www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миграция
0 395

Москвада кыргыз кызы өзүнүн баласын 150 миң рублга саткан деп шектелүүдө

29-ноябрь 2019, 15:48 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери Кыргызстандын 3 жаранын бала сатууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, 22 жаштагы Кыргызстандын жараны полицияга кайрылып, жаш бала уурдалганы тууралуу билдирген. Анын айтымында, 2018-жылын октябрь айынын аягында интернет аркылуу кыргызстандык жубайлар менен таанышкан. Ал 2019-жылы август айында толгоосу башталганда ошол жубайларга байланышкан. Алар медициналык тез жардам кызматын ...

0 195

Кыргызстанда 3000 адам жумушсуз калды

28-ноябрь 2019, 17:10 Кызгалдак Жакыпова

Чет өлкөдөн ири көлөмдө буудай алып келингендиктен Кыргызстанда 3000 адам жумушсуз калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев комитеттин жыйынында билдирди. Ал расмий маалыматтарга таянуу менен 2014-жылы өлкөгө 460 миң тонна ун алып келинсе, анан көлөмү 2018-жылы 800 миң тоннага жеткенин айтты. Эл өкүлү мунун кесепети Кыргызстандагы жумуш орундарынын азайышына алып келгенин белгилейт. «Азыркы тапта ун чыгарган атамекендик ...

0 403

Кыргыз жараны Орусияда насывай менен кармалды 

28-ноябрь 2019, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын тургуну Орусия менен Казакстандын чек арасынан кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну Орусияга 127,5 килограмм насывайды өткөрүүгө аракет кылган. Ал насывайды Сургутка жеткирмек. Насывай беш килограммдык баштыкчаларга оролгон.  “Экспертизанын жыйынтыгында Орусиянын аймагында кармалган насывайдын мыйзамга ылайык документтери жок экени аныкталды”, -деп айтылат маалыматта.  Кыргызстандын жаранына “тамеки заттарын мыйзамсыз өткөрүү” беренеси ...

0 507

ВИДЕО - Москвадагы массалык мушташта кыргыз жарандары жабыркаган жок

Видео 26-ноябрь 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Москвадагы кыргыз жарандары менен өзбек жарандарынын ортосундагы мушташтан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Маалымат боюнча мушташка катышкандардын барына протокол түзүлгөн. Эске салсак, 24-ноябрда Москванын борборунда көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык менен өзбекстандык жарандар мушташа кетишкен. Аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып 15 адамды кармашкан. Алардын ...

0 587

Москвада кыргыз жарандары менен өзбек жарандары мушташышты

25-ноябрь 2019, 16:08 Кызгалдак Жакыпова

Москванын борборунда Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 24-ноябрда Москванын борборунда көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык менен өзбекстандык жарандар мушташа кетишкен. Аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып 15 адамды кармашкан. Алардын ичинен бешөөсү Кыргызстандын, ал эми 10у Өзбекстандын жараны болуп чыккан. Мушташтын натыйжасында эч ким жабыркаган ...

0 375

ФОТО - Айдана: Менде болгону акыркы 500 сомум бар эле... Айылдан чыккан азамат!

23-ноябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Канчалык жашоосунда кыйын күндөр өтсө дагы, баардык тоскоолдуктарды жеңип, жашоосун көркө боегон адамдар аз эмес. Анысы кандай, ийгиликке жетээрине ишенип, чет жердин дамын татып жүргөн кызыбыз Айдана менен маек курдук.   - Саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз? - Менин атым Айдана Айбекова. 1998-жылы 26-мартта Нарын районуна караштуу Куланак айылында туулгам. Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепти аяктагам. - Мектепте окуп жүргөндө ...

0 193

Замир Айылчиев, дипломат: "Түркиядагы ишкерлердин, мигранттардын көйгөйлөрү, үндөрү жогору жакка жетпей келет"

21-ноябрь 2019, 15:03 Айдар Нуралиев

- Замир мырза, Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу кызматын аткарып жаткан Эркин Сопоковдун иши чырлуу аяктады. Ал орунга талапкерлигиңди сунуштап жаткан экенсиң. Ал жактагы көйгөйлөрдү чечүүгө кандай идеялар бар? - Бул кечээ, же бүгүн эле жаралган идея эмес. Мурда Түркияда беш жылга жакын эл аралык компанияларда иштегем. Кесибим боюнча дипломатмын. Кыргызстандын мигранттарынын көйгөйүн жонтерим менен түшүнөм. Ал жактагы көптөгөн ...

0 462

39 кишинин өлүмү боюнча Вьетнамда 8 киши кармалды

04-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

Вьетнамдын полициясы Англияда унаанын ичинде каза болгон 39 кишинин өлүмү боюнча 39 кишини камакка алды. Камалгандар каза болгон адамдарды мыйзамсыз ташууга күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгү Вьетнамдын жумушсуздук аябай күч алган Нгеан жана Хатинь провинцияларынан болушкан. Эске салсак, 23-октябрга караган түнү Англиянын Эссекс графтыгында, Лондондон 30 чакырым алыс жердеги Грейс шаарынын ...

0 1405

Москвада жоголду делген кыздын атасы: “Өткөөл курак. Күнөө кызымдан кетти...”

01-ноябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Кечээ, 31-октябрда эрте менен Акыл Сатыбалдиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Москва шаарында кыргыз кызы дайынсыз болуп жатканын, маалымат билгендер болсо кабарлап коюшун суранган. Айтымында, дайынсыз болуп жаткан Таңзада деген кыз.  Таңзада “Кечээ күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат”, -деп боздоп аудио билдирүү жөнөткөн экен. Ал заматта бүт ...

0 790

Түштүк Кореядагы мекендештер ал өлкөгө барып иштөөнүн эң оңой жолун айтышты

Видео 30-октябрь 2019, 14:35 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Эрик Жумабаев аттуу мекендешибиз аталган өлкөгө барып иштеп келүүнүн эң оңой жолун ойлонуштуруп, ал боюнча “Корея турмушу” аталыштагы ролик да даярдаган. Бирок, бул ролик Орусиянын жарандыгын алган мекендештерге көбүрөөк арналган. Эрик: “Орусиядан Кореяга иштегени келгендер туурасында маалымат катары видеоблог даярдадым. Болушуп коюңуздар. Башкалар да көрсүн, билсин, келсин, иштесин, байысын”, -дейт. Булак: NazarNews.kg

0 209

“Путин менен гана сүйлөшөм”. Орусияда казак жараны чыр салды

21-октябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Казакстандын 29 жаштагы жараны Иркутск облусунун түндүгүндөгү нефть компаниялардын бирине жумушка орношууга барып, орношо албай калган. Ал ойлогондой кызматты баш тартышкан. Ошондо ал үйүнө кайтып келе жатып арак ичип, мас абалында поездге отурууга аракет кылганда, аны поездге отургузбай коюшкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, кыжырданган адам Лена станциясындагы бийиктиги 20 метр болгон жарык берүүчү фонарь ...

0 417

Орусияда кыргыз мигранттардын түйшүгү башкалардан жеңилби?

18-октябрь 2019, 13:24 Кызгалдак Жакыпова

“The Diplomat” журналы Казакстандагы Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору Кэррис Шенктин Орусиядагы мигранттарга байланыштуу интервьюсун чыгарды. Окумуштуу мигранттардын расмий органдар менен мамилеси, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн барган жумушчулар баштан кечирген кыйынчылыктар сыяктуу маселелерге кенен кайрылган. «Орусиядагы мигранттар бийликтин эрежелери менен мыйзамдарын көз жаздымдан чыгарбашы керек. Мындан тышкары, Орусиядагы мамлекеттик органдардын өз ара байланышы начар болгондуктан иш уруксаты же дагы ...

0 349

Эми врачтарыбыздан айрылганы калдыкпы?

12-октябрь 2019, 17:40 Айдар Нуралиев

Медициналык адистиги бар мигранттарга Орусиянын жарандыгы алуу жеңилдетилет. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Орусияда онколог, психиатр, ортопед, окулист, невролог, тез жардам фельдшерлери жана башка адистер жетишпейт. Эмгек министринин жетекчилиги кадр маселесин чечүү жолун таап чыгышты, алар бул көйгөйдү мигранттардын эсебинен жок кылууну сунушташты. Аталган министрлик  сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн тартылган врачтарга Орусиянын жарандыгы жеңилдетилип ...

0 1201

Ирак, Сириядагы кыргызстандык наристелер алынып келинет, ар бирине 400 доллар төлөө зарыл

12-октябрь 2019, 12:13 Аман Аскаров

Сирияга ата-энелери тарабынан, алып кетилген бойго жете элек балдар Кыргызстанга алынып келинет. Жакын арада Бишкектен Багдадга 17 адамдан турган ведомстволор аралык топ жөнөйт. Алар ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Учурда Ирактын түрмөлөрүндө 55 аял жана 78 кыргызстандык бойго жете элек бала кармалууда. Алар Сириядагы жарандык согушта ислам мамлекети террористтик уюмунун катарында согуш жүргүзгөн согушкерлердин аялдары жана балдары. Аталган ведомстволор ...

0 218

Арабдарга “лирика” арнаган кыргыздар көбөйдү дейби?

08-октябрь 2019, 13:57 Алтын Булат

Чет өлкөгө чыгып жаткан кыргыз жарандары тааныш-билиштердин берип жибергендерин ала кетүүдө сак болуусу керек! Тышкы иштер министрлигинин мындай билдирүүсү, кийинки кезде Дубайга тыюу салынган дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган кыргыз жарандарынын саны көбөйгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Анда айтылгандай, Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган «Лирика» аттуу курамында баңги заттары бар, оору сезимдерди жоготуучу препаратты мыйзамсыз алып кирүү фактылары катталган. Мындан ...

0 701

Нурадил Стамбулда бир айдан бери "камакта". Консулдук алсыз

07-октябрь 2019, 17:11 Аман Аскаров

Стамбул шаарында Кыргызстандын жараны Нурадилдин паспорту камакка алынгандыгы тууралуу маалымат тарады. Анын себебин Түркия тарап паспорттун жасалма экендиги менен түшүндүрүүдө. Бирок, Нурадилдин айтымында ал ушул эле паспорт менен 5 жыл аралыгында башка мамлекеттерге деле учуп жүргөн. - Мен Москвадан Дубайга Стамбул аркылуу учмакмын. Стамбулга учуп келдим. Маселесиз эле киргизишти. 15 сааттан кийин транзиттик аймактан чыгып, Дубай шаарына учушум керек ...

0 964

Стамбул аэропортунан жоголгон кыргыз кызы табылды

05-октябрь 2019, 11:14 Алтын Булат

Стамбулдун аэропортунан Кыргызстанга учканы жатып, дайынсыз болуп кеткен 24 жаштагы Айчүрөк Данияр кызы табылды. Кыздын атасы, Айчүрөк Бишкекке аман-эсен учуп келе жатканын билдирген. Эске сала кетсек, Жийде Зоотбекова аттуу Фейсбук колдонуучу 4-октябрда Данияр кызы Айчүрөккө издөө салып, коомчулукту жардамга чакырган болучу. Зоотбекова жазгандарына ылайык, Айчүрөк 1-октябрда кечки саат 11де Франкфурттан Стамбулга учуп келген. Эки сааттан кийн Бишкекке учуп, 2-октябрда ...

0 214

Бишкекке учканы жаткан кыз Стамбулдун аэропортунан жоголуп кетти

04-октябрь 2019, 16:20 Алтын Булат

Стамбулдун аэропортунан Кыргызстанга учканы жаткан 24 жаштагы Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө! Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жийде Зоотбекова аттуу Фейсбук колдонуучу жазып, коомчулукту жардамга чакырды. Зоотбекованын жазгандарына таянсак, Айчүрөк 1-октябрда кечки саат 11де Франкфурттан Стамбулга учуп келген. Эки сааттан кийн Бишкекке учуп, 2-октябрда эрте менен “Манас” аба майданына конмок. “Айчүрөк депрессиялык акыбалда болгон. Ал Стамбулда паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес жана ...

0 641

Араптар биринчи жолу туристерге эшигин ачты, бирок “жарым жылаңач” кыздарга...

27-сентябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

Сауд Аравия 27-сентябрдан тартып, 49 өлкөнүн жарандары үчүн биринчи жолу туристтик виза киргизди. Ошол эле учурда, туристер үчүн буга чейин киргизилген катуу көзөмөлдөгү дресс-кодду алып салды. Эми жалгыз бой аялдар эркектердин коштоосу жок эле ал өлкөгө кире алышат. Буга дүйнөлүк, айрыкча Орусиялык басылмалар кызыга башташты. Ал маалыматтарга ылайык, аталган өлкөнүн туризм министри Ахмад аль-Хатиб мындай чечим “тарыхий бурулуш” – ...

0 243

Кыргызстандык бала учуп бара жаткан учакты токтоткон

27-сентябрь 2019, 13:58 Алтын Булат

Оруссиялык айрым маалымат булактары жазгандарга таянсак, Москвадан Ошко учкан учак орто жолдон конууга аргасыз болду. Тагыраагы, Самара аба майданына конгон. Буга себеп, учак ичиндеги бала өзүн жаман сезгендигинен улам болгону айтылууда. Учак конгондон көп өтпөй эле балага Самарадагы ооруканалардын биринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми учак Самарадан Ошко, Бишкек убактысы боюнча саат 18:55 өткөндө учуп кеткени кабарланды. Белгилей кетсек, ...

0 1214

Кыргызстандыктар Малаховдун кечирим сурашын талап кылышууда

Видео 25-сентябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

Орусиялык журналист Малахов бизди шылдыңдады деген кыргызстандыктар анын кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда. Аны социалдык тармактарда #maLOHov деген хештег менен бөлүшүшүүдө. Айрымдар Малаховдун Инстаграмм баракчасына да кечирим сурашын жазып билдирүү калтырышууда. Эске салсак, 24-сентябрда «Россия 1» каналы Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү чыгып, ал көрсөтүү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына ...

0 411

Статистика: Чүй, Бишкекке көчүп келгендердин көбү нарындыктар 

13-сентябрь 2019, 10:16 Алтын Булат

Ички миграциянын агымы 14,4 пайызга азайды. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата чыгарган жыйынтыгында айтылат.  Ал маалыматтарга таянсак, өлкө ичинде жер которгондордун негизги себеби - региондордо жумуш орундардын жоктугу. Мындан улам ишке жарамдуу калктын 48,9 пайызы боорбор калаага жана Чүй облусуна көчүп келишкен. Булар, калктын 20 жаштан 34 жашка чейинки катмары.  Ошондой эле бул ...

0 475

Владимир шаарындагы рейд учурунда 80 тажик мигранты кармалды

04-сентябрь 2019, 16:53 Алтын Булат

Орусиянын Владимир шаар бийлиги кармалгандар миграциялык мыйзамдын талаптарын бузгандыгын айтып, алар депортация кылынарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн currenttime.tv жазып чыкты. Маалыматта, кармалгандар курулуш жана кампаларда жүк ташыгыч болуп иштегендер экендиктери айтылат. Мигранттардын кармалгандыгы тууралуу Тажикстандын эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө маалымдалган. Өз кезегинде өкүлчүлүк мыйзам баарына бирдей экенин карманып, тажик жарандары мыйзам бузса эч нерсе кыла алышпасын билдиришкен. Эскерте кетсек, ...

0 143

Анкарада «Кыргызстан күнү» белгиленет

04-сентябрь 2019, 11:33 Алтын Булат

Анкарада бүгүн, 4-сентябрда «Кыргызстан күнү» аталган иш-чара өтөт. Иш-чара Анкарадагы Эл аралык 16-Анадолу күндөрүнүн маданият жана искусство фестивалынын алкагында чоң концерттик программа менен коштолорун trt.net сайты жазып чыкты. Маалыматка таянсак, кыргыз жана түрк ырчылары сахнада өнөрлөрүн биргеликте тартуулашат. Кыргызстандан Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов, Тилекгүл Абылова, Канат Мукул жана ошондой эле жаш таланттар Эркинбек уулу Айтмат, Перизат Нурбек кызы ...

0 310

Москвадагы тумандан улам, аэропорттордогу 140 рейс кармалууда

31-август 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралу Оруссия жергиликтүү каналдары жазгандарга таянсак, Внуково аэропортундагы кармалып турган рейсттин саны 29 болсо, Шереметьеводо 71, Домодедоводо 37 экени айтылат. Ошондой эле расписание боюнча Домедовко коно турган дагы башка 11 рейс токтотулган. Москвадагы ала булуттуу аба-ырайы бир күн боюу көзөмөлдөнөрү белгиленүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 726

Аты-жөнүн өзгөрткөнү үчүн кыргыз жараны Россияда соттолду

26-август 2019, 17:45 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Сургут шаардык соту Кыргыз Республикасынын жаранын Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу маалымат Россиянын Ханты-Манси автономиялык округунун прокуратурасынын сотунун расмий сайтына жарыяланды. Белгилүү болгондой, кыргыз жараны 2015-жылдын июнь айында административдик жоопкерчиликке тартылып, чыгарылгандан баштап Россиянын аймагына 5 жылга чейин кирүүгө тыюу салынган экен. Бирок, ал өзүнүн атын жана фамилиясын өзгөртүп, 2016-жылдын декабрь айында кайрадан ...

0 5982

АУДИО - Екатеринбургда Кыргызстандын тургунун өлтүрүүгө шектелгендер кавказ түспөлүндөгү

Аудиофайл 05-июль 2019, 10:30 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 2-июль күнү россиялык жана кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүү фактысы боюнча коомдук резонанс жараткан материалды жарыялашкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү 2019-жылдын 2-июль күнү саат 16:20 чамасында Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндөгү үйдүн жанынан эки белгисиз адам ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлөө максатында 1965-жылы туулган ишкер К. Каримовго карата тапанчадан ок чыгарышкан.

0 454

ВИДЕО: Кыргыз таксист 1 миллион рубльди ээсине кайтарып берди

Видео 23-февраль 2019, 15:35 Кызгалдак Жакыпова

Россиянын Москва шаарында таксист болуп эмгектенген 27 жаштагы кыргыз жараны кардары унутуп калган 1 миллион рублин кайтарып берди. Бул тууралуу видео интернет тармагына жарыяланды. Видеодого Дагестандык аял мекендешибиздин апасына ыраазычылык билдирип, Дагестанга чакырган. Жүргүнчүнүн 1 миллион акчасын кайтарып берген жаран Жалал-Абад облусунун кулуну. Булак: NazarNews.kg

0 438

Мигранттар болбосо эмне кылмак элек?

13-февраль 2019, 21:55 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жылы россиядагы мигранттардан эле өлкөбүзгө 21 миллиард акча которулганы жөнүндө маалымат тарады. Айтканга оңой болгону менен бул абдан чоң акча. Эгер россияга барып жарандарыбыз иштебеген болсо, анда элибиз кайсы акчага жашамак эле. Дагы да болсо Россия бизди багып жаткандай элес берет. Союз убагында канчалаган завод –фабрикаларды салып беришкен. Эми да минтип жарандарыбызга эшигин кенен ачып, иш менен камсыз кылганына ...

0 285

Кыргызстанга жасалма виза менен келе жатеан Нигериялыктар кармалды

11-февраль 2019, 11:36 Айдар Нуралиев

Улуттук Коопсуздук кызматы Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Нигериялыктарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. 6-февраль күнү «Манас» аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктуна Нигериялык Икене Анайо жана Карим Ахмед Оламилекан аттуу жарандар келген . Алар Кыргызстандын аймагын жасалма виза аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Колдорунда электрондук жасалма виза болгон. Документти бирдиктүү система тааныган эмес. Текшерүүгө алганда анын жасалма экендиги аныкталган. Булак: NazarNewsk.kg

0 933

Дагы бир кыргыз жетекчиси тарбынан Москвада кордолду

04-февраль 2019, 13:03 Кызгалдак Жакыпова

Чоңдор сол чөнтөктүн камын ойлоп жүргөндө, жашоонун айынан кары-жаш дебей чет элге агылган жарандарыбыздын аягы али токтой элек. Бирок, ал жакта эле жыргап жатышса анда сөз башка эле. Жакында он тогуз жаштагы биздин мекендешибиз Москва шаарынды иштеп жүрүп, жетекчисинен катуу токмок жеп, оор абалда ооруканга жетирилгени тууралуу кабар тарады. Эх, укканда жүрөк канайт. Көз алдыбызга элестетип көрөлүчү, мекендешибиздин токмок жеп жатканын. Эгер ...

0 471

Алмаз Асангазиев: "Кыргыз мигранттары которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат"

21-январь 2019, 18:28 Жазгүл Урманбетова

Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев: «Статистика боюнча 750 миң мекендештерибиз башка өлкөлөрдө иштешет, алардын 630 миңи Россиянын аймагында. Кыргыз мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат»- дейт. “Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым”, – дейт Имангазиев. Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң ...

0 1117

Митинг: 300дөй адам мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттардын каршы чыгышты

07-январь 2019, 16:24 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда. Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен. Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ...

0 415

Орусияда кыргыз жараны каза болду

25-декабрь 2018, 10:32 Жазгүл Урманбетова

Орусияда курулушта каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 21-декабрда Санкт-Петербург шаарында болгон. Курулуш иштери жүрүп жаткан жерде кырсык болуп, үч жумушчу уранды астында калган. Алардын экөө ошол жерден жан берген. Мерт кеткендердин бири 28 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды. Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 600 миңден ашканы расмий айтылган. ...

0 479

“France Presse” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон кыргыз коомчулугуна кайрылды

18-декабрь 2018, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөдөн бир жыл мурда депортацияланган “France Presse” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон кыргыз коомчулугуна кайрылды. Ал өзү кабылган жагдайга көңүл бурууну өтүнгөн, бийликке суранычын айткан кайрылууну 18-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген Риклтон 2017-жылдын 9-декабрында дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ...

0 400

2018-жылы өлкөгө 35 миң 215 Кытай жараны кирсе, кайра 34 миңи чыгып кеткен

18-декабрь 2018, 11:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) Кытай жараны кирди. Ошол эле мезгилде бул аралыкта 34 миң 436 (2017-жылы 40 миң 690) кытай жараны чыгып кеткен. Өкмөт аппараты Тышкы иштер министрлигине таянып билдиргендей, ...

0 5336

Мага күйөө болгусу келген "аби" кайнатам болду...

25-октябрь 2018, 14:56 Кызгалдак Жакыпова

Ошентип жатаканага келдик. Акчамды төлөп, майда-чүйдөгө деп 300 доллар таштап кетти. Кечинде чалып акыбалымды сурады, рахматымды айттым. Болгон окуя такыр эсимден кетпей койду. Бир туруп сүйүнсөм, кайра ыйлагым келет. Ошентип уктап калдым. Эртеси өзүм телефон чалдым, "Аби, жардамыңыз үчүн сиздин мал союучу жайыңызга бекер иштеп берейин" десем макул болду. Түштө келип алып кетти. Барсам Сириядан качып келген үй-бүлө 3 баласы менен ...

0 1117

Түрткүнчүк болгон "жээндер"

23-октябрь 2018, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Ушул күндөрү Москвада эки келин балдары менен Кыргызстанга кете албай жүрүшөт. Балдардын аталары башка өлкөнүн жарандары болгондуктан наристелерди Кыргызстанга алып кетүүгө консулдуктан жарандыкты аныктоо боюнча эрежеде көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди талап кылышкан. Айзада Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылып, баласынын жарандыгын аныктаган кошумча баракча ала албай жатат. Колундагы үч айлык баласынын атасы чет өлкөнүн жараны. Баласын Кыргызстанга алып кете албай жаткан келин консулдук улам бир ...

23-октябрь 2018, 08:54 | 1117
0 2141

Түркия, мигрант кыздын арманы: "Келсең бизден жакшылык күтпө" дешкен

20-октябрь 2018, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

Жамалдын Түркияга келип иштеп жүргөнүнө 10 жыл болду. Бутка турам деген ниетин ишке ашыра албай жүргөнүнө кейийт. Өз башынан өткөн окуясын баяндап берди. --Саламатсызбы! Түркияга кантип келип калдыңыз? --Атам менен апам кичинемде эле ажырашып кеткен. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 18ге чыгайын деп калганда Түркияга кетип калдым. Бир четинен иштеп бутка тургум келди, экинчиден саякаттайм деген максатым бар болчу. --Азыркы учурда оор абалда ...

0 861

Москвада мекендешинен бычак жеп, каза тапкан кыргызстандык баланын сөөгү алып келинет

16-октябрь 2018, 18:03 Кызгалдак Жакыпова

Окуя 13-октябрь түнкү саат 00:00 чамасында болгон. 1999-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Абдурасулов Жума топ балдар менен мушташа кеткен. Балдар аны бычактап салышып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 14-октябрь күнү таңкы саат 07:30да алган жаратынан улам ооруканада каза болгон. Маркумдун сөөгүн үйүнө жөнөтүүгө документтер даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Окуя боюнча Москванын Кузьмин район аралык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, адам өлүмүнө шектүү ...

0 1076

ВИДЕО: Түркиядан мекенине келе албай жаткан кыргыздар. «Фиеста сервис» компаниясы эмне дейт?

Видео 16-октябрь 2018, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Түркияга иштегени барып, кайра Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан жарандардын туугандары жардам сурап April.kg порталына кайрылышты. Алардын айтымында, «Фиеста сервис» компаниясы аркылуу түрк отелине жумушка орношкон 46 адам 6 ай иштегенден кийин кетүүгө акчасы же билети жок отуруп калышкан. «Антальянын Кемер шаарындагы Авангард резорт отелине жумушка орноштурган «Фиеста сервис» компаниясы буларды алдап кетти. Элчиликке кайрылышса, көңүл да бурушпаптыр. Биздин жарандар жардамга муктаж», -деп жазышат ...

0 1842

Чыңгыз Анарбек уулу бошотулду

12-октябрь 2018, 09:54 Кызгалдак Жакыпова

Чыңгыз Анарбек уулу сот залынан бошотулду. Россия федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ( Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козголуп, Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка кесүү менен,айлык маянасынан 15% кармалып, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты. Эске сала кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда кырсыкка кабылып ...

12-октябрь 2018, 09:54 | 1842
0 1790

Мейманканада кыргыз аял зордуктоого аракет кылган зөөкүрдөн качып кетти

08-октябрь 2018, 13:16 Кызгалдак Жакыпова

Москва шаарында 32 жаштагы адам кыргызстандык аялды зордуктоого аракет жасаган. Бул тууралуу россиялык ЖМК жазып чыгышты. Учурда укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын аныктап, кылмыш ишин козгоо маселесин чечип жатат. Маалыматтарга караганда 32 жаштагы эркек адам Москванын мейманканаларынан бөлмө тазалап жүргөн Кыргызстандык аялга тийишип жыныстык катнашка баруу үчүн акча сунуштаган. Зордуктоого аракет кылган зөөкүрдөн аял качып, ал бөлмөдөн чыгып кеткен. Булак: NazarNews.kg  

0 1073

Орусияда алты айда 132 миңдей кыргызстандык ишке расмий орношту

05-октябрь 2018, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына январь-июнь айларында 132 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын аймагында расмий ишке орношкону тууралуу маалымдама жөнөтүлгөн. Ошол эле маалда 161 миңдей жаран чек арада Орусияга келишинин максатын "иш" деп белгилеген. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышева билдирди. Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары боюнча эмгек мигранттары жумушка орношкон соң жумуш берүүчү же жеке өзү Миграция башкармалыгынын бөлүмдөрүнө түзүлгөн ...

0 2481

Тоюңар тойгозду миңдеген мигранттарды...

05-октябрь 2018, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанга жылына миллиондогон акча тышкы мигранттардан келип түшөт.  Тилекке каршы, ал акчалар сарамжалдуу пайдаланылбай, бир тобу кредитке төлөнсө, калганы тойлорго короп жатат. Төмөндө дагы бир мигрант жашоосунан алынган окуяны Ысманов Чынгыз аттуу колдонуучу фейсбук баракчасына жазып чыккан: Той! Квартирада бир жаш үй бүлө менен кошо турабыз. Кече кечинде үйдө тополоң болуп жатыптыр түнү саат бирлер чамасында үйгө кирсем. Чынында жиндендим кыйды-пычак уруш талашты көрүп, биринчиден менин кичинекей ...

0 7226

«Кыргыз сутенёрдон түрк кардарым куткарды»

04-октябрь 2018, 18:23 Перизат Кутманалиева

Түркиянын чыгышында жайгашкан Ыгдыр аймагында кулчулуктан качып чыккан үч кыргызстандык кыз учурда жергиликтүү элдин үйлөрүндө баш калкалап жүрөт. Алар «ресторанда официант болуп иштейсиңер» деген куру сөзгө ишенип келип сойкулукка сатылып кетишкен. Маектешим менен сөз баштаганда эле өз атын өзгөртүүмдү өтүндү. Андыктан аны Чынара деп атап коёлу. Бир канча жолу телефон менен сүйлөшкөндөн кийин гана маек берүүгө макул болду. - Москвада ашпозчу болуп бир жыл ...

0 1377

Түркияда кыргыз жараны уурулукка шектелип кармалды

26-сентябрь 2018, 19:47 Кызгалдак Жакыпова

Түркияда кыргызстандык жаран уурулукка шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ihlas" кабар агенттиги 26-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын үч жараны Анталия шаарынын Манавгат районунда жайгашкан соода борборундагы дүкөндөн кийим уурдап бараткан жеринен колго түшкөн. "Кыргызстандык Э.К, Д.Д жана А.К дүкөндө сатылып жаткан кийимдердин коопсуздук магниттерин кесип, баштыктарына салып баратканда дүкөндүн кызматкерлерине кармалганы" деп айтылат кабарда. Анталия шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөсүнөн кийин А.К ...

0 765

Түркияда эмгек мигранттарына байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынды

19-сентябрь 2018, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

Түрк бийлиги үй кызматында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Жаңы эрежеге ылайык, иш берүүчү түрк үй-бүлө жергиликтүү социалдык камсыздандыруу мекемесине арыз менен кайрылышы шарт деп "Азаттыкка" билдирди. Түркиянын Социалдык фондунун чечими менен үй кызматтарында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын ар ай сайын 700 лира (110 доллар) социалдык камсыздандыруу төлөмү өкмөт тарабынан төлөнөт. Мыйзамга ылайык чет өлкөлүк ...

0 904

Полициячыга кол салууга айыпталып эки кыргызстандык кармалды

18-сентябрь 2018, 17:54 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Калуга облусунун Тергөө комитети Малоярославец шаарында эки кыргыз жараны полиция кызматкерине кол салууга айыпталып камакка алынганын "Азаттык" маалымдады. Расмий кабарга ылайык, экөө Малоярославецтеги кафеде ашпозчу болуп иштешкен. Алар 16-сентябрь түнү унаанын жарыгын күйгүзбөй айдап баратканда тартип сакчысы токтоткон. Документтери жанында болбогондуктан, жашаган батирине чейин коштоп барган полиция кызматкерине подъезде кол салышканы баяндалат билдирүүдө. Суракта бирөө мындай жол менен административдик жоопкерчиликтен качып ...

0 13219

Түркияда кыргыз сойку кыздары кармалды

17-сентябрь 2018, 16:20 Кызгалдак Жакыпова

Түркияда сойкулук үчүн көмүскө жай уюштурган деген шек менен 14 адам кармалды. Алар кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашканын Haberler басылмасы жазып чыкты. Полиция кызматкерлери Анталия жана Манавгат шаарларында шектүүлөрдү кармоо операциясын жарыялаган. Анталияда 9 шектүү — 3 аял киши жана 6 эркек адам кармалды. Ал эми экинчи шаарда азербейжандык З.Севкозиева жана Г.Мамажанова мейманканалардын биринин ээси менен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83