www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий кабарлар
0 189

Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагына санариптештирүү процессин киргизүүнүн принциптери менен таанышты

05-декабрь 2019, 22:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барды. Улуттук фтизиатрия борборунда лабораториянын башчысы Гүлмира Калманбетова санариптештирүү процессин кургак учукту диагноз кылган тез молекулярдык тесттер жүргүзүлчү референс-лабораторияларга киргизүү жөнүндө айтып берди. Ал биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылып, анын жардамы менен аймактагы бейтаптар өздөрү Улуттук ...

0 218

Жээнбеков «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды

04-декабрь 2019, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды. Эске салсак, Академия Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2019-жылдын 31-январында түзүлгөн. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, манасчылардын айтуусунда «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» эпосу — тарыхыбыздын, ...

0 218

Сооронбай Жээнбеков: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет

03-декабрь 2019, 11:23 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! Бүгүн дүйнө коомчулугу менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнүн белгилейбиз. Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык ...

0 268

Айыл чарба министри Таласта төө бурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

03-декабрь 2019, 11:05 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барды.Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, министр Талас облусунун Бакай-Ата районунда ачылган кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты. Андан кийин төө бурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Заводдун директору Миргазы Оморов учурда ...

0 105

Төрага Дастанбек Жумабеков кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты

03-декабрь 2019, 10:48 Айдар Нуралиев

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев менен төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусунун, Бакай-Ата районунда ачылган кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, 2019-жылдын 2-декабрында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына ...

0 166

Төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен барды

02-декабрь 2019, 19:04 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен барып, алгач Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында жайгашкан Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайыяк, ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков элдин ден-соолугу, калктын саламаттыгы ...

0 280

Борбор калаанын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелеби?

02-декабрь 2019, 11:50 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 1-декабрдан 6-декабрга чейин Тоголок Молдо, М. Ганди, Саадаев жана Чоң Чүй каналы менен чектеш аймакта, «Көлмө», «Салам-Алик», «Щербаков» кичи райондорунда газ берилбейт. Беш миңдей абонент бул күндөрү газсыз калат. Булак: NazarNews.kg

0 100

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат

29-ноябрь 2019, 21:15 Айдар Нуралиев

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда. Ал белгилегендей, бизди дүйнөлүк рынок менен байланыштыруучу транспорттук-коммуникациялык тармакта ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү. «Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы ...

0 60

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки Консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт

29-ноябрь 2019, 21:14 Айдар Нуралиев

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки, үчүнчү  Консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди. Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекет башчылары ишенимдүү маанайда аймактык кызматташтык маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалог жүргүзгөнүн белгиледи. Белгиленген позитивдүү аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейм. Буга байланыштуу кийинки Консультативдик ...

0 148

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Ташкент шаарындагы экинчи Консультативдик жолугушуусу

29-ноябрь 2019, 21:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты. Делегация башчылары тар жана кеңейтилген курамда өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берерин ...

0 243

Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышууда

29-ноябрь 2019, 14:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышууда  Күн тартибинде кызматташууну кеңейтүү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери турат. Консультативдик жолугушуу тар курамда башталарда делегация башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болду. Андан кийин жыйын кеңейтилген курамда улантылат. Экинчи Консультативдик жолугушууга Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Президенти ...

0 170

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти

28-ноябрь 2019, 11:54 Кызгалдак Жакыпова

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бүгүн, 28-ноябрда ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсүнөн соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясына бет алышты. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай ...

0 90

Сооронбай Жээнбеков Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушту

28-ноябрь 2019, 11:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Беларусь  президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Жолугушуу бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин  жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты. Тараптар эки өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдык билдиришти.

0 123

Сооронбай Жээнбеков Армения премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

28-ноябрь 2019, 11:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Армения премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Жолугушуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Саммит бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Никол Пашинян эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн, кыргыз-армян мамилелеринин, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында ...

0 100

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

28-ноябрь 2019, 09:00 Аман Аскаров

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 27-ноябрда  Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушуу 28-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Жамааттык Коопсуздук келишими жөнүндө уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болду.  Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин аныкташты.  Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери ...

0 151

Президент Сооронбай Жээнбеков: Казакстан — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз жана жакынкы ынак кошунабыз

27-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визитинин алкагында массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасады.   Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:   «Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич,                 Меймандос кыргыз жергесине мамлекеттик визит менен келгениңизге ыраазы экенибизди дагы бир ирет билдирем. Сиздин иш-сапарыңыз кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары карай өнүгүүсүнө күчтүү таасир этет деп ишенем.   Урматтуу жалпыга маалымдоо ...

0 132

Касым-Жомарт Токаев: Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерибиз терең институционалдашкандай, Казакстан бир да башка мамлекет менен мындай мамиле жасабайт

27-ноябрь 2019, 17:49 Айдар Нуралиев

«Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин терең институционалдашкандай, Казакстан бир да башка мамлекет менен мындай  мамиле жасабайт», — деп баса белгиледи Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27- ноябрда анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин Бешинчи жыйынында. Касым-Жомарт Токаев Кеңештин мурунку отуруму акыркы жолу 2014 жылы Нурсултан шаарында өткөнүн эске салды. Ушундай тыныгууга ...

0 154

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштык мамилелери мындан ары да эки элдин бакубаттуулугу үчүн бекемделе берет деп ишенем

27-ноябрь 2019, 16:28 Айдар Нуралиев

«Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштык мамилелери мындан ары да эки элдин бакубаттуулугу үчүн бекемделе берет деп ишенем», - деп  белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин Бешинчи жыйынында. Сооронбай Жээнбеков кыргыз жана казак элдери бир тууган эл экенин баса белгиледи.

0 143

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду

27-ноябрь 2019, 15:32 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 27-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду. «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында, чет элдик мамлекеттердин башчылары жана делегациялары менен салтанаттуу жолугушуулары өтүүчү «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. ...

0 164

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюшту

27-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.  Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине аналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду. Эске салсак, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

0 237

ФОТО - Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

27-ноябрь 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди.  «Манас» эл аралык аэропортунда Казакстандын президентин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген. Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана ...

0 201

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

26-ноябрь 2019, 15:55 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити, ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу сүйлөшүштү. Булак: NazarNews.kg

0 188

КР ТИМ башчысынын Ислам кызматташтык уюмунун баш катчысы жана Сауд Арабиясынын ТИМ башчысы менен жолугушуулары болду

26-ноябрь 2019, 12:22 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 25-ноябрында Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков Ислам кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Биргеликте тынчтыкка жана өнүгүүгө» аталышындагы «Алтын Юбилей» салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын алкагында Министр Ч.Айдарбеков Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Юсуф Аль-Усеймин жана Сауд Арабия падышалыгынын Тышкы иштер министри, ханзаада Файсал бин Фархан ...

0 207

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды

25-ноябрь 2019, 19:37 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экендигин белгиледи. ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (2018-ж.) ноябрындагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат ...

0 193

Жээнбеков Ташкентте Орто Азия мамлекет башчыларынын II консультативдик жолугушуусуна катышат

25-ноябрь 2019, 18:57 Айдар Нуралиев

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 29-ноябрында Ташкент шаарында өтүүчү (Өзбекстан) Орто Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы  Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы маалымат жыйынында. Ал алдыда өтүүчү жолугушууга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Президенттери жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев катышаарын белгиледи. «Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, ...

0 217

Данияр Сыдыков: Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болот жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт

25-ноябрь 2019, 18:33 Айдар Нуралиев

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен 2019-жылдын 27- ноябрында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болот жана Бишкекте ЖККУга мүчө уюмдардын сессиясы өтөт», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда өткөн пресс-конференцияда. Ал мамлекеттик визит эки тараптуу кызматташуунун саясий деңгээлин тастыктаган визиттин эң жогорку формасы экенин баса белгиледи. «Казакстандын Президентинин Мамлекеттик визитинин ...

0 193

2018-жылдын республикалык бюджетинин жалпы кирешелеринин көлөмү 135 млрд 504 млн сомго жеткен

25-ноябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.  Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болду. Экономиканын анык өсүшү дагы 3,5 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы ...

0 315

Толгонай Стамалиева президенттин Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу билдирүү таратты

22-ноябрь 2019, 14:53 Айдар Нуралиев

ММК өкүлдөрүнүн «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсүнүн айланасында комментарий сурап кайрылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы — КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүлөрдү билдирет: Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 2-ноябрындагы ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева С. Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу суроо берип, жооп алган.

0 245

Жогорку Кеӊеш Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышты

22-ноябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

КМШ ПАА Кенешинин жыйынына Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.  Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйыны өзгөчө маанайда өттү. Анткени, Парламенттер аралык ассамблеянын 50-юбилейлик пленардык жыйынына туш келди. Юбилейлик пленардык жыйындын күн тартиби, иштөө регламенти талкууга коюлуп, секретариаты менен редакциялык комиссиясынын курамы бекитилди. Улуттук парламенттердин ...

0 223

ФОТО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл

22-ноябрь 2019, 14:25 Айдар Нуралиев

«Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо — прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.  2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен өлкө жаңы укуктук мейкиндикке киргенин айтып, Президент ...

0 178

Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды

22-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тиешелүү чечим 2019-жылдын 20-ноябрында Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Учурдагы сессиянын ишине КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин ...

0 154

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттин жана диндин максаты бир - коомдун тынчтыгын жана стабилдүүлүктү сактоо

22-ноябрь 2019, 08:37 Айдар Нуралиев

«Мамлекеттин жана диндин максаты бир — бийик парасаттуу, өз жакындарын, өлкөсүн сүйгөн адамды тарбиялоо, ошондой эле коомдун тынчтыгын жана стабилдүүлүктү сактоо», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысы дин ишмерлеринин катышуусуз коомдо руханий баалуулуктар калыптанбай турганын баса белгиледи. «Мамлекет салттуу диндер менен союздаш болуу менен гана бул максатка жете алат. ...

0 170

Төрага Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

21-ноябрь 2019, 15:30 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү талкууга алынып, бир катар маселелер көтөрүлдү. Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Шаарлар менен алыскы айылдардагы жашоо-шарттын айырмачылыгын азайтуу аркылуу, калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын ...

0 204

Сооронбай Жээнбеков: Терс факторлорду натыйжалуу жеңип, жогорку адеп-ахлактык коомду түзүп, мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн бирге аракеттенишибиз керек

21-ноябрь 2019, 14:26 Темирлан Келдибеков

«Терс факторлорду натыйжалуу жеңип, жогорку адеп-ахлактык коомду түзүп, мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн биз бирге аракеттенишибиз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысы иш-чара Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдарынын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулганын белгиледи. Ал дин жана маданият чек араны билбей турганын өзгөчө белгиледи. «Биздин жалпы ...

0 161

Сооронбай Жээнбеков: Конституция боюнча мамлекетибиз светтик багытта туруктуу өнүгүүгө багыт алган

21-ноябрь 2019, 12:39 Темирлан Келдибеков

«Кыргызстан көп этностуу жана көп конфессиялуу мамлекет болуп саналат. Бизде диний чөйрөнүн эркин өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, абийир экиндигин жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу мамлекет тарабынан кепилденет. Конституция боюнча мамлекетибиз светтик багытта туруктуу өнүгүүгө багыт алган», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.  «Ошол ...

0 178

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл

21-ноябрь 2019, 12:35 Темирлан Келдибеков

«Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысы коомубуз жактырган асыл максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик уюмдар менен Диний башкармалык бир ыргакта аракет кылышы керектигин, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өзүнүн ...

0 155

Сооронбай Жээнбеков: “Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы – ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт

21-ноябрь 2019, 12:34 Темирлан Келдибеков

«Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы — ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысы ЕврАзЭСтин алкагында элдерибиздин диний, маданий, социалдык өзгөчөлүктөрүн сыйлоо менен кабыл алынарын белгиледи. «Евразиялык мейкиндик — жалпы тарыхка ээ болуу менен өз ара аракеттенүүнүн, жанаша жашоонун орду ...

0 204

Владимир Путин эл аралык конференциясынын катышуучуларына жана конокторго кайрылуу жолдоду

21-ноябрь 2019, 12:35 Темирлан Келдибеков

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясынын катышуучуларына жана конокторго кайрылуу жолдоду. Кайрылууну Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко бүгүн, 21-ноябрда, Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында окуду. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин кайрылуусунун тексти: «Урматтуу достор! "Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери" орус-кыргыз эл аралык конференциясынын ...

0 139

Сооронбай Жээнбеков: Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз

21-ноябрь 2019, 10:56 Бакыт Молдалиев

«Ислам жана Православие —  биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу айымдар жана мырзалар! Ардактуу коноктор! Сиздерди меймандос жергебизде тосуп алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Кыргызстанга кош келиңиздер!

0 186

Президент Сооронбай Жээнбеков: Балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталаган иштерди күчөтүшүбүз керек

20-ноябрь 2019, 13:57 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Балдардын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.  Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! Мындан туура 30 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму Баланын укугу жөнүндө конвенцияны кабыл алган. Кыргызстан ушул Конвенцияга кошулганына 25 жыл болду. Аны менен биздин коом ар бир бала ата-эненин ...

0 201

Президент Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды

20-ноябрь 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.  Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышышты. Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи.

0 211

Президент Жээнбеков: "Эки тараптуу негизде 11ден ашык өлкөлөр менен иш алып баруудабыз"

19-ноябрь 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

0 293

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук конференциясы өтөт

18-ноябрь 2019, 17:24 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 19-ноябрында Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы өтөт. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.  Форумдун максаты өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү ...

0 179

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. долларлык насыя жана грант берет

18-ноябрь 2019, 13:59 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)“ долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген ...

0 155

Кыргызстандын түштүгүндө жер титреди

18-ноябрь 2019, 10:10 Алтын Булат

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай жер титирөө кечээ, 17-ноябрда Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында катталган. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Булак: NazarNews.kg

0 204

Чыңгыз Айдарбеков менен Сухроб Ходжа Олимзода эмне тууралуу баарлашты?

17-ноябрь 2019, 17:13 Кызгалдак Жакыпова

16-ноябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, атап айтканда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин ...

0 136

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

16-ноябрь 2019, 16:13 Алтын Булат

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады. Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусунун абалын жана келечегин талкуулашты. Кыргыз-өзбек достук, жакшы коңшулук, стратегиялык ...

0 119

Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

16-ноябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Россия Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, 2020-жылдагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана ушул жылдын ...

0 175

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

16-ноябрь 2019, 16:11 Алтын Булат

Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. «Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Сизге мамлекеттик жогорку кызматыңызда мындан ары да ийгиликтерди, чыгармачылык дем, бекем ден соолук, бакыт-таалай каалайм. Учурдан пайдаланып, Сиздин региондо туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо, Россия жана Кыргызстан элдеринин ...

0 328

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

16-ноябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. «Сизди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн  атымдан туулган күнүңүз менен куттуктайм. Достук, өнөктөштүк жана союздашдык принциптерине негизделген кыргыз-орус мамилелерин бекемдөөгө кошкон чоң салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет. Барган сайын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу өнүгүүдө, энергетика, өнөр-жай, инфраструктура, илим жана маданиятта биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83