www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө
0 482

Медведевдин аялы 50 млн долларлык самолет менен эри кайсы жерге учса, артынан кошо учат

05-декабрь 2019, 08:45 Бакыт Молдалиев

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин аялы 50 миллион долларга тете “Bombardier Global Express 5000” жеке учагын ырааттуу түрдө колдонууда. Бизнес-джет буга чейин ВТБ банкынын түзүмдөрүнө таандык болгон жана Белиздеги компанияга катталган. Бул маалымат Алексей Навальныйдын 4-декабрда жарыялаган иликтөөсүндө айтылат. Навальный бул учактын учууларын Медведевдин сапарларын тейлеген учактын графиги менен салыштырып, учак Медведев барган жерге чогуу, бир ...

0 192

Иранда митингден каза болгондордун саны 200дөн ашты

04-декабрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Иранда өкмөткө каршы акцияда 208 адам жашоо менен кош айтышканын «Эл аралык мунапыс» уюму 2-декабрда билдирди. Батыш булактары курмандыктар мындан көп экенин айтууда. New York Times гезити 450 адам көз жумганын жазды. Анда миңдеген кишилер камакка алынган. «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран бийликке каршы нааразычылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып ...

0 295

“Салтты тыюу мүмкүн эмес”. Непалдагы кандуу салтта миңдеген жаныбарлар өлтүрүлүүдө

04-декабрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Жаныбарларды коргоочулар Непалдагы Гадхамаи кудайына курмандык келтирилип жаткан жүздөгөн букаларды, буйволдорду жана башка үй жаныбарларын сактап калганга аракет кылышканы менен бул салтты кармагандарды токтотуп кала алышкан жок. Непалда Индияга чектеш аймакта жайгашкан Гадхамаи храмында өтүп жаткан диний фестиваль 5 жылда бир жолу болот. Фестиваль дүйнөдөгү эң кандуу жыйналыш катары белгилүү. 2009-жылы зыяратчылар башка (эчки, көгүчкөн, келемиш) жаныбарларды эсептебегенде  500миң ...

0 319

ВИДЕО - Аялдар учпаган автоунааны "учуруу" менен убара

Видео 04-декабрь 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

Тайланддын Нотхабури шаарынын тургуну жаңы кроссовер Toyota C-HR сатып алып, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдан учуп кете жаздады. Окуя 28-ноябрда 4-кабатта болуп,  ал видеокөзөмөлгө түшүп калган. Андагы унаанын ээси тажрыйбасыз кыз токтотоордо тормозду басам деп атып, адашып газды басып алган. Ага ошол жердеги тургундар жардам беришкен. ММКларга малымат чыгарууда кыз  анын атын атабоосун суранган.  Белгилей кетсек, Кытайдын Шаосинь провинциясында да дал ушундай ...

0 120

Путин жарандарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду

03-декабрь 2019, 19:20 Бакыт Молдалиев

2-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин жеке тараптарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, бийлик эми «чет өлкөлүк таңчылардын» тизмесине киргизилген уюмдарда иштеген журналисттерди «чет элдик агент» деп тааный алат. Ошол эле маалда мындай макам чет элдик ЖМКлар менен кызматташып, алардан акча алган жеке адамдарга дагы бирилиши мүмкүн. Эгер чет өлкөлүк басылманын макаласы Россияда ...

0 248

Тажикстандагы эң ири Зеравшан мөңгүсү өтө ылдамдык менен ээрип жатат

03-декабрь 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Соңку 40 жылда ал 1700 метр аянтын жоготкон. Анын төмөн жагында жайгашкан Рама мөңгүсү да ушундай эле кырдаалга туш болуп, акыркы жылда 85 метрге азайды. Тажик окумуштууларынын иликтөөлөрүнө ылайык, Зеравшан мөңгүсү жыл сайын 40 метрге кыскарууда. Бул мөнгү Зеравшан менен Түркстан тоо кыркаларында жайгашкан. Ал жактан Борбор Азия үчүн эң маанилүү Зеравшан дарыясы башталат. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы Зеравшан ...

0 208

Тукум курут болуп бараткан жаныбарлар

03-декабрь 2019, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Жаныбарлардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Бирок уюм бир нече ыкма аркылуу жаныбарлардын санын аныктоого аракеттенет. Жаратылышты коргогон адистер жерде байырлаган жаныбарлардын санын болжолдуу түрдө GPS трекер, фото капкан жана жаныбарлардын издери аркылуу аныкташат. Жыл сайын жаныбарлардын жаңы түрлөрү дагы табылууда. Ага карабастан дүйнөдөгү жапайы жаныбарлардын канчасы тез кырылып жатканын, канчасы тукум курут коркунучуна кабылганын так айтуу өтө татаал. Жаныбарлар байырлаган ...

0 187

Индияда дагы бир кыз бир нече кишилер тарабынан зордукталып, өлтүрүлдү. Эл өлүм жазасын киргизүүнү талап кылышууда

03-декабрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Индиянын Хайдарабад шаарында 27 жаштагы  кыздын бир нече киши тарабынан зордукталып, өлтүрүлүшү аталган өлкөдө нараазычылык толкунун жаратты. Акциянын катышуучулары мындай кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүүнү, аялдарга коопсуздукту камсыздоону талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, кылмыш өткөн аптада катталган. Хайдарабад шаарында ветеринар болуп иштеген кыздын жоголгондугу жөнүндө анын үй-бүлөсү 27-ноябрда кечке жуук кабарлашкан. Аталган күнү жергиликтүү ...

0 241

Кафенин кардарлары официант кызга унаа белек кылышты

03-декабрь 2019, 14:32 Айдар Нуралиев

АКШда кафенин кардарлары официант кыздын жумушка келип-кетүүсү үчүн  жолго 5 саат убакыт кетирерин билген соң, ага унаа белек кылышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Кыз унаага акча чогултуп жүргөн. Кафеге келген кыз-жигит кыз жумушка келип-кеткени 22,5 чакырым жол басарын кокусунан угуп калышкан. Кетип, кайра бир нече сааттан кийин кайра келип, кызга  2011-жылы чыккан Nissan Sentra  үлгүсүндөгү ...

0 160

"Алтын топтун" ээси ким болду?

03-декабрь 2019, 12:56 Айдар Нуралиев

"Барселона" клубунун жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Алтын топтун" ээси болду. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Париж шаарында “Алтын топту” тапшыруу аземи   2-декабрда болуп  өткөн.   Лионель Месси үчүн бул сыйлык алтынчы болуп, дүйнөдө жок рекордду койду. Ал "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары ...

03-декабрь 2019, 12:56 | 160
0 115

ВИДЕО - Теракттан каза тапкандардын ысымы аталды

Видео 03-декабрь 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Лондондогу терактта Кембридж университетинин бүтүрүүчүлөрү 23 жаштагы Саския Жонс жана 25 жаштагы Жек Меррит каза тапты. Алар абактан эркиндикке чыккан жаштарга колдоо көрсөткөн "Чогуу билим алалы" аттуу социалдык долбоордо бирге иштечү.Кол салуудан дагы үч киши жаракат алды. Алардын абалы канааттандыраарлык деди дарыгерлер. Бул тууралуу чет элидк басылмалар жазып чыкты.  Маалыматка караганда, өткөн жума күнү 28 жаштагы Усман Хан Лондон ...

0 212

Трампка импичмент жарыялоо иши добушка коюлат

03-декабрь 2019, 10:50 Кызгалдак Жакыпова

АКШ Өкүлдөр палатасынын Чагын комитетинде бүгүн 3-декабрда импичмент иштери боюнча угуулардын негизинде түзүлгөн доклад добуш берүүгө коюлат. Маалыматка ылайык, конгрессмен доклад тууралуу талкууну кечээ күнү баштап, кийинки күнү добуш берүүгө коёт. Комитет уюштурган "украина иши" боюнча ачык угуулар ондон ашык күбөнүн катышуусунда эки жумадан бери өтүп келди. Ага чейин угуулар жабык режимде болгон. Документти демократтардын көпчүлүгү колдогондуктан, докладдын кабыл ...

0 136

Өзбекстанда эл жолдорду тороп, нааразычылыкка чыгышты

03-декабрь 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандагы Фергана облусунун Кувин районунда элдер газ менен жарык берилүүсүн талап кылып нааразылыкка чыгышып, жолдорду тосуп алышты. Бул тууралуу "CA-NEWS" порталы жазды. Маалыматка ылайык, күбөлөр социалдык тармакта жолдор тосулуп, тыгындар жаралганын жазышууда. Бул билдирүүлөр тууралуу расмий органдар үн ката элек. Буга чейин, Андижан облусунда көгүлтүр от менен жарыктын жоктугунан улам топ болгон эл транспорттук жолду тороп алышкан. Дал ушундай ...

0 538

“Биз адамдарды өлтүрүшүбүз керек эле”. Колго түшпөс террорист, интеллектуал-анархисттин тарыхы

02-декабрь 2019, 18:43 Айдар Нуралиев

“Унабомбер” почта аркылуу 16 бомба жөнөтүп, 3 кишини өлтүргөн. Математика илимдеринин доктору Тед Качинский 25 жыл токойдогу кепеде жашап, азыркы замандагы коом кантип адамзатты эркиндигинен ажыратып жаткандыгы жөнүндө трактат жазган.  Тед коомдук түзүлүшкө күчтүү сокку берди. Эгер анын бир тууган агасы болбогондо ФБР аны колго түшүрө алмак эмес. Вундеркинд, таланттуу математик, Гарварддын бүтүрүүчүсү Тед Качинский өмүр бою ондогон кесиптештерине гана ...

0 228

Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык кымбат унаалардын коллекциясы сатыкка чыгарылды

02-декабрь 2019, 12:31 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кымбат-баалуу унаалардын коллекциясынын бир бөлүгүн сатат. Унаалар Нью-Йорк шаарында сатыкка чыгарылганын казак маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, сөз биринчи президенттин туң кызы — Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаевага таандык кымбат унаалардын коллекциясы тууралуу болуп жатат. Унаалар сатыла турганы тууралуу маалымат «Guernsey’s» аукцион үйүнүн сайтында да пайда болуп, бирок кийинчерээк кайра өчүрүлдү. «Ferrari F40», «Ferrari Testarossa», ...

0 218

Дүйнө жүзүндө эң  бай делген миллиардер кишилердин шаары банкрот болуу чегинде турат

02-декабрь 2019, 12:23 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнө жүзүнө белгилүү эң бай делген миллиардер  Билл Гейтс жана Джефф Безостун  жашаган шаары банкроттун чегинде турат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Вашингтондун Медина шаарында   дүйнөдөгү эң бай делген – Microsoft программасынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана  Амазондун башчысы Джефф Безос жашайт. Бирок, буга  карабай эле шаар банкроттун чегинде турат.   Банкротту алдын алуу үчүн, жергиликтүү өз ...

0 686

Назарбаевдин үй-бүлөсү аларга таандык уникалдуу автоунаалар коллекциясын АКШда сатууга чыгарды (тизме)

30-ноябрь 2019, 15:13 Бакыт Молдалиев

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү аларга таандык кымбат баалуу автоунаалар коллекциясынын бир бөлүгүн Нью-Йоркто сатууга чыгарды. Бул тууралуу казактардын kz.media интернет басылмасы өздүк булактарына таянып, тизмеси менен кошо жарыялады. Сөз негизинен Назарбаевдин улуу кызы, учурдагы Казак парламент сенатынын төрайымы Дарига Назарбаевага тийешелүү кымбат баалуу автоунаалар туурасында болуп жатат. Жакында сатылууга коюлуучу бул тууралуу маалымат алгач “Guernsey’s” аукцион үйүнүн ...

0 514

ВИДЕО - Элге бычак шилтеген киши атып өлтүрүлдү

Видео 30-ноябрь 2019, 15:07 Айдар Нуралиев

Лондондо бир нече кишини бычак менен өлтүргөн кылмышкер атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү,  белгисиз киши  Лондондун көпүрөсүнөн өткөн кишилерге бычак менен кол салган.  Окуя болгон жерде эки киши катуу жаракат алып,  алар ооруканага жеткирилгенден кийин каза болушкан. Ал  эми кол салган кылмышкерди полиция кызматкерлери  атып өлтүрүшкөн. Кылмышкер эмне себептен мындай ...

0 442

Румыниянын диктатору Николае Чаушескунун жашоосу жана өлүмү

30-ноябрь 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Николае Чаушеску — 1965-жылдан 1989-жылга чейин Социалисттик Румыния Республикасын башкарган. Румыниялык варианттагы Иосиф Сталин сыяктуу болгон. Бийликтеги алгачкы жылдарында ал Румыния жарандарынын сүйүүсүнө чындап эле арзыган. Ал сүйүү, урматтоо сезимдери бара-бара культка айланып, андан соң аябай күчтүү жек көрүү сезимине чейин жетип, анын акыры аны атуу менен аяктаган. Николае көп балалуу жакыр үй-бүлөдө туулган. Кичинекей бала чагында майда ...

0 614

Асел Акмат: "Деңиз жээгинде узакка, жалгыз отурганды жактырам"

30-ноябрь 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Ажарлуу жүзү, жагымдуу үнү бар, келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты кыздарыбыздын бири, алпаруучу, кинорежиссер Асел Акмат азыркы учурда Түркияда билимин улантып жаткан кези.  -- Сенин жүзүңдү экрандан көрүп, жагымдуу үнүңдү өлкөбүздөгү маалымат радиолорунун биринен угуп калчу элек. Кийинчерээк көрүнбөй кеттиң. Азыркы кезде кайдасың, эмне менен алексиң? --Учурда Кыргызстандан алган билимимди тереңдетүү максатында Түркиянын Сельчук университетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүндө ...

0 573

Кытайда жааган кар киреше булагына айланды

30-ноябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

Кытайлардын ойлоп таппаганы жок. Кар үстүнө  жазуу,  кичине балдардын  жакшы көргөн иши. Бирок, Кытайда чоң эле адамдар үчүн киреше табуучу булактардын бирине айланды. Электрондук соода аянттарын өнүктүрүү аркылуу, азыр аталган өлкөдө ишкердик иш-аракет кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.   Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү Кытайдын түндүк-чыгышында катуу кардан кийин карга сөздөрдү жазууга буйрутмалар кескин өскөн. Көптөгөн сатуучулар эки ...

0 99

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат

29-ноябрь 2019, 21:15 Айдар Нуралиев

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда. Ал белгилегендей, бизди дүйнөлүк рынок менен байланыштыруучу транспорттук-коммуникациялык тармакта ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү. «Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы ...

0 60

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки Консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт

29-ноябрь 2019, 21:14 Айдар Нуралиев

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки, үчүнчү  Консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди. Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекет башчылары ишенимдүү маанайда аймактык кызматташтык маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалог жүргүзгөнүн белгиледи. Белгиленген позитивдүү аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейм. Буга байланыштуу кийинки Консультативдик ...

0 148

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Ташкент шаарындагы экинчи Консультативдик жолугушуусу

29-ноябрь 2019, 21:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты. Делегация башчылары тар жана кеңейтилген курамда өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берерин ...

0 310

ВИДЕО – Ажалы жок экен! Жарылууда калган өрт өчүрүүчү эч нерсе болбоптур

Видео 29-ноябрь 2019, 17:59 Алтын Булат

Кадрда көрүнүп тургандай, там дээрлик күйүп бүтүп калган. Өрт өчүргүчтөр деле анча шашылбайт. Ал аңгыча катуу жарылуу болуп, жакын барып калган “боец” оттун жалыны менен кошо ыргыганын көрүүгө болот. Кызыгы мына ушундай, катуу жарылуудан, ошол өрт өчүрүү кызматкери аман калыптыр. Аны коопсуздук кийимдери сактап калганын, эч жери эч нерсе болбогонун ал өзү айтып берген. Булак: NazarNews.kg

0 261

ВИДЕО (18+) – Кымбат “бухло”! Миллиондордун башын жеген ичимдик

Видео 29-ноябрь 2019, 17:13 Алтын Булат

Даамын татпаганы жана татканы деле арманда. Себеби, бул видеодо 72 жыл сакталган “Макаллан” шарабынын (виски) бир шишеси, 9 миллон орус акчасына бааланары айтылууда. Анткен менен кымбат ичимдикке акчасын сарптагандар бар экен. Видеодо белгилүү болгондой, аталган ичкилик чектелүү санда гана чыккан. Тагыраагы, 600 бөтөлкө чыкса, анын төртөө орус рыногуна түшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 402

Кытайдын Казакстандагы элчиси: "Азаттык" силер кайдагы эл аралык басылмасыңар? Американын маалымат каражатысыңар"

Видео 29-ноябрь 2019, 17:05 Айдар Нуралиев

Кытайдын Казакстандагы элчиси Синьцзяндагы этникалык казак, уйгур, татарларды куугунтуктап, аларды күч менен “саясий кайра тарбиялоо” лагерлерине жөнөтүп жатканын бурмаланган жалган маалыматтар жана калп экенин билдирди. Бул тууралуу элчинин кайсы бир банкетте журналисттин берген суроосуна жооп берип жатып айтты. -Урматтуу элчи мырза, ушул учурда Нур-Султанда бир нече казак улутундагы тургундар алардын Кытайдагы туугандары Синьцзяндагы жабык лагерлердеги кыйноолорго кантип чыдап жашап ...

0 790

СҮРӨТ - 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелгендер 36 жылдан кийин акталып чыкты

29-ноябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

АКШнын Мэриленд штатынын афроамерикалык үч тургунун 1983-жылы 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип кармалышып, өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Алар 36 жыл абакта олтуруп, акталып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады.  Маалыматка караганда, Дьюит Дакетт аттуу окуучу мектепке бараткан жолдо атылып өлтүрүлгөн. Кылмышка 16 жаштагы үч окуучу Альфред Честнат, Эндрю Стюарт жана Рэнсом Уоткинсон лин Мосби шектелип, 1984—жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Аталган окуя ...

0 187

Израиль палестиналыктардын үйүн сүрдүрдү

29-ноябрь 2019, 15:45 Айдар Нуралиев

28-ноябрда таңга жуук Израиль аскерлери  Хеврондогу (Аль-Халиль) палестиналыктардын 4 үйүн талкалады. Anadolu  агенттигинин маалыматына караганда,  израилдик аскерлер Палестинага караштуу Хеврон шаарынын (Аль-Халиль) батышындагы Бейт-Кахель районуна таңга жуук кирип барып, бульдозерлер менен үйлөрдү сүрдүрүп салышкан. Сүрдүрүлгөн үйлөр эки бир тууганга Касем менен Ахмед аль-Асафера жана алардын бөлөлөрү Нассир аль-Асафера менен Юсеф Захурга тиешелүү болгон. Эскерте кетсек, Израиль бийлиги августтун башында ...

0 524

“Ата, мен бул жерде эмне кылып жүрөм!" Чогуу кызмат өтөгөндөрүн өлтүргөн жоокер атасы менен жолугушту

29-ноябрь 2019, 15:59 Кызгалдак Жакыпова

Чогуу кызмат өтөгөндөрдү атып өлтүргөн жоокер Рамиль Шамсутдиновдун атасы баласы менен жолукканын айтып, орусиялык маалымат булактарына интервью берди.  Салим Шамсутдиновдун айтымында, баласы атасынан эмне үчүн орусиялык аскерди мактаганын сураган.  “Ал мени көпкө карап, унчукпай турду. Анан “Ата, эмне үчүн мен бул жактамын? Мен бул жакта эмне кылып жүрөм?” деп суроо берди”, -дейт атасы.  Шамсутдиновдун айтымында, ал баласына дайыма ар ...

0 240

Өзбекстанда сот блогер Оллашукурованы жиндиканада калтырды

29-ноябрь 2019, 15:20 Бакыт Молдалиев

27-ноябрда Хорезм облусундагы жарандык иштер боюнча сот блогер Нафосат Оллашукурованы психиатриялык ооруканадан чыгаруу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн четке какты. - Сот үч дарыгерден турган комиссиянын 27-ноябрдагы корутундусуна таянып чечим чыгарды. Анда блогер дарылануусун улантышы керектиги жазылган, - деди адвокат. Анын айтымында, соттун Хорезм облустук психоневрологиялык ооруканасында өткөн көчмө жыйынына Нафосат Оллашукурова дагы катышты. Ал бул чечим менен макул эмес экенин жана ...

0 199

“Бул чыдагыс оору”. Мадонна ден соолугуна байланыштуу концертин токтотуп койду

29-ноябрь 2019, 14:48 Кызгалдак Жакыпова

Американын поп жылдызы Мадонна ден соолугун начарлаганына байланыштуу Madame X турунун алкагындагы үч концертин токтотуп койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.  61 жаштагы ырчы 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бостондо үч жолу концерт өткөрмөк. Ал өз кайрылуусунда “чыдагыс оорудан” улам концертти токтотууга аргасыз экенин билдирген.  “Мен ушундай күтүлбөгөн жерден концертти токтотуп койгонума кечирим сурайм. Аны токтотуп коюу мен ...

0 379

ВИДЕО - Ангела Меркель Берлиндеги жыйында кулап түштү

Видео 29-ноябрь 2019, 11:47 Кызгалдак Жакыпова

Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде өтүп жаткан жыйында сахнага чыгып бара жатып кулап түштү. Бул тууралуу видео YouTube каналына жүктөлгөн. Аталган окуяны Меркель өзү тепкичти байкабай калганын, кийинкисинде сөзсүз тепкичти колдоноорун айтып тамашалады. Булак: NazarNews.kg

0 359

Инстаграм менен Фейсбуктун күнү бүтөбү?

29-ноябрь 2019, 10:58 Айдар Нуралиев

Кыргыз өлкөсүндө жана бир катар мамлекеттерде Инстаграм, Фейсбук тиркемелеринин иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда,  популярдуу Инстаграм жана Фейсбук тармактары бир катар өлкөдө иштебей, колдонуучулардын нааразычылыгын жаратууда. Аталган Инстаграм жана Фейсбук   тиркемелери бирде иштеп, бирде иштебей жаткандыгына эл нааразы.  Орусия, АКШ, Улуу Британия, Нидерланды, Сингапур, Япония жана башка өлкөлөрүндө Инстаграм жана Фейсбук  ...

0 232

Макгрегор жакында беттешке чыгаары белгилүү болду. Ким менен?

29-ноябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

UFCнин жетекчиси Дана Уайт  ирландиялык мушкер Макгрегор орто салмакта келишим түзгөнүн ырастады. Беттеш 2020-жылдын 18-январында UFC 246 турниринин алкагында өткөрүлөт. Макгрегор октагонго акыркы жолу 2018-жылы күзүндө чыккан. Ал эми орто салмакта 2016-жылдан бери чыга элек. 31 жаштагы мушкер октагонго кайтаарын  октябрда Москвада болгон пресс-конференцияда жарыялаган. Ошондой  эле Макгрегор  Хабиб Нурмагомедовдон реванш алгысы келерин да жашырган эмес. Ал 2018-жылдын октябрь ...

0 965

ВИДЕО - Кытайда тирүүлөй тооктон жасалган фарш

Видео 28-ноябрь 2019, 19:32 Айдар Нуралиев

Интернет күчөп, учурда телевидение көрүүүлөрдүн көпчүлүгү интернет ТВга өтүп кетишти. Интернет айдыңында маалыматтык күрөш күч алып, коомчулукка социалдык тармак аркылуу маалыматтар чукул тарайт.  Бүгүн социалдык тармактын кезектеги тасмасы Кытайдан тоок этинен жасалып жаткан фарш. Көргөн да арманда көрбөгөн да арманда. Төмөнкү тасмадан толугу менен көрүңүз. Булак: NazarNews.kg

0 637

БОЛГОН ОКУЯ: Жыланга ачытылган арак

28-ноябрь 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

Кытайдын кафе, ресторандарынан жылан салынган арактын идиштерин көрүп таң калчу болсок, кээ бирлери аны пайдалуу деп ичишээри белгилүү. Уламыштар боюнча бул арактын жаралышы абдан кызыктай эле болгон. Кайсы бир айылда арак саткан сатуучу бир күнү кардарлар көп болуп, даяр арактар түгөнүп калып, кожоюн Ли Бону складдан арак алып келүүсүн буйруйт. Ли Бо складга барса бир чоң жылан арактын идишине ...

0 326

Улуу Кытай дубалы космостон көрүнбөйт

28-ноябрь 2019, 18:10 Кызгалдак Жакыпова

Бул жөнүндө былтыр октябрда космоско барып келишкен кытайлык астронавттар же тайконавттар Фэй Цзюньлун менен Не Найшен билдиришти. Тайконавттар жакында Шанхай шаарында мектеп окуучулары менен жолугушушту. Баса, "тайкун" кытайча "космос" дегенди билдирет. Улуу Кытай дубалын космостон да көрсө болот деген уламыш Кытайда көпкө популярдуу болуп келген. Америкалык астронавттар дүйнөдөгү эң ири курулушту таба алган жокпуз дегенде, кытайлыктар аны калп дешкен.

0 382

ФОТО - “Обу жок катын орсок уй саайт”. Дүйнөдөгү кызыктай интерьерлер

28-ноябрь 2019, 17:23 Кызгалдак Жакыпова

Кээде адамдар үйүн башкалардан өзгөчөлөнтүп уникалдуу, элде жок нерселер менен жасаткылары келет. Бирок көп учурда такыр эле коомдон алыстап кетишет.  Инстаграм колдонуучуларынын бири дүйнө жүзү боюнча дизайнерлердин  кызыктай ойлоп тапкандарын жүктөп  турат. Ошондой эле ал жактан элде жок, кызыктай архитектураны жана интерьерлерди тапса болот. Булак: NazarNews.kg

0 326

Кыргыз кыз-келиндери таштап салган наристелер алынып келинди

28-ноябрь 2019, 17:02 Айдар Нуралиев

Орусиядагы кыргыз мигранттары таштаган 7 бала Кыргызстанга алынып келинди.  Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, 2019-жылдын башынан бери Орусиядан Кыргызстанга 7 бала алынып келинген. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз мигранттары тарабынан чет өлкөгө  таштап кеткен балдарды Кыргызстанга алып келүү боюнча иштерди жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында, Кыргызстанга Орусиядан 7 бала алынып келинген, эми дагы ...

0 537

Акча дарагын көрдүңүз беле?

28-ноябрь 2019, 16:14 Айдар Нуралиев

“Акча даракта өспөйт” деген сөздү кулагыңыз чалса керек. Ал сөзгө Шотландиядагы Peak Disrict  токоюндагы дарактарды көрүп күмөн санайсыз. Жолоочулар ушул токойдогу дарактардын сөңгөктөрүнө таш менен уруп тыйын кадашат, бул тыйын ээлерине ийгилик алып келет деген ишеним бар. Бул ырым жүздөгөн жылдар илгери башталгандыктан, дарактан байыркы тыйындарды да табууга болот. Байыркы заманда кудайдын руху даракта  жашайт деген ишеним  болгондуктан даракты ...

28-ноябрь 2019, 16:14 | 537
0 464

ВИДЕО – Жашоо үчүн күрөш! Жаштар секонд-хенд дүкөнүн басып алышты

Видео 28-ноябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Видеодо байкалгандай, жөөлөшүп, түртүшкөн жоон топ эл секонд-хенд дүкөнүнө биринчилерден болуп кирүүгө умтулуп жатышат. Бул тууралуу видео украиналык Фейсбук колдонуучулардын биринин баракчасында пайда болду. Анда айтылгандай бүгүн, 28-ноябрда Ровно шаарындагы “Кара жума” өтө кызуу башталды. Көпчүлүктү таң калтырганы кезекке тургандардын арасында адаттагыдай пенсионер аялдардын дээрлик жоктугунда. Мында жакшынакай кийинген жигиттер жана окуучулар көптүк кылат. Маалым болгондой, жаштар дүкөнгө жетишпегенден ...

0 734

Жылдын мыкты мугалими окуучусу менен сүйүү мамиле куруп алган

28-ноябрь 2019, 16:03 Айдар Нуралиев

Окуучусу менен сүйүү мамиледе болуп жүргөн  мугалим камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Америкада 36 жаштагы Ранди Чаверрия аттуу мугалим ушул жылдын 26-ноябрда камакка алынды. Ал АКШнын Техас штатындагы Раунд-Рок шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенип жүргөн. Окуучусу менен сүйүү мамилесинде жүргөн бул мугалим  "Орто мектептер арасында жылдын мыкты мугалими" деген наам да алган. Эми ...

0 195

Мигрант, укугуң бузулдубу? Мындай учурда кандай чара колдонуп, кимге кайрыла алат? Адис жооп берет

28-ноябрь 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Бул суроого Кыргызстан профсоюздар федерациясынын президенти Элдияр Карачалов жооп берди: “Мигранттар жумушка кирээрде эмгек келишимин түзүүсү зарыл. Көпчүлүк учурда мигранттар оозеки келишимдин негизинде жумушка кирип, өздөрүнө маселе жаратышууда.  Мигранттардын укугу бузулган учурда, Миграция кызматынын өкүлдөрүнө, элчиликке кайрылып өз укуктарын коргосо болот. Бул кызматтын Орусия мамлекетинде да өкүлчүлүгү бар болгондуктан, алар мигранттарга жеринен жардам берүүгө милдеттүү. Ошондой эле, мигрант жумуш ...

0 112

ВИДЕО – Чек арадан жашыл мартышкалар кармалды

Видео 28-ноябрь 2019, 14:23 Алтын Булат

Чек арадан баш-аягы 22 жашыл маймыл кармалды. Маалыматта айтылгандай, орус бажы кызматкерлери жеңил унааны текшергенде анын багажындагы себеттерде жашыл мартышкалар болгон. Учурда маймылдар зоопаркка жайгаштырылган. Мындай жашыл өңдөгү мартышкалардын көмүскө рыноктогу баасына NazarNews.kg агентиги кызыгып көрүп, ар бири орто эсеп менен 160 миң орус акчасына бааланарын билди. Булак: NazarNews.kg

0 214

Вице-спикер Аида Касымалиева Нур-Султан шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышты

28-ноябрь 2019, 14:05 Кызгалдак Жакыпова

27-ноябрда Төраганын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Аттокуров жана Руслан Чойбеков Казакстан Республикасынын Биринчи президентинин күнүнө карата уюштурулган парламенттер аралык конференцияга катышты. Иш-чарада Россия, Болгария, Түркия, Америка өңдүү мамлекеттерден келген парламент жетекчилери жана депутаттар болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Конференцияда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кыргызстан менен Казакстан ...

0 339

“Бэтмен” кыздын операциядан кийинки сүрөтү жарыяланды

28-ноябрь 2019, 13:42 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык тармактарга бетиндеги чоң калына операция жасоо үчүн Орусиянын Краснодар крайына келген америкалык алты айлык Лунна Феннердин сүрөттөрү жарыяланды.  Алты айлык кыздын энеси Кэрол Феннер акыркы процедура болгонуна бир ай өткөнүн жана дагы күтүү керектигин билдирди.  Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, кыздын чекесинде кара так жок болуп калган. Наристенин апасы Орусияга келип жергиликтүү дарыгерлерге ишенип операция жасатуу чечимин кабыл алганына сүйүнүп ...

0 879

Америка Кыргызстанда төңкөрүш жасоого даярданууда

28-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Жакынкы күндөрдө АКШ тарабынан уюштурулган же алар колдогон ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүштөр Боливияда да ийгиликтүү болду. Америкалыктар Венесуэладагы төңкөрүштө да реванш алышкан. Иранда, Гонконгдо массалык баш аламандыктар болууда. Себеп ар түрдүү. Бир гана жалпылык бар: бардык жерде Американын кулагы көрүнүүдө. Ошентип, күзгү революциялык толкун Кыргызстанды да каптоого даяр. Бул жердеги төңкөрүштүн Америкага эмне кереги бар? Себеп көп. Америкалыктар алардын кызыкчылыктарын ...

0 475

Бегимай Карыбекова Armani менен иштешет

28-ноябрь 2019, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

“Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова Emporio Armani италиялык брендинин модели болду. Бул тууралуу модель өзүнүн  Facebook баракчасына жарыялады.  “Моделдик жааттагы иштерим эми жемишин берип баштады. Emporio Armani брендинин модели болдум. Кудайга ырахмат!”, -дейт Бегимай. Анын Инстаграм баракчасындагы видеолорго таянсак, моделдерди тандоо кастинги жакында эле Миланда болгон. Бегимайдын моделдик ишинде канча каражат табары белгисиз.

0 383

СҮЙҮНЧҮ! "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев англиялык атаандашын жеңип чемпион болду

28-ноябрь 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Беларустун Минск шаарында өткөн эл аралык мелдеште "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев чемпион болду. Бул тууралуу "Ерем" спортклубунун машыктыруучусу Шайлообек Атазов билдирди. Анын маалыматына караганда, "А" категориясындагы бокс боюнча эл аралык мелдеш 11-17-ноябрь күндөрү Беларустун Минск шаарында өткөн. Азат Усеналиев Испания, Беларусь, Украина мушкерлерин утуп, финалга чыккан. Финалдык беттеште англиялык мушкерди жеңип чемпиондук наамга ээ болду. Бул турнирдин жеңүүчүлөрү ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83