www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмуш
0 523

БОЛГОН ОКУЯ: "Жолдошум түнкү клубдарга барып турбаса ооруп калат..."

06-декабрь 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

"Кечирээк үйлөнсүн, ойноп-күлүп алсын деген туура эмес..." Балдарды ойноп-күлүп алып кечирээк үйлөнсүн деген сөздү көп угам. Туура, жаштайынан түйшүккө малынып үй-бүлө баккандан көрө бутуна туруп, окуп-чокуп, көрчүнүн баарын көрүп алып анан үйлөнгөнү туура. Бирок тыйындын эки тарабы бар дегендей, өтө кеч үйлөнгөн деле аябай туура эмес экенин өзүмдүн практикамдан көрүп жатам. Жоддошум аябай кеч үйлөндү. Тагыраагы 35 жашында турмуш ...

0 268

Төрт үй-бүлө акысыз батирлүү болушту

05-декабрь 2019, 12:53 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарында турак үйгө муктаж төрт үй-бүлөгө жаңыдан салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 1 жана 2 бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук иш-аракеттерин “Элит строй сити” курулуш компаниясы жүргүзүүдө. Бериле турган батирлер шаардагы курулушу башталып,  6 кабаттан турган 35 батирлүү “Ясын” турак жай комплексинде жайгашкан. Буга чейин аталган ...

0 265

Сонунбүбү Кадырова: "Чыныбай Акун кол жоорутуп, бел оорутуп иш кылбай, бирөөлөрдүн эсебинен байыган мансапкор"

05-декабрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

--Сонунбүбү айым, кыргыздын үрп-каада салтына күйүп келген кыргыз кыздарынын бирисиз. музейдеи болуп өткөн окуя тууралуу ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековдун оюна пикириңиз кандай?  --Ар заманда бузуку, көпкөндөр болгон. "Төө чечмей" каны бузук көпкөндөрдүн колунда жок алсыздарды шылдыңдаган оюну. Чыныбек Акунга окшоп кол жоорутуп, бел оорутуп иш кылбай, бирөөлөрдүн эсебинен байыган мансапкорлор, нарксыздар ойлоп тапкан. Шабдан Баатырдын кеменгерлиги ошол оюнду өткөрүүгө ...

0 434

БОЛГОН ОКУЯ: "Жеңил ойлуу кыздан жаман оору жуктуруп алдым"

04-декабрь 2019, 12:24 Кызгалдак Жакыпова

Оңой менен айыкпас илдетке чалдыккан бул каарманыбыз кумарга азгырылып, өзүнүн ден соолугуна залал келтирип алган экен. Учурда жаман оорудан толук арылганга чоң суммадагы акча каражатын топтой албай жатканын бизге ачык эле айтып берди. "Убакыттын өтүшү менен дартын күчөп кетсе тукумсуз болуп да калышың мүмкүн " деп дарыгер ачык эле айтты " - деген Кенжебек мырзанын кейиштүү бул баянын гезит бетине жарыялап коюуну туура ...

0 730

БОЛГОН ОКУЯ: Тааныштарга сыртынан таттуу үй-бүлө көрүнүп, ичинен бир жаздыкка аргасыз баш койгон эки жанбыз

02-декабрь 2019, 17:28 Айдар Нуралиев

Алыскы Россиянын суук шаарында жолдошум экөөбүз күн тынымын билбей иштейбиз. Буюрса, балдар чоңойгончо бутка туруп алып биротоло кетебиз деп кыялданам. Күйөөм болсо барууну көп деле каалабайт. Эмнеге баргың келбейт деп такыбайм деле. Ансыз да иши оор деп жүргөм. Көрсө жолдошум Уландын  жүрөк дарты такыр башка экен. Биз жаңыдан таанышкан кезде Улан Москвага иштегени келген. Чогуу батирде мен курбум, ал ...

0 330

БОЛГОН ОКУЯ: "Наристенин кичинекей жүрөгү..."

02-декабрь 2019, 15:42 Кызгалдак Жакыпова

Бул жүрөк титиреткен укмуштуу окуяны бала кезде уктум эле. Апам жети эркекти удаа төрөп, үйдөгү түйшүктүн баары жалгыз анын мойнунда болгондуктан, көп ооручу. Бир жолу кычырагын кыштын суук мезгилинде ангиннасы дагы кармап, төшөккө жатып калды. Чиедей жаш балдар баарыбыз апамды тегеректеп, ар бирибиз ага колубуздан келишинче жардам берип, оорусун жеңилдеткенге тырышабыз. Апамдын болсо, тамагы шишип, сүйлөй да албайт. Төшөктө ...

0 280

Борбор калаанын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелеби?

02-декабрь 2019, 11:50 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 1-декабрдан 6-декабрга чейин Тоголок Молдо, М. Ганди, Саадаев жана Чоң Чүй каналы менен чектеш аймакта, «Көлмө», «Салам-Алик», «Щербаков» кичи райондорунда газ берилбейт. Беш миңдей абонент бул күндөрү газсыз калат. Булак: NazarNews.kg

0 224

Эмилбек Каптагаев:"Баш мыйзамдагы, "улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбейт" - деген ченем так жазылууга тийиш"

02-декабрь 2019, 08:45 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Конституциясына: "Кыргыз Республикасында Кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбейт" - деген ченем так жазылууга тийиш. Антпесе бейсалт пенделер, алардын бирикмелери улам көбөйүп, тамыр жайып отуруп акыр-аягы чоң чатакка кирептер болуубуз толук ыктымал, деген пикирин Эмилбек Каптагаев жазып чыкты.  Эске сала кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталчу ...

0 786

Гапар Айтиев улуттук сүрөт өнөр музейинде "ОБОН" деген кыргыздын аялдарын "маскара" кылган сүрөт илинип турат

30-ноябрь 2019, 21:38 Айдар Нуралиев

Гапар Айтиев улуттук сүрөт өнөр музейине “Көптөн бери көркөм сүрөт музейине барбай жүргөм. Бүгүн барып ушундай сүрөт да көрүндү. Достор, мен туура эмес деп эсептейм, силер кандай кабыл аласыңар?», деген пикирин Максатбек Казакбаев өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. Максатбек Казакбаев, ОБОН деген сүрөттү тартып алган. Сүрөттө ОБОН деген сөз жазылып, төрт жоолук салынган кыргыз аялдын колунда ...

0 264

ТАГДЫР: Эч качан сүйүү эмне экенин сезген эмесмин...

30-ноябрь 2019, 16:32 Айдар Нуралиев

Мектепти жаңы эле аяктап, алдыма бүт дүйнөнү багындырчудай максаттарды коюп жүргөн кезимде апам мени турмушка узатууга макулдугун берди. Атам эрте эле кайтыш болуп калган. Жолдошум да 17 жашта болчу. Ойлоп көрсөм экөөбүз тең бала эле бойдон баш кошуптурбуз. Менин атам кайтыш болуп калса, анын апасы кайтыш болуп калган экен. Атасы кайрадан үйлөнүп, өгөй апасы жолдошумду эртерээк өз оокатын кылып бөлүнүп ...

0 388

Рактын алдын алган жана стресстен сактаган руккола

30-ноябрь 2019, 15:18 Кызгалдак Жакыпова

Руккола өсүмдүгү адам баласына бир нече миң жылдан бери белгилүү. Бул керемет көк чөп жер планетасынын Антарктидадан башка жердин баарында өсөт. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык ашканасында аталган жыттуу өсүмдүктү кеңири колдонушат. Рукколаны күнүмдүк тамак рационуңузга анын керемет даамы үчүн жана пайдалуу витаминдерге бай экендиги үчүн кошконуңуз туура болот. Демек төмөндө анын пайдалуу касиеттери тууралуу сөз кылабыз. РУККОЛАНЫН 10 ...

0 245

БОЛГОН ОКУЯ: Көгүчкөндү ажалдан куткарган мышык

30-ноябрь 2019, 12:37 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя кечээ жакында эле болуп өттү. Бишкектеги мурунку Фрунзе заводунун ичинде ижарага алышкан бир фирмада кароолчу болуп иштеп жаткам. Мурун союз мезгилинде завод дүкүлдөп иштеп турганда ичи толтура эл, машиналар, ар кандай техника көп болуп турчу эле, азыр болсо ал жакта кишилер да, техника да аз. Завод өзүнүн жашоосун токтотуп, ичиндеги техника жабдыктары акырындап жоголуп отуруп ичи ээнсиреп ...

0 1116

Туулган күнүң менен Уулум! Сени таштап кеткени үчүн апаңды эч качан күнөөлөбө!

29-ноябрь 2019, 20:05 Бакыт Молдалиев

Каякта төрөлгөнүңдү билбейм. Качан төрөлгөнүң да маанилүү эмес. Мага бала болуп келишиңден баштап Кудайга мен жооп берем... Тагдырдын буйругу менен Беловодскийдеги балдар үйүнө барып калдым. Ал жерде Кудайдын эрке пенделери жашайт... Себеби, баары акыл-эси кем төрөлгөндөр. Жетекчиси абдан сонун эже экен. Светлана Такырбашева эжем менен таанышып калдым. Оорулуу балдардын арасында эки татынакай таза балдар бар. Бири кыргыз бири орус ...

0 559

ТАГДЫР: Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди сүйбөйбүз, бирок жашаганыбызга 15 жылдан ашты...

29-ноябрь 2019, 12:08 Кызгалдак Жакыпова

"17 жашымда кудалап күйөөгө беришти..." Мектепти жаңы эле аяктап, алдыма бүт дүйнөнү багындырчудай максаттарды коюп жүргөн кезимде апам мени турмушка узатууга макулдугун берди. Атам эрте эле кайтыш болуп калган. Жолдошум да 17 жашта болчу. Ойлоп көрсөм экөөбүз тең бала эле бойдон баш кошуптурбуз. Менин атам кайтыш болуп калса, анын апасы кайтыш болуп калган экен. Атасы кайрадан үйлөнүп, өгөй ...

0 190

Бала болуп памперс да кийбегендер, галошту машина кылып ойногондор барбы?

29-ноябрь 2019, 11:17 Айдар Нуралиев

Саясаттын агымы менен эл экиге бөлүнүп, кыргыз бири-бирин сыйлабай жаткан көрүнүшкө туш болдук. Социалдык тармактарда маалымат алуу менен маалымат берүү күчөгөн маалда WhatsApp социалдык тармагында маанайды көтөргөн шилтемелерди окурмандарга сунуштайбыз.  Аманбы СССРде туулгандар, Бүт айыл бир баняда жуунгандар. Мектепте комсомол, пионер болуп, Кыпкызыл галстук тагынгандар. Эки зым менен жүн байпак токугандар, "Бонжур, гуднтаг" деп,  Француз, немец тилин окугандар, Уруксатсыз эч ...

0 767

Жамалбек Ырсалиев: "Барчылыктын баркы билинбей, кыздарын коргой албаган эркектер намыска келгиле"

28-ноябрь 2019, 18:19 Айдар Нуралиев

Акыркы жылдары кыргыз эли саясаттан башы чыкпай, коомчулук кыргыздын каада-салттарын унутуп, улуттук идеология унутулуп бара жаткандай. Айрым саясатчы же Жамалбек Ырсалиевге окшогондор үн катып, ачуу кыйкырык салганы менен коомчулуктун көпчүлүгү "чырт" түкүрүп "кызыкчылыгы" жоктой кайдыгер көрүнүштө. Төмөндө Жамалбек Ырсалиевдин жүрөктөн чыккан  ачуу пикирин окурмандар окуп, ойго батар... Шамалымды сөкпөсө, күрүчүмдү төкпөсө... Энем айтып калаар эле. Нандын күкүмүн таштандыга таштабагыла. ...

0 302

Жамалбек Ырсалиев: "Шамалымды сөкпөсө, күрүчүмдү төкпөсө..."

28-ноябрь 2019, 18:01 Кызгалдак Жакыпова

Шамалымды сөкпөсө, күрүчүмдү төкпөсө...Энем айтып калаар эле. Нандын күкүмүн таштандыга таштабагыла. Тиги дүйнөдөн төөнүн үстүнө мингизип туруп нандык күкүмүн тер дейт экен. Ошондо кантип эңкейип, эңип тересиң деп... Мен болсо короого кирип алып тосмо кылып тосуп койгон тегерек устунга төшөк салып ээр токумдай арчындап байлап, минип алып койдун корголун эңип машыгат элем... Апам мени тарбиялаш үчүн айткан нерсеси, алы ...

0 444

ТАГДЫР - Нурайым: "Баңгизат колдонгон күйөө менен жашап жатам..."

28-ноябрь 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Турмушка чыкканыма 10 ай болду. Беш жумалык боюмда бар. Жигитим менен 8 ай сүйлөшүп, турмушка чыккам. «Сүйүүнүн көзү сокур» дегендей, биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эч нерсени элес албаптырмын. Эми баарын билип, бармагымды кырча тиштеп отурган кезим. Күйөөм клей жыттайт, баңгизат колдонот. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болгондо бул адаттарын билдирип баштады. «Качантан бери?» десем, «11-класстан бери» дейт. Көп жолу милицияга ...

0 195

Мигрант, укугуң бузулдубу? Мындай учурда кандай чара колдонуп, кимге кайрыла алат? Адис жооп берет

28-ноябрь 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Бул суроого Кыргызстан профсоюздар федерациясынын президенти Элдияр Карачалов жооп берди: “Мигранттар жумушка кирээрде эмгек келишимин түзүүсү зарыл. Көпчүлүк учурда мигранттар оозеки келишимдин негизинде жумушка кирип, өздөрүнө маселе жаратышууда.  Мигранттардын укугу бузулган учурда, Миграция кызматынын өкүлдөрүнө, элчиликке кайрылып өз укуктарын коргосо болот. Бул кызматтын Орусия мамлекетинде да өкүлчүлүгү бар болгондуктан, алар мигранттарга жеринен жардам берүүгө милдеттүү. Ошондой эле, мигрант жумуш ...

0 263

Чек арадагы чыр-чатак качан токтойт?

28-ноябрь 2019, 13:18 Айдар Нуралиев

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл өкмөтү менен чектешкен Гафуров районундагы “Овчи Калача” бекетинде Тажикистандын майору Рахимов Шабхоз өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп, ошол бекеттен өткөн кыргыз жарандарына кол салат. Биздин аялдарга жана кыздарга адепсиз жүрүм-турумдарды көрсөтөт. Алардын чөнтөктөрүнө кол салып, телефондорун тартып алып, ар бир адамдын миграциялык кагазына бекеттен өтүү үчүн  5 сомониден (36 сом) алат. Бул маселе боюнча ...

0 487

Семирип кыйналбайын десеңиз...

27-ноябрь 2019, 18:25 Айдар Нуралиев

Жашоодо айрым бир бактылуу адамдар болушат, канчалык көп конфет, шоколад, торт, печенье ж.б. баарын жесе да өзүнө кичинекей май топтобой дене түзүлүшүн ошол бойдон сактаган. Алар калктын 0,01%ын гана түзүшөт. Ал эми башкалар бул макаланы окуп алса зыяны тийбес. БИРИНЧИ КЕҢЕШ. Күндү алгач белоктуу тамак-аш менен башташ керек. Анткени ал май алмашууну жөнгө салат. Мисалы, эртең мененки тамакка сууга ...

0 1049

ТАГДЫР- Махабат: "Экинчи күйөөм менен эрке кызымдын азабын тарттым"

27-ноябрь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Баланын өз ата-энесинин колунда мээримге бөлөнгөнү ал үчүн чоң бакыт эмеспи. Бирок айрым адамдар жеке турмушунда жаңылып, кайрадан үй-бүлө күткөндө ортодо балага эле кыйын болот экен. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Махабат жалгыз кызы менен аны өгөйлөгөн экинчи күйөөсүнүн азабын кантип тарткандыгы тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берди. - Учурунда ала качуунун курмандыгы болгон элем. Күйөөм менен отум күйүшпөй эки жылдан кийин ажырашып кеткем. Бир кызым бар. ...

0 473

Эки колунан айрылган электрик жигитке жардам керек 

27-ноябрь 2019, 17:10 Кызгалдак Жакыпова

Мындан бир жыл мурун, тагыраак айтканда 2018-жылдын 15-октябрында “Ошэлектр” жана Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жумушчусу Замир Кыдыров кышка даярдык иштеринин алкагында электр жабдыктарын оңдоп жатып кырсыктаган. Кырсыктын кесепетинен Кыдыровдун эки колунун чыканагынан ылдый жагы кесилген.  Замир Кыдыров – үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы. Жашоо шарты бир аз начар, бүтө элек үйдө жашашат. Карыган ата-энеси бар. Эки колунан айрылган ...

0 1282

ВИДЕО – “Эл имамы” 13 жаштагы кызга үйлөндү

Видео 27-ноябрь 2019, 13:33 Кызгалдак Жакыпова

Татарстанда сүйүү, дин, мыйзам жана бир аз Шекспирдин чыгармасы кошулган окуя жергиликтүү элдин назарында. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, Жульетта менен тең Татарстандын 13 жаштагы тургуну  Камила Асылгараева, Ромеодон жашы айырмалаган 29 жаштагы Расул Салихов экөө үйлөнүштү. Алар дин жолу менен никелерин кыйдырышкан.  Жергеликтүү калк Расул Салиховду “Эл имамы” деп аташат жана аны баары сыйлашат. ...

0 558

Ар бир жаныбардын этинин пайдасы ар башка

26-ноябрь 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

ЖЫЛКЫ ЭТИ — таза, ар дайым пайдалуу чөптөр менен тамактангандыктан этинде дарылык касиеттери абдан көп. Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиңет. Холестерин жок. Булчуңдарды чыңдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт. КИЙИК ЭТИ - Борбордук Россиянын түндүк тарабында ашканаларда кийиктин эти дайыма колдонулуп келет. Эт минералдарга жана витаминдерге абдан ...

0 333

Кыргызстанда 10 айда 5 миңден ашуун зомбулук катталган

26-ноябрь 2019, 10:09 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 25-ноябрь күнү аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда “зордук-зомбулукка каршы 16 күн” жылдык акциясы старт алды. Ал Адам укуктарынын эл аралык күнү, 10-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча “зордук-зомбулукка каршы 16 күн” акциясы өкмөттү, зордук көргөн коомчулукту, активисттерди, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту тез арада ...

0 276

Баңгизатын эми социалдык тармактар аркылуу да жарнамалай башташты

25-ноябрь 2019, 16:58 Кызгалдак Жакыпова

Телеграмда ачык эле баңгизатын сатып жатышат. Тыюу салынган заттын жарнамасы популярдуу каналда да чыга баштады.  “Муну токтотуу мүмкүн эмеспи? Администратору жоопко тартылышы керек. Ал бардык социалдык тармактын колдонуучуларынын кыжырына тийип жатат, администраторунан эч кандай жооп жок”, -дейт колдонуучулардын бири.  Буга чейин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйдүн жашоочулары подъезддин эшигинен жана жанындагы дубалдан баңгизаттын жарнамасын табышкан. Ал жарнаманы алып салышкандан кийин ...

0 1622

31 манжасы бар аял жез кемпир деп шектелүүдө 

25-ноябрь 2019, 15:43 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын Одиша штатынын тургуну манжаларынын көптүгүнөн жез кемпир деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, 63 жашагы Кумар Найак тукум куума полидактилия оорусу менен азап чегип келет. Анын колу менен бутунда өзгөчө сандагы манжалары, тагыраак айтканда колунда 12, ал эми бутунда 19 манжасы бар.  “Мен ушул оору менен төрөлгөм жана дарыланган эмесмин. Анткени мен ...

0 357

ТАГДЫР - Армандын энеси: “Никесиз төрөлгөн уулума чоң атасы болгон мүлкүн берди”

25-ноябрь 2019, 14:06 Айдар Нуралиев

Жараткан ар бир адамдын алына жараша сыноо берет, оор күндөрдүн артында жакшы жашоо катылып турат десе жөн гана кайгы тарткан адамды жубаткан сөз болсо керек деп маани берчү эмес элем. Бирок...Башымдан өткөн окуялар жогорудагы сөзгө далил. Бир убакта никесиз туулган уулум менен төркүнүмдө түрткүнчүк болуп жүрсөм, азыр баламдын аркасы менен бейиштегидей жашоодо күн көрүп жатам. Эмесе, сөз башынан болсун...

0 289

Исмаил Оморов, невролог: “Инсульттун алдын алууга суу жардам берет”

25-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Дүйнө жүзү боюнча жылына 10,3 адам инсультка кабылат. Анын 6,5 миллиону өлүм менен аяктайт. Биздин өлкө бул оору боюнча алдыңкы орунда экени айтылууда. Доктурлардын айтымында, инсульттун алдын алса болот. Ал үчүн кан басымды бир калыпта кармап, күндө текшерип туруу зарыл. Оорунун алдын алуунун жана кандай учурда инсульт өлүмгө алып келерин адис айтып берди. - Алгач инсультка аныктама берсеңиз... - Адамдын ...

0 223

Балык башынан сасыйт... Буларың элдин бул ачуу үнүн, жамгырдай жаадырган каргышын уга турган түрү жок...

25-ноябрь 2019, 13:04 Айдар Нуралиев

Учурда коомубузга элдин эсебинен байыгандар, азыркы тил менен айтканда жемкорлор жаандан кийинки козукарындай көбөйдү. Миллион сомду кой, миллиондогон долларды жеп жуткандар, ири өлчөмдө пара алгандар биринен сала бири кармалып жатат. Күн сайын телеканалдар аркылуу "тигинден, мындан баланча миллион сом түштү. Мунун эсебинен мектептер, бала бакчалар курулат, жыртык-тешигибиз бүтөлөт" - деген сыяктуу маалыматтар байма-бай айтылууда. Акаев, Бакиевдер сепкен жемкорлуктун үрөнү ...

0 1209

"Саймаитинин өлүмүн батыштын атайын кызматы ишке ашырган. Максаты-башаламандык жаратуу"

23-ноябрь 2019, 17:49 Аман Аскаров

Фейсбуктагы "Асаба-Кыргыз Туусу" тайпасында кызыктуу бир материал жарык көрдү. Анда, Саймаитини өлтүргөндөр батыштын атайын кызматтары жана сириядагы террордук уюмдар менен тиешеси болгон делет. Түркиянын “Sabah” гезити кытайлык ишкерди кылмышка шектүүлөр 1 миллион 250 миң доллар үчүн өлтүргөндүгүн жазган. Ал эми түрктөрдүн Е24 интернет сайты киллерлер 1 миң долларга жалдангандыгын жазып, шектүүлөр сириядагы Идлиб шаарында согушкан “Аль Нусра” террордук уюмунун ...

0 161

Үч актын тиричиликтеги пайдасы

23-ноябрь 2019, 17:18 Айдар Нуралиев

Кожойкелерге күмүш сырга. Сиз турмуш-тиричиликте пайдаланып жаткан 3 актын – туз, сода жана кумшекердин кандай пайдалуу касиеттери бар экендигин билесизби? Аларды тамак-ашка колдонуудан сырткары тиричиликте кантип пайдаланса боло тургандыгы тууралуу сөз кылалы. Туз —Эртең менен ачкарын кайнаган сууга азыраак туз салып эритип анан тундурмасын ичсе, ал ашказанга пайдалуу. —Белгилүү өлчөмдө туз салынган сууга башты жууп жүрсө чач түшпөйт. —Өңү өнүп кете турган материалдарды жууганда ...

0 188

Бишкек мэриясы тарабынан үч жетим балага үй берилди

23-ноябрь 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

Бойго жеткен үч томолой жетим балага Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан батирлер берилди. Бул тууралуу Талант Рыскулбек уулу жергиликтүү радиолордун бирине  маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдан тарта турак жай кодексине ылайык, борбор калаадагы жетим балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү, үй менен камсыз боло баштайт. Ушул жылы үч томолой жетимге үй берилсе, учурда дагы 38 ата-энеси жок чоңойгон бала муниципалитет ...

0 273

ФОТО - 66 жашында төрөп, дүйнөнү таң калтырган Адриананын кызы Элиза бойго жетти

23-ноябрь 2019, 16:52 Аман Аскаров

Адриана Илиеску (ADRIANA ILIESCU) Румыниянын жараны. 2005-жылы, 66 жашында өмүрүндө биринчи жолу эне болгон. Муну менен ал Гиннес рекордов китебине кирген. Бирок, анда көп кармалган эмес, себеби бир жыл өтүп-өтпөй  испаниялык аял 67 жашында көз жарып рекордду жаңылаган болчу. Адриана жашоосунда бир гана жолу турмушка чыккан. 24 жашында түгөйлөр ажырашып, эки жолго түшкөн. Андан кийин колун сурагандар болгон деле эмес, ...

0 238

Отуз жашка чейин сени аялың жылытат, отуздан кийин бир рюмка вино жылытат, андан кийин сени меш да жылыта албай калат...

23-ноябрь 2019, 16:29 Айдар Нуралиев

Убагында эгилген эгин убагында чыгат. (Абхаз макалы) Убакыт менен суунун агымы адамды күтпөйт. (Англис макалы) Убакыт – бул акыл эмгеги менен иштеген кызматкердин капиталы. (Оноре Бальзак) Кандайдыр бир жамандык пайда болушу үчүн бир күн керек, бирок, аны жер жүзүнөн жоготуш үчүн бир нече кылым талап кылынат. (Л.Бланки) Жаштыгыңды гана эмес, жаш кездеги басыгыңды да кайра кайталоо мүмкүн эмес. (Ю.Бондарев) Жыйырма жашымда мен өзүмдү даанышман катары эсептечү элем, отуз жашымда келесоо ...

0 325

Рима Каипбекова, модель: "Мырзалардын материалдык жагына карабасаң, турмушта көп көйгөйлөр жаралат"

23-ноябрь 2019, 16:09 Айдар Нуралиев

-- Рима, акыркы кездерде модалуу кийимдерди чыгарып, ырчылардын клиптерине тартылып, чыгармачылыгыңды баштадың, өзүң тууралуу айтсаң? -- Мен 11-классты Кочкор районунун Ара-Көл айылынан аяктадым. Өзүм ошол айылда туулуп-өскөм. Бишкекке келгенде эле Кыргызстан эл аралык университетине тапшырып, андан кийин атайын моделдик агенттикте эки айлык курстан өткөм. Ошол учурда шоумен Ассоль Молдокматова шоу көргөзгөнгө атайын кастинг жарыялаган эле. Кастингге катышып, биринчи жолу ...

0 198

Беттеги безетки, бырыштардан кантип арылса болот?

23-ноябрь 2019, 15:56 Айдар Нуралиев

ЛАУРА СУРАНБАЕВА, КОСМЕТОЛОГ: “КӨП УЧУРДА КЫЗДАР БЕТИНДЕГИ БЕЗЕТКИНИ ТУУРА ЭМЕС ДАРЫЛАШАТ” Ар бир аялзаты ар дайым жаш жана келбеттүү көрүнгүсү келет. Айымдардын сулуулугуна кам көргөн косметолог Лаура Суранбаева косметика, беттеги безетки, бырыштарды кетирүү жана териге кандай кам көрүү керектигин айтып берди.  -- Косметолог дегенде биз адамдын келбетине, сулуулугуна кам көрүүчү адисти элестетебиз, ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз? -- Косметолог бетке ...

0 165

Мариям Эдилова, профессор: "Аялдарга карата дагы эле басмырлоо күч, тынчсыздануу жаралууда"

23-ноябрь 2019, 15:52 Айдар Нуралиев

-- Мариям Миталиповна, айтсаңыз, тарыхта эркек менен аялзатына тең эмес мамиле Аялдарга карата дискриминациянын баардык формаларын жоюу жөнүндөгү конвенциянын (CEDAW) кабыл алынган мезгилде башталды беле, же?.. -- Адамзат тарыхындагы баардык цивилизацияларда жана коомдук-экономикалык формацияларда каада-салттардан жана үрп-адаттардан улам коом эркектер менен аялдарды бири-бирине тең эмес эки топко бөлүп келген. Ага ылайык, эркектер, эреже катары, коомдук “кызмат өтөө” менен, ал ...

0 313

Спикерди журналисттер "жарга такап", журналисттик иликтөө боюнча оюн билип алды

23-ноябрь 2019, 15:50 Аман Аскаров

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков өлкөнүн жана чет элдик медиа ресурстун журналисттеринин иликтөөсү жана Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия боюнча өз оюн журналисттер менен бөлүштү. -Иликтөөнү көрдүм, Саймаитинин ишмердүүлүгүн жана өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн билесиңер. Жыйынтыгына жараша убагында өз оюмду билдирем. Жогорку Кеңеш карап турган жок. Ал эми түзүлгөн комиссия боюнча маалыматты фракциялар берет. Мен добушка ...

0 245

СҮРӨТ - Кочкордо Турдакун Усубалиевдин музейи курулат

23-ноябрь 2019, 15:16 Кызгалдак Жакыпова

Нарын облусунун Кочкор айылында Кыргыз ССРинин БК Компартиясынын биринчи секретары Турдакун Усубалиевдин музейи курулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев музей курула турчу жерге капсула койду. Ошол эле жерге Усубалиевдин эстелиги орнотулат. Абылгазиев долбоордун эскиздери менен таанышып чыкты. Басма сөз кызматынын сүрөтүнө караганда имараттын төрт долбоору иштелип чыккан. Белгилей кетсек, Турдакун ...

0 440

“Азия Ньюс” гезити дагы бир соттон жеңилип калды. Бул ирет канча сом төлөп берет?

23-ноябрь 2019, 14:21 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин жетинчи башкармалыгынын мурунку кызматкери Бакыт Матмусаев кыргыз тилдүү “Азия Ньюс” гезитин сотто утуп алды. Бул тууралуу Адиль Турдукулов билдирди. Белгилей кетсек, Турдукулов маалымат ресурстарынын коомдук коргоочусу болчу. Анын айтымында, мурунку милиция аткаминери өзү жөнүндө гезит чыгарган бир нече материалдарга таарынып, ага жалаа жапкан деп эсептейт. Ал өзүнө келтирилген моралдык зыянды 10 миллион сомго баалап, арыз менен Октябрь райондук ...

0 411

Ракка кабылган жакыныңызга кандай жардам берүү керек?

23-ноябрь 2019, 13:50 Айдар Нуралиев

Бул маалыматты ар бирибиз билген оң. Себеби аты жаман оору адамды тандабайт. Психологдордун далилине таяна турган болсок, жакын адамдын колдоосу оорулуунун дарттан айыгып кетүүсүнө чоң салым кошо алат. Төмөндөгү маалыматты онкологдор менен психологдор биргеликте иштеп чыгышкан. Онкология менен ооруган адамдар менен маектешип, сурамжылап, изилдөө жүргүзүп, оорулуу адам жакынынан кандай жардам күтөрүн аныкташкан. Моюнга албоо – убакыттан уттуруу Дарыгердин биринчи ...

0 251

Эл жүгүн аркалаган залкар Бектемир Мурзубраимов

23-ноябрь 2019, 12:46 Айдар Нуралиев

Ар убакта элине ак эмгегин, чаалыкпас таза кызматын өтөгөн, элинин жашоо-турмушун, иштериндеги ийгилигин, көкүрөгүндөгү көйгөйүн терең түшүнө алган, жан дүйнөсү таза, эрки күчтүү, башкаларга жарыгын чачкан айкөл инсан, өнө-боюна табиятынан бүткөн калыстыгы, чечкиндүүлүгү менен өлкө мүдөөсүнө, калк каалоосуна камкор мамиле кылган, адамдын ички дүйнөсүн түшүнө билген химия илиминин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов агабыз кыргыз элине ...

0 188

Асел Керимкулова, невропатолог: «Нерв оорулары жылдан-жылга жашарууда»

23-ноябрь 2019, 12:09 Айдар Нуралиев

- Маегибизди сиздин медицинага келип калганыңыз туурасында баштасак. - Врач болуу бала кездеги кыялым болчу. Кичине кезимде эле дарыгер болом деген чечимди кабыл алып, мектепте абдан жакшы окудум. Өзгөчө медицинага тиешелүү сабактарды тырышып окуп, мектепти алтын медаль менен аяктагам. Ошол секелек кездеги тандоом мектепти бүткөндө да өзгөргөн жок. Колума аттестат аларым менен медакадемияга тапшырып окууга өтүп кеттим. Ал ...

0 179

Федералдык издөөдөгү кыргыз жараны кармалды. Полиция анын досун таппай жатат

23-ноябрь 2019, 11:57 Аман Аскаров

Жакында Москванын метросунун кире беришинин алдында шилекейи куюлганча мас болуп алып, тегерек-четиндеги элди көзгө илбей, ойду-тоону сүйлөгөн кыргыз жигитинин видеосу интернетте кеңири тарап, чоң талкууга алынган болчу. Ошондо алыста жүргөн мекендештерибиз бир аз маданияттуу болуп, “бир карын майды бир кумалак чиритет” болбой, бир адамдын тартипсиздиги бүтүндөй мекендештерибизге көө жаппаса экен деген тилегибизди айттык эле. Көп өтпөй дагы бир маалымат ...

0 235

120 миллион сом үчүн УКМК бир министрлик менен "тытышып" жатат. Жеңүүчү аныктала элек

23-ноябрь 2019, 11:32 Аман Аскаров

Экономика министрлигинин банкрот иши боюнча департаментинен Алексей Елисеевдин пайдасына мыйзамсыз жол менен 120 миллион сом чыгарып кетүү аракети көрүлгөндүгү тууралуу УКМКнын маалыматын четке какты. Алардын маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун райондук аралык сотунун 2010-жылдын 4-июнундагы чечимине ылайык “Кристалл” ишканасы банкрот деп табылган. “2011-жылдан тартып “Кристаллдын” мүлкүн сатуу боюнча 18 жолу аукцион өткөрүлгөн. Акыркы аукциондо бардык лоттор ...

0 327

Чолпон: “Уулум жоголгон беш күндө жинди болуп кете жаздадым”

23-ноябрь 2019, 10:12 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Ысакбек Бозгунов аттуу 8-класстын окуучусу үйдөн чыгып кетип беш күндөн бери дайынсыз экенин, ага ата-энеси издөө салып атканы тууралуу маалымат тараган. Биз баланын апасы Чолпон Акматовага байланышканыбызда баласы табылганын, Жаратканга ыраазычылыгын айтып отурганын билдирди. Бирок башынан өткөн бул окуя башка энелерге сабак болсун деген ниетте төмөнкүлөрдү айтып берди. “Уулумдун чөйрөсү өзгөргөндө балээ башталды” Эки уулум, бир кызым ...

0 1137

ВИДЕО - Айтылуу "Мелис байке" "хити" кайра сахнада. Унута элексиңерби?

Видео 23-ноябрь 2019, 10:37 Аман Аскаров

Айтылуу “Мелис байке” терминин унута элексиңерби? Ак түстөгү Lexus унаанычы? Чодронованычы? Булар 4-5 жыл мурун жергиликтүү хит-параддын сап башында болгон. Анда аталган унаанын айдоочусу Чодронова атуу айым жайдын аптаптуу ысыгында унаасы менен жолдо жүрүүнүн бир дагы эрежесин сактабай, калаа тургундарынын өмүрүнө коркунуч жараткандыгынан улам МАИ кызматкерлери тарабынан кармалып, жарга такалганда “Мелис байкеме айтам” деп кыялын ...

0 226

ВИДЕО - Иранда кыз-келиндер хиджабдарын чечип, митингчилер менен бирге полицияга кол салууда

Видео 23-ноябрь 2019, 12:35 Аман Аскаров

Иранда эки жумадан бери абал туруксуз. “Бензин кризиси” расмий бийликтин урашына алып келгени калды. Кеминде 100дөн ашуун Ирандагы шаарлар нааразычылык акциясынын чордонуна айланды. Башында өлкөдө күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын эки эсеге жогорулап кеткендиги элди көчөгө чыгарган. Талаптар экономикалык маселелер менен башталып, акыры саясий талаптардын жаралышына алып келген. Ачууланган адамдар эл тарапка өтпөй, расмий ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83