Бүгүн, 5-декабрда интернет айдыңында бир гана - "578 АСD" мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча автоунаанын сүрөттөрү жарыяланып, ал талкууга түштү. Андагылар сүрөттөгү автоунаанын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов экенин да жазышкан. Сүрөттөрдүн биринде Мамбетов делген айдоочунун жанындагы кыздын “мамагын” кармап бара жатканын да көрүүгө болот. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, ал кыз Мамбетовдун жумуштагы орун басары. Мамбетов ...
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адам борбордук милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы сүрөттөр менен бирге жарыялады. Бүгүн, 5-декабрда Ч. Айтматов проспектиси менен А.Масалиев атындагы көчөнүн кесилишинде ак түстөгү «Тойота Камри» жеңил автоунаасынын айдоочусу тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуянын видеосу интернетке тараган.
Ысык-Көлдө Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аркар аткан браконьер кармалды. Аны кармоо учурунда браконьер мамкызматкерлерге “атып салам” деп мылтык кезеген. Бул тууралуу 4-декабрда аталган агенттигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып, “Акиpress” интернет басылмасы окуянын видеосу менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Кызыл ...
Элибиздин белгилүү куудул-пародисти Талант Анарбаев мурунку президент Роза Отубаева менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун өз ара “сүйлөшүүсүн” жарыялады. Анда кеп негизинен феминалле, “айылдыктар” айланасында болот. Булак: NazarNews.kg
Мындай кырдаал Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев 3-декабрда шаардагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген №12-көмөкчү мектебиндеги жолугушууда жаралды. Видеодо көрүнүп тургандай, мэр сөз баштап баратып эле бир топко сүйлөй албай, көзүнө жаш алды. Анын абалын, өздөрүнүн уул-кыздарынын тагдырларын түшүнгөн ата-энелер да аргасыз ыйлашты. Жолугушууда шаар башчысы дени сак коом куруу үчүн спортко үндөп, ыңгайлуу шарттарды түзүү жергиликтүү бийликтин милдети экендигин айтып ...
Коомдук биринчи каналдын шоу дүйнөсүндөгү популярдуу саналган “Салам, Кыргызстан!” телеберүүсүнө ырчы жубайлар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова чакырылган. Көрсөтүүдө Нурландын келинчеги Асел Кадырбекова тележурналистке маек берип жатса, жанында Нурлан Насип башын жерге салып, бир топ убакытка шымынын түктөрүн тазалап турган учур тартылып калган. Бул көрүнүш соцтармактарга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты.
Бишкектеги троллейбустардын биринде жаш жигит андагы баардык жүргүнчүлөргө кайрылып, алардын көзүнчө сүйгөн кызынын колун сурады. Бул көрүнүш тартылган видео декабрь айынын биринчи күнү соцтармактарга тарады. Анда жигит жүргүнчүлөргө бул кыз менен туура бир жыл мурун дал ушул троллейбустун ичинде таанышканын айтып, “Мен сиздердин баардыңыздардын алдыңыздарда бул кызды бактылуу кылам деп сөз берем жана ...
Сокулукта жайгашкан «Рола» компаниясынын имаратынан чыккан коюу түтүн эч кандай фильтри жок түптүз эле көчөгө тынбай чыгып жатат. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундардын бири соцтармакка видеосу менен бирге жарыялады. Интернет колдонуучунун пикири боюнча, компания түтүн чыгуучу трубага фильтр улашы керек болчу. Ал ошону менен катар бул боюнча тийешелүү кызматтар бул көрүнүштү көзөмөлдөө керектигин баса белгилейт. Видео 30-ноябрь күнү тартылган.
Жогорку Кеңешке бийликчил КСДП партиясынын тизмеси аркылуу депутат болуп келген Дастан Бекешов парламентте өзүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоп, коррупция менен күрөшкөн саясатчы катары көрсөтүп келет. Бирок, турмуш чындыгында андай болбой чыкты. Бекешов мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргогонду мындай кой, тескерисинче, алар менен соттошуп, аларды ажырымдарга бөлүп келет. Ар дайым, Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ичинде интригаларды жаратып, аларды ...
1-декабрда белгисиз адамдар Алматы шаарындагы көчөлөрдүн бирине «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишти. Бул күн Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары белгиленип, дем алыш деп жарыяланган. Баннерди илүүгө эч ким жоопкерчилик алган жок, бирок оппозициялык топтордун бири Instagram баракчасына шаардагы адамдар өтчү көпүрөгө илинген жазуунун видеосун жарыялады. 2010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген ...
Кечээ, 1-декабрь күнү Ингушетияда өткөн күжүрмөн самбо (боевой самбо) боюнча өткөн турнир массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу маалыматты андагы турнирди көрүүгө баргандардын бири видеосу менен бирге Твиттерге жарыялады. “Ингушетияда самбо боюнча өтүп жаткан турнир учурунда коңшу Чеченстандан келген коноктор менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда массалык мушташ чыгып кетти. Мушташка баары – турнирге катышып жаткан спортсмендер, көрүүчүлөр, ...
Японияда жаңы ачылган ресторандын ашканасында ыйлап, күйөөсү менен сүйлөшүп жаткан кыргызстандык Аселдин видоесу интернетке тарады. Учурда Аселди дүйнө жүзү боюнча моралдык жактан жүздөгөн адамдар колдоп пикир жазышууда. Аселдин өзүнүн Твиттерге тараткан маалыматына ылайык, ал япониялык жолдошу экөө көптөн бери өздөрү жашаган Япониянын Фукукока шаарында ресторан ачууну кыялданып жүрүшкөн. Ал кыялдары ишке ачып, ресторан ачышкан. Тилекке каршы, баардык жакшы даярдыктарга, ...
Кечээ, 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн казактардын дүйнөлүк деңгээлдеги популярдуу ырчысы Димаш Кудайбергендин жеке концертинде ал биринчи ирет фанат-күйөрманы менен бирге дуэт ырдап чыкты. Бул тууралуу Казакстандын «Казинформ» мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, популярдуу артист менен индонезиялык Римар аттуу кыз Димаш мындан бир нече жыл мурун жазган “Унутулбас күн” аттуу ырды казак тилинде ырдашкан жана ал көрүүчүлөр тарабынан жакшы ...
Саймаити кайсы, кимдин акчалары тууралуу айткан? Далилдерди ким бурмалап жатат? Азыр чечмелейбиз... Көңүл буруп окуңуздар! “Азаттыктын” иликтөөсүндө биз Саймаити айткан “акчаларды адалдоо” жолу менен акча которуп турушканын бир нече кытай ишкерлердин моюндаганын көргөнбүз. Банктар аркылуу бир өлкөдөн экинчи өлкөгө акчаларды айдап, пайызына миллиондогон пайдаларды таап турушкан профессионалдарга эмне болду? Болбосо бул туурасында маркум Саймаити да анын Кыргызстан аркылуу акча которуу кызматынан ...
Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан аралаш мушташ боюнча “ACA 102” турниринде кыргызстандык “Золотой” каймана ысымы менен белгилүү мушкер Алтынбек Мамашев казактардын бирден-бир күчтүү мушкери саналган Гойти Дазаевге каршы чыгып, аны биринчи раундда эле нокаут менен утуп алды. Раунддун орто ченинде “Золотойдун” Гойтинин жаагына таамай соккон мушу аны жыгылууга аргасыз кылды жана анда бет талаштыра тепкен соккусу ...
Кадрда көрүнүп тургандай, там дээрлик күйүп бүтүп калган. Өрт өчүргүчтөр деле анча шашылбайт. Ал аңгыча катуу жарылуу болуп, жакын барып калган “боец” оттун жалыны менен кошо ыргыганын көрүүгө болот. Кызыгы мына ушундай, катуу жарылуудан, ошол өрт өчүрүү кызматкери аман калыптыр. Аны коопсуздук кийимдери сактап калганын, эч жери эч нерсе болбогонун ал өзү айтып берген. Булак: NazarNews.kg
Фильмдеги каармандардын бириникиндей костюм кийген белгисиз сырдуу кыз кайрадан интернетте пайда болду. Бул жолкусунда анын көчөдөгү үйсүз адамдарга тамак таратып жатканын көрүүгө болот. Аны менен катар “Супер кыз” видео аркылуу мекендештерге кайрылып, адамдардын ар дайым бири-бирине жардам берип туруусуна чакырды. Эскерте кетсек, бул “Супер кыз” буга чейин да ушул өңдүү кейипкер кийимчен таштандыларды чогултуп, тазалап жүргөн видеосу чыккан эле.
Бул тууралуу коомдук ишмер, мурунку депутат, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” “Эки бир” бөрүүсүндө билдирди. Берүүдө сөз негизинен Бажы кызматындагы коррупция схемасы менен Кыргызстандан мыйзамсыз чыккан 700 млн доллар тууралуу болгон. Берүү учурунда Ташиев айрым ММКларды Матраимовду жөнсүз каралоону токтотууга чакырды жана аны бүткүл өлкөгө “монстр” кылып көрсөтпөөнү айтты. -Раим Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес, эң ...
Бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутат Бактыбек Райимкуловду таза суу, мамлекеттик мүлк ж.б. бир катар маселелер кызыктырды. Кызыгы өкмөттүн өкүлдөрү эл өкүлүнүн суроолоруна түшүнбөй жатыштыбы же укпай калып жатыштыбы, айтор, бир суроону кайра-кайра кайталап турууга туура келди. Бул учурда депутатка берилген 3 минуталык убакыт дагы өтүп кетти. Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында, 3 мүнөттөн сүйлөө регламенти кабыл алынган. ...
Социалдык тармактарда аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча деген кине менен кармалып, эки айга тергөө абагына камалган «БеспределKG»нин ээси Автандил Жоробеков тууралуу кызыктуу видеомаалымат ошол эле аккаунтка жүктөлдү. Дегеле Автандил Жоробеков ким өзү?
Чек арадан баш-аягы 22 жашыл маймыл кармалды. Маалыматта айтылгандай, орус бажы кызматкерлери жеңил унааны текшергенде анын багажындагы себеттерде жашыл мартышкалар болгон. Учурда маймылдар зоопаркка жайгаштырылган. Мындай жашыл өңдөгү мартышкалардын көмүскө рыноктогу баасына NazarNews.kg агентиги кызыгып көрүп, ар бири орто эсеп менен 160 миң орус акчасына бааланарын билди. Булак: NazarNews.kg
Социалдык тармактарда аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына камалган «БеспределKG»нин ээси Автандил Жоробековдун бир тууган карындашы Чынара Темирова өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу бийликке, Өмүрбек Текебаевге, өкмөттүк эмес уюмдарга, дегеле жалпы коомчулукка видеокайрылуу жасады. Эжесинин маалыматына ылайык, 1984-жылы туулган Автандил Жоробеков чындыгында «БеспределKG» паблигинин администратору. Белгилей кетсек, 24-ноябрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы ...
Ашхабад шаарынын мэри Шамухаммет Дурдылыев калаанын борборуна орнотула турган алабай айкелинин жаңы вариантын көрсөттү. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы жазды. Басылманын маалыматына караганда, президент Гурбангулы Бердымухамедов айкелдин жаңы вариантын жактырды. Долбоорго ылайык, эстелик турган постаменттин кеңдиги 36 метрди, бийиктиги тогуз метрди түзүп, ага алтын тамгалар менен Turkmen Alabayy деген жазуу түшүрүлөт. Алабайдын өзү алты метр болот. Расмий ...
Албаниядагы жер титирөөнүн кесепетинен бери дегенде 20 киши өлдү, жүздөгөн адам жабыркады. Бул тууралуу AFP агенттиги өлкөнүн Коопсуздук министрлигине таянуу менен билдирди. Күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу өлкө борбору Тиранадан 30 чакырым аралыкта катталды. Тирана жана Дуррес шаарларында имараттар талкаланды. Куткаруу иштери уланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 600дөн кем эмес киши жабыркады, аларга жардам көрсөтүлүүдө. Тогуз ...
Болжолдуу салмагы13 тоннадан 15 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унааны бир канчалаган дрон көтөрүп учуруп кетти. Көпчүлүк буга таң калышканын жашырбайт. Бул тууралуу NazarNews.kg агенттиги кызыгып көрүп, швециялык Scania компаниясынын жарнамалык ролиги экенине ынанды. Тагыраагы, экинчи видеодон автобус жана оор жүк чыгаруучу аталган компаниянын жарнамалык ролигин көрүүгө болот. Ал атайын компьютердик графиканын жардамы менен шөкөттөлгөн. Муну швед компаниясы тыгында ...
Саясаттагы “бульдозер” каймана ысымы бар, экс-депутат, мурунку Башкы прокурор, айтылуу Азимбек Бекназаров “NazarNews” маалымат агенттигине кеңири видеомаек берди. Маекте учурда өлкөдөгү саясий кырдаал, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы тирешинин негизги себептери, Раим Матраимов жана 700 млн доллар айланасындагы талаш-тартыш, коррупция, ошондой эле эл арасындагы эрте жаздагы саясий толкундоо, бүгүнкү митинг тууралуу суроолорго кенен-кесири жооп берди.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-ноябрда өткөн Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Улуттук госпиталдын алдында нейрохирургиялык борбор салууга Кувейт өкмөтү тарабынан берилчү 21 миллион доллар каражат кечиктирилип жатканы үчүн өкмөттү сынга алды. Анын айтымында, Кувейт тарап долбоорду ишке ашырууга жардам берүү аракетинде жүрсө, маселенин баары Кыргыз өкмөтүндө болуп жатат. “Долбоор башталыш керек болгонуна үч жыл болду. Ошол учурдан ...
Кылмышты кантип кылганын көрсөтүп жаткан адам, капыстан колундагы бычагы менен полицияны карай тап берди. Бул адам эмне максатта мындай кадамга барганы белгисиз. Балким окуянын сүрөттөлүшү ушундай болгон чыгар. Мына ошону тартип сакчыларга көргөзмөкчү болсо керек. Эмнеси болсо дагы кылмыш ишти тергөө учурунда дагы бир кылмыш жасалып калды! Булак: NazarNews.kg
“Мени коркутам дебегиле. Коркпойм экинчи!”. Социалдык тармактардын биринде түз эфирге чыккан "кыргыз Тайсону" каймана аттуу мушкер Канат Келдибеков реалдуу жашоодо, күнүнө жүз сом тапкандар деле үй бүлөсүн багып жатканын айтып кыжынып алды. Ошол эле учурда ал мамлекеттин акчасын самандай сапырган чиновниктерди элге жардам берүүгө чакырды. Айтымында, учурда нанга жетпей кыйналгандар толтура. Чынында эмоцияга алдырган бул мушкер айта турган оюн толук ...
Кыймыл, “Гам-Гам Стайл” оруча вариантында. А бирок музыка тапткыр ага коошпойт. Ошондой болсо дагы, Телеграм каналдардын биринде пайда болгон бул тасмадагы кастюмчан адам, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Бул тууралуу маалыматта айтылгандай, бийлеп жаткан адам Орусиянын Оренбург облусттундагы “Кол өнөрчүлөр палатасынын” төрагасы Евгений Ларин. Ал кайсы бир илимий иш-чаранын маданий бөлүгүн шаңга бөлөгөнү айтылууда. Булак: NazarNews.kg
Америкалык ойлоп табуучу, миллиардер Илон Маск жаңы ок өтпөс электрунаасын сынактан өткөрдү. Көрүнүшү жаман эмес. Ал тургай өзгөчө дизайнда. Мындай унаа кеминде 290 миң АКШ доллары болору айтылууда. Бирок, бул унаа темир шарга туруштук бере алган ...
Бул видеодо Дагестандын тартип сакчылары алтын балык кармаганы айтылат. Анда айтылгандай, амалкөйлөр арзан калай, темир-тезектерди баалуу буюмдарга айлантып, ага кадимкидей проба басып, кымбат баада сатып турушкан. Тинтүү учурунда жасалма ювелирдик буюмдардан сырткары, мамлекеттик белгиси бар эн басуучу клише табылган. Мындай эмгеги үчүн эми бул баалуу “алдамчылар” Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин негизинде 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сыйлыгына ээ болушу ...
Тасманын 10:44 мүнөтүндө, тартип сакчылардын көз алдында кийинип жаткан абышка ычкырын беките албай көпкө убара тартты. Анда айтылган маалыматтарга ылайык, бул 1940-жылы туулган тажикстандык элдик табып Уктам Юсупов. Согдий облусунун Канибадам шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Юсуповду 35 жаштагы айымга сексуалдык ыдык көрсөтүү учурунда кармашкан. 79 жаштагы Уктам Юсуповдун диний билими жок. Бирок, жергиликтүүлөрдүн ишенимине кирип, дуба жана куранды колдонуп ...
Мектептеги балдарды жалгыз медайым эмдегени үчүн акча чогултканын айтып жаткан кенже класстын окуучу кызы ыйлап дагы жиберди. Ютубга чыккан бул тасмада Жогорку Кеңештин депутаттары дагы залда олтурушат. Алар кыз чыркырап жатканда жер тиктегендерин көрүүгө болот. Депутат Жанар Акаев бул тууралуу БУУнун экологиялык жыйынында Швециялык Гретта Тумбергди мисалга тартып, ал дүйнө элдерин жер каратса, кыргыз окуучусу эл өкүлдөрүн жер каратканын ...
Сапырылган сары чачтуу, өзгөчө стилдеги АКШ президентинин чачы кийме экенин билчү белеңиз. Телеграм-каналдардын биринде пайда болгон бул видеодо Дональд Трамп кайсы бир курулуш объектисинин жанында сүйлөп жатат. Ал аңгыча шамал анын чачын жулуп кетти. “NazarNews.kg” маалымат агенттиги бул видеонун изи менен кызыгып иликтеп чыгып, тасма абдан дыкат шөкөттөлгөнүнө күбө болду. Аны биринчи жана ...
Учурда социалдык тармактарда Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуялар күтүүсүз багытка бурулуп, ЖКнын "Бир Бол" фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов (Душка) менен маркум Айеркен Саймаити Ош шаарындагы чайканалардын бириндеги чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратты. Аны менен бирге эле Саймаити, Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулаймановдор Ош шаарында бир топ жылдар чогуу иштешкен деп жазылганы менен "Азаттык" Саймаитинин бизнес ...
Күбөлөр тартып калган фото сүрөттөгү чуңкурда буу чыгып жатканы байкалат. Анда айтылгандай унаа токтоп турган жер бир заматта урап түшүп, жер үстүндөгүлөрдү жомоктогу ажыдаар сымал оп тартып кеткен. Окуя бүгүн, 19-ноябрда Орусиянын Пенза шаарында катталган. Болжолдонгон маалымат боюнча кырсыктан жабыр тарткандар эки адам. Күбөлөрдүн билдирүүсүнө ылайык аңдын ичи толтура кайнак суу болгон. Унаа ичиндеги ал эки адам сыртка чыга ...
Топтошкон адамдар орус желеги орнотулган аскер техникасын карай отторду жана таштарды жаадырып жатышат. Унаа канчалык ок өтпөс болгону менен жөнөкөй адамдарга туруштук бере албады. Артка чегинүүгө аргасыз болду. Айтылган маалыматтарга ылайык, окуя кечээ, 18-ноябрда Сириянын түндүгүндөгү күрддөрдүн Кобани шаарына жакын жерде катталган. Анда Орусиянын аскер полициясы менен Түркия армиясынан турган колонна өтүп бара жаткан. Мына ошол учурда түрк аскерлери ...
Акыркы учурларда социалдык тармактарды ар кандай тасмалар тарап коомчулуктун үрөйүн учурууда. Алсак, кулагы чочконукуна окшош семиз койлор тууралуу тасма тарап, «Кытай кой менен чочкону аргындаштырып, Орто Азияга жиберип жатат. Бул койдун эти өтө кооптуу. Бул чочко менен аргындаштырылган койдон колбаса жасалып жатат. Мындай чочко менен аргындаштырылган койлор Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда. Жакындарыңарга жибергиле!», деген маалымат 3 мамлекетке тараган.
Мекеменин алдында эки эркек сүйлөшүп турат. Ал аңгыча алардын бири сумкасынан бычак алып маектешин көкүрөк тушка уруп, кулагынан тиштеп калды. Бактыга жараша жакын жерде адамдар арачалап калганга жетишти. Социалдык тармактарга тараган бул видео тууралуу айтылган маалыматтарга караганда, денесине бычак урулган адам Гонконгдун мыйзам чыгаруу кеңешинин депутаты Жуниус Хо. Ошол учурда бул депутат тарапташтары менен кезигип жаткан. Алардын арасында, колуна ...
Бишкекте №7 троллейбустун ичинде бир аял тамеки чегип жатканын күбө камерага тартып алган. Бул социалдык тармактарга тарап кеткен видео качан тартылганы белгисиз. Видеодо коомдук транспорттун ичинде орто жаштагы аял тамеки чегип жатканын, анан ал өзүн бир адам видеого тартып киргенде тамекисин сыртка таштап жиберип, тарткан жигит менен урушуп жатканын көрүүгө болот. “Эмне үчүн сиз тамеки чегип атасыз, айтсаңыз? Бул ...
Социалдык тармактарда куурчак, сүрөт жана башка буюмдарга кара дуба окутуп, мүрзөгө көөмп койгон деп айтылган видеолор тарап жатат. Кадр артындагы белгисиз адам өзбек тилинде бул буюмдар Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун жанындагы мүрзөдөн табылганын айтып жатат. Качан тартылганы, анын канчалык чындык экендиги белгисиз. Кадр артындагы ал адам көптөгөн куурчактарды, ийнелерди, ачкычтарды, ийне сайылган сүрөттөрдү казып чыгарган. Булак: NazarNews.kg
Кыргызстандагы Ички иштер министрлиги менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын ортосундагы маалыматтык тирешүү күчөп жатат. Кимиси кандай “косяк” кетирген билбейбиз, бирок, ортодо абдан чоң “салгылашуу” жүрүүдө. Дал ушул тирешүүдөн улам бүгүн, 2-ноябрда “Түрмө кызматкерин кылмышкерлер сабап салышты” деген темада видео тарады. Чын-бышыгы тууралуу албетте, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат берип коер... Айрым маалыматтар боюнча видео Жаңы-Жердеги №19-түрмөдө тартылган. Бирок, албетте, ...
Соцтармактарда Ош шаарынын кайгуул (мурунку МАИ) милициясынын кызматкерлери жетекчисин менен иш алдында шоопурлардан “акча сындыруу” планы, эгер ал аткарылбаса инспекторлор өз жанынан алдын ала акча бер турганы тууралуу видео тарады. Шумдугуң кур! Бирок, муну баарыбыз эле билебиз. Кашкар деген гана министр кашайып билбей-укпай жатат, Абылгазиевди го айтпасак да белгилүү. Ал азырынча эшектин тушоосун да чече албай ...
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аракети менен жана “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылыгы астында Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын башын бириктирген коом мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу министр Улукбек Кочкоров өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу маалымат таратты. - Мындан туура бир жыл мурда, мен жаңыдан министрлик кызматка келгенде Сокулуктагы жаш майыптардын башын бириктирген коомдун жашоо-шарты менен таанышкан элем. Энчиленген тагдырына ...
Бул 2000-жылдары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Япониянын Окинава аралында жайгашкан хан сарай. Анын тарыхына келсек, хан сарайды 500 жыл илгери Рюкю династиясы курганы белгилүү. Ушул маданий мурастын толук өрттөнүп кеткенин кадрдан көрүүгө болот. Андагы айтылган маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон жабыр тарткандар жок. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканы айтылууда. Булак: NazarNews.kg
Кыргызстандык Айпери Медет кызы Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчүлүктү багындырып, коло медалга татыды. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты видеосу менен бирге жарыялады. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында өткөн күрөш боюнча чемпионатта Айпери алгач италиялык Энрика Риналдини, андан соң канадалык балбан кыз Грейслин Дуганды утуп, жарым финалдык беттеште япониялык Юка Кагамиге упайдан алдырып жиберген. ...
Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы кызык жагдай тартылган видео тарап жатат. Анда шаар тургундарынын бири Медеров көчөсүндөгү (Панфилов көчөсүнүн кесилишине бир аз жетпей) бир үйдүн кире бериш жерине "зебра" - жөө адамдар өтчү белгини бир канча боёк менен, мээнет кетирип жол белги койгону көрсөтүлөт. Кызыгы, ал белги бир гана үйгө кирчү жолдо, эч кандай машине өтө турган жер эмес. ...
Өткөн-кеткендерге маалымат кагаздарын таратып, күркө ичинде жаштар менен катарлаш чоң эне олтурат. Кызыгы, бул видеодогу маалыматта кемпирдин курагы бир кылымдан ашык экени айтылууда. Анда айтылгандай, тасма АКШнын түштүгүндөгү ири штаттарынын бири Техаста өткөн жарманкелердин биринде тартылган. Жаш курагы боюнча рекорд койгон чоң эне элге, мекенине пайдасын тийгизгенден ырахат аларын айтууда. Эс алууну таптакыр каалабайт, тескерисинче иштегенди жактырат. Ошондуктан ага пенсия ...
Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Забайкальеде ушул айдын 25-октябрында Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн окуя боюнча түзүлгөн комиссия ал жоокердин аскер бөлүктөгү бир офицер менен жекече чатагы болгон деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу орустардын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок, комиссиянын документтери расмий жарыялана элек. Буга чейин ошол эле Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышы жоокердин ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!