Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-ноябрда өлкөнүн киноматографисттердин кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Өкмөт башчысынын куттуктоосун басма сөз кызматы таратты. Куттуктоодо: «Урматтуу кинематография кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм. Маданият ишмерлеринин зор аракети менен сакталып келе жаткан тарыхый-маданий мурастар, мыкты чыгармалар аркылуу биздин элибиздин нарктуу образы, колориттүү өзгөчөлүгү даңазаланып турат. Бүгүнкү күндө кинематография жана жалпы ...
ЖККУнун башкы катчысынын м.а. Валерий Семериков Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. «ЖККУ мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий системасын, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, коргонуу түзүлүштөрүн жакшыртуу боюнча жасаган ырааттуу аракетин чоң ыклас менен кароодо. Кыргызстан эл аралык аренада кадыр-баркка ээ, ...
2019-жылдын 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын аймагында автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Автоунаанын ачкычтарын тапшыруу аземинде Мирлан Исагалиев белекти чын дилинен берип жаткандыгын айтып, ички иштер органдарында кырк жылга жакын тергөөчү болуп иштеген кайын атасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арналгандыгын билдирди. Акыркы жылдары ал ооруп калгандыктан ИИМдин ооруканасы дарылануусуна жардам берип карап келишкендигин эскерди. Оорукананын азыркы абалын ...
Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... «Балдар биздин келечегибиз» дегендей балага башынан жакшы тарбия берилсе келечек да жакшы тарапка оосо керек. Балдарды тарбиялоодо өз салымын кошуп, ар бир өспүрүмдүн кыял жоругун баамдап билип, дайыма туура жолго багытын буруп келген, өз ишин сүйө билип мыкты кызматкер наамына татыган каарманыбыз Жолдошбек кызы Бегайым учурда Нарын ШИИБнын ЖӨИИнын улук аймактык тескөөчүсү, милициянын ага ...
Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМинин башкы түзүмдөрүнүн бири Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын түптөлүү тарыхы, баскан жолу, жетишкендиктери жана башкарган жетекчилери тууралуу сөз кылууну чечтик. Кыргызстанда күзөт кызматы 1919-жылы түзүлүп кыргыз милициясынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта. 1925-жылы Совет өкмөтүнүн курамына кирген биздин да республикада мамлекеттик мүлктү кайтаруучу куралданган күзөттөн, маанилүү мамлекеттик объектерди кайтаруу боюнча атайын ...
Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... Бүгүнкү каармандарыбыз - ИИМдин МАККББнын кесипкөй адистери, бир канча жылдардан бери үзөңгүлөш Ата мекенге кызмат кылып келе жаткан жылдыздуу жубайлар. Алар ИИМдин МАККББнын Борборлоштурулган көзөмөл түйүнүнүн башчысы, милициянын майору Орозалиев Сагынбек Сапарович жана аталган кызматтын ведомстволук милиция полкунун кадрлар тобунун тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Байзакова Жылдыз Шаамбекова. ОЙЛОРУ БИР ЧЫККАН АТА-БАЛА… …Милициянын майору Сагынбек Орозалиев ...
Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... Өзү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулуп өскөнү менен, аны көпчүлүк “алайлык жигит” деп билишет. Анын себеби бар, он жылдан ашуун Алай районунда калктын тынчтыгын, коомчулуктун коопсуздугун камсыздоого салым кошуп, Алай элинин өз уулуна айланган. Анда эмесе таанышып алыңыздар: Алай РИИБдин башчысынын сырткы кызматтар боюнча орун басары, милициянын майору Абылов Алтынбек Сайфуллаевич. КЫШЫ СЕГИЗ АЙГА ...
Азыркы куудулдардын ичинен сатираны ийинине чейин аткарган, бакыраң көз, кара каштуу “өзбек чырай” Тынар Курбаналиев – өзүнүн ютуб каналындагы катталуучулардын жана көрүүлөрдүн саны үчүн YouTube каналынын “күмүш” баскычына ээ болду. Бул тууралуу малыматты NazarNews.kgге куудул Тынар Курбаналиев кабарлады. --“Бул сыйлык менин жеке эмгегим эмес, мени сыйлаган күйөрмандарымдын баарына рахмат. Америкадан Тынар Курбаналиев деп ачылган ютуб каналдан “күмүш” баскычын алдым. Ушундай баскычтарды менин чыгармачыл досторума да Кудай ...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: "Кымбаттуу мекендештерим! Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы. Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты. Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс ...
"Ата-Журт" саясый партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. Төмөндө Куттуктоонунун тексти толугу менен: Урматтуу энелер, эже-карындаштар! Асылзаада айымдар! Сиздерди 8-март –Аялдардын эл аралык майрамы менен «Ата Журт» саясий партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев чын дилибизден куттуктайбыз. Эне!.. Аял!..Бул сөздө ааламдын башталышы, дүйнөнүн ...
Баардык кыргызстандыктардын мырзаларын 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен NazarNews.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты куттуктайт. Сиздерге бекем чын ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Үй-бүлөнүн таянаар тоосу, тиреги, чек арабызды коргой турган жакын адамдарыбыз, аталар, ага-инилерибиз жана жолдошторубуз ар дайым аман болсун. Сиздерге күч кубат каалап, Ала-Тообузда ар дайым тынчтык болуп, асманыбыз ачык болсун! Булак: NazarNews.kg
Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Артыкбаев бүгун 59 жашка чыгып отурат. Урматтуу, Осмонбек Мамбетжанович, эр жигиттин башына эмнелер гана түшпөйт. Ооба, 60тын астындагы 59 жашты үй-бүлөңүз, эли журтуңуз менен эмес, белгилүү себептерден улам башка жерде тосуп отурасыз. Бирок, бул тагдырдын сизге берген сыноосу болуп калды. Ак жеринен камакта жаткан адамдардын сиз биринчи жана акыркысы эмессиз. Ар убакта сизге окшоп ...
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов 1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган. Ал 1986-жылы Воронеж политехникалык институтунун физико-техникалык факультетин, 1992-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Юриспруденция” кесибин артыкчылык менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу болуп баштаган. 1986-1988-жылдары “50-летия Киргизской ССР” заводунун чебери; 1988-1991-жылдары аталган заводдун өндүрүш цехинин башчысынын орун басары; 1991-1992-жылдары ...
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина Республикасы) өткөн Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан атамекендик спортчулар менен жолугушту деп билдирет өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы. Жолугушууга грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси – Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси – Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү – Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты. Мухаммедкалый Абылгазиев ...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу айыл чарба кызматкерлери, фермерлер жана дыйкандар! Сиздерди, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкенден бери айыл чарба тармагы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Өлкөдө жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформанын негизинде айыл чарба багытындагы жерлер ...
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Мамлекетибиздеги жардамга жана колдоого муктаж адамдарга камкордук көрүү — бийик адамгерчиликти жана боорукерликти талап кылат. Сиздердин жылуу мамиле, кайрымдуу эмгегиңиздер коомубуздагы көптөгөн адамдарга — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, тартыш турмушта жашагандардын, майыптардын жана кары-картаңдардын демине дем кошуп, келечекке ишенимин арттырып турат. Эгемендүү мамлекетибиз калкыбыздын ...
Кыргызстанда бүгүн Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Майрамга карата өлкөдө дем алыш жарыяланган. 23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. Кыргызстандын мырзаларын NazarNews.kg cайты аталган майрам менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Силерге чын ден соолук, узун өмүр жана иштериңерге ийгилик каалайбыз! Аталардын үйдө орду чоң. "Атаны ...
Жалпы кыргыз эли кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар кут болсун! Ар дайым элибиз тынччылыкта, биримдикте жана ынтымакта жашасын! Ар бир үйгө кут консун! Келе жаткан жыл ыйман, ынсап, туруктуулук жана береке алып келсин! Баарыбыз ден соолукта болуп жамандыктан алыс бололу. Жакшы адамдар арабызда көбөйө берсин! Мамлекетибиз өнүгүп-өсө берсин! Кыргызстандын желеги желбирей берсин! Жаңы жыл сиздерге бакты таалай, үй-бүлөңүздөргө тынччылык, аманчылык, эл –жерибизге береке молчулук, токчулук, ынтымак ...
Тоок жылы саламаттык сактоо тармагы үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эне жана баланын өлүмү азайды, жаны ооруканалар жана ФАПтар салынып ишке бериле баштады. Бишкекте Борбор Азия чөлкөмүндө жок көп тармактуу оорукана бүтөйүн деп калды. Медициналык борбор кыргыз-түрк өлкөлөрүнүн достук алакасынын алкагында Түркия бөлгөн гранттын эсебинен курулууда. Мындан бөлөк дагы салынып жаткан жаңы ооруканалар да аз эмес, алардын бири Ош ...
Ырчы Айнура Салахидинова бүгүн, 2-октябрда 33 жашка толду. "Өздүк майрамым менен биринчи болуп жолдошум саат 00:00дө куттуктады. 3-4 жылдан бери туулган күнүмдү белгилебей калгам. Себеби ал учурда тойлор көп болуп, бошобой калчумун. Бүгүн дүйшөмбү болгондуктан убактымды бөлүп, туулган күндү кечинде жакындарым менен бирге белгилейин деп жатам", - деди ал. Белгилей кетсек, Айнура Салахидинова 1984-жылы 2-октябрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз экономикалык университетинин маданий-эстетикалык борборунун ...
Аталган иш-чара кары адамдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган.Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 50, 55, 60 жана андан көп жыл бирге жашаган түгөйлөрдү куттуктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 50, 55, 60 жана андан көп жыл бирге жашаган түгөйлөрдү куттуктады "Узак жылдар бою бирге жашаган түгөйлөр үй-бүлөлүк бактылуу жашоонун сырлары менен бөлүштү. Ар биринин сүйүү баяны ...
Бүгүн белгилүү саясатчы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин туулган күнү. Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Эмгек жолу: 1993-1995 — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл-чарба продукцияларын даярдоочу өндүрүш фирмасынын директору; 1995 — өнөр жай-коммерциялык фирмасынын башкы директору; 2000-2002 — айыл-чарба кооперативинин башкармалыгынын төрагасы; 2002-2003 — КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин жардамчысы; 2003-2005 — Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиатынын башчысынын биринчи орун басары, ...
Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдирди. Куттуктоо телеграммасында Атамбаевдин президенттиги маалында Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөдө кыргыз элинин кадыр-барк топтоого жетишкени баса белгиленген. "Россия сиздин стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу көп таратуу кызматтыштыкты өрчүтүүгө кошкон салымыңызды өзгөчө баалайт. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, ...
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. “Кошмо Штаттар өз ара ишенимдин, теңчиликтин жана урматтоонун негизиндеги мамилелерге берилгендигин ырастайт. Алдыдагы президенттик шайлоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасында аймакта биринчи болуп демократиялуу жол менен шайланган лидерге бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча тарыхый ...
Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. «Тарыхый кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан ыкчам өнүгүп келаткан өлкө катары эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу мүчөсү болуп калды. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук өз ара мамилелер элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп терең ишенем”, -деп ...
Кыргызстандын бардык куруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. Ала-Тоодой бийиктикти, Ысык-Көлдөй тунуктукту каалайбыз. Ар дайым ишиңерде ийгилик болсун!!! Кыргызстаныбызда бийик төбөсү көккө жеткен имараттар көбөйө берсин! Таштын тилин таап, заманбап имараттарды куруп жатканыңар менен сыймыктанабыз! Өлкөдө болгон эс алуучу жайлар менен кафе-ресторандардан тартып жеке үйлөрдүн көркүн чыгарып, элдин алкышына татый бергиле! Колуңарга береке берсин! Маңдай тер менен тапкан акчаңар жугумдуу болсун, мээнетиңерге ыраазы билдиребиз!!!
Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Финансы-экономика системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. «Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Өлкөнүн жана анын жарандарынын экономикалык жана финансылык бакубаттыгы көп жагынан финансы тармагынын ишинин натыйжалуулугуна жараша болот. Кыргызстандын финансы-экономика рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашырылышы, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү, казыналык системасын ийгиликтүү тейлөө Сиздердин ак ниет эмгегиңердин ...
1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ата Мекен социалисттик партиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин куттуктоосу. Урматтуу ата-энелер, балдар! Биз, ар жылы 1-июнь Эл аралык балдар күнүн белгилейбиз. Бул күн биз үчүн балдарарыбыздын астында зор жоопкерчиликтерибиз бар экенин дагы бир жолу эсибизге салат. Балдар укуктарын корголбогон жана аларга татыктуу билим бере албаган өлкөдө, маданияттуу коом ...
Урматтуу мекендештер жана бөбөктөр! 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү катары расмий белгиленип келет. Жыл сайын белгиленген бул майрамда биз балалык камкордукка муктаж экендигин көрүп келебиз. Жараткан бизге балалуу болуу бактысын бергенде, анын келечек тагдырынын жоопкерчилигин да берген эмеспи. Балдарыбыз балалык көз ирмемдерин кандай эстеп калаары ар бирибизге байланыштуу. Албетте балдарды тарбиялоо оңой олтоң иш эмес. Анын турмуш жолундагы баардык кубанычы ...
"Урматтуу балдар! Ардактуу бөбөктөр! Силерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм! “Ата - аскар тоо, эне - боорундагы булак, бала - экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак” дегендей, силер бир үй-бүлөнүн бакытка бөлөгөн кубанычы гана эмес, жалпы коомду арууланткан табериксиӊер. Анткени, жашоонун жаӊы барагын ачкан наристенин асыл тилек, акактай ...
Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерди ыйык Рамазан айы менен чын ниетимден куттуктап кетмекчимин. Орозо айында жаман ойлордон алыс болуп, Жараткан Алла Тааланын алдында баардыгыбыз бирдей пенде катары анын алкышына арзыйлы. Кечиримдүү болуп, жардам сурап, колун сунгандарга кайдыгер карабайлы. Орозодо сыйынган сыйынуулар кабыл болуп, күнөстүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп турсун. Мамлекетибиз өнүгүп-өсүп, билимдүү муун тарбияланып чоңойсун. Аксакалдарыбыз кадырлуу болуп, апалар төрдө отурсун. Урматтуу ...
Урматтуу ак элечек энелер, майрамыңыздар менен! Эне-Аалам деп бекеринен айтылбаса керек. Себеби, сиздердин балдарыңыздарга болгон сүйүүңөр, тилегиңер Ааламдай чексиз. Ааламдагы эң бир ыйык, кымбат, кайталангыс энелик мээримиңерсиз, ар бир адам баласынын, "адам" болушун элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан "Аалам" саясий партиясы, сиздерди, ардактуу апалар, майрамыныздарды жылуу куттуктоо менен Ааламдагы бүт жакшылактарды каалап, Ааламдай энелик чексиз бакытка бөлөнүшүңөргө тилектешбиз. ...
Дүйнө элин кайгыга салган экинчи дүйнөлүк согуштун жеңиш менен аяктаганына 72 жыл толушу менен баарыңыздарды куттуктайм. Жер жүзүн каптаган апааттын токтошуна салым кошкон баатыр аталарыбыздын каармандыктарына терең таазим кылам. Бул тууралуу маалыматты Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Россия, Украина, Белорусия элинин аймактарын коргоодо Орто Азиянын кыргыз, өзбек, тажик жана казак элдеринин салымы зор. Азиялык арстандар от күйгөн фронтто алдыңкы катарда ...
Бүгүн 5-май, эгемендүү Кыргызстандын укуктук жолго түшкөн күнү. Тагыраагы мындан 24 жыл мурда дал ушул күнү өлкөбүздүн алгачкы Баш мыйзамы кабыл алынган. Датаны утурлай президент Алмазбек Атамбаев кыргыз коомчулугуна өз куттуктоосун жолдоду. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Бардыгыңыздарды Конституция күнү менен куттуктайм! Мындан жыйырма төрт жыл мурда, 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция ...
2017-жылдын 21-март күнү да кирип келди. Кыргызстаныбыздын бүт аймактарында, элибиз сүмөлөк жасап, жараткандан жакшы тилектерибиздин аткарылышын тилеп жатышкан учуру. Нооруз, кыргыз эли үчүн өзгөчө майрам. Биринчи иретте кечиримдүүлүктүн майрамы десем жаңылышпасам керек. Ошондуктан, мен айрыкча бийлик төбөлдөрүнө айтаар элем, кечиримдүү болуу менен, канткенде биз "өч алуу айлампасынан" чыгабыз деп. Себеби, өч алуу айлампасын, бүгүн, Нооруз күнү токтото алсак деген тилегими, ачык айтайын, кудайдан ...
Урматту, ардактуу, сүйүктүү биздин аялзатыбыз! Сиздерди 8-март жаркыраган, салтанаттуу майрамыңар менен чын дилимден куттуктайм! Жаратканыбыз баардык аруу тилегиңерди кабыл кылсын! ****** Көктөм келди Мартты колдон жетелеп, Энебиздин мээриминдей бөпөлөп. Куттукташып Эне, Эже, кыздарды, Гүлдөр дагы таажыларын көтөрөт. Чексиз бакыт, узак өмүр баарына, Болушуна тилектешпиз дайыма. Алтындарым, эне эже кичүүлөр, Жаз гүлүндөй гүлдөгүлө дагы да... Тазалыкты, аруулукту биз силерден үйрөнүп, Таалайды да силер ...
Мен дегеле жалпы аял затын куттуктоонун алдында энелик бакытты жалпыңарга буйрусун демекчимин. Себеби аял затына мындан өткөн бакыт болбосо керек деген ойдомун. Энени сыйлоо, урматтоо боюнча пайгамбарыбыз насаатында: “ Биринчи энени сыйла, экинчи энеңди сыйла, үчүнчү энеңди сыйла, анан атаңды сыйла ” деген экен. Ошондуктан, энелерди эч нерсеге алмаштырбай керек болсо, эненин таманын алдында бейиш делет. Мен энемди дегеле аял затын ...
Урматтуу адамзат тукумун улаган асыл аял заты! Кымбаттуу энелер, эже-карындаш, жеңелер! Баардыгыңыздарды кирип келген аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кудайым Сиздерге бекем ден-соолук, узун жана бактылуу өмүр берсин. Уул-кыздардын, ак жоолукчан келиндердин, неберелердин сый-урматын көргөн балпайган байбиче болуп, үйүбүздүн куту болуп жүрө бериңиздер! Майрамыңыздар менен! Булак: NazarNews.kg
Медер Бишкек: Асыл кыргыз айымдарын келе жаткан 8-март Эл аралык майрамы менен куттуктайм! Энелерибизге, эжеке-карындаштарыбызга чың ден-соолуктуу жашоо образын, мекенчилдикти, оптимизм, эрктин күчтүүлүгүн жана мээримдүүлүк каалап, энелерге балдарды позитивдүү сөздөр менен тарбиялап эрки күчтүү, эмгекчил, аракетчил, илимге-билимге умтулган мекенчил эр азаматтарды жана кыздарды өстүрө беришине тилектешмин демекчимин, бар болуңуздар! Булак: "NazarNews.kg"
Кыргызстандын маалымат айдыңында жаңы “NazarNews.kg” сайты ачылды. Бул сайт Кыргызстанда болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен окурмандарын тааныштырып, калк жашоосуна кайдыгер карабай, коомчулуктун көйгөйүн чагылдырууну максат кылган.“Nazarnews.kg” сайты саясатта, маданиятта, коомдо, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды окурмандарга жеткирип турмакчы.Биздин жамаат жаңы сайтта кызмат кылып жаткан кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Калемиңиздер курч болуп, кадамыңар түз болсун! “Nazarnews.kg” сайтынын окурмандарынын саны күн санап артып ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!