www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам өлүмүнө шектелип 4 өспүрүм кармалды

Айдар Нуралиев 02-декабрь 2019, 17:41

Кылмыш жана кырсык


Бишкекте адам өлүмүнө шектелип 4 өспүрүм кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүргөн 4 жаш жигит изи сууй электе кармалышты. Бул тууралуу  Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, төмөнкү Ала-Арча айылынынн тургунунан 29-ноябрь күнү  кабар келип түшкөн. Ошол күнү 20:30дар чамасында азиат түспөлүндөгү 4 киши 46 жаштагы тургундун үйүнө медициналык бет кап менен кирип барып, өзүнө жана 19 жаштагы уулуна бычак менен жаракатташкан. Уулу алган жаракатынан улам Бишкек шаардык ооруканаларынын биринен өзүнө келбей көз жумган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон

Кылмышка шектүүлөр 30-ноябрь күнү изи сууй электе кармалышты.  Шектүүлөр 19 жаштагы Б.С. жана М. Ж., 21 жаштагы Р.Б. , ошондой эле 18 жаштагы Ч. Ш. аттулар колго түшүшкөн. Алар Бишкек шаарынын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Аталган иш боюнча атайын экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүдүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83