www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыш жана кырсык
0 330

Батукаевдин иши боюнча сот башка күнгө жылдырылды. Бул ирет сотко ким келбей койду?

06-декабрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Батукаев боюнча сот башка күнгө которулду. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген жыйын болгон жок. Буга судьянын ооруп, жумушка чыкпай калганы себеп болду. Кийинки отурум 10-декабрга пландалды. Белгилей кетсек,  Кримтөбөл Азиз  Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички ...

0 168

Жалал-Абадда жаш кызды карактап кеткен адам кармалды

06-декабрь 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абадда  бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 15-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат улутундагы болжол менен  20-25 жаштагы балдар киришип, сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 000 (он беш миң) сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка ...

0 372

Кара-Балтада белгилүү психоневролог өзүнүн кызы менен бирге өз жандарын кыйышты

06-декабрь 2019, 14:07 Бакыт Молдалиев

Кара-Балта шаарында эки аялдын - энеси жана анын кызынын жансыз денеси табылды. Алар өлөөр алдында кат да жазып кетишкен. Бул тууралуу “Turmush” интернет басылмасы жеке булактарына таянып, бүгүн, 5-декабрда маалымат таратты. Андагы маалыматта айтылгандай, алар жазып кеткен катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн жана үйдү аларга кызмат кылып келген үй кызматкерине калтырышканын, алардын сөөгүн коюу зыйнатына кетүүчү ...

0 342

ФОТО, ВИДЕО - Бишкектин көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып ок чыгарган жаран кармалды

Видео 05-декабрь 2019, 21:09 Бакыт Молдалиев

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адам борбордук милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы сүрөттөр менен бирге жарыялады. Бүгүн, 5-декабрда Ч. Айтматов проспектиси менен А.Масалиев атындагы көчөнүн кесилишинде ак түстөгү «Тойота Камри» жеңил автоунаасынын айдоочусу тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуянын видеосу интернетке тараган.

0 524

Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштө  Кыргызстан,  Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот

05-декабрь 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ)   каршы күрөштө,  Россия менен Грузиянын тажрыйбасын колдонот. Бул тууралуу Жогорку кеңеште,  Ички иштер министри ( ИИМ) Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, жыл башынан баштап уюшкан  топтун 136 мүчөсү кармалган. “ИИМ де 421 адам УКТ мүчөсү иретинде тизмеде турушат.  Алардын  он  төртөө изделүүдө турат. Уюшкан кылмышка каршы күрөштө биз Россия менен ...

0 699

ВИДЕО - ЖЭБ маселеси боюнча сот аяктап жатат. Айыпталуучулар акталабы?

Видео 05-декабрь 2019, 18:11 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-декабрда  ЖЭБде  айыпталуучулардын жакындары соттон акыйкат чечим талап кылуу максатында катардагы митинггин өткөрүштү. Алар акыйкат, жана туура чечим  үчүн күрөшүп жатканын билдиришти. Кечээ, 4-декабрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурумда жактоочулар бул иште эң маанилүү деген күбөлөр суралбай калганын айтып судьяны сындашкан. Бирок мамлекеттик айыптоочу тарап соттук териштирүүдө прокурорлордун да жактоочулардын да күбөлөрү толук суралды деп эсептеген. ЖЭБди модернизациялоо боюнча ...

0 584

ВИДЕО - 90-жылдар кайтып келди. Бишкекте унаанын ичинен асманга ок чыгарган адам изделүүдө

Видео 05-декабрь 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарында автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адамды милиция издеп жатат. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда Түштүк магистрал менен Ч. Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан "Ала Арча" соода үйүнүн жанында ак түстөгү жеңил унаанын айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуяны видеого тартып  "Фейсбук" колдонуучулары интернетке чыгарышты. Булак: ...

0 371

12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган шектүүгө өкүм чыкты

05-декабрь 2019, 16:21 Айдар Нуралиев

Ошто атасы 12 жаштагы кызын зордуктаганга аракет кылган. Аны сот  7 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттук отурумда белгилүү болду. Документе көрсөтүлгөндөй, атасы 12 жаштагы кызын мейман канага алып келип, ага адепсиз мамиле кылуу аракетинде,  кызын чечинте баштаганы айтылган.  Бирок, баштаган нерсесин аяктабай киши уктап кеткен.   “Этең менен киши  кайрадан кызын зордуктоо аракетин көргөн. Ош шаардык соту кылмышкерди ...

0 366

Садыр Жапаровдун тарапташтары президенттен адилетүүлүктү талап кылат

05-декабрь 2019, 15:26 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-декабрда "Айыпсыз абакта жаткан  Садыр Жапаровду колдоо штабынын" демилгечилери жана ага колдоо көрсөткөн экс-депутаттын тарапташтары Садыр Жапаровду колдоо үчүн тынчтык акциясы өтөрүн 24.кж агенттигинде болгон жыйынында билдиришти. Жыйынга Асанбек Жуматаев, Оморбай Нарбеков, Шергазы Мамбетов, Каныбек Осмоналиев, Соонунбүбү Кадырова , Садырбек Сагынбаев катышты.   Аталган жыйында тараптар президентти, сотторду адилет, калыс чечилсин деген ойлорун айтышты.Ошондой эле Кыргыздын эр азамат жигити Садыр ...

0 445

Аскер бөлүгүнө качып кеткен жоокерлерди ата-энелери "кулагынан сүйрөп" алып келди

05-декабрь 2019, 12:53 Айдар Нуралиев

Ош шаарында Башкы штабдын №36806 кургак жердеги аскерлеринин аскер бөлүгүнөн качып кеткен  эки жоокер табылды. Бул тууралуу    Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аскерден качып кеткен эки жоокер үйүнө барган. Бүгүн, алардын ата-энелери балдарын аскер бөлүккө өздөрү жеткирип беришти. Эскерте кетсек,  3-декабрда  Ош шаарындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнөн 18-19 жаш курактагы эки жоокер ...

0 229

Чүйдө окуучу бала өз өмүрүн кыйды

05-декабрь 2019, 13:02 Айдар Нуралиев

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамаларында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу аталган Чүй районунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда ал 2008-жылы туулган К.Н. экендиги маалым болуп чыккан. ...

0 299

СҮРӨТ - Киши өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Анын бири өспүрүм кыз

05-декабрь 2019, 12:49 Айдар Нуралиев

Жалал-Абаддын опер кызматкерлери тарабынан жаш өмүргө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда,  2019-жылдын 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери жаш жигитти белгисиз атуулдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу областтык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген. Ал эми 2 сааттан ашуун ...

0 230

ВИДЕО- Бишкекте эки кабаттуу үй күйүп кетти

Видео 05-декабрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Маевка айылында эки кабаттуу үй күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган кырсыктын видеосу Социалдык тармактардын бирине каналына жарыяланды. Өрт өчүрүү кызматына кабар 7:30 чамасында  түшүп, окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү топ иштешүүдө. Булак: NazarNews.kg    

0 187

Бишкекте уурулукка шектелген эки жаран кармалды

05-декабрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Бишкекте уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан билдирди Маалыматка караганда, 26-августта Ленин РИИБге Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну үйүнөн электрошокер жана 4 миң сом акчасын алып чыгып кетишкенин айтып арыз менен кайрылган.  Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М. кармалды. Учурда  кошумча тергөө ...

0 291

СҮРӨТ - Жалал-Абадда элди алдаган тилемчилер кармалды

05-декабрь 2019, 10:22 Айдар Нуралиев

Жалал-Абадда жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган шаардын ШИИБи тарабанан шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында "Укук жана тартип" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Рейд учурунда коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө автотыгындарды, ыңгайсыздыктарды ...

0 601

ВИДЕО – “Ары тур! Атып салам! Миллион төлөгүчө, сени атып салып түрмөгө кеткеним жакшы”

Видео 05-декабрь 2019, 07:49 Бакыт Молдалиев

Ысык-Көлдө Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аркар аткан браконьер кармалды. Аны кармоо учурунда браконьер мамкызматкерлерге “атып салам” деп мылтык кезеген. Бул тууралуу 4-декабрда аталган агенттигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып, “Акиpress” интернет басылмасы окуянын видеосу менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Кызыл ...

0 202

Бишкекте телефон уурдаганга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

04-декабрь 2019, 15:31 Айдар Нуралиев

Бишкекте унаанын ичинен телефон уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди. Маалыматка ылайык, 7-октябрда Биринчи Май РИИБине бир жаран 6-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунан Мерседес-Бенц унаамдын ичинен белгисиз жарандар уюлдук телефонумду уурдап кетишти деп арыз менен кайрылган.  Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ...

0 886

ИИМ: С. Өмүрзаков "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгиси менен сыйланды

04-декабрь 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Сүйүн Өмүрзаков Кыргыз Республикасында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү боюнча көп жылдык жемиштүү иштери үчүн дене тарбия жана спорттун отличниги төш белгиси менен  сыйланды.  Күбөлүк менен төш белгини ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

0 187

ИИМдин Академиясы ваканттык бош орундарга кызматкерлерди кабыл алуу боюнча сынак жарыялайт

04-декабрь 2019, 14:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы төмөндөгү ваканттык бош орундарга кызматкерлерди кабыл алуу боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди. 1. Тилге даярдык кафедрасы: - ага окутуучу - 1; - окутуучу - 1. 2. Жарандык укуктар кафедрасы: - ага октуучу – 1; - окутуучу – 1. 3. Жазык процесс кафедрасы: - ага окутуучу – 1; - окутуучу ...

0 192

Жоокерлер аскер бөлүгүнөн качып кетишти

04-декабрь 2019, 13:04 Айдар Нуралиев

Ош шаарында Башкы штабдын №36806 кургак жердеги аскерлеринин аскер бөлүгүнөн кызмат өтөгөн  эки жоокери  качып кетти. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, бул эки жаш жоокер 2019-жылдын күзүндө чакырылган. Алардын бири мурда качып кетип, кайра аскер бөлүгүнө кайтып келген. "Жоокерлер кызмат өтөгөн жеринен качып кетишкен. Алар учурда изделип жатат",-деп ведомстводон билдиришти.  Айрым маалыматтарга караганда, ...

0 118

УКМК: “Азаттык медиа” журналисттери УКМКга келиши керек

04-декабрь 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

КР УКМК тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130- беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМК Басма-сөз борбору билдирди. Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге, 2019-жылдын 2-декабрындагы “Азаттык Медиасынан” келген катта, ...

0 69

Кантта өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

04-декабрь 2019, 12:01 Айдар Нуралиев

Кант шаарында  өрт 45 жаштагы кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып,  үйдүн 20 чарчы метрин өрт жалмап кеткен. Өрт өчүргүчтөр үйдүн ичинен 1974- жылкы  К.А  аттуу жарандын сөөгүн алып чыгышкан.  Учурда  өртүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

0 172

Ош облусунда жер титирөө катталды

04-декабрь 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 4-декабрда   саат 06:03тө Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка караганда, жердин силкинүүсү Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген. Ал эми 3 баллга жеткен Оштун кайсы аймагында катталганы маалыматта так айтылган эмес. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.   

0 93

Милиция алдамчылыкка шектүү делген  52 жаштагы аялды  колго түшүрдү

04-декабрь 2019, 10:31 Айдар Нуралиев

Оперативдик милициянын тергөөчүлөрү алдамчылыкка шектүү делген аялды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну К.А. 26-февралда алдамчылык тууралуу арыз жазып,  С. Д аттуу   аялга каршы чара колдонууну суранган. Ошол күнү аял шектүү  менен   Абдырахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен  кезигишип, шектүү К.А аттуу жарандан 168 миң сом жана 200 доллар алып, "Ак-Орго" конушунан ...

0 212

Ошто ок атышуу болду

04-декабрь 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Ош шаарындагы кафелердин биринде массалык мушташ болуп, ал ок атышуу менен коштолду. Бул тууралуу аталган шаардын ИИБнин басма сөз кызмат билдирди.  Маалыматка ылайык, окуя 26-ноябрда катталган. 25 жаштагы эки жигит менен 21 жаштагы эки жигит мушташа кетишкен. Мушташ учурунда белгисиз куралдан атылган октун үнү угулган. 21 жаштагы жигиттердин бири  ооруканага жаткырылган. Жаракаты жеңил болгондуктан жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан үйүнө ...

04-декабрь 2019, 10:17 | 212
0 101

Автобус жол кырсыгына кабылып, 7 адам каза тапты

04-декабрь 2019, 09:30 Айдар Нуралиев

Казакстандагы Кызылордо-Кумкөл унаа жолунда автобус кырсыкка   учурады. Бул тууралуу казак маалымат булактары  жазып чыкты. Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 7 адамдын каза тапкан. Жабыркагандардын саны 22 адамга жетти. Айрым маалыматтар боюнча  автобуста жалпы 50 адам бар болчу. Кырсык болгон жерге полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматы барышкан. Учурда тиешелүү берене менен  текшерүү иштери жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 169

"Кумтөрдөгү" дайынсыз адамдарды издөөгө 100гө жакын куткаруучу тартылды

03-декабрь 2019, 19:37 Бакыт Молдалиев

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 64, ишкананын өзүнүн 24, жалпы-жонунан 92 куткаруучу издеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, куткаруучулар түнү да издөө иштерин токтоткон жок. Кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча атайын штаб түзүлүп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди. Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндөгү ...

0 322

Бишкекте тележурналисттерге кол салуу болду

03-декабрь 2019, 19:14 Бакыт Молдалиев

Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан “NewTV” телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутовго, айдоочу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Алар Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан. Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Маалыматтарга ылайык, Жер пайдалануу жана ...

0 222

ВИДЕО - Токмокто милиция кызматкери мас абалында Toyota Camry унаасын сүзүп алды

Видео 03-декабрь 2019, 18:28 Айдар Нуралиев

Ушул жылдын 2-ноябрында Орусиянын номери тагылган, терезелери караңгылатылган “Жигули” унаасы каршы тилкедеги келе жаткан Toyota Camry унаасы менен кагышты. Бул тууралуу жабырлануучу Эмиль Рысбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.   Айтымында, кырсык 2-ноябрда түндө Токмок шаарынын 1-3- кичи райондорунун ортосундагы көчөдө болгон. Орусия мамлекеттик номуру тагылган,  терезелери караңгылатылган “Жигули” унаасы Toyota Camry унаасын барып сүзгөн. "Жигули" унаасынын айдоочусу мас абалда болгону жанан ал милиция кызматкери экени ...

0 288

Таласта өспүрүм кызды зордуктап кетишти

03-декабрь 2019, 17:52 Айдар Нуралиев

Таласта эки  өспүрүм бала, 16-жаштагы  өспүрүм кызды зордуктаган.  Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда,  кыз милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымына караганда 24-ноябрга караган түнү  “Динамо” шаардык стадиондун жанынан эки өспүрүм бала аны зордуктаган.   “Аталган факты КЖБРга тиркелип, “Зордукто” боюнча  сотко чейинки иш башталган.  Жыйынтыгында, 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм кармалып, жашы жете электигине байланыштуу ...

0 525

ВИДЕО - Ноокатта инспектор аял 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Видео 03-декабрь 2019, 16:47 Айдар Нуралиев

Ноокат районунан Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, Бүгүн, 3-декабрда, ыкчам-тергөө аракеттеринин алкагында милициянын старшинасы К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түштү. Арыздануучу жол эрежесин бузгандыгы үчүн К.З. аттуу инспектор андан 2 миң сом алып, дагы 8 миң сом пара талап кылып жатканын билдирген. ...

0 349

Мени уурдап, ички органдарымды алганы жатышат деген 16 жаштагы Кыргызстандык кыз кармалды

03-декабрь 2019, 15:43 Айдар Нуралиев

Октябрь айында WhatsAppта кыздын мени уурдап, белгисиз жерде күч колдонуп кармап турушат. Менин ички органдарымды трансплатациялоо үчүн даярданышууда деп жардам сураган кыздын үн жазуусу тараган.   Кыргызстандын жана Орусиянын Ички иштер министрлиги эки тараптан каттоого алынып,  жардам сураган кызды табышты. Бул тууралуу КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, жазылган үн ушул жылдын октябрь айында WhatsApp мессенджеринде тараган. Кыз ...

0 187

Индияда дагы бир кыз бир нече кишилер тарабынан зордукталып, өлтүрүлдү. Эл өлүм жазасын киргизүүнү талап кылышууда

03-декабрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Индиянын Хайдарабад шаарында 27 жаштагы  кыздын бир нече киши тарабынан зордукталып, өлтүрүлүшү аталган өлкөдө нараазычылык толкунун жаратты. Акциянын катышуучулары мындай кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүүнү, аялдарга коопсуздукту камсыздоону талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, кылмыш өткөн аптада катталган. Хайдарабад шаарында ветеринар болуп иштеген кыздын жоголгондугу жөнүндө анын үй-бүлөсү 27-ноябрда кечке жуук кабарлашкан. Аталган күнү жергиликтүү ...

0 417

Жалал-Абадда жасалма акча таратылган маалымат чын экени такталып, шектүүлөр кармалды

03-декабрь 2019, 15:27 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев бүгүн, 3-декабрда “Nazarnews” маалымат агенттигине билдирди. Андагы маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 27-28-ноябрь күндөрү Токтогул районун бир нече тургундары арыз менен кайрылышкан. Себеби, соода түйүндөрүнө 20-25 жаштагы атуулдар 200 сомдон 500 сомго чейин соода кылышып, алар беришкен 2000 сомдуктардын кайтарымдарын алып кетишкен. Ошол 2000 сомдук акчалар жасалма экендиги билингенден ...

0 179

ӨКМК: Кумтөрдө кызматкерлер жоголгон жерге жетүү кыйын болуп жатат

03-декабрь 2019, 14:44 Айдар Нуралиев

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз изделип жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов   билдирди. - Алар жоголду деген болжолдуу жерлерге жетүү кыйын болуп жатат. Анткени көчүп түшкөн жер катмарынын көлөмү аябай чоң. Ошого карабастан 33 миң куб жер көчкү алып чыгарылды. Кечке чейин дагы 500 кубга жакын жер көчкүсүн алып ...

0 172

Бишкектеги батирден өрт чыгып, жабыркагандар катталды

03-декабрь 2019, 13:37 Айдар Нуралиев

Борбор калаадагы  Стаханов көчөсүндөгү батирден өрт чыгып, 5 киши жабыркады.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматты  билдирди. Маалыматка караганда, Электр жабдыктарын туура эмес пайдалангандан чыккан өрттө 5 киши жабыркаган. Алардын  экөө 3-даражадагы күйүк менен жабыркап,  дагы бир чоң киши жана 3 жана 7 жаштагы эки бала иске ууланышкан. Уулангандар  ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтуусуна караганда жабырлануучулардын абалдары азыркы учурда канааттандыраарлык. Кырсык электр ...

0 263

Кадамжайда уурдаган малдарды мыкаачылык менен союшуп сатып жүрүшкөн топ кармалды. Арасында аял да бар

03-декабрь 2019, 13:07 Бакыт Молдалиев

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, аларды мыкаачылык менен союп, этин сатып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын июнь айларынан бери белгисиз адамдар тарабынан Кадамжай районунун Үч-Коргон аймагында жашаган жашоочулардын бодо малдарын түн ичинде короосундагы мал сарайынан, үлүш жеринде байланып ...

0 115

ВИДЕО - Теракттан каза тапкандардын ысымы аталды

Видео 03-декабрь 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Лондондогу терактта Кембридж университетинин бүтүрүүчүлөрү 23 жаштагы Саския Жонс жана 25 жаштагы Жек Меррит каза тапты. Алар абактан эркиндикке чыккан жаштарга колдоо көрсөткөн "Чогуу билим алалы" аттуу социалдык долбоордо бирге иштечү.Кол салуудан дагы үч киши жаракат алды. Алардын абалы канааттандыраарлык деди дарыгерлер. Бул тууралуу чет элидк басылмалар жазып чыкты.  Маалыматка караганда, өткөн жума күнү 28 жаштагы Усман Хан Лондон ...

0 1223

Ош, Жалал-Абад аймактарында 5 пачка жасалма 2000 сомдук купюралар тараганы айтылууда

03-декабрь 2019, 12:06 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты камтыган телефонограмма «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директору Дурусбек Рахмановдун коюлган колу менен интернетке тарады. Анда ал «Жалалабатэлектрого» караштуу баардык жетекчилерге Токтогул районуна 29-ноябрь күнү 5 пачка 2000 сомдук жасалма купюра акчалар таркатылганын, учурда ал акчалар Ош, Жалал-Абад областынын райондоруна тарап жатканын айтып, 2000 сомдук купюраны аларда кылдаттык менен текшерип алуусун эскертип жазат. «Оперативдик маалымат боюнча ...

0 222

ВИДЕО - Орто-Сай базарындагы дүкөндөрдүн бири  өрттөнүп кетти

Видео 03-декабрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү Орто-Сай базарындагы дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу  күбөөлөр билдирди. Аталган факт  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тастыкталды. “Эки өрт өчүрүүчү бригада ишке тартылган.  Өрттөн болжол менен  100 чарчы метрлик  дүкөндүн чатыры күйүп кеткен.  Жабыр тарткандар катталган эмес, учурда  өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат”- дейт аталган кызматтан билдиришти.  Булак: NazarNews.kg  

0 142

Мыйзамсыз жүзүм ташып келе жаткан кыргыз жараны кармалды

03-декабрь 2019, 10:08 Айдар Нуралиев

ЕАЭБтин бажы аймагында транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9464 килограмм жүзүм табылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош ...

0 284

 Атасы тарабынан зордукталган 19 жаштагы кыз көпүрөдөн боюн таштады

03-декабрь 2019, 09:36 Бакыт Молдалиев

Маалыматка караганда, 17-сентябрда 19 жаштагы кыз Сырдарыядагы көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны жолдо өтүп бараткан киши сактап калып, милиция бөлүмүнө жеткирген. Жабырлануучу атасы тарабынан зордукталганын, бул себептен өзүнө кол салганын билдирген. Кыздын атасы учурда Тажикстандын Хожентиндеги тергөө абагында. Шектүүнүн адвокаты журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Жабырлануучу өз атасы тарабынан сентябрдын ортосунда зордукталганын, ал 9-класстан бери эле асылып ...

0 443

ВИДЕО - Музейдин мурунку директорунан 350 миң сом талап кылган УКМКнын кызматкерине өкүм чыкты

Видео 02-декабрь 2019, 18:50 Айдар Нуралиев

18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине карата өкүм чыгарды. Ал Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин мурунку директору Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом талап кылганы соттун токтомунда айтылат. Соттун токтомуна ылайык, ушул жылдын 15-майында УКМКнын кызматкери А.Н. Юристанбек Шыгаев менен жолугушкан. Ю.Шыгаев ал учурда аталган музейдин директору болчу. А.Н. музейден болжол ...

0 694

«Душка» УКМКга сурак берүү үчүн түштө кирип кеткен бойдон чыга элек

02-декабрь 2019, 18:39 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов түшкү саат 14:00дө УКМКга суракка кирип кеткен бойдон чыга элек, учурда ал аталган ведомствонун имаратынын ичинде. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынын ырастоосуна таянып, бир нече сайттар жазышууда. Айрым маалымат каражаттары Төрөкуловду буга чейин уюшкан кылмыштуу топко байланыштырып, ал түгүл анын анда «Душка» каймана ысымы бар экенин да жазышкан. УКМКнын тараткан маалыматы боюнча, «Душка» - ...

0 538

“Биз адамдарды өлтүрүшүбүз керек эле”. Колго түшпөс террорист, интеллектуал-анархисттин тарыхы

02-декабрь 2019, 18:43 Айдар Нуралиев

“Унабомбер” почта аркылуу 16 бомба жөнөтүп, 3 кишини өлтүргөн. Математика илимдеринин доктору Тед Качинский 25 жыл токойдогу кепеде жашап, азыркы замандагы коом кантип адамзатты эркиндигинен ажыратып жаткандыгы жөнүндө трактат жазган.  Тед коомдук түзүлүшкө күчтүү сокку берди. Эгер анын бир тууган агасы болбогондо ФБР аны колго түшүрө алмак эмес. Вундеркинд, таланттуу математик, Гарварддын бүтүрүүчүсү Тед Качинский өмүр бою ондогон кесиптештерине гана ...

0 313

Бишкекте адам өлүмүнө шектелип 4 өспүрүм кармалды

02-декабрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Аламүдүн районунда адам өлтүргөн 4 жаш жигит изи сууй электе кармалышты. Бул тууралуу  Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, төмөнкү Ала-Арча айылынынн тургунунан 29-ноябрь күнү  кабар келип түшкөн. Ошол күнү 20:30дар чамасында азиат түспөлүндөгү 4 киши 46 жаштагы тургундун үйүнө медициналык бет кап менен кирип барып, өзүнө жана 19 жаштагы уулуна бычак менен жаракатташкан. Уулу алган жаракатынан ...

0 204

ВИДЕО - Тараздагы соода борборлорунун бири толугу менен өрттөнүп кетти

Видео 02-декабрь 2019, 16:31 Бакыт Молдалиев

2-декабрда Казакстандын Тараз шаарында «Эврика» соода борбору өрттөндү. Өлкө ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахмедовдун айтымында, эки кабаттуу имараттын өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түнкү саат 01:10до түшкөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери имараттын үстүнкү кабатынын жыгачтан жасалган чатыры күйүп жаткан учурда барышкан. «Өрт 03:30да өчүрүлдү. Кишилер жабыркаган эмес. Өрттүн эмне себептен чыкканы аныкталууда», – деди Нурахмедов. Өрт 1187 чарчы ...

0 251

«Кумтөрдүн » жоголгон эки кызматкерин издөөгө 31 куткаруучу тартылды

02-декабрь 2019, 13:15 Айдар Нуралиев

 «Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкерин издөөгө 31 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жоголгон «Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер али табыла элек.   Эске салсак, жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги аймактардын биринде жер көчкү жүргөн.Окуядан соң,  эки  кызматкер дайынсыз болуп, азыркы учурда  издөө иштери жүрүп жатат.  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн ...

0 228

Түркиянын  аэропорттунан кыргызстандык уюшкан топ кармалды

02-декабрь 2019, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Стамбулдун аэропортунда электрондук тамекини мыйзамсыз алып өтүп жаткан, кыргызстандык 6 жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу түрк   haberler.com маалымат агенттиги билдирди.  Маалыматка караганда, Станбул шаарындагы аэропорттогу ренгендик текшерүүдөн  улам шек жараткан 9 чемодан жана   6 рюкзак тинтүүгө  алынган.  Аталган жүктөр  6 кыргыз жарандарына тиешелүү болуп чыккан.  Казакстан аркылуу алып өтүлгөн мыйзамсыз жүктүн ичинен,  7 миң 390 тангак электрондук тамеки чыккан. Товарлар ...

0 260

Абылгазиев: "Кумтөрдө" жоголгон адамдарды издөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүү керек

02-декабрь 2019, 09:28 Бакыт Молдалиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кенине кетишти. Өкмөт башчы "Кумтөр" кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди. Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер "Кумтөрдөгү" жер көчкүнүн ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83