www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият
0 161

Депутат Каныбек Иманалиев: “Кыргызстан дүйнөлүк эпосияданын борбору боло алат"

04-декабрь 2019, 18:59 Бакыт Молдалиев

“Манас” эпосунун өздүк күнүн белгилөө 4-декабрга туш келген. Анткени, дал ушул күнү улуттук эпосубуз ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине расмий катталган. Бул иште кыргыз парламентинин ролу зор. Депутаттар тарабынан “Манас” эпосун сактоо жана өнүктүрүү иштерине байланышкан руханий маданият менен улуттук идеологиянын чегиндеги мамлекеттик саясатты аныктаган мыйзам иштелип чыккан. Анын демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 4-декабрда “Парламент” радиосунун ...

0 376

Данияр, Айсалкын: Эки ай эмес, бир жумада деле сүйүп калса болот экен

04-декабрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

-Данияр, Айсалкын, куш бооңор бек болсун! Үй-бүлө куруп бир мамлекетти түптөдүңөр. Жар болуу кандай сезим экен? Данияр: — Чындыгында, үйлөнгөндөгү сезим концерт койгондогу, туулган күн өткөргөндөгү сезимдерден бөтөнчө экен. Учурда биз Куршабдабыз, жубайым ата-энеме кызмат кылып жатат. Кудай буюрса, Жаңы Жылдан соң Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров берген жолдомо менен Дубайга барып эс алып келүүнү пландап жатабыз. ...

0 203

Жээнбеков: “Келечекке тиешелүү маселелер эл менен ачык-айкын талкууланып кабыл алынган”

04-декабрь 2019, 13:53 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашып сөз сүйлөдү. «Урматтуу мекендештерим! Кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар. Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы — бул „Манас“ эпосу.

0 200

Билал Эрдоган:«Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы бар»

04-декабрь 2019, 13:45 Бакыт Молдалиев

Түрк Кеңешинин III Жаштар фестивалынын ачылышы Стамбулда болду. Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, Батыш маданиятынын тартуучулугу менен бирге алдоочу жагы болоорун жаштар тарабынан түшүнүлүшү керектигин айтты. Эрдоган Түрк Кеңеши тарабынан Стамбулда уюштурулган «Түрк Кеңешинин III Жаштар фестивалынын» ачылышында Түрк Дүйнөсү өлкөлөрүнүн учурда транспорт жагынан дагы каалаyган жерге жете электигин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы учак, жүк ташуу транспортун арттыруу ...

0 65

Бишкекте Манас күнүнө карата маданий иш-чаралар өтөт

04-декабрь 2019, 09:25 Айдар Нуралиев

4-декабрь - Манас күнүнө карата Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 13:30да «Манас» эпосуна арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ага чейин Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө «Залкар манасчы» тасмасынын бет ачары болот. Саат 14:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери «Кагылайын Манасым» деген театрлаштырылган пролог тартуулап, ал концерттик программа менен коштолот. 2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат ...

0 240

Садык Шер-Нияз: “Музейде жылаңач аял чыгып койгондон асман жерге түшүп кетпейт!”

04-декабрь 2019, 10:35 Бакыт Молдалиев

“Кыргыздын салты, үрп-адаты, маданияты деп күйүп жүргөн жердештериме айтаар элем. Кыргыздын маданияты, өнөрү, салты кайсы бир жылаңач аял чыгып койгондон бузулуп, мындан асман жерге түшүп кетпейт! Анткени, мен анын кандай чыгармачылык менен чыкканын көргөн жокмун, катышкан эмесмин". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Садык Шер-Нияз телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.  - Эгерде ...

0 188

Кыз сырын жакын курбу билет

03-декабрь 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Эл көзүндөгү белгилүү айымдарды сахнадан эле көрүп, үйдө кандай кожойке экенин эл анчейин биле бербейт. Андыктан биз атактуу айымдарга кайрылып, алардын эң жакын деген кесиптеш-курбусунун кожойкелик жүзүн ачып мүнөздөп берүүсүн өтүнгөн элек. Эмесе, сиздер сүйгөн белгилүү айымдар үйүндө кандай кожойке, эне, жубай экенин чогуу баамдасак… Лилия Абдубаитова: «Нурзада мыкты кожойке» — Нурзада Жолдошева менен көп жылдардан бери чогуу иштешип, ...

03-декабрь 2019, 14:47 | 188
0 82

Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркиянын кайсы шаарында өткөрүлөт?

03-декабрь 2019, 10:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандан тутанып бүтүндөй дүйнө элине тарап баштаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мухаррем Касапоглу билдиргенин «Анадолу» агентиги жазды. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жолу Кыргызстанда өткөнүн белгилеген министр, бул ирет оюнду уюштурууда Түркия жоопкерчилик алганын айтты. Ошондой эле, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маанилүү иш-чара катары өтө жогорку деңгээлде өтөрүн кошумчалады. ...

0 503

ВИДЕО - Асел Кадырбекова маек берип жатса, Нурлан Насип шымынан эмне терүү менен убара?

Видео 03-декабрь 2019, 09:45 Бакыт Молдалиев

Коомдук биринчи каналдын шоу дүйнөсүндөгү популярдуу саналган “Салам, Кыргызстан!” телеберүүсүнө ырчы жубайлар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова чакырылган. Көрсөтүүдө Нурландын келинчеги Асел Кадырбекова тележурналистке маек берип жатса, жанында Нурлан Насип башын жерге салып, бир топ убакытка шымынын түктөрүн тазалап турган учур тартылып калган. Бул көрүнүш соцтармактарга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты.

0 573

“Түрсүкгейт” – Камчыбек Ташиев: “Бийлик өкүлдөрү, дух жетпесе айткыла, жардам беребиз!”

02-декабрь 2019, 17:13 Бакыт Молдалиев

Урматтуу, уюткулуу Кыргыз элим! Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей,ошолорду баштап колдогон Роза Отунбаева башында турган жана чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат! Мамлекетти сактап, каада-салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүүбүз керек. Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары, чара көрүңүздөр. Бул - элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок! Колдон келбесе, ...

0 1883

Жангарачева: “Өзүмдү күнөөлүү эсептебейм. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Болгону элибиз даяр эмес экен”

02-декабрь 2019, 12:39 Бакыт Молдалиев

Мен бул чууга өзүмдү күнөөлүмүн деп эсептебейм. Мындай маданий иш-чара нормалдуу эле көрүнүш. Болгону элибиз буга даяр эмес экен. Мындай пикирин бүгүн, 2-декабрда жумушунан арызын жазып кеткен Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин мурунку директору Мира Жангарачева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал өзү аталган кызматтан кеткиси келген эмес, бирок, коомчулукта болуп жаткан чууну ...

0 673

Министр Жаманкулов музейдеги жылаңач аялдар, анда илинген түрсүк боюнча коомчулуктан кечирим сурады

02-декабрь 2019, 11:54 Бакыт Молдалиев

  Бул тууралуу министр бүгүн, 2-декбарда аталган министрликте нааразычылык акциясына чыккандар менен болгон жолугушуусунда айтты. 28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминналдардын "Үйүндөгүлөрүн баккандар. Экономикалык эркиндик. Аялдар" аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылган. Анда 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун арт-чеберлер катышууда. Алгачкы эки күндө анда ар кандай чакырыктар жазылган аялдардын түрсүгү баш болгон ич кийимдер музей ичине илинген. Мындан сырткары даниялык Жулия Саверинин ...

0 570

Музейде жылаңач аялдардын “шоусун” өткөрүүгө жол берген Мира Жангарачева кызматынан алынды

02-декабрь 2019, 11:21 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде учурда болуп жаткан митингге чыккандар менен министрдин жолугушуусунда белгилүү болду. "Мира Камилевна коомчулук алдында өзүнүн жоопкерчилигин, күнөөсүн мойнун алып, кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды ", - деди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жанакулов. Азыркы сааттарда министр анда барышкан коомдук активисттер жана аксакалдар менен жолушуп, алардын суроолоруна жооп берип жатат.

0 785

Гапар Айтиев улуттук сүрөт өнөр музейинде "ОБОН" деген кыргыздын аялдарын "маскара" кылган сүрөт илинип турат

30-ноябрь 2019, 21:38 Айдар Нуралиев

Гапар Айтиев улуттук сүрөт өнөр музейине “Көптөн бери көркөм сүрөт музейине барбай жүргөм. Бүгүн барып ушундай сүрөт да көрүндү. Достор, мен туура эмес деп эсептейм, силер кандай кабыл аласыңар?», деген пикирин Максатбек Казакбаев өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. Максатбек Казакбаев, ОБОН деген сүрөттү тартып алган. Сүрөттө ОБОН деген сөз жазылып, төрт жоолук салынган кыргыз аялдын колунда ...

0 390

ВИДЕО - Димаш биринчи ирет индонезиялык фанат-күйөрманы менен бирге дуэт ырдады

Видео 30-ноябрь 2019, 16:11 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн казактардын дүйнөлүк деңгээлдеги популярдуу ырчысы Димаш Кудайбергендин жеке концертинде ал биринчи ирет фанат-күйөрманы менен бирге дуэт ырдап чыкты. Бул тууралуу Казакстандын «Казинформ» мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, популярдуу артист менен индонезиялык Римар аттуу кыз Димаш мындан бир нече жыл мурун жазган “Унутулбас күн” аттуу ырды казак тилинде ырдашкан жана ал көрүүчүлөр тарабынан жакшы ...

0 614

Асел Акмат: "Деңиз жээгинде узакка, жалгыз отурганды жактырам"

30-ноябрь 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Ажарлуу жүзү, жагымдуу үнү бар, келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты кыздарыбыздын бири, алпаруучу, кинорежиссер Асел Акмат азыркы учурда Түркияда билимин улантып жаткан кези.  -- Сенин жүзүңдү экрандан көрүп, жагымдуу үнүңдү өлкөбүздөгү маалымат радиолорунун биринен угуп калчу элек. Кийинчерээк көрүнбөй кеттиң. Азыркы кезде кайдасың, эмне менен алексиң? --Учурда Кыргызстандан алган билимимди тереңдетүү максатында Түркиянын Сельчук университетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүндө ...

0 229

Замира Молдошева: “Ар бир шеринебиз белгилүү инсандарга арналат”

30-ноябрь 2019, 10:44 Кызгалдак Жакыпова

Дос, тууган, кошуна дегеле адамдарды жакындаткан кечелердин бири – шерине. Шеринени ар ким ар кандай максатта ойнойт, ал эми биз төмөндө сөз кылчу шеринелештер жан дүйнөсүнө азык тартуулоочу өзгөчө ыкманы ойлоп табышыптыр. - Замира айым, инстаграм баракчаңыздан өзгөчө шеринеңиз тууралуу көрүп калдым... - Негизи, баарыбыз эле дос-тууган, аяштарыбыз менен шерине ойнойбуз. Карап көрсөм, баарынын эле форматы окшош, тамак жеп, ар ...

0 184

Кыргызстандын топ модели Камбоджадагы өтө турган сынакка катышат

30-ноябрь 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык модель Сайкал Токтогулова Miss Tourism Metropolitan International — 2019 эл аралык сынагына катышат. Бул тууралуу конкурстун Facebook баракчасына жарыяланды. Таажы менен акчалай сыйлык үчүн 40 мамлекеттен келген катышуучу ат салышат. Сынак 2-декабрда Камбоджада башталып, финалы 14-декабрда өтөт. Буга чейин Токтогулова "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагына катышып, "Кыргызстандын топ модели" наамын жеңип алган. Сайкал 18 жашта. Учурда ал Кыргыз ...

0 200

“Бул чыдагыс оору”. Мадонна ден соолугуна байланыштуу концертин токтотуп койду

29-ноябрь 2019, 14:48 Кызгалдак Жакыпова

Американын поп жылдызы Мадонна ден соолугун начарлаганына байланыштуу Madame X турунун алкагындагы үч концертин токтотуп койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.  61 жаштагы ырчы 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бостондо үч жолу концерт өткөрмөк. Ал өз кайрылуусунда “чыдагыс оорудан” улам концертти токтотууга аргасыз экенин билдирген.  “Мен ушундай күтүлбөгөн жерден концертти токтотуп койгонума кечирим сурайм. Аны токтотуп коюу мен ...

0 310

Бакыт Сейталиев, обончу, ырчы: «Акшооланын жаштардын сүйүү ырына айланып бара жатат...»

29-ноябрь 2019, 12:31 Кызгалдак Жакыпова

"Жаштардын табити бузулду, жакшы обон жараткан жаш композиторлор жокко эсе болуп бара жатат, маани-маңызсыз ырлар коомду мите курттай жеп, табитин бузуп салды" деген сыяктуу жүрөк ооруткан сөздөрдү акыркы убакта көп угуп келебиз. Айтылгандардын чындыгы албетте бар. Чыны менен жаш ырчылардын ырларын угуп отуруп эс албай эле чарчап, башын ооруп чыкканын жашырууга мүмкүн эмес. Бирок ушундай чалды-куйду ырлардын арасында жакшы ...

0 202

Жеңиш Майрамбек уулу: “Өмүр бою актёр болуу оюм жок”

29-ноябрь 2019, 09:46 Кызгалдак Жакыпова

Мистер Бин сыяктуу өзгөчө кылыктары бар актёр, сценарист Жеңиш мырза кѳргѳн жандын кѳңүлүн көтѳргѳн ѳзгѳчѳ талант. Жашоодо да арамзалыкты билбеген, бала мүнөз, шайыр адам менен болгон маек алдыңызда. - Жеңиш, жакында эле “Напарниктер 2” тасмасы жарыкка чыкты. Бул тасма мага “Бир тууганчик” тасмасынын уландысындай сезим калтырды... - “Напарниктер” тасмасындагы персонаждар элге жагып, жакшы кабыл алынган, диалогдору тарап кеткен. Негизи, ...

0 429

Афтандил Кадыркулов, милициянын полковниги: “Өз каражатыман Айтматовго куран тамак бердим”

29-ноябрь 2019, 10:33 Алтын Булат

КР ИИМ Академиясынын социалдык, тарбиялык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Афтандил Каичибекович NazarNews.kg агентигине Улуттук долбоор баштаганын билдирген кат жөнөтүптүр. Мындан улам аны кепке тарттык. - Афтандил мырза, Айтматовдун "Жамиля" чыгармасы аркылуу жакшы долбоор баштап жатканыңызды билдирдиңиз. Көпчүлүккө түшүнүктүү болуусу үчүн анын максатын жалпак тилге салып түшүндүрүп бериңизчи? - Бул долбоор улут менен сыймыктанууну жаратат. Башкача айтканда, каармандардын кыймыл ...

0 240

Сүйүм Сулайманова: “1000 сом жумшаган тасмам 5000 долларга татыды”

28-ноябрь 2019, 14:50 Кызгалдак Жакыпова

– Сүйүм, сөз башынан болсун, сурайын дегеним, «Досум да, душманым да сенсиң» аттуу тасмаңдын тарых-таржымалы?.. – Казакстандын Алматы шаарында ар жыл сайын «48 саат ичинде тасма тартуу» аттуу кинофестивалы өтөт. Былтыр биринчи жолу катышып, анда 300 тасманын ичинен мыкты делген 48 тасмага кирип, байге буюрган эмес. Быйыл да катышуу жагын ойлоп койгом. Бирок, эмне жөнүндө, качан тартам, билесиз да, ...

0 475

Бегимай Карыбекова Armani менен иштешет

28-ноябрь 2019, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

“Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова Emporio Armani италиялык брендинин модели болду. Бул тууралуу модель өзүнүн  Facebook баракчасына жарыялады.  “Моделдик жааттагы иштерим эми жемишин берип баштады. Emporio Armani брендинин модели болдум. Кудайга ырахмат!”, -дейт Бегимай. Анын Инстаграм баракчасындагы видеолорго таянсак, моделдерди тандоо кастинги жакында эле Миланда болгон. Бегимайдын моделдик ишинде канча каражат табары белгисиз.

0 494

“Жашоомдогу кара жол бүттү”. Мурунку президенттин кызы сүрөт көргөзмө өткөзүп жүрөт

28-ноябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Парижде сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүдө. Көргөзмө 23-ноябрда ачылган. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жарыялады. Сүрөттүн жүктөп, ал өзү үчүн күз мезгили өтө оор болгонун, өлүм тууралуу ойлор келип баштаганын жазган. Кийинчерээк ал абалды жеңип, Париждеги сүрөт көргөзмөсүнө даярданганын билдирген. «Жашоомдогу кара жол бүттү. Азыр «кандай гана нерсе болбосун, жакшылыкка» деген сөздүн маңызына жетип ...

0 242

Бактыгүл Бадыева: “Жүрөгүмдүн түпкүрүндө сахнага болгон сагыныч бар”

27-ноябрь 2019, 10:34 Айдар Нуралиев

Чыгармачыл айым үчүн үй-бүлө менен сахнаны тандоо оор болсо керек. Балдарынын бактысы үчүн көмүскөдө жаткан каалоону экинчи орунга жылдырууга көбүнүн эрки жете бербейт. Бир жылдары шоу-бизнесте жарк этип жанган жылдыз бүгүнкү күндө үч кыздын бактылуу энеси. - Бактыгүл, үй-бүлөнүн түйшүгүнөн сырткары бир нече ишти алып жүрөт экенсиз. Күнүңүз кандай башталары кызык болуп атат? - Күндө эртең менен таңкы тамакты ...

0 409

Эми кей-поп жылдызы Гу Харанын өлүгү өз үйүнөн табылды

26-ноябрь 2019, 14:27 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореянын белгилүү ырчысы жана актрисасы Гу Харанын сөөгү анын Сеулдагы үйүнөн табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Ал 28 жашта болчу,  KARA кей-поп тобунун мурдагы ырчысы болгон. Бул топто 2008-жылдан тарта ырдап келген. Бирок кийин топтон кетип, өзүнүн жеке альбомун чыгарып, киного тартылып жүргөн. Өткөн жумада эле бир катар концерттерде ырдап чыккан. Гу Харанын сөөгүн кечки ...

0 293

София Ротаруга кол салуу болдубу? 

26-ноябрь 2019, 14:18 Кызгалдак Жакыпова

Украиналык эстрада ырчысы София Ротару орусиялык кесиптештери тарабынан кол салууга учураган. Кесиптештеринин айтымында, ырчы Украинанын чыгышындагы аскердик операциясын колдоп жатып, Москвага гастролдоп барган жатат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Ротарунун концерттик директору Сергей Лавров “60 мүнөт” программасында аталган кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылган.  “София Ротару эч качан кандайдыр бир аскердик операцияны каржылаган эмес. Бул окуя боюнча ММК тарабынан ...

0 1444

ВИДЕО – Басков менен Крутой мушташа кетишти. Буга эмне себеп болду?

Видео 26-ноябрь 2019, 14:04 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын белгилүү ырчысы Николай Басков менен композитор Игорь Крутойдун полдо тоголонуп кыйкырышып жаткан видеосу Инстаграм социалдык тармагына тарап кетти.  Бул видео тууралуу орусиялык ырчы Басков жергиликтүү басылмалардын бирине түшүндүрмө берди.  “Ооба, биз сыйгаланып кеттик. Мен ошол убакта Игорь Яковлевичтин колунан телефонун сууруп алдым. Себеби ал мени күтүсүздөн эле видого тартып алды. Мен анын бут кийимин тебелеп алып, ал сыйгаланып ...

0 143

"Айтматов атындагы адабий сыйлык" Тажикстандын эл акыны Гоиб Мухаммадга тапшырылды

26-ноябрь 2019, 13:25 Айдар Нуралиев

Жыл сайын «Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык» шериктештиктеги атагы алыска кеткен таанымал акын-жазуучуларга тапшырылып келет. Бул жолу аталган сыйлык Парламенттер аралык ассамблеянын токтому менен Тажикстандын Эл акыны, Абуабдулло Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гоиб Мухаммадга ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Сыйлык тапшыруу учурунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева: -Бул бийик даражалуу сыйлык биздин лауреаттардын таланты менен ...

0 6015

Бек Борбиев: “Азаттык” калпы менен жеңип, киши өлтүргөн АШАны аппак кылып жатат"

26-ноябрь 2019, 08:58 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү ырчы, обончу  Бек Борбиев өзүнүн Facebook социалдык баракчасына бүгүнкү митингге катышкандарга кайрылып пост жазды. Анын посту төмөндө өзгөртүлбөй берилди: "700 миллионго мынча завод, баланча ишкана курмакпыз дейт бүгүнкү акцияда... Күйгөнүңдөн күлөсүң ( Ал акча биздин, мамлекеттин акчасы эмес! Орто Азиядагы базарчы жеке ишкерлердин каражаты. Түшүнүп анан кыйкыралы достор. Же атайын элди адаштыруу максатпы? Кимдин максаты? Жеке ишкер уйгур байларынын ...

0 336

Чынара Мамажакыпова, дизайнер, модельер: "Апамдын сырдуу сандыгы" коллекциям депрессиядан кийин жаралды"

23-ноябрь 2019, 18:56 Айдар Нуралиев

Тигүүчүлүк тармагында бир катар ийгиликтерге жетише алган, дагы көп максаттары бар, “Чики” брендин негиздеген Чынара Мамажакыпова айым менен азыноолак маек курдук.  -- Чынара айым, айтсаңыз, мурда тюрбан жоолуктарды коллекция кылып чыгарып, көпчүлүк айымдарыбыз жылуу кабыл алды эле, эми мода үйүн негиздепсиз... -- Кыргыз айымдарын жоолукчан кылуу бала кезимдеги кыялым болчу. Ал жоолуктарды сый менен салынган айымдар жүрөк кубандырды. Максаттар ...

0 246

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “Тойлор чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө болот”

23-ноябрь 2019, 17:25 Айдар Нуралиев

Өзүнүн ачык-айрым, жайдары мүнөзү жана тынымсыз эмгеги менен эл оозуна алынган Гүлназ Чыныбек кызын тааныбагандар аз чыгар. «Кайда» деген дебюттук чыгармасы ак жолтой болгон Гүлназ бүгүн кыргыз шоу-бизнесинде акырындык менен өз ордун бекемдөөдө. Ырчы айым менен болгон маек назарыңыздарда. —Гүлназ, чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктар болуп жатат? —Буюрса чыгармачылыкта идея оргуп, ашып-ташып, кайсы бирин качан ишке ашырсам деп бир нече иштерди ...

0 325

Рима Каипбекова, модель: "Мырзалардын материалдык жагына карабасаң, турмушта көп көйгөйлөр жаралат"

23-ноябрь 2019, 16:09 Айдар Нуралиев

-- Рима, акыркы кездерде модалуу кийимдерди чыгарып, ырчылардын клиптерине тартылып, чыгармачылыгыңды баштадың, өзүң тууралуу айтсаң? -- Мен 11-классты Кочкор районунун Ара-Көл айылынан аяктадым. Өзүм ошол айылда туулуп-өскөм. Бишкекке келгенде эле Кыргызстан эл аралык университетине тапшырып, андан кийин атайын моделдик агенттикте эки айлык курстан өткөм. Ошол учурда шоумен Ассоль Молдокматова шоу көргөзгөнгө атайын кастинг жарыялаган эле. Кастингге катышып, биринчи жолу ...

0 225

Каңырык түтөгөн кайдыгерлик! Аман Саспаевдин эскерүү кечесине тоскоол болгондор белгилүү болду

23-ноябрь 2019, 15:50 Алтын Булат

“Ошол күнү БШКдан өкүлдөр келип, иш-чарага бир аз тоскоолдук жаратып...”. Мына ушундай маалыматты Касым Тыныстанов Университетинин тарбия иштери боюнча проректору Бактыбек Атыгаев NazarNews.kg менен бөлүштү. “ - Бул кечени эки факультет биригип өткөрүштү. Саат 12де боло турган кечебиз, бирден өткөндө башталып калгандыгына байланыштуу катышкан адамдарыбыз азыраак болуп калды. Ошондой болсо да өттү”,-дейт Атыгаев. Буга чейин белгилүү жазуучу Аман Саспаевдин ...

0 365

"Асема: Мурдум картошка, аркам жалтырак булочка, өзүм "ничёшка" болуп жүрөм"

23-ноябрь 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

Менден атактуулардан баштап кичинекей бийчи кыздарга чейин дене түзүлүш боюнча алардан суроолорду көп угат элем. Мен өзүм - союз маалынан баштап, бий боюнча билим алып келген профессионал хореографмын. Ал кездеги бал бийинен баштап, улуттук (элдик) менен аяктадым. Солист болуп, филармонияда эле жашап калганбыз. Албетте, жакшы келбет үчүн эмне кылышты, кандай кылышты бизге бийчилерге жакшы маалым. Эң башкысы "Ак-марал" ансамблинин ...

0 157

Адилет Азимов, ырчы: "Өзгөчө концерт бергени жатам"

23-ноябрь 2019, 13:13 Айдар Нуралиев

- Адилет, жакында жеке концертиңди бергени жатыптырсың, даярдык кандай? - Буюрса даярдык жакшы. Учурда продюсерим менен биргеликте концерттин даярдыктары менен чуркап жүрөбүз. Жаңы ырларды жаздырып, концертте кие турган кийимдерди тиктирип, бий топтору менен биргеликте бийлөө үчүн бий үйрөнүп, кыскасы, концертке керектүү жумуштардан бошой албай жаткан кезибиз. Концерт өзгөчө болсун деп колдон келген аракетти көрүп жатабыз. Концертимде эстрада ырларын ...

0 286

ВИДЕО - Орусиянын “Голос” долбоорунун кыргызстандык катышуучусу кийинки этапга өттү

Видео 23-ноябрь 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын “Голос” долбоорунда кыргызстандык Нуржигит Субанкулов орусиялык Владимир Коновалов менен бирге ырдап, кийинки этапга өттү. Алардын аткарганы долбоордун  YouTube каналына жарыяланды.  Аталган долбоордун “Поединки” этабында Валерий Сюткиндин командасынан Нуржигит менен Владимир “Моральный кодекс” тобунун “Первый снег” деген ырын чогуу ырдашкан. Калыстар тобу эки ырчынын бирөөсүн кийинки этапга өткөрүш керек болчу. Сергей Шнуров экөөнүн тең ырдаганы жакканын айтса, Константин Меладзе ...

0 152

Орус депутаты София Ротарунун Орусияда ырдашына каршы

23-ноябрь 2019, 11:53 Айдар Нуралиев

Украиналык ырчы София Ротару кайрадан Орусиянын сахнасына кайтып келүүнү каалап жатат. Ырчынын кайтып келүү чечими тууралуу Федерация кеңешинин коомдук комитетинин башчысы Валерий Рязанский өз оюн билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. “Маданият министрлиги буга чейин Орусия элин сындап жүргөн артисттерге таасир кыла ала тургандай болушу керек.  Бирок, качан аларга акча керек болгондо Орусияга келүүнү каалап калышат”, - дейт  ...

0 135

Калыс Жакыпов, ырчы: "Кеңешчим да, сынчым да, продюсерим да ата-энем..."

23-ноябрь 2019, 11:49 Айдар Нуралиев

Чыгармачылыктын түйшүгүн эрте тартып, мектеп курагынан тарта сахна менен жаны бирге болуп калган, мындан аркы өмүр жолунда чьггармачылык менен алек болуп, элдин калың катмарына өнөрүн тартуулагысы келген жаш ырчылардын бири Калыс Жакыпов. Ал эрте жашынан эле ырларды жаздырып, бир нече клиптерди тарттырып, өспүрүмдөр арасында өткөн бир катар сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. Чоң сахнада Бек Борбиев, Бакыт Мамаев өңдүү ...

0 254

Жаш карыга бирдей жаккан дүйнө жылдызы Энн Жаклин Хэтэуэй тууралуу кызыктуу фактылар

23-ноябрь 2019, 11:08 Айдар Нуралиев

«Энесинин жолун жолдогон жылдыз...» Голливуд жылдызы Anne Jacqueline Hathaway 1982-жылы 12-ноябрда Бруклинде туулган. Актрисанын апасы да таланттуу актриса болгон. Энесинин жолун жолдогон болочок жылдыз мектептин жогорку класстарында окуп жатканда эле "Матрацта болгон окуя" мюзиклинде роль жаратып, "Paper Mill Playhouse Rising Star" сыйлыгынын "Жогорку класстарда окуган актрисалар арасындагы эң мыкты аткаруу" номинациясына талапкер болгон. Актрисанын чыгармачылык иши "Fox" телеканалындагы "Өзүңдү ...

0 345

Өзбекстанда асылууга кабылган актриса жүк ташуучу унаадан секирип мерт болду

23-ноябрь 2019, 10:46 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык белгилүү актриса Гавхар Шарипова 19-ноябрда жүрүп бараткан жүк ташуучу унаадан секирип каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Кашкадарыя облустук ички иштер бөлүмүнө таянуу менен билдиришти. Маалыматка караганда, 29 жаштагы айдоочу актрисага сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет жасаган, мындан улам Гавхар Шарипова унаадан секирип кеткен. Машина Самарканд - Гузор унаа жолунда саатына 140 чакырым ылдамдык менен бараткан. Бул факт боюнча Гузар райондук ...

0 165

Жамангулов оптимизацияны жоюп жиберүү деп түшүнөбү?

22-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү райондук гезиттерди биротоло жоюуга жең түрө киришти. Мурда өз алдынча чыгып келаткан областтык, райондук гезиттер эми өз алдынча юридикалык жак болбой эле, областтык телерадиокомпаниялардын бир бөлүмү болуп калат. Дүйнөдө жок мындай нерсе биздикилердин башына кайдан келип калганы түшүнүксүз? Кала берсе бул багыт маңызынан алып караганда азыркы өлкө президентинин жүргүзүп жаткан саясатына дегеле коошпой, каршы да ...

0 178

Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды

22-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тиешелүү чечим 2019-жылдын 20-ноябрында Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Учурдагы сессиянын ишине КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин ...

0 285

Нурлан Насиптин эжеси Элзада: Нурлан мурда сырдашым болсо, эми чыгармачылыгымдагы колдоочум болду"

22-ноябрь 2019, 09:43 Айдар Нуралиев

Нурлан Насип элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон шоу-бизнес өкүлү. Жакында бул мырзанын бир тууган эжеси да ырчылык дүйнөсүнө кадам таштады. Дал ушул Элзада айымга ийгилик каалап, өзү, иниси тууралуу азыноолак кеп курдук, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. - Элзада, ырдоо өзүңүздүн кыялыңыз беле же буга иниңиздин кандайдыр бир таасири тийдиби? - Ырчылык менин балалык кыялым болчу. Окуучулук кезде мектеп, ...

0 208

Индонезиялыктар кыргыз тасмасын көрүшүүдө

22-ноябрь 2019, 08:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия киносунун XIV эл аралык фестивалына катышып жатат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандык фильм "Жокья-НЕТПАК" (JAFF) деп аталган фестивалдын негизги конкурстук программасына кирген. "Аврора" биринчи жолу кечээ көрсөтүлдү. Ал эртең да элге тартууланат", -деп айтылат билдирүүдө. Калыстар тобунун курамында кино тармагында аты чыккан режиссёрлор ...

0 161

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк телекөрсөтүү күнү

21-ноябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

21-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк телекөрсөтүү күнү. Бул күн 1996-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк телекөрсөтүү күнү деп аныкталган. Эске салсак, майрам тынчтык, коопсуздук, экономикалык жана социалдык өнүгүү, ошондой эле маданий телепрограммаларды глобалдык деңгээлде алмашууну колдоого багытталган. Сыналгынын пайда болуу тарыхы 1873-жылга барып такалат. Англиялык инженер-электрик Уиллоуби Смит фотосүрөттү экран аркылуу чагылдырып берүүнү ойлоп тапкан. Ал айнек ...

0 216

Акжолтойдун ырына клип тартылат

21-ноябрь 2019, 15:54 Айдар Нуралиев

Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын, ырчы Акжолтой Канатбек уулунун чыкпай калган «Бегимай» аттуу ырына клип тартылмакчы, - деп жазып чыкты "АЗИЯnews" гезити. «Акжолтой менен жаңы иштешип, ага продюсерлик кылып, «Бегимай» деген ырды жаздырып берген элем. Жакында ал ырга клип тарттырып чыгарабыз деген планыбыз бар болчу. Тилекке каршы, максаттарыбыз ишке ашпай, Акжолтой кырсыктан каза болду. Учурда анын ...

0 232

Алина Жетигенова: “Чыгармачыл адамдар эч качан токтобойт”

21-ноябрь 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Өзгөчө  назиктиги менен айырмаланган белгилүү ырчы, КР эл артисти Алина Жетигенова менен NazarNews маалымат агенттиги чакан маек курду. - Саламатсызбы, өзүңүз тууралуу жана сизге бут тоскон же ийгилик жараткан атаандаштык жөнүндө айтып берсеңиз? Негизи эле атаандаштыкка  кандай көз караштасыз? - Саламатсыздарбы, мени кичинеңден эле жакшы ырдачусуң, коноко барганда ырдап бер десе, эч тартынбай ырдачусуң деп калышат. Мектепте окуп жүргөндө ...

0 246

Өкмөттүн бүтүн жери калганбы? Бардык тармагы эле шалактайт

21-ноябрь 2019, 14:37 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөткө сындар мөндүрдөй эле жаады. Чындыгында акыркы убакытта аткаруу бийлигинин аткарган ишинин жыйынтыгы жок болуп калды. Бардык тараптан “порожняк” болду. ЕАЭБден кокон тыйынча пайда көрбөдүк, УКМК, ИИМ, деги эле күч структуралары өзүлөрү коррупцияга малынып, чуулгандуу окуялардын чордонуна айланды. Мамлекеттик каттоо кызматы чет элдик издөөдө жүргөн кылмышкерлердин көбүн кыргыз паспорту менен камсыз кылды, бензинге, унга, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83