курмандык келтирилип жаткан жүздөгөн букаларды, буйволдорду жана башка үй жаныбарларын сактап калганга аракет кылышканы менен бул салтты кармагандарды токтотуп кала алышкан жок. Непалда Индияга чектеш аймакта жайгашкан Гадхамаи храмында өтүп жаткан диний фестиваль 5 жылда бир жолу болот. Фестиваль дүйнөдөгү эң кандуу жыйналыш катары белгилүү. 2009-жылы зыяратчылар башка (эчки, көгүчкөн, келемиш) жаныбарларды эсептебегенде  500миң ...

0 1003

Мира Жангарачева: "Баары бүлүндүрүлдү. Тынч жашоо бүттү, эми чоң көйгөйлөр жаралат"

Видео 04-декабрь 2019, 16:33 Айдар Нуралиев

Гапар Айтиев атындагы сүрөт жана искусство музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева жакын арада бийлик чара колдонобосо Кыргызстанды эмне күтүп  тургандыгы жөнүндө пикирин билдирди.  “Коркунучтуу, себеби бүлүндүрүлдү. Мындан ары саясий эркиндик болбойт, саясатчы катары айтып жатам. Мен жумуштан бошодум ошондуктан эми сүйлөсөм болот. Мен мурда мамлекеттик кызматта иштегендиктен үн чыгарбай, баарын мактап келгенмин. А бүгүн мен мынтип айтам:”  Биздин ырыбыз ...

0 236

ВИДЕО - Дастан Бекешов. Коррупция бекем жумулган көз менен

Видео 04-декабрь 2019, 15:52 Айдар Нуралиев

Коррупция бекем жумулган көз менен - Дастан Бекешов. Аны коррупция менен аябай күрөшүп жатат дегенге ооз барбай жатат. Төмөндө муну тастыктаган 5 фактыны келтиребиз: 1.    Дудуктар жана дүлөйлөр коомундагы интригалар жана конфликт. Дастан Бекешов аларга жардам бермек түгүл тескерисинче алар менен соттошуп келет. Бул коомдун 9миң 507 мүчөсү бар. Алардын ичинен 4010у дүлөй болсо, 5168и көзү азиз, калгандары жалпы майыптыгы ...

0 272

Күнболот Момоконов: "Өнүгүп, метро, трамвайларды биринчи алып келип анан "жылаңач маданиятты" алып келсеңер"

04-декабрь 2019, 15:41 Айдар Нуралиев

"Какшыктап" койбосо эле болгону. Маданиятты мыкты түшүнгөн адамдардын, бүгүнкү элдин маданияттуулугунан, "жасалма", жаңы, батышчыл маданиятттулукту таңуулап жаратып чыгууну талап кылып жаткандарына таң каласың. Туура, дүйнө өзгөрүп баратат. Акыл эс дагы. Дүйнө бизди таң калтырып бүтө элек. Батышта уулу энесине же эркек эркекке, кыздары кыздарга үйлөнгөнүн көрүп үрөйүбүз учуп жатат. Алардын түшүнүгүндө ал туура көрүнүш. Туура болгону үчүн үйлөнүп жатат ...

0 263

Талант Орозалиев: «Турсунбай Чыныбеков маңкуртпу?»

04-декабрь 2019, 15:21 Айдар Нуралиев

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм музейинде болуп өткөн окуядан кийин, коомчулук дүрт этип, социалдык тармак ызы-чууга түштү. Фейсбук колдонуучу ‎Талант Орозалиев, “кыргыз кызын дырдай жылаңач жүрүүсүнө каршы болгон эл маңкуртпу же эзелтен эле дырдай жылаңач төө чечмей оюнун өткөрүп келгенбиз деп, дырдай жылаңач кыздарды колдогон Турсунбай Чыныбеков маңкуртпу? Ушул суроону бул депутат сөрөй, дырдай жылаңач ...

0 202

Бишкекте телефон уурдаганга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

04-декабрь 2019, 15:31 Айдар Нуралиев

Бишкекте унаанын ичинен телефон уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди. Маалыматка ылайык, 7-октябрда Биринчи Май РИИБине бир жаран 6-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунан Мерседес-Бенц унаамдын ичинен белгисиз жарандар уюлдук телефонумду уурдап кетишти деп арыз менен кайрылган.  Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ...

0 299

Кыргызстандагы туруктуулуктун бузулушу кимге керек жана кимдин чөнтөгүнөн төлөнүп жатат?

Видео 04-декабрь 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Батыш демөөрчүлөрүнүн акчасы алардын тыңчыларынын чөнтөгүнө кандай жол менен түшүүдө? Бул видеону көргөндөн кийин, Сиз Кыргызстандагы митингди ким каржылап жаткандыгын, жарандардын пикир келишпестигин жана баш аламандыкты уюштуруучулардан өлкөбүз корголбогондугун көрөсүз.  “Үмүт-2020” кыймылы парламенттик шайлоо алдындагы коомдук жана партиялык кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн түзүлгөн кыймыл экендигине күбө болосуз. Булак: Real TIme 312

0 319

ВИДЕО - Аялдар учпаган автоунааны "учуруу" менен убара

Видео 04-декабрь 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

Тайланддын Нотхабури шаарынын тургуну жаңы кроссовер Toyota C-HR сатып алып, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдан учуп кете жаздады. Окуя 28-ноябрда 4-кабатта болуп,  ал видеокөзөмөлгө түшүп калган. Андагы унаанын ээси тажрыйбасыз кыз токтотоордо тормозду басам деп атып, адашып газды басып алган. Ага ошол жердеги тургундар жардам беришкен. ММКларга малымат чыгарууда кыз  анын атын атабоосун суранган.  Белгилей кетсек, Кытайдын Шаосинь провинциясында да дал ушундай ...

0 282

Кадыр Кошалиев: "Текебаевдин мыйзамынан баш тарталы"

04-декабрь 2019, 13:44 Айдар Нуралиев

"Текебаевдин мыйзамынан баш тарталы", - деген пикирин тележурналист Кадыр Кошалиев билдирди.  "Кечээ, мурдагы президент Р.Отунбаева апчебиз Ө.Текебаевдин китебинин бет ачарында текеберденип, "айылдыктар маданиятыңарды көтөргүлө, биз силердин деңгээлиңерге түшпөйбүз"-деген сөзү бекеринен ал жерде айтылган жок. Бул эки саясатчынын максаты, кызыкчылыктары, жем жеген, отчет берер жерлери бир. Улуттук уңгудан ажыратып, адам укугуна шыкалган колдонуудагы Баш мыйзам кыргыз коомун талкалаш үчүн кабыл ...

0 186

Шайлоо-2020. БШК партияларды каттоо мөөнөтүн эскертет

04-декабрь 2019, 13:32 Айдар Нуралиев

2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катыша туран партиялар иш-чаранын боло турган күнү расмий жарыяланганга алты ай калганда каттоодон жана кайра каттоодон өтүп бүтүүсү зарыл. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди. Мындай чечим  "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 60-беренесине негизделген. Эрежеге ылайык, Юстиция министрлиги шайлоо белгиленген күндөн тарта үч сутканын ичинде каттоодон ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83