(Профессор, акын Сатканбай Момуналиевден алган таасирлер) Сатканбай агайды студент кезден “Момуналиевдин лекциясы”, “Момуналиевдин китеби”, “Момуналиев, Момуналиев” дей берип, кээде атын таппай калып, “Момуналиев агай саламатсызбы?” деген учурларыбыз көп болду. *** 2008-жылы “Орто мектептердеги лириканы окутуу” (5-7-класстар) деген темада курстук ишимди Сатканбай агайдын жетекчилиги менен жазган элем. Ал кезде агай кандай болсо азыр да ...
Шербет Келдибекова кыргыз кыздар поэзиясынын Корифейлеринитн бири эле. Ал өткөн кылымдын 70-жылдары эл оозуна алынып калган кези экен. Ар кандай альманахтарга чыгып, теле берүүнүн ар дайым мейманы болуп, СССР мейкиндиктерин кыдырып, өзү да китеп чыгарып калчу. Анан талантты аздектеген, курч калеминен улам 60-жылдардын ортосунда эле элге таанымал болгон Алым Токтомушев менен бирге өмүр сүрдү. Ашып кетсе Алым Токтомушев 8 ай ...
Жыл сайын «Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык» шериктештиктеги атагы алыска кеткен таанымал акын-жазуучуларга тапшырылып келет. Бул жолу аталган сыйлык Парламенттер аралык ассамблеянын токтому менен Тажикстандын Эл акыны, Абуабдулло Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гоиб Мухаммадга ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Сыйлык тапшыруу учурунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева: -Бул бийик даражалуу сыйлык биздин лауреаттардын таланты менен ...
«Мажүрүм тал жапжаш элең» же «Сабакка баруучу жолуңан тосоюн” деп баарыбызды ырдатып, сыздатып келген обончу Советбек Урманбетов учурда Бишкекте өзүнүн «Фольксфаген-пассаты” менен эл ташып, такси кызматын көрсөтөт экен. Биз ал кишиге жолугуп, маек курдук, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити. —Советбек байке, “Мажүрүм талды” көпчүлүк билген менен, сиздин таржымалды билгендер аз. Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи. —Мен Жети-Өгүздүн Саруу деген ...
2012-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында Манас таануу институту негизделип, анда студенттер билим ала баштаган. Учурда аталган институттун абалы оор бойдон калууда, деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. Анткени, институтту негиздегендердин бири Топчубек Тургуналиев Манас жана Чынгыз таануу академиясына ректор болгон. Бирок Арабаев университетиндеги Манас таануу институтунун студенттерин ара жолдо таштап кеткен. Учурда 50дөй студенттин тагдыры чечилбей, ...
Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган. Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган. Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү: Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын ...
Алтын күз. Чындыгында эле азыр айлана-тегеректин баары алтынга чулгагандай сапсары, кызгылтың сары, жашыл сары түстөгү жалбырактарга оронуп ажайып бир сулуулукту, өзгөчөлөнгөн кооздукту тартуулап турса, салкын тарткан күзгү мээлүүн таза аба дагы, адамдын көңүл кушун сергитип көкөлөтөт! Ушул күздө сары алтынга боёлгондой түркүн кооз жалбырактуу, дүпүйгөн калың алма бакты аралап келатып бактарда кыпкызыл болуп бышып, сабагынан үзүлөйүн деп мөлтүрөп турган ...
Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилип, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл. Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы ...
Бул тууралуу маалыматты black_list.kg аккаунту Интсаграммдагы баракчасына видеосу менен бирге жарыялады. Анда аталган аккаунтка Алышпаева аттуу жаран “Саламатсыздарбы! Мен 24-октябрда үйдөгү кичинекей наристе үчүн дары алууга Бишкектин Алмата-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан аптекалардын бирине кирип соода кылайын десем, андагы кыз кыргыз тыйындарын алуудан баш тартып, “тыйындарды акчага алмаштырып кел” деп мага дары сатпай койду. Кокус менин ордумда башка бирөө аргасыз акыркы тыйындарын ...
Дүйнөдө 2016-жылдан бери 1 жарым миллион нускада сатылган "Икигай. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры"(Англисчеси “IKIGAI The Japanese Secret to a Long and Happy Life by HECTOR GARCIA AND FRANCESC MIRALLES”) аттуу китеп кыргыз тилине которулду. Буга чейин 20 тилге которулуп, 54 өлкөдө сатылган китеп, 21-болуп кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Бишкектеги “Кереге” коомдук фондунун аткаруучу директору, аталаган китепти которуу ...
25 жашында өзүнүн «Тынч Дон» романы менен атак-даңкка ээ болгон Михаил Шолохов советтик адабияттын жылдызына гана айланбастан, советтик аялдардын арзуу-кыялына да айланган. Алардын бири ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук боюнча эл комиссары Николай Ежовдун аялы Евгения Хаютина эле. Евгения алгачкы жолу жазуучу менен 1937-жылы күзүндө таанышат. Кийинки жылы май айында жазуучу "СССР курулушта" журналына макала даярдайм деген шылтоо менен Моквага келип, ...
Чыңгыз хан өзүнүн мураскерлерине “Улуу Ясаны” эч бир өзгөртүүсүз сактап калууну насыят кылган. Ал: «…Эгерде улуу адамдар (мамлекет), бахадурлар (баатырлар – аскер башчылары) жана эмирлер (ноёндор)… мыйзамды бекем карманбаса, анда мамлекеттин иши кыйрайт, Чыңгыз ханды зарлап издеп калышат, бирок (аны ошондо) таба алышпайт…», – деген. Булак: Рашид ад-Дин, «Летопистердин жыйнагы» Москва: Ладомир, 2002. Т.1. 2-чи китеп. Бети-260. АЛАН ГОАНЫН ...
Дүкүлдөгөн поезд каза-орус чек арасына жетип акырын токтоду, форма кийген чек арачылар биринин артынан бирин, вагондон чыгарбай текшерип жатты, “ваши документы” дегенди уккан Үмүтай эмне деп жооп берерин билбей, Акжол байкесин жалт карады. Аңгычакты эле Акжол өз документине кошо Үмүтайдын документин текшерүүчүгө сунду. Көпкө ойлонуп карап турган жаш лейтанант акырын “жүрүңүз, мени менен” деп Акжолду өзү менен ...
Мектепти жаңы аяктап жаткан Үмүтайдын, ал убакта жогорку окуу жайга тапшырганы мүмкүнчүлүгү жок болсо да, бирок келечекте жогорку окуу жайын аяктайм деген аруу тилеги бар болчу. 2004жылдын май айында коңшусу Акжол байке келинчеги менен Москвадан айылга барышты, жакшы иштеп барыптыр, мал жан сатып алды, чегине фундамент куйдурду, мындайча айтканда, акча таап келгени көрүнүп эле турду. Үмүтай болсо мына-мына мектебин аяктап ...
Чөөлөр дайым тобу менен жүрүшөт, Кылыктанып, кыт-кыт этип күлүшөт. Чуңкур казып үстүн жаап билгизбей, Керек кезде аңга түртүп ийишет… Далың таптап, күлсөң кошо күлүшөт, Керек кезде ыйлап деле ийишет... Өз максатын аткарган соң акырын, Эч билмексен, куйруктарын түйүшөт... Чөөлөр дайым болуп келген, болушат, Керек кезди, чөөлөр издеп тоорушат. Колтуктарга сууну бүркүп акырын, Антпеcе алар кадимкидей оорушат. Чөөлөр дайым жаныңда эле жүрүшөт, Сен ыйласаң ...
Канн шаарындагы мотордуу кайыктарды ижарага берген фирманын кожоюну менен анын кызматкерлери мотордун үнүн угушарын жана жээкке бараткан кайыкты көрө тургандыктарын айтып ишендиришкен. Качан ал жакындаганда "Магдалина" деген атты окуй тургандыктарын айтышкан, андагы жүргүнчүлөрдү көргөндүктөрүн жана ал көрүңүш тез эле жок болуп кете тургандыгын тастыкташкан. Бул көбүнчө таң заарда же күүгүмдө боло тургандыгын белгилешкен. Алардын сөздөрүн арбак кайыкты көрүшкөнүн пристанга ...
Ымыркайлар жаткан палатада жымжырттык эч качан өкүм сүрбөйт, бирок кээде мемиреп, баары тегиз уктап калышат. Аларга күнбү, түнбү, айырмасы жок да, кааласа уктайт, каалабаса уктабайт, бири курсагы ачып, эмчек эмгиси келсе, бири чычып коюп, өз памперсинен өзү жийиркенип, баркырап ыйлап калат, кыйратып салгансып. Эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жумушу ошол да, эмчек эммей, уктамай, анан памперстерин булгамай. Ошол кымындай көз ...
Жакын калды жаңылануу болору, Кудай колдоп кут береке конору. Жаңы дооруң тан калтыраар дүйнөнү, Мүңкүрөбө,башты көтөр жогору. Ырыскыңды ар ким талап жеп келди, Ар ким сени жыргатамын деп келди. Сен кыргызсың сенин каның башкача, Жаркыраган коомду кураар кез келди. Касиетүү кыргызыма кут жанаар, Кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар. Биз биригип таза коомду курганда, Дүйнө жүзү бизди көрүп суктанаар. Улуу элсиң жанат чолпон жылдызың, Дагы чыгат Бакай, ...
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрүн сунуштайбыз. Кулагыңарга күмүш сырга болсун! Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Александр Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн. 1956-1958-жылдары ...
Гүл эжеге жолуккан күн эсимде. Ошол күн күз жамгыры аябай төккөн түндүн эртеси болчу. Айланада, бак-дарактарда, жалбырактарда, терезелерде, жолдордо көз жашка, шүүдүрүмгө окшоп тамчылар мөлтүрөп турган. Серүүн тарткан теребел жамгыр жыттанып, эрте күздүн салкын жели жүзүңдү аймалап, чачтарыңды учуруп, бут алдыңда жалбырактар каалгып, кусалуу сезимдер, жашоомо өзгөрүү, сүйүү эңсеген өзгөчө таң эле. Курулушта түнкүсүн иштечүмүн, таң эрте жаткан батириме ...
Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен. Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен. Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип ...
Жаш калемгерлердин арасында таскагы күч, чабыты ылдам акындардын бири Акбар Кубанычбеков жакында эле Чикаго шаарына барып, мекендештерине ыр окуп кайтты. Океандын ары жагындагы поэзия сүйүүчүлөрү жаш акынды кандай кабыл алышкандыгы тууралуу "Фабула" гезити Абар Кубанычбеков менен маек курду. - Акбар акындын көзү менен караганда Чикаго шаары кандай экен? -Абдан жакшы шаар экен. Эмнегедир Кыргызстандын бир жеринде жүргөндөй болдум. Дегеним, шаар ...
Черчиллдин атасы лорд Рэндольф жана анын америкалык аялы Дженни Джерам Мольбордогу белгилүү герцогдордун бирине конокко келип, шартка байланыштуу копко жашап калууга аргасыз болот. Анткени лсди Рэндольф кош бойлуулуктун акыркы жумасында эле, бирок төрөт эмнегедир эки жумадан кийин башталат. Калыбы, Черчилль энесинин ичинде жатканда эле өжөр. көк болорун билдирген окшобойбу. Ал 1874-жылы 30-ноябрь күнү жарык дүйнөгө келет. Эгерде Черчиллдин өмүр-баянына ...
Бул биздин күнүмдүк жашоо турмушубузда жин оору менен ооругандар көп эле кездешет. Кээ бири күчтүү молдолорго, дарыгерлерге барып айыгып кетишсе, кээ бири эмне кылар айласын таппай кыйналып жүрүшөт. Ошондой жин оорусуна мен дагы аз жерден кабылып кала жаздап, араң дегенде кутулгам. Дегинкиси Кудайым өзү сактады. Мен азыркы учурда түштүктүн борборунда Ош шаарынын өзүндө турам. Мурда ушул ...
Борборубуздагы тарых музейине мен көп эле жолу кирип жүрөм, бирок бир нерсеге анча маани бербептирмин. Ал жакта канчалаган гана байыркы эстелик буюмдар бар. Аларды бир кызыга карап коюп кете берееиң, анча маани да бербейсиң. Ошол күнү майрам күн болчу, неберелеримди жетелеп алып аянтга жүргөнбүз. Анан кокусунан музейдин жанынан өтүп калдым да неберелеримди ошол жакка алып барып көрсөтмөккө ичине кирдим. ...
Жайдын толуп турган кези. Биздин чакан айылдын кой кезүүсү бизге келип калыптыр. Кечинде эле чоң атам: - Койлорду кырлатып жайгыла. Коого түшпөгүлө. Коонун ээси бар. Анан, бир барганда эле ушунча малдын туягы барса, анын ээсинин тынчы кетет, балдарым. Сак болгула... -дей баштаган. Бул сөз - мен кичине чагымдан берки угуп жүргөн сөз. Баарыбыз унчукпай башыбызды ийкемиш болгонубуз менен көздөрүбүздөн түпкүрүндө ...
Анда совет доору сайран курган өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары эле. Дүркүрөп өскөн, туштарабы тегиз өнүккөн Балыкчы шаары да кулачын жая кеңейип бараткан. Көп улуттуу. Айрыкча өзбектер тамак-аш даярдашып, соодасы жүрүп, ташы өйдө кулаган чак. Мындагылардын тез байышына имиш-имиштерге таянсак, алар кумар ойношуп, уткандарынын «касиети» дешет. Чынында жапырт өзбек туугандар байыгандай сезилди, ич тардык кылганыбыз жок. Бир күнү кечээ эле ...
Аңгеме Жүрөгүм бир башкача болуп, каршы-терши салгылашкан сезимдер менен бара жаттым. Жолдошум экөөбүз Чүйдүн Петровка айылына биринчи жолу бараткандагы сезимдер. Ооба, мен көрө элек, бирок телефондон көп сүйлөшкөн адамга. Баса, эң алгач сүйлөшкөн күн эсимде… Тамак даяр болгондо жолдошумду тамак ичкенге чакыруу үчүн бөлмөгө кирсем, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Мени көрө коюп: — Мына, жеңең келип калды. Сүйлөшүп ...
Убагында Англиянын колониясынан араң бошонгон Индия бүгүнкү күндө кино тармагы менен аларды бомбалап жаткан кези. Болливуддан дагы бир кино. Кинонун аты — «Индостандын «бандасы» же экинчи дүйнөлүк согушта абдан чоң жардамы тийген жергиликтүүлөрдөн куралган «партизандар»… АКШнын белгилүү экономисти айткандай, «зоордук-зомбулук менен бир өлкөнү аз убакытка кармап турууга болот, а экономика менен дүйнөнү багынтууга болот». Ар убакта амалкөйлүк адамдын алмашкыс куралы болуп ...
АҢГЕМЕ Биз, майдалар, чоң атам менен бир туугандардын балдарын бүт аба дечүбүз. Анан калса, туугандар анча көп эмеспиз, баарыбыз эски колхоз курулганда эле энчилип берген тамаркаларыбызга ээлик кылып турабыз, андыктан бир үйдүн түтүнү башка үйлөрдү да аралап кетет. Жамандык-жакшылык гана эмес, орозодогу арапалыктарыбыз да, уйубуз тууса кайнаткан ууз ашыбыз да бирге. Тандыр тебелесек да, кийиз кылсак да, оро ачсак да, көмүр ...
АҢГЕМЕ Райондук бейтапканынын каттоо бөлүмүндө саарлап тоо тараптагы айылдан келген кемпир бир топ отуруп калды. Качан бул жерде иштеген кыздар келе баштаганда колунда эртеден бери абайлап кармап отурган кагазды айнек тешиктен аларга сунду. – Кызым, бу кыз силерге ооруп келип, жатып дарыланып кетиптир, ооруусу эмне дарт экен балам, билип берчи. Кемпирдин капкара болуп туурулган арык, узун колунан бүктөлгөн кагазды алып жатып ак халатчан ...
Биздин редакцияга кат түштү. Кандай кат? –Кадимки эле учурда узун элге кеп болуп, аттуу-баштуудан тартып, аймактагы айылдын ар бир түтүнүнө чейин кеп сөз болгон мурдагы президент Атамбаевдин эң жакшы көргөн инсаны Райымбек Матраимовго, Шолпан аттуу айымдан кат келип түштү. Кашын керек каккан казак кызы, кыргыз тилин суудай билет экен. Шолпан: -Анча-мынча калем кармап, бир-эки ыр саптарын курап коёмун. Ушул ...
Бул качанкы окуяны чоң энем раматылык дайыма оозунан түшүрбөй айтып отураар эле. Биз үчүн, анча билинбегени менен, чоң энем өзүнүн арманын айтчу тура бизге... -Силердин атаңар - менин тун уулум. Ырас, азыр жалгыз эле караанар-карманаарыбыз ошол болуп калбадыбы, чоң атаңар экөөбүздүн,- деп баштачу энем сөзүн. - Бирок, мен андан кийин эгиз уул төрөгөм. Оо, ананайындарым, алар аман болсо бул ...
АҢГЕМЕ Түн бир оокум. Асман бетинде жаркырап турган сансыз жылдыздарды каардуу булут каптап, бир да жылдызга жаркыроого мүмкүндүк бербей кыйнайт. Бул учур караңгыны жазданып, үмүт шооласы кире албаган, буга чейин бейтааныш бөлмөдө бала жалгыз жатты. Апасынын ысык алакандарын тынбай издеп, күнөөсүз наристе ширин уйкуда кыйналып, издегенин таба албай кайгылуу жатаар эле. Энесинин мээримге толгон жылуу алакандарына зар, кайра-кайра төшөктөн колун бери созуп, ...
(Фантастикалык аңгеме) “21-кылымда Арал деңизинин кургашы менен көп нерсе өзгөрдү. Кургак чөлгө айланган бул деңиздин астынан чыккан туздар шамал менен кошо республикабыздын тоолоруна, тоолорундагы миңдеген жылдардан бери турган мөңгүлөрүнө учуп келип, аларды ээритүүдө… Акыркы жаңылыктар боюнча Кыргызстан жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы тоодо ким экени белгисиз бир адам табылды. Ал адам жөнүндө маалыматтар дагы да толук бериле элек. Берилген кабарларга караганда, ал 100 ...
Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан учур эле. Жылуу маанай менен экөөбүз көрүштүк. - Кандайсың? Кандай жүрөсүң? Сени көргөндө өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл сөзү менен «жакшы» анан «шүгүр» деп кошумчаладым. - Өзүңчү, көптөн бери көрүнбөйсүң? Кайда жүрөсүң? - Менде баары жакшы... Турмушка чыккам. Уулдуу болдум. Баягы өзүң билген кесибимде ...
... Анда да көктөм быйылкыдай кечигип, күн алыс кар аралаш жаан жаап, жүдөтүп турган убак эле. Асмандан башка айланасынын баары жабык, бийик дубал, темир тор менен тордолгон аялдар абагында да жазды эңсеп күтүл атышкан. «Капырай, жаз эмне мынча күттүрдү?! Эртерээк келсе болбойт беле?», «И, жаз келсе эмне кылат элең? Камакта отурган соң, сага жазбы-кышпы, айырмасы кайсы?», "Койчу" жакшы сөз сүйлөп, жакшы тилек ...
Мындан бир топ жыл мурда Сары молдо деген киши болгон дешет. Өзүнүн чыныгы ысымы башкача экен. Өзү молдолугу, алдын ала көп нерсени билгендиги менен өзгөчөлөнгөн бул киши өңү сары болгон үчүн "Сары молдо" деп аталып калыптыр. Сары молдо тээ алыскы бир айылда жашайт экен. Таң ата берки айылга жете келиптир шашып. Ал дайыма жөө жүрчү экен. Машина менен жарым күн жүрө ...
Бири-бирине окшош типте салынган жатаканалар борбор калаабызда оголе көп. Тээ союз мезгалинде ар бир ишкана өзүнүн жумушчуларын убактылуу жашаганга үй менен камсыздырганы ушундай окшош үйлөрдү сала беришкен. Болгону бир эле бөлмө, ашкана, душ, ажаатканалары жалпы. Төрт кабат же беш кабаттан ашпайт. Лифтиси жок. Мурун ар бир жатакананы пенсиядагы орус кемпирлер кайтарышчу, аны биз "вахтёрша" деп койчубуз. Жада калса училищелерден баштап жогорку ...
Бул окуяны кезектеги иш сапар учурунда, казакстандык кесиптешим айтып берген эле. Анда сөз башынан болсун. Ал күнү жумуштан эртерээк чыгып, жолдон паркка кайрылдым. Бош орундукка барып отургам. Аздан соң жаныма бир киши келип отурду. Кара шляпачан, көз айнекчен бул кишинин жүзүн үңүлүл деле тиктебедим. Өз оюм менен алек болуп отургам. Аңгыча эле тиги киши мага тамеки сунуп калды. Менде деле ...
Арийне, бул окуяны ким укса да, окуса да ишене беришпейт. Бирок бул чыныгы болгон окуя. Андан бери ушунча көп убакыт өтүп да кетти. Ошол окуяны кайрадан эске салууга туура келип жатат. Шадыкан бакшыны убагында кыргыз эли бүт билбесе дагы, Нарын өрөөнүндө таанымал, белгилүү бакшы болгонуна тарых күбө. Себеби Шадыкан бакшы өз доорунда элге көп пайдасын тийгизип, карапайым элге көп жолу ...
Тээ илгертен бери эле коңшу казак эли менен биздин эл бири-бири менен урушуп-чабышып келгенине карт тарых өзү күбө.Бирок көбүнчө казактар өздөрү кол салып кыргыз жерине келип, кайра жеңилүү ызасын тартып кеткен учурлар көп болгон. Айткандай элек казактар пир туткан Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган, “кыргызды тукум курут кылып, жерин басып алабыз” деп кол топтоп, тынч жаткан элге кол салууну жакшылап ...
Баардык тармакка кызыкдар болгула. “Мен болгону өтө кызуугусу күч адаммын”. Туруктуулук бул баа жеткис сапат. “Менин жетишкендиктеримдин баардыгы менин акылдуу болгонум үчүн эмес. Бул нерсенин баардыгы менин тайманбастыгымдан, туруктуулугумдан жана ишти аягына чыгаруудагы багынбастыгымдан улам”. Элестетүү бул – кудуреттүүлүк. “Элестетүү бул – баардыгы. Ал абалдын кандай таризде улануусун алдын ала көрсөтүү касиетине ээ. Элестетүү бул билимден маанилүү”. Ката кылуудан коркпогула. “Ката кылбаган ...
Бул окуя жетимишинчи жылдары алыскы айылдардын биринде болгон экен...Он жаштагы Дөөлөттүн ата-энеси күнүгө эртелеп талаага жумушка кетип, кечинде келишет, Баласы алар жокто мектепке барып жатабы, балдар менен кандай ойноп жүрөт деген кызыгуу менен атасы бир күнү Дөөлөттүн классташы, теңтуштары менен жолугуп, сурап калды. Бирок алар бир ооздон "Сиздин балаңыз биз менен ойнобойт, сабакка да дайыма катышпайт" - дешти. Атасы буга ...
Бул окуя союздун учурунда болгону айтылат. Көп жылдан бери колхоздун жүк ташыган машинасын айдаган Апыш, Балыкчы шаарына жүк алып келгени бара жатып, караңгыда көзү ирмелгенден машинасын жолдун четине чыгарып токтуп уктап, эс алып алууну ойлойт. Анткени бара турган жерине эрте барган күндө деле эки сааттан ашык күтүп калышы бул турган иш эле. Ооба, ал кезде азыркыдай машинанын саны көп болгон эмес ...
Ооба, азыр мигранттардын көбү Россия менен Түркияга каттап, акча табуу үчүн болгон иште иштеп жатышканы да чын. Мен дагы көптүн бири болуп Түркияга сапар алып, барганда эле бир чоң үйдүн тегерек чекесин карап, жыйнамай ишке орноштум. Ал жерде эми эми баары бар, бирок башка эл деген башка эл да. Андан дагы тилин билбей башында катуу кыйналып, акырындык менен көнүп да кеттим. Анткен ...
Мен дагы эл сыяктуу акча табуунун айынан көпчүлүктүн катарын толуктап, Түркияга барып иштеп калдым. Анткен менен түрктөр аял затына үзүлүп түшүп, ушунчалык жакшы мамиле жасарын байкадым. Балким, мен барган жердеги түрк адам ошондойбу ким билет... Бир жылга жакын жетимиш жаштан өткөн кемпирди багып, эч жакка деле чыга алганым жок. Анткен менен кемпирдин баласы ушунчалык мага жылуу мамиле жасап, жакшы сөздөрүн менден ...
(Каармандын аты өзгөртүлүп берилди) Бир караган кишиге катуу азап тарткандай көрүнгөн Чыйбыл эмнегедир бул жолу чечилип сүйлөп берди. -Ал кезде мен аскерден жаңы келип, иш жок болгон үчүн айылда бош жүрүп калдым. Айткандай мен жеринен балдарын кайын-журтуна бактырган эрекектерди абдан жаман көрөм. Анткени мени дагы атам таштап кетип, мен таятамдын колунда өстүм. Эмне болгон күндө дагы “жээн” деп мени айыл эли көп ...
Бул дүйнөдө түбөлүктүү жашоо жок да, адам баласы тургай тирүү жүргөн бардык жандыктар өлүп, топуракка айланышат. Азыркы секундда канчалаган гана адам төрөлүп, канчалаган гана адам оо дүйнөгө жөнөп кетип жатат. Бул жашоого биз мейман катары убактылуу эле келет экенбиз да, анан түбөлүктүү жашоого кетебиз. Мындайча айтканда бардыгыбыз өлүмдүн даамын татабыз. Менин көзүмчө эле канчалаган адамдын көзү өтүп кетип жатышат. ...
Мен булокуяны укканда "армияда "лунатик" менен ооруган жигит тууралуу жазыпсыңар. Аны окуп жатып менин дал ошого окшош бир окуя эсиме түшүп силерге жазгым келди. Окуя тээ илгери болгон, союз мезгилинде. Мен ал жылы мектепти бүтүп келип борбордогу жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып окуп калдым. Шаарда туугандарым жок болгондуктан жатаканада жашоого туура келип калды. Ал мезгилде дээрлик көпчүлүгүбүз жатаканаларда жашачу эмес белек. ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!