www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим
0 132

Каныбек Исаков: Инклюзивдүү билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат

06-декабрь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

5-декабрда Билим берүү министрлигинде Каныбек Исаков менен тармагынын өкүлдөрү жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин ...

0 114

Сузак: Базар-Коргон милициясы тарабынан мектептерде түшүндүрүү иштери улантылууда

06-декабрь 2019, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Сузакта мекемелер аралык түзүлгөн пландын негизинде РИИБдин кызматкерлеринин катышуусу менен мектеп окуучуларына туура багыт берүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-2020-окуу жылында район аймагындагы мектептерде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар графиктин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул жыйындарга жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, имамдар катышууда. Жашы жете электер менен ...

0 250

Кыргызстандык мугалимдер командасы эл аралык сынакта биринчи орунду алышты

05-декабрь 2019, 15:27 Бакыт Молдалиев

Казакстанда өткөн математика, физика жана информатика мугалимдери арасында VII эл аралык сынакта кыргызстандык мугалимдер командасы биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Конкурска Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы “Келечек MIT” жана №28 мектептин мугалимдери - Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышты. Кыргызстан командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай чогултуп, биринчи орунга ээ болушту. Эл аралык чыгармачылык сынагы “Казакстандын математика мугалимдеринин ...

0 172

Билим берүү тармагы боюнча кыргыз-немис кызматташтыгы бекемделет

05-декабрь 2019, 12:09 Айдар Нуралиев

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Германиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  Жолугушууда Моника Иверсен Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин билдирип, айрым маселелерге токтолду.  Элчи айым Исхак Раззаков ...

0 178

Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу маселелери талкууланды

05-декабрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Бишкекте “Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, иш чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттер, күч органдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

0 342

Окуучулардын кышкы каникулунун убактысы айтылды

05-декабрь 2019, 07:55 Бакыт Молдалиев

2019-2020-жылдын базистик окуу планына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 30-декабрдан башталып, 11-январга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, окуу жүктөмү беш күндүк жалпы билим берүү уюмдарына сабактар дүйшөмбү, 13-январдан башталса, мектеп-гимназиялардын окуучулары 11-январь күнү окууга барышат. Булак: NazarNews.kg  

0 105

Күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсү иштелип, алгач ирет коомдук талкууга коюлат

03-декабрь 2019, 14:32 Кызгалдак Жакыпова

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларынын билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин үлгүсүн иштеп чыгып, аны коомчулуктун назарына сунуштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн 20 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана Билим берүү ...

0 192

Укук коргоочу Рита Карасартова жаңы кызматка дайындалды

03-декабрь 2019, 12:53 Айдар Нуралиев

Баштапкы Башталгыч кесиптик билим берүү агентигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ааталган Агенттиктин буга чейинки директору Таалайбек Чолпонкулов өз калоосу менен кызматтан кетти. Ал агенттикте 2009-жылдан баштап иштеп келген. Бүгүн, 3-декабрда Билим берүү жана или министри Каныбек Исаков Башталгыч кесиптик билим берүү агентттиктин кызматкерлерине жаңы директору менен тааныштырды. Министр Чолпонкуловго буга чейинки ...

0 219

Он миң мугалим беш предмет боюнча жаңы билим берүү стандарттарын үйрөнөт

02-декабрь 2019, 12:58 Айдар Нуралиев

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын техникалык жардамы менен 7-11-класстын мугалимдерин математика, физика, химия, биология жана география предметтери боюнча жаңы билим берүү стандарттарын окутуп жатат. Өлкө боюнча жалпы 10 000 педагогду окутуу пландалган. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери үчүн уюштурулган “Пландаштыруу, башкаруу жана сектордун иш-аракетинин дареметин арттыруу” семинарында айтылды.  Министр Каныбек Исаков семинарда талкуулай турган ...

0 228

ВИДЕО – Абайла МАИ турат! Жолдогу МАИнин унаасы айдоочуларды МАТ кылууда

Видео 29-ноябрь 2019, 11:58 Алтын Булат

Айдоочу түн ортосунда жол жээгинде турган патрулдук экипаждын унаасын алыстан көрүп, ылдамдыгын жайлатты. Качан жакындатканда гана алданып калганын сезди. Тагыраагы бул видеодо байкалгандай, ыраактан реалдуу көрүнгөн патрулдук полициянын унаасы, реалдуудай жасалган “муляж” болуп чыккан. Айтылгандарга караганда, бул макет Казакстандын кайсы бир аймагында орнотулган. Булак: NazarNews.kg

0 237

Кыргызстанда канча казак студенти окуйт?

28-ноябрь 2019, 11:12 Айдар Нуралиев

Болжол менен миңге жакын кыргыз студенттери Казакстанда окушса, Кыргызстанда 2 миңге жакын казак студенттери окушат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда билдирди. Ал белгилегендей,  мамлекеттик иш сапарында кыргызстандык студенттер менен казакстандык студенттерди окутуу жаатында дагы кызматташууга кол коюлган. Эске салсак, 27-ноябрь күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген. Ал эми ...

0 793

18 миң жашка толгон күчүк табылды

27-ноябрь 2019, 17:12 Кызгалдак Жакыпова

Швециянын илимий кызматкерлери болжол менен  18 миң жыл жерде жаткан күчүктү табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, күчүк 2018-жылы жай айларында Сибирь аймагындагы “түбөлүк тоң” зонасын казуу учурунда табылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин адистер эч кимге маалымат бербей, зарыл болгон илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.  Күчүк көп жылдан бери жерде жатканына карабастан, өзүнүн формасын сактап калган. Анын сөөктөрү ...

0 212

ВИДЕО – Эки миң дрон оор жүк ташуучу унааны асманга көтөрүп кетти

Видео 26-ноябрь 2019, 14:03 Алтын Булат

Болжолдуу салмагы13 тоннадан 15 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унааны бир канчалаган дрон көтөрүп учуруп кетти. Көпчүлүк буга таң калышканын жашырбайт. Бул тууралуу NazarNews.kg агенттиги кызыгып көрүп, швециялык Scania компаниясынын жарнамалык ролиги экенине ынанды. Тагыраагы, экинчи видеодон автобус жана оор жүк чыгаруучу аталган компаниянын жарнамалык ролигин көрүүгө болот. Ал атайын компьютердик графиканын жардамы менен шөкөттөлгөн. Муну швед компаниясы тыгында ...

0 166

ВИДЕО - Келечекке алып барчу жаркырак жол чийин пайда болду

Видео 26-ноябрь 2019, 13:01 Алтын Булат

Кечки кан жол. Сыртта коюу караңгылык, ошентсе дагы машинанын жарыгына чагылышкан жол чийиндери тээ алыс жактагы ийри-буйру, чукул кеткен багыттарды даана көргөзүп турат. Мына ушундай көрүнүштү даңазалаган маалыматта айтылгандай, Орусиянын Воронеж областы бир кылым алдыга озуп кетти. Тагыраагы, ал жакка каттагандар Москва 2019-жылды башынан өткөрүп жаткан учурда, жомоктогудай өнүккөн Воронеж шаары 2119-жылда жашап жатканын кыйытышат. Булак: NazarNews.kg

0 501

Аскар Салымбеков жеке университетин ачты

26-ноябрь 2019, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

Ишкер Аскар Салымбеков Бишкекте жеке жогорку окуу жайын ачты. Бул тууралуу маалыматты “Дордой” бирикмеси өзүнүн сайтына жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, жаңы жогорку окуу жайы “Салымбеков Университет” деп аталат. Окуу жай Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан. Университетте окуу мурун эле башталган, бирок анын ачылышы кечээ, 25-ноябрда болду.  Учурда университетте бир эле медициналык факультет бар. Университеттин Facebook барачасында жарыялангандай факультетте окуу баасы ...

0 187

Депутат Бекешев студенттерди момпосуй берип алдады. Момпосуй эмне деп аталарын билесизби?

26-ноябрь 2019, 10:09 Алтын Булат

Парламенттеги эл өкүлдөрүнүн бири Дастан Бекешев да шайлоого эртелеп даярдык көрө баштады. Ал кийинки убакта ойго келбеген жоруктары менен көпчүлүктү таң калтырып келе жатат. Буга чейин баңгизат сатып алмакчы болуп, бирок алданып калганын Ютубка жүктөгөн видеосунда айтып берген. Эми кечээ болсо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерине “Сор жана кол кой” («Пососи и подпишись») деген момпосуй тараткан экен. Аны андагы студенттердин ...

0 267

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизет

25-ноябрь 2019, 11:51 Бакыт Молдалиев

Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Ысык-Көл (Жунуш уулу Жапар орто мектеби) жана Нарын облусундагы (Нинакан Жүндүбаева атындагы-мектеп гимназиясы) эки мектептин 8-классынын окуучулары үчүн химия сабагы онлайн түрүндө өтүлдү. "Заттын саны. Авогадро закону" темасындагы химия сабагын Бишкектеги Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Закия Жээналиева өттү. Жаңыча ыкмадагы сабакты Билим берүү жана илим ...

0 170

Көп балалуу ата-энелерге жеңилдиктер бар. Бул тууралуу министрликтер да билбейт, сиз билесизби?

25-ноябрь 2019, 10:59 Айдар Нуралиев

Мыйзам бир жарым жыл мурун кабыл алынган, бирок иштеп баштаганы белгисиз. Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Эгерде мектепке чейинки, мектеп курагындагы, орто же жогорку окуу жайында окуган, 24 жашка чыга элек үч жана ...

0 202

ВИДЕО – Илон Масктын “шедевр” автоунаасы краш-тесттен өтпөй калды

Видео 23-ноябрь 2019, 09:32 Алтын Булат

Америкалык ойлоп табуучу, миллиардер Илон Маск жаңы ок өтпөс электрунаасын сынактан өткөрдү.      Көрүнүшү жаман эмес. Ал тургай өзгөчө дизайнда. Мындай унаа кеминде 290 миң АКШ доллары болору айтылууда. Бирок, бул унаа темир шарга туруштук бере алган ...

0 354

“Хаббл” телескобу спиралдык галактиканын сүрөтүн жарыялады

22-ноябрь 2019, 16:12 Айдар Нуралиев

Европа космостук агенттиги “Хаббл” космостук телескобу тарабынан тартылган жаңы фотону жарыялады. Сүрөттө NGC 772 спиралдык галактикасы чагылдырылган. Сүрөткө караганда, бул галактика биздин галактикага – Саманчынын жолуна аябай окшош. Аталган агенттиктин маалыматына караганда, эки галактиканын тең бир нечеден спутниктери – аларга гравитациясы байланышкан жакын жайгашкан өтө чоң эмес галактикалары бар. Булак: NazarNews.kg

0 191

Орус танктары көчө согушуна ыңгайлаштырылат

22-ноябрь 2019, 14:09 Алтын Булат

2019-жылдын аягына чейин Орусияда автоунаалардын жана ок өтпөс техникалардын 15 түрү пайда болот. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирген. Ал эми Башкы бронетехникалык башкармалыктын жетекчиси Сергей Бабик 2020-жылга карата орусиялык ок өтпөс техникалардын көчө согушуна ыңгайлаштырылган атайын топтомун чыгаруу каралып жатканын айткан. Бабиктин билдирүүсүнө ылайык, мында куралдуу кагылыштар учурунда жаралган ыңгайсыздыктар эске алынган. Ошондуктан танктардын жана аскер машиналарынын заманбап ...

0 370

Телеграмдын түзүүчүсү Ватсапты өчүргүлө дейт

22-ноябрь 2019, 12:28 Алтын Булат

Ватсап өзүнүн колдонуучуларынын билдирүүлөрүн коргобой турганын айткан Телеграмдын түзүүчүсү Павел Дуров жеке каналы аркылуу кайрылуу жасады. Анда ал аталган тиркемени тезинен өчүрүп салууга дагы чакырык таштаган. “Бул сунуштаманын начар жагы – жеке маалыматтарды хакерлер жана мамлекеттик мекемелер үчүн ачык калтырганында. Хакерлер болгону видео жиберүү менен сиздин баардык маалыматыңызды ала алат. Эгер сүрөт жана билдирүүлөрүңүздүн бир күнү коомчулукка таркап кетишин ...

0 245

Мыйзамда көп балалуу ата-энелерге жеңилдиктер каралган. Бул тууралуу министрликтер да билбейт экен, сиз билесизби?

21-ноябрь 2019, 15:57 Айдар Нуралиев

Мыйзам бир жарым жыл мурун кабыл алынган, бирок иштеп баштаганы белгисиз. Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Эгерде мектепке чейинки, мектеп курагындагы, орто же жогорку окуу жайында окуган, 24 жашка чыга элек үч жана ...

0 255

Карыпбековдун ичи күйүп жатабы? Ал КТРКны жабуу керек деп калыптыр

20-ноябрь 2019, 15:41 Алтын Булат

Бир кездери “медиа” тармагы боюнча сайрап жүрүп, атамбаевдик бийликке жагып КТРК деген “кара жашиктин” “жүгүн көтөргөн” тапан бар Илим Карыпбеков деген. Мына ошол учурунда чаң жугузбай келген тармагын эми “жабыш керек” деп калыптыр. Ал муну эки күн мурун, тагыраагы 18-ноябрда Твиттердеги баракчасына жазып чыгыптыр. Эми муну кандай түшүнсө болот?.. Албетте, кеткен катын мурдагы ...

0 210

ФОТО - КР ТИМ Башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясынын ишине катышууда

18-ноябрь 2019, 18:26 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 12-27-ноябрында Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясы өтүүдө. Сессияда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышууда. Ошондой эле кыргыз делегациясынын курамына КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Жооптуу катчысы Сабира Солтонгельдиева, КР маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана ЮНЕСКОнун КРдагы ассоциацияланган мектептеринин өкүлдөрү кирет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма ...

0 889

СҮРӨТ - Инка уруусу балдарын музга катырып салышкан

16-ноябрь 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Окумуштуулар инка уруусунун 3 баласынын жакшы сакталып калган сөөгүн изилдеп чыгышып, алар өлүм алдында спирт ичимдиктерин ичип, баңги зат колдонушкан деген бүтүмгө келишкен.  Балдардын сөөгү жакшы сакталып калган. Алардын сөөгү Аргентина менен Чилинин чек арасына жакын жердеги тоолуу райондордо тоңуп калган абалда табылган. Айрым маалыматтар боюнча Анды тоо кыркасында капакоча жөрөлгөсүнө ылайык ушул балдар курмандыкка чалынышкан. Бирок ошентсе да, ...

0 305

Кофе курсактагы балага өтө зыяндуу

16-ноябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Кош бойлуу кезде кофе ичкенге болбойт. Бул тууралуу АКШнын улуттук институтунун окумуштуулары изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып жарыялашты. Окумуштуулар боюнан түшкөн 1200 аялга  эксперимент жүргүзүшкөн. Изилдөөдө аялдардын канынын курамында  кофеиндин саны көбөйүп кеткендигин байкашкан. Эксперттер кош бойлуу кездин баштапкы  8 жумалыгына чейин кофе ичүү өтө кооптуу экендигин билдиришкен. Кофеиндин ар бир 100 миллиграммы түйүлдүктү салмагынан 72 граммдан кемитип тураарын, мындан тышкары, ...

0 2075

Ат-Башы "Лошадиная Голова" деп которулабы? Билим берүү министрлиги кайда жүрөт?

16-ноябрь 2019, 14:35 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Кыргызстандын орус мектептериндеги 4-класстагы Природоведение (жаратылыш таануу) сабагынын китеби кызуу талкууланып жатат. Тактап айтканда, китептеги жер-суунун аттарын кыргызчага котор деген тапшырма. Ошондо окуучулар Сары-Жазды - Желтая Весна, Жаман-Сууну - Грязная Вода, Чычканды - Мышка, Ат-Башыны - Лошадиная Голова деп которобу деп элдин башы маң. Ау, Билим берүү министрлиги, кылбаганыңар ушул эле калды беле? Булак: NazarNews.kg

0 338

9 жаштагы бала жогорку окуу жайын аяктап жатат

16-ноябрь 2019, 13:42 Кызгалдак Жакыпова

Бельгияда жашаган 9 жаштагы Лоран Симонс аттуу бала декабрь айында электротехник кесиби боюнча бакалавр болуп чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.  Маалыматка караганда, баланын окууну тез үйрөнүп, өздөштүргөнүн чоң атасы менен чоң энеси байкап калган. Мектепте мугалимдер ар кайсы класстардын сынай турган тесттерин берип сынап көрүшкөн. Ал берилген тесттердин баарын бешке тапшырган.  Азыркы тапта Симонс Эйндховен атындагы ...

0 323

Окумуштуулар эмне себептен наристелер ыктытаарын айтышты

13-ноябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Дем алуу ритми бузулганда баланын  баш мээсине сигнал жетип, наристе  ыктыта баштайт. Лондон университетинин окуумуштуулары Clinical Neurophysiology журналына изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жазып чыгышты. Ыктытуу баланын мээсинин иштешине жардам берет, ыктыткан учурунда бала дем алуу органдарынын үстүңкү жана астыңкы диафрагмасын башкарганга аракет кыла баштайт. Наристе төрөлгөндөн кийинки 30-жумадан 42-жумага чейинки убакта активдүү ыктытат. Кызыгы, энесинин ичинде жаткан бала тогуз айынан эле ...

0 150

ВИДЕО – Өлүп жок болгон делген жаныбар камерага түшүп калды

Видео 13-ноябрь 2019, 10:05 Айдар Нуралиев

Эми окумуштуулар жаныбардын бул түрү кайра ачылды деп жатышат. Окумуштуулар Вьетнамдын жунглисинен кичинекей ача туяктуу жаныбар – оленекту табышты. 30 жылдан бери бул жаныбарды биротоло жок болгон эсептеп келишкен. Вьетнамдык биологдор жергиликтүү тургундардан алар оленекторду бир нече жерден көргөнү тууралуу маалымат алышкан. Окумуштуулар өлкөнүн түштүгүндөгү токойлорго ондогон фотокапкан коюшуп, жыйынтыгында оленектор тартылган эки миңдей сүрөт алышкан. Оленектор түркүмүндөгү Tragulus ...

0 252

Дизайнерлер «тирүү» кийим ойлоп табышты

11-ноябрь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Дизайнер Йин Гао айланасындагыларга жооп кайтарып, бир учурда  кичирейип же чоңоюп, ар түрдү формага өзгөрүлүүчү «тирүү» кийим ойлоп тапты.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашкан. Маалыматка караганда, кооздук түрүндөгү майда камералар микрокомпьютер менен байланышып, түрдүү түстөгү өңдөрдү чыгарышат. Алар айлана чөйрөдө болуп жаткан нерселер жөнүндө маалымат чогулткан соң, силикон астындагы механизм ишке кирет. Ал ар түрдүү формаларга айланып, өңүн ...

0 218

Жарды ой же жаттама билим

09-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени ...

09-ноябрь 2019, 14:07 | 218
0 297

Жалал-Абад шаарынын окуучулары эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

08-ноябрь 2019, 16:35 Айдар Нуралиев

Түркиянын Анталья шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди. Маалыматка караганда, окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты. 1. Биология 2. Орус тили жана адабияты 3. Математика

0 184

Дрондор дары-дармек ташып башташты

08-ноябрь 2019, 11:28 Айдар Нуралиев

Дрондор тапшыртма берген кардарлардын үйүнө дары-дармек жеткирип бере баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. АКШда тапшырыктарды аба аркылуу жеткирип берүү башталды. Түндүк Каролинада биринчи жолу дрондун жардамы менен жеткирип берүү иши сынактан өткөрүлдү. Анда дарыканага тапшырык берген кардардын үйүнө учкучу жок эле жеткирилген дары 6 метр бийиктиктен үйдүн алдындагы газонго түшүрүлдү. Тажрыйба ийгиликтүү аяктап, кардар товарларын өз ...

0 92

«Росатом» 2024-жылы кванттык компьютер чыгарат

07-ноябрь 2019, 15:03 Алтын Булат

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кванттык компьютер иштеп чыгууда. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, беш жылга созулган долбоорго жалпысынан 24 миллиард рубль керектелет. Аталган корпорациянын башчысы Екатерина Солнцеванын айтымында, бул сумманын 13,3 миллиарды Орусиянын бюджетинен бөлүнөт. Ал эми калган 10,4 миллиардды «Росатомдун» жеке каражатынан жана башка компаниялардын каржылык колдоосунда ишке ашары күтүлүүдө. Ал эми корпорациянын кванттык компьютер долбоорунун жетекчиси Руслан Юнусовдун ...

0 253

ВИДЕО - Нанотехнология. Автоунаа айнегин тазалоочу жаңы ыкма табылды

Видео 06-ноябрь 2019, 12:10 Алтын Булат

Нөшөрлөп жааган жамгыр, жолдо кетип бара жаткан унаанын айнек тазалагычы жипке байланган. Жиптин экинчи учу каптал терезе аркылуу ичкери кирип, аны салондо олтурган жүргүнчү башкарып бара жатат. Мына ушундай жаңы ыкманы даңазалаган видео кайда качан тартылганы белгисиз. Бирок ал социалдык тармакта тарап, тапкычтардын талантына коомчулук жакшы пикир калтырышууда. Булак: NazarNews.kg   

0 1333

Өзгөндө өзбек тили мамлекеттик тилби?

29-октябрь 2019, 13:34 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Өзгөн шаарындагы №2 Ленин атындагы орто мектебинин кире беришинде өзбекче тактай илинип турганын талкуулап жатышат. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болсо, орус тили расмий тил деп эсептелет. Ошондуктан ушул эки тилде гана көрнөк-жарнактар жазылышы керек эле да. Эмне үчүн көрнөк өзбек тилинде жазылган деп башыбыз маң. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен жооп күтөбүз. Булак: NazarNews.kg

0 230

Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи ачылды

28-октябрь 2019, 13:01 Бакыт Молдалиев

26-октябрда Кыргыз өкмөтү, Американын Бард колледжи жана USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү жана окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланды. Анда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: "Бул колледж эң акыркы технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Айрыкча окуу аудиторияларынын, лабораториялардын кенендиги, жарыктыгы, эмеректердин жайгашуусу, түстөрдүн гаммасына ...

0 292

Улуттук университет кимдин уйкусун бузуп жатат?

26-октябрь 2019, 10:53 Айдар Нуралиев

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен бир канчалаган саясатчылар, академик-окумуштуулар, залкар инсандар билим алып чыккан. Куттуу окуу жайда кимдер гана жетекчилик кылган жок. Бирок азыркы тапта иштин көзүн билген Канат Садыков белчеге баткан дотациядан чыгаруу аракетин көрүүдө. Алсак жакынкы арада Индия мамлекети менен келишим түзүп, окуу жайга инвестиция тарткандыгы тууралуу маалымат чыкты. Бирок, бул кимдир бирөөлөрдүн түн уйкусун бузууда. ...

0 339

АУДИО - ВИДЕО - Ошто курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшү жарыяланды

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшүнүн видеосун жарыялады. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталат. Ишке берилген учурдан тарта аталган окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттер окутулат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын ...

0 162

Медициналык окуу жайлар казынадан миллиондорду кыңырып жатабы?

24-октябрь 2019, 11:53 Аман Аскаров

Кыргызстанда чет элдик жарандарга билим берген медициналык окуу жайлар салыкты жетиштүү түрдө төлөбөй жаткандыгын эл өкүлү Аида Исмаилова парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты. Анын маалыматы боюнча, бул багытта билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Айтсак, алардын бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Аны тактоо үчүн депутат Исмаилова мамлекеттик ...

0 276

Укуктук жактан өзүңүздү текшерип көрүңүз. Кимисиники туура?

24-октябрь 2019, 11:44 Алтын Булат

Юридикалык окуу жайлардын биринде мугалим студенттерге бир кемпирдин кошунасынын алма багы боюнча жазган арызын териштирип чыгууну сунуштады. Арызда: Кемпир чарбагын бөлүп турган дубалдын түбүнө жоогазын гүлүн өстүрөт. Ал эми анын ары жагында кошунасынын алма багы бар. Алманын кээ бир салаңдап өскөн бутактарындагы бышкан мөмөлөр гүлдү талкалап жататканы жөнүндө жазылат. Студенттердин ортосунда талкуу башталат. Айрымдары: "Алма кошунага тиешелүү болгондон кийин ...

0 339

ФОТО - "Сапат" эл аралык билим берүү борбору дагы бир чет өлкөлүк алдыңкы университет менен келишим түздү

24-октябрь 2019, 08:13 Бакыт Молдалиев

Ушул жылдын 22-октябрында Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Түштүк Кореянын алдыңкы Инха университети (Inha University ) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, эми аталган келишимдин негизинде "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат. Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү борбору окуучуларды сапаттуу окутуу боюнча өлкөнүн сап ...

0 281

Каныбек Осмоналиев: "Кыргызстанда убагында Жек Лондон сүрөттөп жазган "Алтын лихорадкасы" башталды!"

24-октябрь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Билим берүү тармагын ийне жибине чейин билген профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, билимди экспорттоонун оң жана терс жактары тууралуу "Майдан kg" гезитине маек курду. - Каныбек агай, акыркы мезгилде Кыргызстандан медицина тармагы боюнча билим алгандардын саны көбөйө баштады. Билимди экспорттоп, акча тапканыбыздын келечекте мамлекетке кедергиси тие турган терс жагы жокпу? - Билим берүү кызматын экспорттоо - бул ар кандай өлкөнүн ...

0 186

Мектеп фондусу мыйзамдаштырылабы?

23-октябрь 2019, 10:59 Алтын Булат

“Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуучу мыйзам бул”. Мына ушундай пикирин депутат Улукбек Ормонов парламентин бүгүнкү, 23-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында айтып чыкты. - Негизи керектүү мыйзам, бирок эртең мектепке барган балага айтышат, төккүн деп. Ушул нерсени алып келип азыр мына министр баш болуп мыйзамдаштырып жатасыңар. Өзүңөрдүн чыгарган буйругуңарга каршы келип жатат”, - деп Ормонов нааразы болду. Муну менен депутат мектептерде ...

0 587

Мугалимдердин айлыгын эсептөө эми автоматташтырылат

21-октябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Буга чейин борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө  жүргүзүп келген болсо, эми мугалимдердин айлык маянасын эсептөөдө автоматташтырылган бирдиктүү системага өтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүн эсе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз коротуу, каражатты ...

0 277

Башына коробка кийип тапшырган сынак талкууга алынууда

21-октябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Индиянын  колледждеринин  биринде  студенттерди башына коробка кийгиздирип экзамен  тапшыртышты. Бул тууралуу “The Times of India” басылмасы жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, студенттердин билимин текшергиси келген директор ушундай амалкөйлүккө барган. Ал эми  тапшырмаларды көрүү жана аны аткаруу үчүн  коробканын маңдайын  кесип коюшкан. Окуу жайдын директору бул жөн гана эксперимент болгондугун, эксперимент студенттердин каалоосу менен ишке ашкандыгын айткан. Ал эми Индия өкмөтү ...

0 394

Кыргызстанда канча мугалим бар экенин жана бир мугалимге канча окуучу туура келээрин билесизби?

19-октябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

2018-жылы республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы 1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат. 2018/2019-окуу жылынын ...

0 1239

Садык Алахан: "Себаттын" ою түз эмес экендигин башында эле билгем”

12-октябрь 2019, 15:18 Айдар Нуралиев

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору: “Себаттын» ою түз эмес экендигин башында эле билгем”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. --Садык агай, Сиз өмүр бою агартуу тармагында эмгектенип келатасыз. Ал эми Кыргызстан Эгемендүүлүккө жеткен алгачкы жылдары өлкөбүздүн билим берүү тармагына кирген “Себат”, азыркы Сапат” мектептеринин ордуна кандай баа бересиз? --Ар нерсе жөн жерден эле пайда болбойт да. 1990-жылдары коммунисттик идеологиянын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83