www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түрсүкгейт” – Камчыбек Ташиев: “Бийлик өкүлдөрү, дух жетпесе айткыла, жардам беребиз!”

Бакыт Молдалиев 02-декабрь 2019, 17:13

Маданият Саясат


“Түрсүкгейт” – Камчыбек Ташиев: “Бийлик өкүлдөрү, дух жетпесе айткыла, жардам беребиз!”

Урматтуу, уюткулуу Кыргыз элим! Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей,ошолорду баштап колдогон Роза Отунбаева башында турган жана чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат! Мамлекетти сактап, каада-салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүүбүз керек. Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары, чара көрүңүздөр. Бул - элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок! Колдон келбесе, дух жетпесе, анда айткыла, жардам беребиз. Кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз!

Чочулабагыла бул шпиондордон, элибиз колдоп алат!

Мындай пикирин мурунку депутат, экс-министр Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды. Сөз музейдеги чуу тууралуу болуп жатканы түшүнүктүүдүр.

28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминналдардын "Үйүндөгүлөрүн баккандар. Экономикалык эркиндик. Аялдар" аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылган. Анда 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун арт-чеберлер катышып,  аялдардын түрсүгү баш болгон ич кийимдерге ар кандай ураандарды жазып, музей ичине илип коюшкан. Мындан сырткары айрым аялдар жыпжылаңач болуп музейдин ичинде басып жүргөн видеосу интернетке тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан.

Мындан улам, бүгүн, 2-декабрда активист жарандар, аксакалдар топтолушуп, министрликтин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, алардын суроолоруна жооп берди. Аны менен катар ушул эле күнү аталган музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан кетти.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83